И.Раззаковдой даанышмандыктын үлгүсүн көрсөткөн жетекчилер кайда?

ishak_razzakov

Кандайынан алганда да, Исхак Раззаковдой даанышмандыктын үлгүсүн көрсөткөн жетекчинин өмүр баяны, басып өткөн сыймыктуу жолу, мамлекетти башкаруу ишиндеги көп кырдуу таланты эгемендиктен кийинки, азыркы бийлик башындагыларга сабак болбой койбойт. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки бүлгүнгө, оор жоготууга учураган Кыргыз ССРинин өнөр жайын, айыл чарбасын, маданиятын, адабияты менен искусствосун кыска мөөнөттө кайра калыбына келтирүүдөгү баа жеткис эмгеги, түшүнгөн адамга изденүүдөгү ийгиликтердин кол жеткис бийик үлгүсү дегендей эле болуптур.

Ошондой болсо да, Исхак Раззаковдун өмүр баяны, басып өткөн жолу, күн сыяктуу жарыгын чачыраткан адамдык бийик сапаты, кара кылды как жарган калыстыгы, мамлекеттик маселелерди чечүүдөгү алысты көрө билген көсөмдүгү, кыраакылыгы, кылдаттыгы, уюштургучтугу учурдагы жетекчилер үчүн кыйынды кыйыштырып, туюктан жол таба билүүнүн өзү бир кайталангыс мектеп болууга тийиш. Бирок ири мамлекеттик ишмердин жогоркудай сабак болор сапатынан үлгү алалбай жаткан чабалдыгыбыз кимди болсо да өкүндүрбөй койбойт.

Исхак үч жашынан апасынан, сегиз жашынан атасынан ажырап, эне сүтү оозунан кете электе тоголок жетимчиликтин адам чыдагыс оор сыноосун өз башынан өткөргөн экен. Кудайдын буйругу менен иши оңунан чыгып, Тажик ССРинин Ходжент шаарындагы мектеп-интернатка кабыл алынганы абийир болуптур. Атасы өлөр алдында: “Балам сага жардам берер адамга жеткирип, мектеп-интернатка орноштурайын дедим эле, бирок оору жарым жолго жеткирбей жанымды ала турган болду. Эптеп айласын таап оку, жакшы окуп, элиңе кызмат кыл”, – деп акыркы сөзүн айтып жан берген экен.

Атасынын ошол сөзүнөн уламбы, же дээринен тири карак өскөндүктөнбү, аталган мектеп-интернатта эң жакшы деген баалар менен окуп, мектеп турмушунда коомдук иштерге активдүү катышкан окуучу катары бат эле таанылып, Ташкент шаарындагы “Коммуна” деген экинчи баскычтагы мектеп-интернатка которулат. Аталган мектеп-интернатын 1925-жылы аяктагандан кийин, ошол эле Ташкент шаарындагы И.В.Сталин атындагы педагогикалык техникумга өтүп, бул окуу жайын да артыкчылык диплому менен бүтүргөн экен.

Педтехникумдун жетекчилери жаш Исхактай кадр өздөрүнө да жетпей жатканын эске алышып, өзү окуган педтехникумга коом таа­нуу сабагынан мугалимдикке кабыл алышат. Жетекчилеринин бул ишеними жаш Исхак Раззаков үчүн билимге астейдил умтулуунун алгачкы мектеби болуптур. Бир оокатын өткөрүш үчүн ошол иштеген иши, билими деле жетишмек. Бирок И.Раззаков тереңирээк билим алууну көксөп, 1931-жылы СССР Мамлекеттик пландоо институтуна экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, 1936-жылы аталган жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөндөн кийин, кайра Ташкент шаарына иштөөгө жөнөтүлөт. Өзбекстанга келгенде Мамлекеттик пландоо институтуна катардагы экономист болуп ишке кабыл алынат. Билимдүү десе билимдүү, иш дегенде ичкен ашын жерге коюп, өзүнө тапшырылган ишти так, кынтыксыз аткаргандыгын эске алып, көп өтпөй Фергана облусуна пландоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. Эки жыл өткөрүп, кайрадан борборго ишке чакырылат, мурда өзү иштеп кеткен мекемеге төраганын орун басары, эки жылдан кийин Мамлекеттик пландоо институтунун төрагасы болуп көтөрүлөт.

Жыл өткөн сайын бийлик башында турган жетекчилердин И.Раззаковго болгон ишеними жогорулап, Өзбекстан ССРинин Эл агартуу министри, андан кийин Өзбекстан КП БКнын идеология иштери боюнча катчысы болуп үзүрлүү иштеп, мамлекеттик ишмер катары белгилүү боло баштайт.

1945-жылы, 35 жаш курагында Өзбекстанда мамлекеттик ишмер катары таанылып калганда, И.В.Сталин Исхак Раззаковдун улуту кыргыз экенин, жаш кезинде Өзбекстанда мектеп-интернатта билим алып, Москвадан жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин кайра Өзбекстанга жөнөтүлүп, башка элде иштеп калганын уккандан кийин, токтоосуз Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштөө үчүн жөнөткөн экен.

Аталган жетекчилик кызматта союзда Кыргыз ССР эл чарбасын өнүктүрүүдө бардык көрсөткүчтөр боюнча план-тапшырмаларын мыкты аткаргандан кийин, Кыргыз ССРинин Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп 1950-жылдан 1961-жылга чейин иштейт. Бийлик башында турган жетекчи катары Кыргыз мамлекетин өнүккөн өлкөлөрдүн катарына теңөө үчүн көп иштерди бүткөргөн экен. Кыска мөөнөттө Кыргыз мамлекетин Бүткүл союзда алдыңкы өлкөлөрдүн катарына теңөө менен бирге, айыл чарбасын, өнөр жайын өнүктүрүп эле тим болбостон, маданияты, адабият менен искусство тармактарын мурда болуп көрбөгөндөй камкордукка алыптыр. Бул айтканга оңой болгону менен, иш жүзүндө көп эле тажрыйбалуу жетекчилер Исхак Раззаковдой ийгиликти камсыз кыла алышпаптыр.

И.Раззаков Кыргызстанга келгенге чейин борборубуз Пишпек шаарында бир гана №5-мектеп-интернаттан башка кыргыз тилинде мектеп болбоптур. Башка улуттан келген жетекчилердин каршылыгына карабастан, кыргыз тилинде окуй турган мектептердин, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын санын көбөйтпөй туруп, кыргыз кадрларынын санын өстүрүү мүмкүн эместигин эске алып, көңүлдү ушул жакка көбүрөөк бурган экен.

Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетти, Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтун, Кыргыз мамлекеттик медицина институтун, В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун, билимдин казынасына айланган Кыргыз Мамлекеттик илимдер академиясын кыска мөөнөттө ачууга каражат тапкан.

Исхак Раззаковдун Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы жогоркудай ийгиликтери СССРдин жетекчилери тарабынан жогору бааланып, төрт жолу Ленин, төрт жолу Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана көптөгөн медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланыптыр. 1945-жылдан 1961-жылга чейин СССР Жогорку Кеңешинин, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, маселе чечүүдө эл кызыкчылыгын гана жактаган экен.

Өз мезгилинде кыргыз эли үчүн кыска мөөнөттө төө көтөргүс иш жасап, элдин сүймөнчүлүгүнө татыган Исхак Раззаковдой үлгү болор жетекчиге, жок дегенде карылыгы жетип, эс алууга чыкканда Кыргызстанга чакырып сый көрсөтө албаптырбыз. Сый көрсөтүү мындай турсун, атын да атап коюшпаган. Дүйнөдөн кайтканда анын сөөгүн өз мекенине алып келүү керек эле. Жерге койгондо жетекчилердин бири Москвага барып, башында туруп жасатына сый көрсөтүп койсо болмок. Ошону да жасай албаптырбыз. “Жакшысын барктап күтө албаган эл, жакырдыктан, чыр-чатактан башы арылбайт”, – деп акылмандар айткандай, асылзаада адамдар баркталбай туруп, тирүүлөр даңкталып, иши илгерилеп кетеринен күмөнүм бар.

Мамен АРСТАНБЕКОВ, жазуучу, республикалык “Адеп мектеби” коомдук уюмунун төрагасы,
«Кыргыз туусу», 02.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий