Той. Тойлордон кийинки ой

toy

Күркүрөп күмүш түстүү күз келгени кыргызбайларга кудай берет эмеспи. Жыл бою чыдамсыздык менен күткөн аш-тойлор башталат. Кымырылып кетип бараткан кыкеңден: “Кайда баратасың?” – десең, “Тойго баратам”, – дейт. “Кайдан келатасың?” – десең, “Тойдон келатам”, – дейт. “Эмне кылган жатасың?” – десең, “Той берген жатам”, – дейт. Айтор, аш-той өткөрүү боюнча “мелдеш” башталат. Колунда бары деле, жогу деле аш-той өткөрүү менен алек.

Мурда тойлор ишемби, жекшемби күндөрү өткөрүлчү эле, азыр ресторан, кафелер дүйшөмбүдөн баштап “занят”. “Огойдон Шыгай кем бекен” дешип, той өткөрүү боюнча рекорд койгулары келишет. Чындап келгенде, той өткөргөндөргө эмес, тойго барчуларга кыйын. Өткөндө бир таанышым айтып жатпайбы “Жыл бою бир топ акча топтоп койдум эле, баары аш-тойлорго, кошумчага кетти” деп. Азыр ким менен сүйлөшсөң эле ушул кепти айтары бышык.

Баарынан кызыгы азыр “престиждүү” кафе-ресторандарды тандачу болушуптур. Анан тойго үч жүз, беш жүз… конок келди дешип ооз көптүрүшөт экен. Илгеркиче үйдө өткөрүлгөн тойлор калды. Үй демекчи, өткөндө үй тойго бардык. Сосновкалык тууганыбыз жаңы үй салып бүтүп, ошого чакырыптыр. Үйүнө эмес, Кара-Балтага, кафеге. Кафеге отуруп, ошол жерден куттук айтып, кайра кете бердик. Жаңы үйүнүн эшик-төрүн да көргөнүбүз жок.

“Колунда барларга мейли дейли, колунда акча каражаты тартыш туруп, “казды туурап, карганын буту сыныптыр” дегендей, айласы кеткенде жашап турган үйүн күрөөгө коюп, банктан насыя алгандар көбөйүп кетти, – дейт “Бакай банк” акционердик коомунун насыя бөлүмүнүн башчысы Ырасул Жээнбеков. – Тойдон түшкөн акча менен насыясын жаап алса жакшы, көптөрү жөн жерден күйүп кетип жатышпайбы. Колунда жетишсиз болсо, жөн эле коюшса. Той бербей койдуң деп бирөөлөр жекелемек беле. Бардыгы адамдын өзүнөн эмеспи”.

Серепчилердин айтымында, бир жолку орточо эле өткөрүлгөн тойго 25-30 миң доллар сарпталат экен. Андан көрө той берем деп насыяга алган акчага бир бөлмөлүү үй алып беришсе, жаш жубайлар да турак жайлуу болуп калышмак. Ошентип, түйүндүү маселе оң чечилмек.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, быйыл эмне көп – мааракелер көп. Өткөн жылдары орчундуу мааракелер гана өкмөттүк деңгээлде өткөрүлбөсө, майда-бараттары өткөрүлбөй эле калган. Төгөрөк дата өткөрүлсүн, ага каршылыгыбыз жок, анан беши кошулган даталарды өткөрбөй эле, дагы беш жыл чыдап койсок эле туура болчудай. Мааракелерде сөзсүз эле канчага чыкса, ошончо боз үй тигип, ошончо санда конок алыш керекпи? Эмне үчүн маданият мекемелеринде салтанаттуу азем өткөрүп, сөзсүз кафеге барбай эле тарап кетсе болбойт? Сөзсүз эле кафеге барып тост көтөрүш керекпи?

Илгери тойго көптөн бери көрүшпөгөн жакындары менен жолугушуп, чер жазышып маектешүү үчүн барышчу. Азыр тойдо башталгандан бүткөнгө чейин даңкылдак музыка кулак кужуруңду алып, жаныңдагы катар отурган киши менен сүйлөшө да албайсың. Мына ушуну баса белгилеген кадырман карыя, Кыргыз эл жазуучусу Калкамбай Ашымбаев минтип агынан жарыла айтып жатпайбы: “Өткөндө бир жазуучубуздун тою болду. Эч кандай “дүңкүлдөк, даңкылдак” жок эле, ырдагандар комуздун, аккордеондун коштоосунда ырдашып, кызуу маектешкенге да убакыт табылып, үч-төрт сааттын кандай өткөндүгү да билинбей калды. Карыялар калыс сөздөрүн сүйлөшүп, той ээлерине ак баталарын беришти. Той нукура кыргызча өттү. Көрсө, ушинтип өткөрсө деле болот экен да”.

Учурда той өткөрүүчүлөрдө бир көйгөйлүү көрүнүш пайда болду. Колдон келишинче белгилүү эстрада ырчыларын чакырып ырдатууга аракеттенишет. Менин баамымда алардын тойдо ырдашканы менен ыйык сахнада ырдашканы ат чабымчалык айырмаланып турат. “А-а, баягылар турбайбы” дешип тойдо кол шилтегендерди да көрдүм. Концертте ырдашкандай биринен сала бири чыгышып, убакытты бүт алышат. Баарынан да тамадалар: “Бир топтон эки-үчөөңөр гана сүйлөгүлө” дешип, сүйлөйм деген адамдын колунан микрофонду жулуп алышып, чыккандарды таратууга шашышат. Тойго ар бир конок ак тилегин айтып калайын деп келет эмеспи. Андан көрө тамадалар элди көбүрөөк ырдатып, көбүрөөк сөз берсе дурус болмок. Негизи, белгилүү артисттердин тойлорго келип ырдашкандыктарын эп көрбөйм. Жашыра турган эч нерсе жок, алар акча алыш үчүн гана келишет эмеспи.

Артыкбаш ысырапкерчиликке барбайлы дегенден бери кайра кыкеңдер күчөп баратат. Бизде деле Тажикстандагыдай аш-тойлорду чектей турган атайын мыйзам кабыл алыш керек окшойт. Ошондо кыкеңдердин арасында артыкбаш атаандашуу азаяр…

Догдурбек ЮСУПОВ, “Кыргыз Туусу”, 28.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий