Токтогул аттуу алмаз бар

t_umetaliev

Кыргыздын канчалаган кыраандары карт тарыхтын бүктөмүндө катылып, көрүнбөй кала беришти. Ал эми Токтогулдун Токтогул болуп кыргыз элинин колуна тийип калышы – Жоомарт Бөкөнбаев менен кыргыз адабиятына негиз салуучулардын бири, классик акын Темиркул Үмөталиевдин аракети. Бирок кейиштүүсү, 1944-жылы Жоомарт Бөкөнбаев автоавариядан набыт болгондо Токтогулдун чыгармачылыгын жайылтуу иши солгундай түшкөн экен. Бактыга жараша, Жоомарт Бөкөнбаевдин эң жакын досу Темиркул Үмөталиев согуштан жеңиш менен Ата Мекенине аман-эсен кайтат. Досу экөөнүн Токтогул боюнча баштаган иштерин жан дили менен кайрадан улантат. Темиркул Үмөталиев 1937-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башчысы болгондон тартып, 1941-жылы согушка аттанып кеткенге чейин Токтогулдун ырларын жаздырып, аны басмадан китеп кылып чыгарууга көп салымын кошкон эле. Классик акын өзүнүн өмүр баяны тууралуу жазган макаласында: “Токтогулду карыган кезинде эки жолу жолуктурдум. Биринчи жолу 1925-жылы Тегенеге Айтмырза бийдин ашына барганда көрдүм. Анда Токтогул менен Коргол ырчынын айтышын уккам. Экинчи жолу 1928-жылы Сарчачекей жайлоосунда көргөм. Башка ырчыларга окшоп үй ээсин, анын ата-бабасын мактап, ата тегин сүрүштүрүп ырдабайт экен, аялын же күлүгүн даңазалап ырдоо жок экен. Отурган элге, көбүнчө жаш жагына карап, ошого жараша ырдап, комуз чертип, бирөөнү ыйлатса, бирөөнү күлдүрүп, булбулдай таңшып таң атырган”, – деп эскерет.

1933-жылы улуу акын Токтогул кайтыш болгондо, анын сөөгүн койгонго катышып келген Жоомарт акын Токтогулдун мурасын топтоо боюнча маселе көтөрө баштаган. Бул маселе учурунда анча колдоого алынбай, Токтогулдун он жылдай Сибирде түрмөдө жүрүп келген чагы эстен чыгып, аны эски доордун, бай-манаптардын ырчысы катары көмүскөгө калтыргысы келгендер да учураган.

Мына ушул кезде Жоомартка көмөкчү болуп Темиркул Үмөталиев турат да Анжиян, Ташкент, Иркутскинин архивдерин изилдөөгө алат. Токтогулдун Москва менен Иркутск шаарындагы “Александровский централ” түрмөлөрүндө болгон кездериндеги маалыматтарды таап чыгышат. Токтогулду устаты катары санашкан кыргыздын төкмө акындары Калык, Алымкул, Коргол борборго чакырылат да, кыргыз стенографист кыздарына акындар Токомдун ырларын айтып бере башташат. Жоомарт Бөкөнбаев менен Темиркул Үмөталиевдин демилгесин Өкмөт колдоого алып, акыры Төрөбай Кулатовдун төрагалыгы астында Токтогулдун мурастарын жыйноо боюнча атайын комитет түзүлүп, анын орун басарлыгына Т.Үмөталиев шайланат. Ошентип, Жоомарт менен Темиркулдун тикеден тике кийлигишүүлөрү менен Токомдун өлбөс-өчпөс мурасы жазылып алынган.

Турдакун Усубалиев “Журт агасы Темике” аттуу макаласында Темиркул Үмөталиевдин кыргыз адабияты үчүн баа жеткис салымдарын, анын ичинде Токтогулдун Токтогул болуп сакталып калышына кошкон салымын минтип жазат: “Т.Үмөталиевдин баа жеткис эмгеги – ал өз учурунда улуу демократ-акын Токтогулдун мурастарын жыйнатып, бастырып чыгарууга, пропагандалоого аябай көп күч жумшап, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты чектөө жөнүндө өкмөттүн токтомун кабыл алууга активдүү катышкан”. Чынында бул Темиркул Үмөталиевге Токтогул боюнча ашык-кеми жок берилген баа. Анын Токтогулга баш – оту менен берилгендигин акындын поэзиясынан да көрүүгө болот. Ал Токтогулга чын жүрөгүнөн арнап көптөгөн жалындуу ырларды жазган. Айрым куплеттерин мисалга тартайын:

Токтогул терең Чалкардан,
Кем эмес эч бир залкардан.
Ырдын аты –Токтогул,
Күүнүн аты- Токтогул.
Ала-Тоодон жаңырган
Үндүн аты Токтогул.
Көлдүн аты – Токтогул,
Өрдүн аты – Токтогул
Көк шибер көйкөл гүл жыттуу,
Төрдүн аты Токтогул
(“Ырдын аты Токтогул”)

Токтогул – алоо өчпөгөн,
Токтогул – сеңир чөкпөгөн.
Токтогул – ыйык бай терек
Картайбай миң жыл көктөгөн.

Түбөлүк акын ак таңдай,
Күн сүйүп, нурун чачкандай.
Жашайт ар бир жүрөктө
Бактысын эли ачкандай.
(“Токтогул Жалал-Абадда”)

Темиркул Үмөталиев кайсы гана убакта болбосун Токтогулдун ысымын түбөлүк калтыруунун айласын ойлогон экен. Ал 1966-жылы Кыргызстан жазуучуларынын делегациясы менен Якутияга барып калат. Ошол жылы Якутияда көп алмаз алынат. Аларды жазуучуларга көрсөтүшөт. Темиркул Үмөталиев алмаздарды карап туруп, бирөөсүнө Токтогулдун атын коюп берүүнү деп суранат. Темикенин суранычы аткарылып, бир топ алмаздардын ичинен 37,56 карат көлөмүндөгү чоң асыл алмазга “Токтогул” деген наам ыйгарылат. Мына ошондон бери “Токтогул” атындагы асыл алмаз Москванын Кремлиндеги “Алмаз” фондунда сакталып турат.

Улуу Токтогулдун нарк-насилин түпкүрдөн сууруп чыгып, элге жаркыратып көрсөтүү Жоомартка да, Темиркулга да оңойго турган эмес. Көралбастыктын, түркөйлүктүн айынан “Токтогул Сибирге сүргүнгө барган эмес, Арзымат менен айтышкан эмес” деген терс пикирлерге катуу каршы турушкан. Токтогулдун урпактарын издеттирип, Кетмен-Төбөдө жашаган уулу Бабажанды, андан кийин кызы Гүлсараны таап келип, филармонияга ишке орноштурат, кызы Гүлсараны музыкалык мектептен окутат. Борбор калаабыздын Токтогул көчөсүнө аларга үй салдырып берүүгө жардам көрсөтөт. Ошол үй азыр Токтогул Сатылгановдун музейи. Токтогулдун 100 жылдык мааракеси белгиленгенде Темике Токтогулдун комузчу небереси Молдожан Бабажановду Москвадагы колонналар залында комуз черттирген экен.

Темиркул Үмөталиевдин Токтогул дегенде ичкен ашын жерге коюп, ага жан дили менен кызмат көрсөткөнү анын жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн жасаганы десек болот. Анткени, Токтогул Сатылганов – кыргыз эли символ катары туу тутканга татыктуу улуу инсан болгон.

Абдимухтар АБИЛОВ, “Эркин тоо”, 12.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий