Академик Абдылдажан Акматалиев: “Чыңгыз агай мага толук ишенчү”

aitmatov_menen1

12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган, Алыкул Осмоновдун кайтыш болгон күнү. Андыктан бул – Адабият күнү деп белгиленген. Кыргыз элин, жерин Ааламга таанытууда Айтматовдун эмгеги эбегейсиз.

Биз Айтматовду эскерүү үчүн анын жанында узак мезгилдер чогуу жүргөн пикирлеши, санаалашы Абдылдажан Акматалиевди кепке тарттык.

– Абдылдажан агай, сиз Чыңгыз Айтматовдун жанында көп жүргөн адамсыз. Сиздердин мамиле кандайча башталды эле? Сиз ага эмнеңиз менен жаккансыз?

– Чыңгыз агай менен кездешсем деп студенттик мезгилдерде, 70-жылдарда эле эңсеп келгем. Гезит-журнал, телевизордон сүрөттөрүн көргөндө, макалаларын, маектерин жана чыгармаларын окуганда толкундап кетчүмүн. Алгач жолу алыстан, Спорт сарайында “Ак кеме” киносунун бет ачарында көргөм. Кызык, ошол “Ак кеме” киносу жана “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасын көрүүгө студенттерди демилге көтөрүп уюштуруп баргам. Бир эмес, үч-төрт жолу көрүүчү болуп залда отургам. Кийин Чыңгыз агайдын чыгармачылыгы жөнүндө дипломдук иш жазып жүргөндө түшүмө көп кирип, түшүмдө сүйлөшүп да жүрдүм. Тагдыр буйруп, 1980-жылдын 1-октябрында илимий конференцияда таанышып калдык. Ал жөнүндө менин “Айтматов жөнүндө этюд” китебимде кеңири айтылган. Окурмандар күндөлүктөн Чыңгыз агайдын турмушу, жашоосу, адамдык касиети жөнүндө маалыматтарды ала алат.

“Эмнеңиз менен жаккансыз” – дедиң, ички дүйнөмдүн тазалыгы менен жаксам керек. Антпесе, мен кантип Ааламды таң калтырган улуу жазуучуга жага алам? Чыңгыз Айтматов чоң психолог, ал менин адамдык, касиеттеримди көрө билсе керек. Ошол себептен, “Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем” деп кат жазган. Чыңгыз агай мага толук ишенчү. Ал эми ишеним – байлыктан да, бийликтен да жогору турат!

– Сиздер адабият, маданият, коом, улут, эл аралык мамиледен тышкары жеке мамиле, үй-бүлө, достор, өйдө-ылдый жашоо жөнүндө далай эле сүйлөшкөн чыгаарсыздар?..

– Ооба! Достор жөнүндө. Чыңгыз Айтматовдун да көп достору, жолдоштору болгон. Бирок, өзүң билесиң чыгармачылык адам кандайдыр бир бийиктикке чыгып баратса көрө албагандар, ичи тарлар көп болот. Ошол сыңары, Айтматовдун айланасындагы пенделердин жүзү “Жамийла” дүйнөгө дүңгүрөп чыгып, Лениндик сыйлыкты 35 жашында алганда, андан кийин да ачык-айкын көрүнө баштады. Акыры отуруп саналуу гана дос-жолдоштору калган. Досторунан өтүп кеткен маркумдарды айта турайын, азыркыларын айтсам “мен болчумун” дечүлөр четтен чыгат. Алар – Кеңешбек Асаналиев, Шаршен Усубалиев, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев, Калтай Мухамеджанов, Михаил Ульянов, Фридрих Хитцер, Кайсын Кулиев, Расул Гамзатов, Мустай Карим, Давид Кугультинов ж.б. Айтматов достукту бекем сактаган, сатпаган касиети бар адам болчу. Ошондуктан, мага бул маселе боюнча көп кеңеш берчү. “Гүлсарат” повестиндеги Танабай менен Чоронун достугун мисал келтирчү. “Достор арасында таарынычтар болушу мүмкүн, бирок көралбастык, ичи тардык достуктун келишпес душманы” дечү.

– Акыркы жылдары Айтматов чет өлкөдөн келээр менен өз китептеринин баш сөзүн өздөрү жазып, кол койдурууга шашкан адамдар көбөйгөн дешет. Аларга кол коюп бергени менен кандай көз карашта калчу? Сизге ушулар жөнүндө айтчу беле?

– Мен билгенден “Китептерине баш сөз жазып берсеңиз” деп кайрылгандар көп эле болгон. Мага тиги, бул кайрылды деп айтып калчу. Кээде китептерди таанышып чыгууга берчү. Мен түз, калыс пикиримди айтчумун, ошондон кийин гана ал китептерди колуна алчу.

– Бакиев бийлигинин учурунда Европа өлкөлөрүндөгү элчилик кызматтарынан кол жууп, андан сырткары салкын мамилеге туш болгонун айтып калышат. Бакиев кезинде барк албагандарга ал эмне дечү?

– Ал жөнүндө пикир алышпадык. Бирок, ал мезгил Айтматов үчүн оор болгон.

– Чыңгыз Айтматов кыргыз эли, Кыргызстандын келечеги жөнүндө эмнелерди кеп кылчу?

– Чет элде жүрсө да элин, жерин сагынчу. Телефондон сүйлөшүп калганда же Бишкекке келип калганда алгач элдин амандыгын сурачу. Кыргызстандын келечеги сөзсүз ойго салчу. Биздин элдин аң-сезими коңшулардан бир топ өсүп кеткенин, демократиянын шарапатын белгилечү. Бирок, демократия дегенге жашынып алып, ызы-чуу кылгандарды жактырчу эмес. “Демократиянын өзү – тартип, эмгек” дечү. Кыргызстандын келечегине терең ишенчү.

– 80 жылдыгы жакындап келатканда ал кишини жоготтук. Ден соолугун, коопсуздугун, өмүрүн мамлекет көзөмөлгө алса болот беле?

– Мамлекет Компартиянын биринчи секретарлары Турдакун Усубалиев менен Апсамат Масалиевди түбөлүк камкордукка алганда, “Чыңгыз Айтматовго да ошондой мамиле кылуу керек” деген сунуштарды айтканбыз, жазганбыз. Бирок “ал мамлекеттик ишмер эмес” деген жооп болгон. Бул шылтоо. Мамлекет тараптан камкордук болгондо Айтматовдун өмүрү узак болмок. Айтматовдун жүрөгү эки жолу ооруп калганда да анча маани берилген эмес.

– Айтматовдун чыгармалары боюнча Кыргызстанда канча адам кандидаттык, докторлук диссертацияларын жактады?

– Кыргызстанда Айтматов таануу илими калыптанганы кубандырат. Кандай илимий иш жазылбасын, Айтматовдун чыгармачылыгын айланып өтүү мүмкүн эмес. Ал эми Айтматов таануучулардын саны чет элдерде да көбөйүп жатат.

– Баса, Айтматов анык мүчө-академик болгон илимдер академиясы эмне болуп жатат? Реформанын жүрүшү кандай?

– Жакында реформалоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйыны болуп өттү. “Академия мамлекеттик болуш керекпи, же коомдукпу?” деген татаал маселе талкууланды. Комиссиянын мүчөлөрү вице-премьер-министр Э.Сариева, Өкмөттүн билим, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Муратов, өзгөчө “Манас” университетинин проректору А.Кулмырзаев, профессор З.Дербишова, министрдин орун басары Ж.Мамбеталиева, Каржы министрлигинин статс-секретары З.Баяманова ж.б. бизге кошулуп академия мамлекеттик болуш керек деген чечимге келишти. Бул академиянын тагдырындагы тарыхый окуялардын бири болду. Эгерде коомдук деп аталса, келечеги өтө жаман болмок.

– Коомдук дегенди академиядан колдогондор бар чыгар?..

– Андайлар да бар экен. Коомдук дегенде акча төлөнбөйт. Айтматов тирүү кезинде академияны – улуттун жүзү, мамлекеттин атрибуттарынын бири дечү жана академияны жоёбуз дегенге ачык каршы турган. Болбосо, 2005-жылдан кийин академиянын тагдыры да өтө кыйын абалда калганын жакшы билебиз.

Реформа, оптималдаштыруу керек. Бирок, реформа бир күндө же бир чогулушта эле бүтүп калбайт. Кыргыз эли, кыргыз илими турганда дагы көптөгөн реформаларга туш болобуз. Академия менен жогорку окуу жайларын механикалык жактан кошуп койгон менен илимибиз өркүндөп, гүлдөп кетпейт. Кыргызда “Жети өлчөп, бир кес” деген жакшы макал бар.

–Айтматовдун туулган күнү жөнүндө эмне айтмаксыз?

– Бая күнү Казат Акматов менен сүйлөшүп отурсам, экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыкты. 12-декабрды “Айтматов күнү” деп элге жарыялап, белгилеш керек. Ал эми адабият күнүн маданият күнү менен бириктирип койсо болот. Болбосо, кайсы бирине иш-чара өткөрүүнү билбей калат экенсиң. Ооба, Айтматов – адабияттын өкүлү. Бирок, өзүнчө ачык-айкын турса деген тилек.

Сымбат МАКСУТОВА, Эркин тоо, 12.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий