«Жарты сабак ырым сен деп түшүнөм, Менин кылган жакшылыгым кыргызга»

tursunbekov

Акын ырды кыйналып, кысталбай илхамы келгенде эркин жазуу керек. Ошондой табигый түрдө жаралган ырлар окуган адамды өзүнө тартып, сезимин козгойт. Эгерде ал адабиятчы болсо, дароо калемин колго алып, акын тууралуу ой толгоо жазуу­га ашыгат. Мен Чыныбай Турсунбековдун бир томдук поэ­зиясын окуп отуруп, ошондой чечимге келдим. Бул макала тез жана шар жазылды, анткени, айтыла турган ойлор жабалактап, улам бири чубуруп башыма келе берди…

Эң биринчи иретте белгилей турган нерсе анын поэзиясынан акын деген ким, анын милдети эмне деген суроого жооп алдым. Б.а., лирикалык “мендин” ачык тартылган портретин көрдүм. Ал алдына айкын, чоң максат койгон учкул канат жаш жигит экен.

Жаркыратып жан серек жаштыгымды,
Жаратамын жалындуу жакшы ырымды.
Керек болсо кайрадан жасап алам,
Маңдайыма жазылган тагдырымды.

(117-б)

Бул өз тагдырын өзү жасап алган жигит анын өзүнө окшоп турат. Чыныбай кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, Кыргыз Улуттук университетинде окутуучу болуп иштеп жүрүп, анан Билим берүү жана илим министринин буйругу менен Түркияга узак мөөнөткө командировкага жөнөтүлгөн. Кийин ал кыргыз элчилигине өтүп, Т.Океев менен бирге иштеп жүрөт. Анан базар экономикасына ылайыкташып, чакан ишкана ачып, бизнес менен алектене баштайт. Ал жакшы натыйжа берип, “Акун” деп аталган ун чыгаруучу чоң корпорацияга айланды.

Ыр жазуу ар кимдин эрмеги эмес. Алыкул “жакшы ыр жазсам бутунан өөп жөнөтөм, жаза албасам көзүмдүн жашын көлдөтөм” деп айткандай, кээде ыры жакшы чыкпай калса, лирикалык “мен” ызаланган, өзүнө-өзү нааразы болгон тынымсыз изденген жаш акын:

Маңдайга жазган андан айырбасын
Максатты тагдыр жолдон кайырбасын.
Жаман ыр – эшик тоскон мастан кемпир,
Жакшы ыр бул – уялаш карындашым.

(111-б)

Чыныбай үчүн жаман ыр – эшик тоскон мастан кемпир, жакшы ыр – сүйкүмдүү, мээримин төгүп турган карындашы сыяктуу. Ч.Турсунбеков ыр жазууну мектептен баштап, студенттик кезде уланткан. Акындык шык ага тынчтык бербей изденген, бирок, аткан ок дайым эле бутага тие бербейт. Ошондо ал жазуу столдон туруп кетет. Китеп текчесинен классиктердин китептеринен алып, барактап отурат. Бир убакта эле илхам келе түшөт да, татынакай ыр саптары ак баракка төгүлө баштайт:

Бүгүн кечке сезимди булут басып,
Бир топ китеп барактап, угут татып.
Жазындагы дарактай жашыл элем,
Жазылбаган барактай кысыр элем –

Көкүрөктөн көңүлдүү ыр төгүлүп,

Күзгө айландым заматта күбүрөгөн.

(112-б)

Жигиттин үч милдети бар дейт акын. Эң негизгиси, карама-каршылыктарга толтура бул дүйнөдө Алыкул айткандай, анын миң кырдуу сырына төп келген айлакер, күжүрмөн, кайраттуу боло билүү керек. Эгерде сенин эркиң бир аз эле бошосо, ал сени басып алат…

Чыныбай акындын негизги үч милдети катары төмөнкү шарттарды белгилейт:

Атаң өлсө ордун анын жоктотпо,
Аял кетсе мусапырга окшошпо.
Касың менен ачык кармаш аянбай,
Жеңиле бил, байкатпастан бут тоссо.

(113-б)

Ал эми эгерде сөз инсан катары анын өзү жөнүндө жүрсө, анда ал жакшы ыр жазып, элге алынып, өз поэзиясы аркылуу кызмат кылсам деп эңсейт:

Жалтайлабай эр жигиттин күчүнөн,
Жан кыйнаган ушул көйгөй турмушта.
Жарты сабак ырым сен деп түшүнөм,
Менин кылган жакшылыгым кыргызга.
(114-б)

Ооба, нагыз поэзия жан дүйнөнү тазартып, адамдарды эмгекке, күрөшкө, максаттуу жашоого үндөйт. Кылымдардан бери эле көркөм адабият ушул улуу миссияны аркалап келген. Өздөрүнүн жаркын поэзиясынын кадырын түшүрүп, наадандарга тепсетпей, Пушкин, Лермонтов сыяктуу улуу акындар кара баштарын өлүмгө байлашкан. Чыныбайдын да лирикалык “мени” эгерде, эл тагдырына коркунуч туулуп, акындык кудурет кыл көпүрөнүн кырына коюлса, анда ал да ак өлүмгө даяр экенин мындайча туюнтат:

Же бир гана боштук калып сезимде,
Же “дүрт” этип күйүп кеткен кезимде.
Өлтүрүшсө ыр өмүрүн кайра улап,
Өчүрүшсө тутануучу кайра бат
акын өзүн алып барып кайда урат?
Айтчы, курбум, акын өзүн кайда урат?

(118-б)

Бул кызыл кекиртектик кылып ураалаган демагогиялык ыр сымалдарга такыр окшошпойт, анткени, акын ага чейинки куплеттерде ойду логикалык жактан бышырып койгон. Ооба, “акын да түгөйүнөн ажырап, күйүтүнөн өзүн жарга урган кушка”, же аварияга учурап, күйүп бараткан самолёт жерди көздөй умтулган сымалдуу лирикалык “мен” да ошолордой тагдырга б.а., өлүмгө барууга даяр.

Патриоттук ойго чөмүлгөн төмөнкү саптар жогорку ырдын негизги пафосун мындайча улайт.

Маңдайга жазган жазуудай,
Максатты ишке ашырбай,
Өткүм жок жалган дүйнөдөн,
Өчкүм жок бийик атылбай.
(119-б)

Акын поэзияны ар дайым эл кызматында болуп, аларга эстетикалык рахат берип, эл-жерди сүйүүгө шыктандырса, өзүн бактылуу сезерин бир катар ырларында жакшынакай табылган поэтикалык деталь аркылуу сүрөттөй билгени – бул анын жан дүйнөсүндө ыр уялаган талант экендигин күбөлөй алат. (120-б)

Балалык кез эч кайталангыс өзүнчө бир наристе курак. Адам жашы улгая баштаганда ошол керемет мезгилин көп эстейт. Маркс­тын сөзү менен айтканда чоң адам кайра балага айлана албайт, бирок, ал анын өтө бир сүйкүмдүү баёо кылык-жоругуна суктанбай койбойт. Ошол сыңары Чыныбай да балалыктын ар түрдүү кырдаал, жагдайлардагы көрүнүшүн жакшы табылган көркөм деталдар менен таасын сүрөттөп берүүгө жетишкен. Бир ырын “Балалык” деп атап, ошол чыт курсак учурун сагынганын өзгөчө бир эмоция менен туюнтат:
Жарышып желге чуркачу,
Белинде турбай турсасы.
Бал экен көрсө ал курак,
Чайына салып ууртачу.
(7-б)

Балдай таттуу зат жок го дүйнөдө! Акын балалыктын асылдыгын, кереметин ошондой элестетет. Баланын төрөлүшү, жарык дүйнөгө келиши – бул чексиз кубаныч. Ал тукум улоо табияты, адамзат пендесинин эртеңки күнү. Эми аны алдейлеп өстүрүү, чоңойтуу эне-атанын мойнуна көп милдет жүктөйт.

Жапжаш туруп ата болуу кубанычын акын “Кызым төрөлгөндө” аттуу ырында эмоцияга толгон сезим менен чагылдырат:

Оо, бакырган үнүңөн,
Өйдө-төмөн жүгүрөм.
Сүйүнчү бер адамдар,
Жентек жеп кет үйүмөн.
(107-б)

Баягыда Айтматовдун Субанкулу биринчи уулу Касым төрөлгөндө чексиз кубанычын тоолорго кайрылып, сүйүнчүлөгөн эмеспи. Себеби, көз жарган перзент табияттын бир чырпыгы да! Ошол сыңары “Акундун акын уулу да” (өз сөзү ) чүрпөлүү болгондо эмне кылардын айласын таппай, алдастап көчөгө чуркап чыгып кыйкырат, эл-журтка сүйүнчү айтат.

Ошентип, төрөлгөн ымыркай бир жашка чыгып, тамтуң басканда чоң эне, чоң ата тушоо кесүү расмисин жасайт. Ушундай аталган бир ырында акын кээ бир адамдардын салтка туура келбеген терс кылыгына ыза болгонун жашыра албайт:

Биринчи жеткен агам
кечирип кой,
тушоосун кесе алган жок.
Тушоону кести,
парторгдун баласы
арттан барган.
(5-б)

Анткени, жарышта биринчи келген бала тушоо байгесин ала албады, аны кошоматчылар парторгдун баласына ыйгарып коюшту. Ошондо кичинекей бала турмушта кездешүүчү адилетсиздиктин бир үзүмүн көрүп, аябай ызага батканын мындайча туюнтат:
Байкем экөөбүз ызаланып,
капаланып,
келсек үйгө,
Апабыз
шымыбыздын жыртыгына
жамаачы салып отуруптур.
Сагындым жыртык шымым…
(6)

Бул жакшы деталь. Лирикалык “мен” көп балалуу үйдө анча жетишпеген турмушта өсүп чоңойгонун “жыртык шым” деталы менен элестүү туюнта алган.

Жеткинчектин мектеп партасына отуруп, мугалимдин “ата, атка така как” деген алгачкы сүйлөмдүн тамгаларын жазууга үйрөтө баштаганы өмүрдөгү эстен кеткис күндөрдүн бири:
Сыр жыттанган парталарга отуруп,
Тамга үйрөткөн мугалимге кошулуп.
Бир кезде чөкө таандай чурулдап,
“Ата, атка така как” деп окудук.

Совет заманында окуучулар октябрят, пионер, комсомол деген уюмдарга бириктирилип, аларга гуманисттик, патриоттук тарбия кичинесинен баштап жан дүйнөсүнө сиңирилген:
Сабактан соң үйгө чуркап энтигип,
“төрт”, “беш” алсак

сүйүнчүлөп келчүбүз.
Эч кими жок Айкан деген эненин,
Күндө барып суусун ташып берчүбүз.

(8-б)

Ата Мекендик согуш маалына туш келген балалык абдан оор күндөргө кириптер болгон. 14-15 жаштагы Айтматовдун курагындагы балдар колхоздун жумуштарын аткарып, өлкөбүзгө кол, бут болууга жарашкан. Ал эми Чыныбайдын мууну жакшы учурга туш келип, алар ойноп-күлүп, бактылуу балалыкты баштан кечиришкен:

Балдар болуп эшек минип, анан да
чүкө ойноп, кармалчубуз агайга.
Кечиндеси кой тосконду унутуп,
Атабыздан тил укчубуз далайга.
(8-б)

Өспүрүм куракка келген улан-кыздардын да көңүлдөрү куунак, шатыра-шатман, оюн-күлкүгө карк:

Секелек көөдөндөрү алып учуп,
Балдарды карга басат жабылышып.
Чабалбайды качырбай кармап алып,
Ыйлатышып коюшат чала бучук.

Жүрүшөт ушунчалык жыргап алар,
Күлүшөт таза назик шыңкылдашып.
Шыбырашып коюшат: “Агайды да
карга оонатып койсок” –

деп кыңкылдатып.
(13-б)

Ашыкча кооздоосу жок кадыресе сөздөр менен тартылган бул элес көңүлгө уюйт, балалык күндөрдүн бир үзүмүн даана элестетет. Ооба, “жөнөкөйлүк – бул таланттын карындашы” деп А.П.Чехов айткандай, жөнөкөй, табигый ыргакта турмуш көрүнүштөрүн элестүү тартып берүү – бул чеберчиликтин бир жагдайы катары каралуу керек.

Өспүрүм кыздар эркек балдар менен тең жарышып, жай чилдеде чөмөлө салып, чөп үймөккө кол кабыш кылып жүрүшөт. Баягыдай эле эмгекке шаттык кошулуп, күлкү-тамашалар аба жарып, асман-айга угулат:

Жай чилдеде

ызылдашат чиркейлер үйүлүп,
Кой сарайдын артына чөп үйүшүп.
жүрүшөт окуучулар,

күлүшөт шаттанышып.
Мурат менен Атыркүл бир боо чөптү
биргелешип үймөккө барат ташып.
Сарайдын эшигине Мааткеримов
М+А=Сүйүү деген

сүйлөмдү аппак бор менен
салат жазып…
(14-б)

Абдыкадыр САДЫКОВ, филология илимдеринин доктору, профессор, «Кыргыз туусу», 02.12.2014-ж.
P.S. Макала өтө көлөмдүү болгондуктан, калганын жаңыдан кайра жарык көрө турган
“Ала-Тоо” адабий журналына сунуштадык.

Соц тармактар:

Добавить комментарий