Токтобек Асаналиев: Төрөлгөн жайлоомо бет алганда өзгөчө сезимдерге бөлөнөм

t_asanaliev

Кыргыз сахнасында өзүнүн салмактуу орду болгону менен өзүн атактуу ырчы катары эсептебеген, чыныгы жашоодо тынчтыкты сүйүп, ар дайым позитивдүү маанайда жүрүүнү каалаган ырчы мырза Токтобек Асаналиев биз менен сырдашып кайтты.

 

«Ата -энемдин бетине бырыш түшүп, чачы агарып калганына өкүнөм»

— Ата-энемдин таасири, тарбиясы менен ушундай адам болдум. Атамдын бир туугандарынын комуз черткен таланттарынан да куру эмесмин. Атам, апам карылыкка моюн сунуп калышса да, ырды катырышат. Экөө дует ырдаганда черибиз, жарпыбыз жазылып угуп калабыз. Ата-энем аман болуп, кең дүйнөнү эки көзүм менен карап турган бактымды Кудай кут кылса экен деймин. Биз бой жеткенде ата-энемдин саамай чачын ак басып, бетине бырыш түшүп, карылыкка моюн сунуп баратканы өкүндүрүп, ичимди ачыштырып, санаага салып жатат.

 

«Балдарыма комуз күүсүн угузуп, кыргызча тамактандырам»

Балдарыма колумдан келишинче кыргызча тарбия бергенге аракет кылам. Балдарыма сөзсүз комуз күүсүн угузам, кыргызча тамак жегизем. Беш тилди билсең да өз тилиңди жогору кой деп үйрөтөм. Конок келсе, ырдатам. Балдарыма нуска болсо экен, ата жолунан тайбаса экен деп аракеттенип жатам.

 

«Журтум алтын бешигим»

Ар бир адамдын киндик каны тамган жер мазар же Меккедей ыйык жер деп айтса болот. Мен кичи мекениме бат-бат барып турсам да ушунчалык сагынуу, таасирленүү менен эскерем. Ат-Башыга канча жолу барбайын толкунданып, жүрөгүм алып учкан укмуш сезимдерге туш болом. Ал эми мен төрөлгөн жайлоону көздөй бет алганда таптакыр башкача сезимдерге чулганам. Мен мекеним Кыргызстан экенин, кыргыз экенимди эстегенде сыймыктанам. Ала-Тообузга котур ташы койнунда жоктор келсе экен, элде жок меймандостугубузду пайдаланып, жаман нерселерди жасашпаса экен, элибиз тынчтыкта, жерибиз бүтүн бойдон болсо экен деп тилейм.

«Көтөр башты улутташым кандашым,
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын.

Ар бир кыргыз аманаты кыргыздын,
Хан тукуму кулга айланып калбасын»— деген Зайырбек Ажымаматовдун ырын жүрөгүмө түйүп жашайм. Жакынкы күндөрү көп нерсени кыргыздыкы деп патенттен өткөрүп коюуга далалат кылып жатам.

 

«Ырчылык өнөрдөн баарын таптым»

Өзүм ушундай ырчы болом деп ойлогон деле эмесмин. Адамга Жараткандан кандай шыбага берилсе, ошол нерсеге ээ болот экенсиң. Ырчылык өнөрдөн атак-даңк таптым деп айта албайм. Анткени, элдин сынынан өтүп, атактуу болуш да оңой маселе эмес экен. Болгону эл оозуна алындым. Эл арасында ырдалып жүргөн ырларымды, өзүмдү, үй-бүлөмдү, ата-энемдин сүйүнүчүн таптым. Бул мен үчүн чоң бакыт. Өткөөл мезгилде элдин жан дүйнөсүн агартып, обон созуп, элдин жүрөгүндө аздектеген ырларды ырдап, улуттук духту көтөргөн кесипке ээ болгонума Кудайга миң мертебе ыраазымын.

 

«Боогачым» деген ыр визиттик карточкам болду»

«Боз туман чалса тоо башын боздогон жан бар боогачым,
Казыбек айтса казалын боздогон дешет боогачым.

Калтардай талант таптаган жараткан кандай жер элең Ат-Башым?!» деп акын Мирлан Самыйкожо жазгандай мага визиттик карточка болгон, мени элге тааныткан, сөзү Акбар Рыскуловго, обону Калмурат Рыскуловго таандык «Болоюн сенин боогочың» деген ыр болду. Калган ырларым ушул ырдын бутагы, жөлөк-таягы, анын тегерегинде көктөгөн ырлар болду.

 

«Кайгырсам муңдуу ыр, кубансам шаңдуу ыр ырдайм»

Адамдын бети жылтырак болгону менен ички жан дүйнөсү чытырман токой. Аны эч ким биле албайт. Көп киши сени түшүнбөй, туура эмес ойлошу да мүмкүн. Ошондуктан эч кимге айталбаган нерселерди ыр, күү менен чыгарам. Жан дүйнөмдөгү бороон чапкынды ыр-күү менен түшүндүрөм. Кубансам шаңдуу ырларды ырдап, шатыра-шатман күүлөрдү чертем. Кайгырсам муңдуу ырларды ырдайм.

 

«Мал сойгонду, устукан тартканды катырам»

Мал сойгонду устукан тартканды жакшы билем. Атам кичинебизден керчөдөн, башты куйкалаштан баштап, бузуп жегенге чейин үйрөткөн. Алгач аксакалдарга ооз тийгиз. Таңдайын кыздарга бер. Кулагын кичине балага, көзүн көздөшүп жүрөлү деген жакшы санаалашыңа бер деп мээме кыттай эле куюп койгон. Негизи кыргыз эли дүйнөдө жок касиеттерге чулганган улуу элбиз. Алты аксакал бир дасторкондо олтурса, кимиси биринчи табактагы тамакка кол сунса ошонусунан билебиз. Башка улуттарда андай жөрөлгө жок. Кыргыз болуп, анын ичинен тоолук анан толук болуп калганыма сыймыктанам.

Жылдыз Бек кызы, «Кабар ордо», 02.12.14

Соц тармактар:

Добавить комментарий