Адабият достугунун “Жаңырыгы”

k_bakirov

Быйыл 2014-жылы Кыргызстандагы уйгур “Иттипак” маданият борборунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленүүдө. Ушул датага карата уйгур жазуучулары менен акындарынын чыгармалары кыргыз тилине которулуп, басмадан жарык көрдү. Китеп “Жаңырык” деп аталат. Аталган жыйнакка 34 акын, 16 прозаиктин чыгармалары кирген.

Акын Абдулазиз Маметбакиевдин “Коңуздардын чабуулу” аттуу көлөмдүү ыры адамды ойлондурбай койбойт. Ал эски чайхананы буза баштаганда, коңулдан чыга калган коңуздар ага жабыла чабуул коюшат.

Кире калып кутулдум,
Жан талашып үйүмө,
Чапанымды чүмкөнүп,
Жата калдым түйүлө,— дейт автор. Көрсө коңуздардын да мекени, ата-журту бар экен. Алар ошол мекенин коргоп,

“Өзүнөн чоң миң эсе,
Мага чабуул жасады,
Күрөш кылат экен да,
Жашоо үчүн а дагы” деген бүтүм чыгарат. Чындыгында эле ойлонто турган маселе. Чыгарма ошонусу менен окумдуу, ошонусу менен кызык.

Жазуучу Нурмухаммад Ясин Өркештин “Жапайы кептер” аттуу аңгемесин бир дем менен окуп чыктым. Учуп бара жаткан кептер: “Капысынан маңдай тушуман махаллалар, үйлөр көрүндү. Ылдый жакта майда нерселер кыбырап жүрөт. Мен аны энем айтып жүрчү адамдар экендигин баамдадым. Жерде бечаралар кыбырап жүргөн, ошол жандыктын көктө учуп жүргөн бизден кудуреттүү экендигине таптакыр ишенгим келбейт. Балким, менин аларды түшүнүүгө башым жетпегендир. Иши кылып, мен адамдарды коркунучтуу сезбейм. Энем: адамдардын өнөрү көп, сак болбосоң, алар сени заматта эле туткунга айландырып коет”,-дейт. Бул аңгемеде адамдын колунда багылган жана жапайы кептерлер жөнүндө сөз болуп, поэтикалык ойлор айтылган. Анда Карыч аттуу кептер, кептерлердин руху жөнүндө айтып: “Силер ушул рухсуздугуңардын айынан тукумдан тукумга адамдарга кул болуп өтөсүңөр. Каалаган кезде алардын жей турган тамагына айланасыңар, алар силерди кулдукка – ушул даражага түшүрүп койгон болсо, эч жакка бара албай, алардын карамагында учат экенсиңер. Ошентип кептер рух издейт. Учуучу канаттуулардын жем үчүн кул болуп учпай калганы өтө өкүнүчтүү.

Ал эми Рахимжан Ушуровдун кыргыз досторуна арнаган бир топ ырлары бар.

“Кыргызстан, мен бооруңда төрөлдүм,
Бак-таалайдын кучагына бөлөндүм.
Мына бүгүн улуу достук күнүндө,
Көккө жетип турган кези төбөмдүн.

Кыргызстан, кутка толсун кучагың,
Сен дегенде кыял минип учамын.
Ай аттигиң, адамдарга жеткире,
Ала-Тооңду бир ырдашка кусамын!

Акындын Ысык-Көл жөнүндө, достукту даңазалаган чыгармалары окурмандын жан дүйнөсүн козгоп, көңүлдү көтөрүп, жакшы таасир калтырат.

1944-жылы Шинжаң автономдуу районунун Чөйчөк шаарында жарык дүйнөгө келип, быйыл 70 жылдык мааракесин белгилөөнүн алдында турган, 1962-жылы Кыргызстанга көчүп келип, 1992-жылдан тартып Кыргыз телерадио компаниясынын уйгурча уктуруу бөлүмүнүн редактору катары иштеп жатканХайрыниса Турдиева да: “Ыраазымын кыргызга” деген ырында:

Конок болуп барып калсам үйүнө,
Жетине албай тосуп алат сүйүнө.
Төрүн берип, дасторконун жайнатып,
Жеп-ичегой дейт, жалбарып үйрүлө.

Ысыгыма күйүп менин ар дайым,
Суугума да чыдап чогуу тоңгон эл.
Кенедей да көңүлүмдү оорутпай,
Бутума бут, колума кол болгон эл,-дейт.

Дагы бир уйгур калемгери Мухамматжан Ясындын “Акын болсоң” аттуу ырында

Түндө жазган ырымды,
Окуп берсем досума.
“Токто” деди, үн катып,
Оюн айтты озуна.

Уйкаштары ордунда,
Айтыптырсың оюңду.
Жазсаң элдин мүдөөсүн,
Болмок эле толумдуу.

Ооба, уйгур акын-жазуучуларынын эл мүдөөсүн жазган чыгармалары арбын экендигине чын дилимден ынандым. Анан бул “Жаңырык” аттуу китеп “Адабият достугу – эл достугу” деп жарыялангандай, эки элдин ортосундагы мамилени даңазалайт. Китепти басмага даярдоо жана уйгур тилинен кыргыз тилине которууга кыргыз калемгери, акын Абдылда Карасартов өзгөчө көмөк көрсөткөн. “Жаңырык” китеби чындыгында эле тоолорду айланган жаңырыкка окшойт.

Карбалас БАКИРОВ, “Эркин тоо”, 12.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий