Асылбек МАРАТОВ, төкмө акын: “Арстанбек Буйлаш уулу менин бешинчи атам”

maratov

– Саламатсыңбы, Асылбек? Өз заманында “булбул акын” аталган, издеп барып Жеңижоктой акындар бата алган, кыргыздын залкар төкмө акыны жана ойчулу, чоң комузчу, күүчү, обончу, «Замана” агымынын эң ири өкүлдөрүнүн бири Арстанбек Буйлаш уулунун урпагы, таланттуу төкмө менен баарлашып жатканыма кубанычтамын.

– Рахмат.

– Тарыхый булактарга таянсак, Арстанбек атабыз кырк-элүү жаштын тегерегинде эле көз жумуп, ошо өмүрдөн өтөр кезинде да:

«О дүйнө кетет окшодум,
Менин санатым айтар ким болот?» – деп санаттары үчүн кейиген экен?

– Ошо өлүм алдында жаткан кезинде өзүнүн шакирти Солтобай дегенге керээзин айтып, минтип өтүнүч кылган жайы бар:

“Ичим толгон ырым бар,
Айтарга түрлүү сырым бар.
Жакшы чыктың Солтобай,
Ойлоп тургун, ой тобо ай!
Келтирип айткын сөзүмдү,
Кейитпегин өзүмдү.
Таштабагын сөзүмдү,
Таарынтпагын өзүмдү.
Менин айткан кебимди
Көкүрөккө жат алгын,
О, Солтобай чырагым!
Нуска сөзүм таштаба,
Жеткире айткын маанисин,
Кайран булбул сөзү деп,
Артымда элим таанысын.
Айтылып калса калкымда,
Арстанбек кайдан карысын…”

– Ошол нуска сөздөрү бүгүн сага, силерге айтылгандай сезилбейби?

– Сезилет.

– Кыргыздар бекер жеринен жети атаны сурабайт тура. Арстанбек Буйлаш уулу учурдун жаш, таланттуу төкмө акыны – Асылбектин канчанчы атасы болду экен?

– Арстанбек Буйлаш уулу менин бешинчи атам.

– Деги эле Арстанбек акынды ата катары да, залкар талант катары да канча жашыңда тааныдың?

– Кичине кезибизден эле бизге Арстанбек атабыз тууралуу көп айтышчу. Кенже куракта маани деле бербейсиң да. Кийин эс тартып, 15-16га келген кезимде китептерден ырларын, сүрөтүн издеп, окугум, көргүм келип дегендей, чындап кызыгуум ойгонгон. Бирок, анда деле ырдайм деген ойдо жок болчу. Комуз чертчүмүн. 2005-жылы Кудайдын буйругу экен Эстебес Турсуналеив, Төлөгөн Касымбеков аталар менен жүз көрүшүп, баталарын алуу шыбагасы туш келди. Садык Шернияз агабыз комуз белек кылды. Ошондон башталды баары. Кызыгуу, дегдөө пайда болду. “Айтыш” сабагына барып жүрдүм. 2007-жылы анан Арстанбек акындын 180 жылдыгына карата Барскоондо өткөн айтышка катышып, тушоом кесилди.

– Байгелүү орундарды , сыйлыктарды алып жүргөнүң бар эле?

– Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгында, “Жаш таңдай-2014” айтышында баш байге,Таластын 70 жылдыгына карата өткөн айтышта экинчи орунду алгам. Тоголок Молдо, К.Акыев, К.Досуев атындагы төш белгилерим бар.

– “Аккан арыктан суу агат” дегендей, кыргыздын бүгүнкү ак таңдай, көйкашка акыны Жеңиш­бек Жумакадырды да эл Арс­танбектин урпагы деп жүрүшпөйбү?

– Чыны менен эле ошондой. Бир атанын, бир уруунун балдарыбыз.

– Улуу акындын урпагы катары акындын өмүр баянына кызыгып, балким иликтеп жүргөндүрсүңөр. Арстанбектин кай жерде жарык дүйнөгө келип, кай жерде каза болгондугу, атүгүл туулган жана каза болгон жылдары тууралуу да ар кандай жазылып жүрөт? “Арстанбек Буйлаш уулу 1840-жылы Ысык-Көлдүн Сыртында туулуп, 1882-жылы 42 жашында дүйнөдөн кайткан,” – дейт бирөөлөр, “1824-жылы Нарында төрөлүп, 1878-жылы 54 жашында Ысык-Көлдүн тескейи Чычканда каза болгон”, – деп дагы жүрүшөт?

– Менимче, Нарындын – Төш-Булак деген айылында туулгандыгы, сөөгү көл өрөөнүндөгү Жууку деген жерге коюлгандыгы чындыкка жакын. Анткени, Каркыра жайлоосуна көп барчу экен. Жеңижок да атабызды ошол жерге издеп барып, жолукканы ырларда айтылып жүрбөйбү. Жеңижок акын барганда Арстанбек атабыз катуу ооруп турган кези экен. Жаш акынга устат катары: «Элдин зарын зардап өт, эзелки ырын ырдап өт», – деген кеңешин берип, минтип ырдаптыр:

“Зөөкүрдү чабар камчы бол,
Кургак жерге тамчы бол.
Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Аргымак минген баатыр бол,
Алсыздарга жакын бол.
Жетимдерге көмөк бол,
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол.
Ууруларга айгак бол,
Ушакчыга сайгак бол.
Эрегиш чыкса элчи бол,
Эл-журтуңдун кенчи бол.
Кара өзгөй болбой, калыс бол,
Кошоматтан алыс бол.
Жери жокко конуш бол,
Эти жокко союш бол…”

Ушул ырдан көрүнүп тургандай, Арстанбек атабыз агартуучулук да касиетке ээ болгонун айта кетүүбүз керек. Бүгүн да актуалдуулугун жоготпой, эскирбей жашап жаткан ырлары айтып тургандай, ал адеп-ыйманы, сезими тунук, акыл-ою бийик адам болгон. Жашоодогу ак-кара жактарды, адамдагы оң-терс сапаттарды, жакшы-жаманды ажыратып ырдап, эл-журтуна насаат-нуска сөздөрүн айтып, билгенин маалымдап, таратып турган. Бул тууралуу Осмонкул Бөлөбалаевдин:

«Ак-каранын баарысын,
Таанып айтып ырдаган,
Айтканынын баарысы,
Уккан элге акыл деп,
Ушунуку макул деп,
Оозун ачкан далай жан», – деп айтканы бар.

– Совет мезгилинде Арстанбектин чыгармаларын пайдаланууга тыюу салынган экен. 1920-30-жылдарда Кабай Абдрахман уулу тарабынан Арстанбектин бир топ ыр мурастары чогултулуп, бирок жарым кылымдан ашуун убакыт бою жерге көмүлүп, катылып жатканын, 1992-жылы кош айдоо учурунда капысынан табылганын айтышат. Бул чыгармалар кайсы айылдан табылган, кайсы ырлары жана алар эмне тууралуу болду экен?

– Бул тууралуу да так маалымат таба элекмин. “Кеминден табылган” дешет. “Көлдөн табылган” дешет. Бирок, акындын азыркы учурга чейин жеткен негизги чыгармалары – «Керээз», «Терме», «Санат», «Тар заман», «Каңтарбай менен айтышы», «Сүйүнбай менен айтышы», «Жеңижок менен учурашуу ыры», «Арман» деп аталган ыр-санаттары. Ал эми ырларынын баарында жана айтылгандай, адамдагы асыл сапаттарды, анын ичинде эл менен бирге болууну, элге кызмат кылууну, жөнөкөйлүктү, кичипейилдикти… айтат. «Тирүүлүк – өзү зор дөөлөт», – деп, ага татыктуу болуп жашаш керектигин айтат. «Ата-журтун ардакташ – азаматтын белгиси», – дейт «Терме» деген чыгармасында. “Элге кызмат кылсаң, эл менен болсоң – бийиксиң. Элден чыксаң – кийиксиң”, – дейт «Терме» ырында.

– “Термесин” ырдап бере аласыңбы?

– Албетте…

“Кайратың тоону бузса да,
Кашыгың көлдү сузса да,
Оозуңдан чыккан сөзүңө,
Зоо куланып учса да,
Эл менен сен адамсың.
Кабарың күнгө кетсе да,
Жылдызга колуң жетсе да,
Жараткандын дүйнөсү,
Бүт колуңа өтсө да,
Эл менен сен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң…”

Чыны менен эле элден чыгып, “кийик” болуп жүргөндөр да бар эмеспи.

– Асылбек, ушундай улуу, алп акындын урпагы болуу сени түйшөлтөбү?

– Албетте. Арстанбектей болуу эч кимибиздин колубуздан келбейт го, ошентсе да атанын уулу деген сыймыктуу атка татыктуу болуп, анын чыгармаларын элге жеткирип бере алсам экен, өнөр жолуна түшкөн соң, чыгармачылыгым жемиштүү болсо экен деген оор милдет, жүк, жоопкерчилик мойнумда турат да…

– Акындык сапарыңа байсалдуу, ак жол каалайбыз, Асылбек!

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 09.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий