Афина Бакирова, акын: «Күздө бүтпөйт бүрдөгөнү толкундун, Бүгүн баалап эми сен деп отурдум»

afina

Бүгүн биз «Поэзия айдыңында» рубрикабыздын астында «Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын» (2005-ж) ыр жыйнагынын автору, мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломаты «Алыкулдун ак боз ат» сыйлыгынын лауреаты Афина Бакированын поэзия дүйнөсүнө сапар алдык.

 

* * *

Жөө эмес, бүгүн жамгыр шайдоот эмес,
Жаап жатат санаа минип, санаа минип…
Кербез жан теңине албай айыңдарды,
Дос тутпай жанындагы айымдарды.
Жашайт ээ, тагдыр багы ырга сиңип,

Көңүлүм туман дагы, жаркын дагы…
Ким бирөө эгер менден жүз үйүрсө,
Ал менин бийигимден тартынганы.
Гүлдөрүм жапырылбайт башын катып.
Чоочутса чагылгандын чартылдагы.

Термелем…жаанга чыктап бүрүм-гүлүм,
Түңүлүп канчанчы ирет күбүлгөнүм?
Тирүүлүк, бетиңден мен өчкөн жокмун,
Жүрөгүм канап турса улам курчуп.
Ал менин ошончо ирет тирилгеним,

 

* * *

Күрсүнүп алдалыңды карап турам…
Тагдырга бирде чөгүп, бирде калкып..
Изиңе заманалар учуп-консун,
А жолуң болсо экен жашыл баркыт.

Жазганып…жабыккандан жашып турам,
Көзүмө кум шиленип, куюн ойноп…
Жадымдан аарчылышың эми күмөн…
Жакуттай сөөкө батпай койсоң болмок…

 

* * *

Өлсөм кайра кайтып келчү жанга окшоп,
Боегумдай көргөн жокмун өмүрдү.
Өзүм сүйбөй, сүйгөндөрдү кооздоп…
Жашаганым, жашаганым төгүнбү?!

Жаштыгым го чекиттерден башталат,
Катар өчүп, көзү түшкөн жылдыздай.
Ошол кездин билем баары акталат,
Дал бутума чөгөлөтөм тургузбай.

Айнектей өң бута болуп ашакка,
Же үзүлүп түшпөй көктө термелет.
А мен менмин! Моюбас да, ноюбас,
Дүйнө мени ушул бойдон термеп өт!

Шыбырасам шыбырыман күбүлгөн,
Сапырылган жапырылган сүйүүүлөр,
Баарыңарды аруу бойдон аттадым,
Каяшаны айта албайсың бириңер!

Бала элем баелугу өзүнчө өч!
Бүгүн менде кызыл нурдай өрт тарайт.
Сүйгөнгө эмес сүйүүсүнө бүгүлгөн
Менин атым эчен эсте жатталат!
Менин атым…

 

* * *

Тунук жаадың тунуктугуң өзүндөй,
Тунук арман сыйып турат көзүмдө.
Саптарыңа батып кетип сен болуп,
Сапарынын бүтөөр жери мен болуп.
Келбейт ал жан! Жылдыз берсем келет миң!
Келбейт менин бир тилекти тилешким.
Ал анткени бир күн басып ал менен,
Ыйын сезип калган элем жүрөктүн.
Ойгонгондо мен өкүнүп ойгонгом,
Ойлорум да бийик таза бой болгон!
Шыңга талдай шыңгыратып тагдырды,
Бир бүрдөтүп узап кеткен жолдордон.
Тунук жаадың, тунуктугуң өзүндөй,
Туюлбаган арман бардыр көзүмдө…

 

* * *

Жүрөгүмдөн дүпүрөтүп ойлорду,
Жүрөгүмдөй дүпүлдөтүп жолдорду.
Поез өтөт, түнкү он эки, түнкү жаз,
Бүгүн түн жаз да мендей ойгообу?
Укчу жазым, бүгүн мынча буулуктум,
Тамырлашып айтайынчы, төгүп муң.
Эгер сага барган болсо сүйгөнүм,
Көтөрүнүп менден калган сүлдөрүн.
Көөнөрбөшкө антын алгын чоочун кыз,
Торгой болуп ырдап берсин күндө миң!
Тааныбаймын татынакай жандырсын,
Сүйдүр дагы, бүт денесин жарга урсун.
Тааныбаймын, назбы…сузбу…дүйнөңдү,
Билем, бирок сени алгач сүйгөнүн.
Жакшыдырсың, менда сендей жакшымын,
Жашайлычы элеси деп жакшынын.
Мен тепселем – аялзатсың сен дагы,
Сен тепселсең – ал да менин тагдырым.
Өзүң мени жакшы тааныйт экенсиң,
Бирок…бирок …кызганасың бекер сен!
Бир көрбөгөм маңдайыңда жарыктыр,
Сен көргөндөй менде дагы жарык бар.
Анда эмнеге суроо коюп артымдан,
Анда эмне назик аял жаркындан,
Бак талашат дедиңби? Жок, затташым,
Көөдөнүмө эч бир такты калтырбайм.
Кыздар, кыздар катар өскөн гүлдөйүм,
Сезеличи сезимдердин бирдейин.
Сен ыйласаң бакытыңды жулдуруп,
Анда менда ошол сындуу күндөмүн…
Тегеренем баардык жакты караймын,
Жылдыздарым, барбы сенин жан- айбың?

 

* * *

Күздө бүтпөйт бүрдөгөнү толкундун,
Бүгүн баалап эми сен деп отурдум.
Наристедей аталчу эле карегим,
Наристедей эми эсиңде жоктурмун.

Бүгүн сенсиң сапарымдай эскирген,
Таасири жок «коштошобуз» дешкендин.
Бүгүн сенсиң төгүлчүүсү жүрөктүн,
Эртең билбейм, бирок бүгүн керексиң.

Сезимиңди сезимиңе көчүргөм,
Сени неге сезимимдей түшүнбөйм?
Сүрөтүбүз эки бөлөк кыркылган
А жүрөгүм элүүдөн жыртылган.
Булкуп-булкуп кайнап турат көөдөнүм,
Морт көрүнүп турсам дагы сыртымдан.

Токтото албай от алганын толкундун,
Токтоо жандай мен эсиңде жоктурмун.
Айрылганда арзуудагы күчүмдөн,
Аял сүйбөш керектигин түшүнгөм,
Ай тутулуп, тунук жашың көк асман!
Ачылгансып сени көрүп көз аздан…
Бүгүн кандай…январдагы кар дүйнө?
Сейилимди жактырдыңбы ак түндө?
Күздөн түшүп кыш ийнине таяндым,
Элегинен өттүм жакшы-жамандын.
Муз жыттанган бактарыңда кайыктай,
Гүл жыттанган бир сүйүүдөн жай алдым.

Быйыл кандай…. Январдагы кыш дүйнө?
Сейилимди күттүң беле кыш түндө?
Сейрек жаандай аруу болдум сезимге,
Серт күндөрдүн, бирок баары эсимде,
Кар колдоруң жолуктурду колумду,
Мүрөк сууга жүрөк жууган кезимде.

Эми кандай…Январдагы ак дүйнө?
Аяз беттен тоңбой жаштар акты эмне.
Тутам сүйүү ала качып тагдырды,
Түн болбосо деле бакыт артты эле-
Сүйүнчүлөп, сүттө койнуң дуулдатып,
Сүйүнүчтөн өз дүйнөмдү ыйлатып,
Кайтчы күндү эч бир, эч бир эстебей,
Зирек жандан таап турам бир бакыт.

 

* * *

Угасыңбы?.. Сентябрдын кечи бул?
Сентябрым-сен келген күз дечи бул.
Сейрек эстеп, сага сейрек күйөм мен,
Сезимимдин бир жак гана бети бул.

Мага эстелген кекчил, таш боор жан чыгар,
Билбейм кантип,, мен сыяктуу жаштыр ал.
Карегиме калкып толкуп толгон жаш,
Кайра менин ырахатым арттырар.

Булуту азгын, серт күндөрү көбөйүп,
Бук кылат не, күз ийниме жөлөнүп.
Буусу уруп түбүңдөгү сезимдин,
Муунтуп турат, жүрөгүм жүр, жөнөдүк!

Шаарды каптап жалбырактар, каргалар,
Жүрөгүмдүн бир тагындай шаар калар.
Узайлыбы ууздай күндө агып биз?..
Убайымым угуп жүрсүн башкалар.

 

* * *

Жок адашуу, жок кошулуу эч бизде…
Жолуксак да, бөлүнсөк да эрк бизде…
Жоодураган көңүл ыйын, а бирок
Түшүнө алгыз тереңдикке жеткир де!

Жолдор бизде – токулгалуу, жүгөндүү,
Жомокпуз биз келечекке күмөнбү?
Жоолашуу жок жаркын күндүн артында,
Биздин күндөр — бир ачылган күл өңдүү.

Жыты калаар жакасында жылдардын,
Арасында окулбаган ырлардын.
Азбы-көппү алоолонгон колуңдун,
Аптабында арман билбей ыргалдым.

Бай түп сырың азы гана күбүлдү,
Бактым менин мынча ирээт бүлүндү.
Баалап гана жашайм азыр күн көзүн,
Барктап гана жашайм азыр «бүгүндү».

Жыл карыткан алп сүйүүнү көтөргөм,
Жыландардай кектүү өткөн көчөңдөн.
Жан эмесмин багынганым, багынтам.
Сүйүп дагы, сүйдүрүп да өтөм мен.

Алгач сүйүүм билбейм ким экенин,
Акыркыга билбейм качан жетээрим.
Арзуу үчүн аянбастан дүйнөдө-
Ыйлап дагы, ыйлатып да кетемин!

 

* * *

Көздөрү көөнөргөн апамды ойлоп,
Соолуттум чоктой-чоктой жан тынчтыгым.
Карылык – жалгыздык да! Сыр бешикке,
Терметпейм неге апамдын жалгыздыгын?

Шыкалат бактым менин жалбырактай,
Апамдын жүн жуурканда буту тоңот.
Жүргөктөп сүт ичирип жүргөнүндөй
Мен неге аздектебейм жылуу ороп…

 

Соц тармактар:

Афина Бакирова, акын: «Күздө бүтпөйт бүрдөгөнү толкундун, Бүгүн баалап эми сен деп отурдум»: 1 комментарий

Добавить комментарий