Жолочу Рысбаев

rysbaev

Акын. Сатирик. Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.

1966-жылы Сан-Таш орто мектебин, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуу менен В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштеген.

1975-жылдан Кыргыз телерадиокомитетинин адабий драмалык бөлүмүндө редактор болуп иштеп, «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр”, ”Бетке айткандын заары жок” аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Кийинчерээк башкы редактор болуп, Чүй облустук «Сарөзөн» телерадиокорпорациясында башкы редактор болуп иштеген.

1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

Жолочу Рысбаев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Жолочу Рысбаев: «Эркектердин сүйлөшкөнү — токол алуу»

 

Ырлар

КАР

Апамдын элегиндей,
Ун элеген.
Аппак кар түшүп жатат себелеген.
Сулуунун жоолугундай үлпүлдөгү ай!
Суктанып карап турам тереземен.

Элди билбейм,
Менде мындай түшүнүк.
Ак булуттар үстүбүзгө үзүлүп.
Калкыбызга жаткандай,
Калпактардын кийиздерин түшүрүп.
Тоо да таза,
Ой да таза бу күнү.
Бантик байлап,
Бак-дарактар үкүлүү.
Аттаттырбай эшик алдын толтурду.
Асманыңдын бизге берген түшүмү.

Эргитип көңүлдү,
Эч жерде жок каралык.
Тумшугуң да сүйүнөт,
Тумчукпастан тазарып,
Балдарга окшоп кетет ушу мүнөзү,
Бараткандай сүйүнчүлөп кат алып.

Кызга уйкаш,
Кыш деп атын атаптыр.
Жаап атса аппак кар,
Жакшылыкка башаттыр.
Калсак экен,
Калсак экен,
Кар сыяктуу ак бойдон,
Кара бойдон калган күндөр азаптыр.

 

ДАРМАН ЖОК

Түбүң түшкөн тирүүлүк,
Түбөлүк кылып бергенсип.
Жалпайта басып таканы,
Жаш кезде жүрдүк эрдемсип.

Көксөгөн ишти аткарып,
Көз ирмебей сестенип.
Каш кагып эле койгонду,
Качырбай алыс эптедик.

Калса да азыр жаш келип,
Каткырып, күлүп каш терип.
— Абышка, кандай алың? — деп,
Аялым сурайт мат берип.

Айта албай сөздү кыйылып,
Алкымга жообу тыгылып.
Эркекче анча дарман жок,
Эми мен
Ээгимди жатам кырынып.

 

ЗОНТИКЧЕН КЫЗ

Баардыгы көз тиккен,
Баратат сулуу зонтикчен.
Күйпөлөктөп өбө албай,
Күндүн нуру энтиккен.

Көркүнө чактап тигилүү,
Көпөлөк канат кийими.
Төгөрөк тартып зыңкыят,
Төбөдө чачтын түйүмү.

Ар жакта калат ак чының,
Алкымдын кара актыгын.
Келинчек кылган жигитке,
Кереги жокко таттуунун.

Кекилик сындуу төштөрү,
— Келгин? — деп турат өзгөнү.
Кумарым артып кысынып,
Куушуруп ийди өпкөнү.

Турушу шумдук тутам бел,
Буралбай оройт салкын жел.
Карасаң эрийт тим эле,
Каректеги жука чел.

Жел табактай соорусу,
Жетпегендин шору ушу.
Жүргөндөр жутат шилекей,
Жүрөктүн күчөп согушу.

Тоголок балтыр апаппак,
Торудай туйлайт жалтаңдап.
Төп эркекти мындай кой,
Толубай сынчы тамшанмак.

Кыз кетип учуп көгөндөй,
Көз акы калды төлөнбөй.
Кейиймин ичтен муңайып,
— Кечирек эле төрөлбөй…

 

ТЕРЕЗЕДЕГИ СУЛУУ

Жарк дей түшүп терезенин айнеги,
Жайып чачын чечинди бир Айпери.
Маашырлана келбетине суктанып,
Маңдайдагы күзгү дагы «Ай!» деди.

Топчулары көкүрөктүн бириндеп,
Тоодак төшү торсоет ов, дирилдеп.
Азыр ушул кереметти бир көрсө,
Атып туруп маркумдар да тирилмек.

Белден өөдө кийгендери тонолду,
Бою мындай, сыны мындай болорбу?
Жалын чулгап бара жаттым мен эми,
Жанды билбей кайсы жерге коерду.

Жамбаш ылдый шыпырылды баарысы,
Жайдакталган санычы ай, санычы!
Өкүндүрүп, өксүттүрүп жетпеген,
Өлбөстүктүн ушу белем дарысы.

Айланайын сомдоп койгон ок жалтыр,
Айла канча карек сорот ак балтыр.
Күзөт кылсаң көркөмүнө тойбоссуң,
Күндү өткөрүп, таңды аткыр.

Аңгычакты ак шейшеби жайылды,
Алоо жууркан үстү жака жабылды.
Күнүлөшү кылса дагы татыбас,
Күйүп турган жылдыз менен Айыңды.

 

БАНКРОТ ОКУУЧУ

Үй-бүлөө толук,
Үйрүлүп түшүп жабылып.
Теше тиктешип,
Телевизордон көрүп жатышса жаңылык.
«-Үч эссе көбөйдү-деп,
Мугалимдердин айлыгы!»
Окулуп калды,
Өкмөттүн жарлыгы.
Ошол замат,
Оор үшкүрүнүп жиберсе,
Отурган кичинекей Мадырайм.
Энеси этектен тартты:
— Эмне болду кагылайын?..
Жер тиктеп, желкесин тырманып.
Жонуна жүк арткандай,
Жооп узатты ыржайып.
— Кара папкеге,
Кабаттап салсам калама нанды.
— Каяка алпарасың?-дечүсүз?
Аны танаписте,
Артына барып мектептин, Алапай агай экөөбүз жечүбүз.
Ич кийимиңизди кээде,
Издеп таппай калчу белеңиз?
Кыйналганын айтып,
Кыттырып алчу,
Класс жетекчи- эжебиз.
Ачканда кубанчусуз чынбы,
Алиги күндөлүк менен дептерди?..
Бартер кылчумун билсеңер ошого,
Бакыйган бештерди!
Агай, эжейлердин,
Айлыгы көбөйсө.
Акчага бөлөнсө.
Карамак беле эми алар,
Калама менен эскини.
Боорум ката электе, банкрот кылат го бул реформанын эпкини.
Балакет басып апа!
Башым чыкпай экиден.
Көз караңгылап кетти,
Көчпөй калаар бекемин жетиден?!

 

КЫЙНООБУ, ЖЕ СЫЙЛООБУ?..

Жатып алып,
Карап көрсөм ой жоруп.
Эртеңкиңди
Эч кимиси койгону жок ойлонуп.
Жардымын деген менен,
Жалаң эле биздин элде.
Жаткан өңдүү той болуп.
Чакырылдың
Милдет сенин келишиң.
Жалпыбызда
Жазылбаган келишим.
Катоодон өтүп,
Конвертти керек беришиң.
Айланайын
Алтын күз!
Ат чабым зал.
Адам батат,
Ары жагы алты жүз.
Таш жарылып,
Тамадасы бакырып.
Музыкасы,
Мууздагандай чаңырып.
Тамак жебей убарасың
Тарсылдагын кулагыңдын жашырып.
Койгулашып төштөрүн,
Кооз сөздөр башталат.
Уул-келин,
Урматуу той ээси, учурунда жарым сааттан макталат.
Төрт жүзүнчү сүйлөгөндө
Биринчини кайталап.
Таман астың,
Так төбөңдө айланат.
Эстеп улам үргүлөйсүң, ,
— Эмне тилек чыгаар экен оозунан?
Айткан сөзү:
— «Астыңкыга кошулам же
Кошулбайм!
«Алымканды»,
Берметти»
Ырдамайын отурбайм!»
Тойгон бирөө кыйкырат:
— «Токтотулсун тантырак,
Токсон мүнөт антракт!»
Алуучудай нобель сыйлыгын.
Той ээсинин чыгарышып
Чый-пыйын.
— Кошумчамды карматтым го
Тиги менен теңме-тең.
Сөгүп жатат,
— Сөз бербейсиң эмне сен?!
Той эмес-бул
Кыянат!
— Амансыңбы?-дегенде,
Акмаксыңбы?-деп угуп.
Дүлөйлөрчө
— Ыялап!
Кишибиз го
Ким бербесин тойлорду.
Чакыр ырас,
Чамаң жетсе досторду.
Бирок кантет таштасак,
Былжыраган тостторду?!

 

Котормолор

Мукагали Макатаев

СЕРГЕЙ ЕСЕНИНГЕ

Эй Сергей!
Сергей, Сергей, Сергей, Сергей!
Шоркелдеймин мен да сендей.
Жаа бою алыстадым, алыстадым,
Жаны ачып, акыл берген элге ишенбей.
Мен дагы ал жактанмын,
Айылданмын.
Айылдын оорусу менен кагынганмын.
Өзүңдү Москва кандай тоссо,
Алматыга мен да ошондой кабылганмын.

(Менин да өкүндүрөр өткөнүм көп)
Атка миндим, асманга теппедим топ.
Мен дагы малды сүйгөм, итти сүйгөм,
Бирөөнүн маңдайына черткеним жок.

Чарчаганда чамынамын шарап үчүн,
Саган окшоп менин да ысыйт ичим.
Кулагыма шыбырап «куран» окуп.
Имерчиктеп жүргөнсүйт «Кара кишиң».

Мен да сендей Серега бир адаммын,
Ыр азабын тартамын, тил азабын.
Тууган айыл, тууган журт элесимде,
Кайда барсам-карегимде Рязаным…

Эй Сергей!
Сергей, Сергей, Сергей, Сергей!
Бир айылдан экенмин мен да сендей.
Башым сынып баратат, башым сынып,
Бар го “опутуң”, батыраак келбейсиңби эй!

 

ФАРИЗАГА

Фариза!
Фаризажан Фариза кыз,
Өмүрдө акындардын баары жалгыз.
Чыдай, чыдай акыры жабыгаарбыз.
Бирибизден, бирибиз арыларбыз.
Биздерди жоктогон жан болсо эгер,
Дүкөндө том-том болуп турбасак да,
Чаң баскан архивдерден табыларбыз.

Сен мени билесиңби, билесиңби,
Жаралбаган жан экем күрөшүүгө.
Ыйлап туруп аргасыз күлөсүң де.
Бири түртүп көөдөн менен, бири чалып,
Таштагысы келишет күрөндүгө.
Фаризажан сен аны билесиң ээ?..

Жүзүмдү жакам менен тумчуладым,
Тумчукканда кантип мен унчугамын.
Жигитинен казактын дос табалбай,
Кыз да болсоң мен сага умтуламын.

Акын болуп эмнеге жаратылдым,
Арасында калып кетпей кара түндүн.
Касиетин сезем деп Ана тилдин,
Каруусу да талыды канатымдын.
Көртирликке кул болуп илкий басып,
Көйгөйүн кимге айтамын жаратымдын.

Момун элем, жакшы элем, уяң элем,
Күндөр өттү башыман эмне деген.
Ээ бербей албууттанган ачуулардын,
Эми мен тизгинин жыят элем, жыят элем,
Маңдайымдан сылаган бирөө болсо,
Өкүнүч жок өмүрдү да кыят элем.

Билбеймин, бузукмунбу, жиндиминби,
Дудукмунбу же тилдүүмүнбү.
Калган өмүр, кара жанды байлап кылга.
Өлтүрсө да көмбөймүн ырды кумга.
Нөл болот деп айтамын жолуксам, да мейли кимге,
Көбөйтсөң да канча жолу миңди-миңге.

Айланага түз карап жүргөн ардак,
(Түн кеткен соң күн чыгат күлүп-чардап)
Не тууралуу ырдасак да Фариза кыз,
Багыштайлы бардыгын калкка арнап.

 

УУЛУМА

Жүрө-жүрө мен өмүргө каныктым,
Өмүр сырын жаңы билип, жаңы уктум.
Кызгалдактай күндөрүмдү узатып,
Азыр мына ата болуп калыпмын.

Сен өмүрдө башкачараак бас кадам,
Атаң жүргөн аң-дөңдөрдөн кач балам!
Көңүл бургун аңдагын мен айтайын,
Жашоо жолун атаң мындай баштаган.

Атамдын мен тарбиясын көрбөдүм,
Апамдын да акылына көнбөдүм.
Тирмийген жаш окуучулук күндөрдө,
Тизгинимди эч бир жанга бербедим.

Өзгөлөргө эч ийилген эмесмин,
Өөдөсүнүп өткөн эмес али эч ким.
Боломун деп жалын жүрөк от көөдөн,
Боло албай кур кыялда мен өстүм.

Өпкөлөтүп көөдөнүмдү жаралап,
Өткүр кезим мага тике кадалат.
Көп каталык жибергеним моюндайм,
Кечир уулум жүрсөң болду саламат.

 

* * *

– Касың барбы?- дейсиң,
Кайдан билем…
Айтор, жүргөн жерим кымыз, шарап кызыл ирең.
Казактын кайсы үйүнө барсам дагы,
Алдымда ак дасторкон, жайган килем.

Кастарым жокко деймин түрү жаман,
(Кыязы бул жашоодо тирүү калам.)
Казактын кими менен жолуксам да,
Карабай кетишпеди бири маган.

Достоштум кичүү менен чоңу менен,
Дардактаган оңу менен солу менен.
Ата казак кай жерде той жасаса,
Асты менен тизмеге кирери мен.

Кайгырбаймын артымдан сөз атканда,
Билемин былгытаарын кошо айтканда
Айтор, жүздөрүндө жылуусу бар,
Казактын кимисине жолуксам да.

– Касың барбы?- дейсиң,
Кайдан билем…
Камаарабай арысында тойлоп жүрөм.
Сыягы… Мен бактылуу душманым жок,
Үйдөн чыксам сайрандап ойноп күлөм.

 

КАРЫШКЫРГА

О, Шайтан!
Алмаз азуу, арам тамак,
Кандуу изиң кыйма-чийме тээ жылгада.
Дагы да ант берип кутулдуңбу?
Тура-тур көрүшөөрбүз канжыгада.

Жатканда ойдо малым,
Сайда малым,
Эсимде ээн-эркин жайлаганың.
Мен сенден ошолордун кегин алам,
Алам да канжыгага байланамын.

Тоо-ташта, ойдо-кырда кылаңдаган,
Куу кекиртек кан ичпесе тура албаган.
Салаңдатып тилиңди таяк тийип,
Сага да келери чын ошол заман.

Тагдырыңды билип кой эсиң барда,
Талатып иттериме бийик жарда.
Үстүңдөгү тонуңду сыйрып алып,
Өлүгүңдү ыргытам кузгундарга.

Азырынча жүрө бер кыр-кырларда,
Канга батсаң, карын ток, ал жыргалда.
Казык куйрук, каргыш тийгир,
Көрүшөөргө күн жакын канжыгада.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий