Жакында – “Боз жол” көргөзмөсү

Канда сакталган касиеттүү узчулук өнөр демин ойготуп, ага аталардын керээзи айкалышып, абалкыны азыркыга жандантууга бел байлаган «Саймалуу Таш» (Ош шаары) галереясынын негиздөөчүлөрү, сүрөтчүлөр Арстанбек Мырзаев менен Гулжан Ирештин чыгармачылыгына арналган «Боз жол» көргөзмөсү кайра жанданууну күчөтөөрү бышык.

Анткени, өзөктөгү улуулуктардын баары ушул көргөзмөдө – 5-декабрдан 20-декабрга чейин Г.Айтиев атындагыкөркөм-сүрөт музейинде “Боз жол” деген аталыш менен элге тартууланганы турат. Бул көргөзмөдө 60тан ашуун чыгармачылык иштер коюлат. Көргөн кезде көкүрөккө азык, көөдөнгө дем берээр өзгөчөлүккө ээ бул көргөзмөнүн эзелкиден эмкиге келаткан мурасты жайылтууда албетте өз орду бар жана бул иштер өз жыйынтыгы менен ар бир көрөрманды кубантат деп ишенебиз. Мындагы иштердин аталышынан тартып, кол менен сайып аткарган кызматына чейин кыргыз дүйнө таанымынын улуулугу даӊазаланат: “Өзөк”, “Кайып дүйнө”, “Асман ээлери”, “Улуулардан урпактарга”, “Боз жол”, “Боз жайык”, “Таенемдин саймасы”, “Таберик”, “Төрт мезгил”, “Үрөн”, “Түшүм”, “Түпкүлүк”, “Чеп”, “Жарыш”…

Байыркынын Санаты азыркыга жомок… Болгондо да кандай дейсиз, такыр болуп көрбөгөндөй укмуштуу, кайталангыстай сыйкырдуу… Уксаӊ, “Койчу, ушундай болмок беле? Ал бир ойдон чыгарылган уламыш!” дейсиӊ.

Ооба, аны баарыбыз айтаарыбыз бышык, анткени, биз Өзөктөн алыстап кеттик. Кайып дүйнөдөн кабарыбыз жок. Асман ээлери менен алакага чыкпайбыз. Улуулардан урпактарга калган улуу билимди унутуп баратабыз. Бир кезде жашап өткөн улуу көчтүн сыры катылган Боз жайыкты изилдеп көрбөйбүз. Кийинки урпактарга деген тилеги катылган энелерибиздин, таенелерибиздин саймаларын үйрөнбөйбүз. Аягында келип ушунун баары Таберик экендигин билип туруп кайра жандандырууга аракетибиз аз. Ал эле эмес, Төрт мезгилди бирдей жашаган Мекен бейишин аӊдабай, Күз күнүндө анын алтын сары сулуулугуна суктанмак тургай кара курсактын камы менен каржалып отурабыз. Керек кезде Үрөн сээп, Түшүмүн алуу, нукура жашоого үндөйт. Биз азыктанууда да, тириликте да, кийимдерде да нукуралыкты сактап калалычы, окурман. Бул үчүн албетте Түпкүлүктү түшүнгөн мекенге Чеп болуп орной турган эр-азаматтар өсүп жетилсин дейли. Кеттик эмесе, жашоодогу улуу Жарышта уттуруп койбой, баарыбыз чамдайлы!

“Боз жайык”

Керилип жаткан боз жайык учу-кыйырсыз көрүнгөнү менен анын да соӊу бар. Күн нуруна чагылып, заакымдар, элестер көз жоосун алып мунарыктаганы менен ал жөн гана боз жайык.

Илгери, дүйнөнүн ал четинен бул четине даӊ салган кербендердин жүрүшү, андагы кербен башылардын кыйкырыгы менен төөлөрдүн боздогону, кербенге жармашып көздөгөн жерине жетип алууну самаган селсаяктардын муӊдуу көз жашы, кербен менен кошо жарышып бир өлкөдөн экинчи өлкөгө салам-дубай жеткирген элчилердин эмгеги – мунун баары керилип жаткан улуу боз жайыктын арасында сиӊип жок болду. Ал тууралуу эч ким билбейт. Баарына боз жайыктын ышкырган шамалы менен учурган куму гана күбө. Бирок алар айтышпайт, сүйлөшпөйт. Жөн гана мунарыктап, түмөн-түр кубулуп, аркыраган шамалы менен учурган кумунан башка эч нерсеси жок боз жайык болуп жата беришет. Тарыхтагы улуу жүрүштөрдүн, улуу салгылаштардын, нечен үмүт, нечен көз жаштардын күбөсү болуп жата берет, жата берет…

“Таберик”

sayma2

Таберик – кол тийгис асыл казына. Ал казына байыркынын азыркыга, эзелкинин эмкиге калтырган баалуулуктары. Аталардын салт-санжырасы, энелердин нарк-нускасы, усталыгы менен уздугу, каадасы менен кадыры бизге берилген ыйык таберик. Баасын билген адамга – биз жашап жаткан жер, басып жүргөн топурак өзү таберик. Анткени ал аталардын каны менен корголуп, энелердин көз жашы, ыйык тилеги менен сакталып келген. Баркын билгенге, кызарып чыккан күн таберик, агарып аткан таӊ таберик, бир берилген жашоо өзү, андагы шаӊ таберик. Төгөрөктүн төрт бурчун камтып, биз туу тутуп карманып жашаган алтын ортолукту жандантып, заман закымында, мезгил мерчеминде улуулукка умтулуп, көөдөндөгү асылдыкты сезип, көкүрөктөгү ыйыктыкка баам салып, бир берилген жашообуздагы таберик асылдыктарга туура баа берели, кам көрөлү…

 

“Улуулардан урпактарга”

sayma3

Тоо бузулуп көл болду, көл бузулуп тоо болду, кылымдардын кыйрында эчен эрлер, даанышмандар, олуялар жоголду. Улам мурункусунан кийинкиси мыкты чыгат деген калп белем. Болбосо, мен эмнеге байыркы энелердей эстүү, аталардай кеменгер эмесмин? Неге жашоо нугун, жашоо чындыгын аӊдай албайм? Неге мен бул дүйнөдөгү жаралышымдын негизги себебин билип өз милдетимди өз учурунда жасап кете албайм, бул тирүүлүктүн негизги ырахатын сезбей, көр дүнүйө, көр оокат үчүн кара жанымды карч урам, кыйналам.

Мунун себеби, улуулардан калган улуу билим урпактарга жетпей калганында го. Бирок, жетпей калды дегендин өзү туура эмес. Жетти, анын баары жазылбаган жашоо мыйзамдары, салт-санаа, ырым-жөрөлгө, санжыра, дастан, жомоктордо катылуу эмеспи, катыгүн! Ушунун баары улуулардан урпактарга калган улуу билим, жашоо чындыгы эмеспи, чиркин!

Аларга үӊүлүп кирбеген, аларды изилдебеген, баам-парасат салбаган күнөө өзүбүздө. Тээ түпкүрдө жатып алып, комуздун ыргактарында, Манастын саптарында, кыл кыяктын кайрыктарында аталар “ээ-э уулум, кызым, ойгон” деп кан какшап жаткандыр… Көр оокаттын казанында кайнап кара жаныбызды күнүмдүк жашоонун кызыкчылыктарына курман кылбайлы. Улуулардын улуу мурасын аӊтарып, жашоо чындыгына баа берели, биздин кийинки урпактарга да жеткире билели.

 

“Таенемдин саймасы”

Узчулук, саймачылык – бүйрөлүктүн, сарамжалдуулуктун белгиси, анан да энелерден кыздарга мурасталып келаткан нуска. Албетте ар бир кыргыз кызынын канында бар касиет. Аны ойготуп, улантып кеткен кыз бактылуу, барган жеринен бак табат, кадыр табат.

Өз саймасына уул-кызына деген аруу тилегин чөгөрүп, аларга деген жакшылыктарынын баарын уйутуп, улуу муундун энелери жашап өтүшкөн тура. “Кызым теӊин тапсын, ырыстуу жашап, мээрим көрсүн, анан көп уул-кыз таап, аларга мээрим берсин, өзүнө окшогон жайдары, шайыр кызынан өз өнөрүн мурастап, ал кызы кийинки урпактарга улантып кетсин. Ушулардын баарын көрө турган заманыбыз тынч болсун, эли-жерибиз тынч болсун. Жакшылык элге келсин, эл ичинен балдарыма келсин. Теӊирим дөөлөттү көпкө берсин, көп ичинен балдарыма берсин…” – мына ушундай аруу тилек, асыл каалоолорду камтыган саймалар, энелерибиздин, таенелерибиздин саймалары, кыргызды кылым кыргынынан, заман запкысынан сактап келаткандыр…

 

“Жарыш”

sayma4

Жашоо, тирүүлүк, дүнүйө – жарыштан жаралгандай. Тирүүлүктө таӊ агарып аткандан күн бийликке келип, күн кызарып батып күүгүм киргенден тарта андан бийлик талашып түн атаандашып жер бетин караӊгылык каптайт. Түнгө жеӊилип калбай күн кайра жарышын улантат. Ал эле десеӊ, Ай менен Күн алмак-салмак асманга эгедер болуп алар жарышат. Тирүүлүктөн адам кетип өлүм бийлесе, дагы жаӊы ымыркай жаралып тирүүлүк бийлейт. Ак күчтөр актык үчүн, жакшылык, улуулук үчүн кара менен жарышса, кара күчтөр жамандык, бузуктук үчүн такты талашат. Мына ушундай жарыштан куралган заманда адамдар да заман менен жарышып жашап келет.

Көчөгө чыксаң, зуу-зуу этип унаалар жарышат. Андан талашып адамдар жарышат. Асманды изилдесеӊ, планеталар, өз огунда тынбай орун алмашып алар жарышат. Жер шары эле эмес, бүткүл күн системасы, он сегиз миӊ ааламдын баары жарыш. Чамда адамзат, чамда. Бул жарышта уттуруп жибербе.

 

“Маанай”

sayma5

Тирүүлүктө кара жанын карч уруп, жакшы жашоого умтулган кишилер. Адам баласы жан багуунун, кара курсактын деӊгээлине түшүп алып, чыныгы жашоо маӊызына көп көӊүл бура беришпейт. Ал эми жашоодо, тирүүлүктө кишинин маанайы маанилүү. Ар дайым маанайың болуп турса, жашоо ырахатын сезесиӊ, сулуулукка суктана аласыӊ, кооздукту көрөсүӊ.

Ишиӊ илгерилеши үчүн, алга жылышы үчүн дагы адамда маанай болгону жакшы. Кейинип-кепчинип, кайгыга чөккөн адамды кайгы басат. Анткени жамандык жамандыкты, жакшылык жакшылыкты чакырат. Көтөрүӊкү маанай адамга дем берет, деми бар адам кыйынчылыктан коркпойт, алга ишенимдүү кадам таштайт. Маанайыӊ болсо – шаабайыӊ болот. Бардык жакшылыктардын башатында жакшы маанай жатат.

 

“Түпкүлүк”

sayma1

Байыркынын илеби азыркынын көлөкөсүндө калды. Бирок, толук болбосо да, кылымдардан кылымдарга уланган жаӊырык болуп жашап келатканы чындык. Ал жаӊырыкка кулак сал, анткени ал — жарыкка жол ачаар чындык. Түпкүлүк жолу – түбөлүк. Башатыӊдын башталыш нугун дал ошол түпкүлүк түзөт, ансыз келечек жолу туӊгуйук.

Түпкүлүктү карманып, улантууга умтул, урпактарга алып кет. Келечектин жолун азыртан түздөп, түпкүрдөн келаткан улуу нукка буруп ал. Аталардын үнүнө кулагыӊды тос, демине көөдөнүӊдү толтур, касиетин боюӊа уйут. Ошондо сен түптүү журттун түгөнгүс муунун толуктаган болосуӊ.

 

“Үрөн”

sayma6

Үрөн – тирүүлүктүн символу. Келечекке чакырык. Анткени анын түшүмү менен адам жашоосу уланат. “Мына септим уучтап, мунусу жетим-жесирге, мунусу карып-мискинге, мунусу сокур-мунжуга, мунусу, мага, сага, баарыбызга!” – үрөн себүүдө айтылган жөнөкөй сөздөр болгону менен, бул Кыргыз ата, Кыргыз энеден калган улуу философия, теӊдик түшүнүгү. Баарыбыз үрөндү жеке өзүбүз үчүн эмес, жалпыбыз үчүн өндүргөндө гана өнүгүү болот. Теӊдик түшүнүгү кайра жанданганда гана биз туура жашаган болобуз. Ал эми теӊдик түшүнүгү кыргыз жашоосунун үлгүсүндө даана көрүнөт.

«Көк асаба», 26.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий