Ч.Айтматовдун Д.Икэда менен маегин эскерүү

aitmatov_ikeda

Көзү өткөндөн бери Ала-Тоо аймагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы, коомдук ишмерлиги, сүрөткерлиги жана даанышмандыгы мурдагыдан да өзгөчө оболоп айтылып, эскерилип, даңазалана баштаганына күбө болуп отурабыз. Анткен менен Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылык магиясы, рухий дүйнөсү, кадыр-баркы мага али да айкын ачыла элек, сакралдуу сыр сыяктанып кетет.

Улуу жазуучу менен жапон ойчулу Дайсаку Икэданын “Духтун улуулугуна таазим (ода)” деген маек китебинен улам уланган ойду окурман менен бөлүшөйүн дедим. Өкүнүчүм – “Ода…” китеби эмгиче кыргызча которулуп, басмадан жарык көрө электенби, айтор улуттук басма сөздө маек жөнүндө кеңири пикирлер айтылбады.

Эки ойчул – Ч.Айтматов, Д.Икэда ар кайсы өлкөдө жашаса да, аларды делөөрүтүп жакындаткан улуу сөз кудурети, ой керемети болду.

Арийне, турмушта мындайлар да болот: адамдар көбүнчө жөн эле кабар угушка же кур кыялкечтер эрмек үчүн убактысын коротуп, обур-кобур бабырашканды өнөкөт кылып өткөрүшөт. Сөздү тили чыккан баладан баштап, улуу пайгамбарларга чейин сүйлөрү белгилүү. Ал эми асыл сөздү пир туткандар, аны кандайча пайдаланып, мобереги тирүүлүктө кандай эстелик, мурас курганы ошол эле сөз менен бааланат эмеспи. Жеке адам болобу, коом болобу, ыйык сөзгө непадан кайдыгерлик кылса, алардын руху жарды болору, жашоосунан жабыр тартары, өнүгүп-өспөсү белгилүү.

Жазуучу Ч.Айтматов менен Д.Икэданын айткандары – өтө кызык, кундуу, кудурети күчтүү, бийик ойлор. Алардын козгогон ойлору – дүйнөлүк проблемалар, адамзаттын рухий дүйнөсү, анын азыркы замандагы кейиштүү абалы жана келечеги жөнүндө нускоолору ушул күндө да алданемедей маанилүү сөөмөт болуп туру. Байыркы грек философторунун маегин кайрадан жандандырган китептен ХХ кылымда жаңы ойдун, накылдын хору угулуп, симфониясы ойнолуп тургандай кубат, сүр сезилет.

Ч.Айтматов өзү тил боюнча илимий жайкар болбосо да, “тил – жан чымчыгы” деген бабалардын накылына таянып, эзелтен адамдын ыйык бапестеген энчиси, асыраган байлык, мурасы сөз экенин сезип-туйган залкар жазуучу. Өмүрүндө сөз баккан, сөз менен жашаган адамдарга накыл айтып, жол көрсөткөн бул эки акылман сөздүн, ойдун кудурет-кусуру жөнүндө маегинде нечен ирет кайталап кеп кылышат. Неси болсо да залкарлардын сөздөрү жүрөктөн сызылып чыккан, акылга уюган, бир эле кыргыз-жапон түйшүгү эмес, жалпы адамзатты, кайсы элге болсо да рухий жардыга жардамга келген, караңгыда ойготкон, маанилүү орток ойлор, маселелер.

Деле залкар таланттардын рухий ажарын, дүйнө таанымын, чыгармачылык психологиясын түшүнүш үчүн алардын жазган күндөлүктөрүн да, каттарын да, макалаларын жана маектерин да кошо окуш керек белем.

Д.Икэда мырза дүйнөлүк философиянын тарыхын, орус адабиятын, философиясын астейдил окуган илимпоз адам экен. Айрыкча кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын мыкты билген жана өзүнчө талдаган сергек окурмандыгы даана байкалат. Жапон ойчулу буга дейре дүйнөдөгү нечендеген философтор, коомдук ишмерлер, өлкө башчылары менен да маек курган кандим кепкор экендиги сезилип турат. Ал буга дейре Англиянын тарыхчысы, социологу А.Дж.Тоинби менен, Франциянын академиги Ренэ Юг менен, Нобель сыйлыгынын лауреаты Визел менен, орус академиги А.Логунов менен жүргүзгөн маектеринде дүйнөлүк рухий проблемалар, Батыш-Чыгыш акылмандыгы, материалдык дүйнөгө адамдын кызыкчылыгы жөнүндө сөз козгоптур.

Бул маек китеби эки ойчулдун бирин-бири сыноо, же акыл жарышы же кыйынсынган эрегишүүсү эмес. Маектешүү жүрөктү далай жылдан бери өйүп келген эскерүүдөн, байкоодон, тажрыйбадан жана сырдашуудан жаралган.

Публицистикалык-философиялык татаал сөөмөттү дилгирленип окуган адам эки ойчулдун бирин-бири түшүнгөн, сыйлашкан пикирлештер экенин, ой жүргүзүү маданиятынын молдугун, интеллектуалдуу дүйнө таа­нымынын бийиктигин, чыгармачылык түйшүктөрү, максаттары бирдей экендигин сезет.

Чыгармада Кудай, Будда, Христос, Мухамбет пайгамбарлар, байыркы грек маданияты, эпос, аңыз, Чыгыш-Батыш философиялары, азыркы диндердин шайкеш жашоосу, адамдардын ыйыкты таануусу, деле адам баласын тарбиялоодогу диндин таасири баяндалган.

Анан да илгертен берки эки жүздөн ашуун даанышман, акыл дөө-шааларынын ысымы аталыптыр, кайсы бирлеринин учкул сөздөрү мисалга келтирилген. Акылы тунук эки ойчул эзелтен берки улуктардын накылынын уюткусун, кутун терип-искеп алып, азыркы доорго жараша “укканга айткан сөз” деп, жамы журтка сунуш этип жатышат.

Жазуучу менен ойчулдун маегин мен тирүүлөргө кагылган коңгуроо дээр элем. ХХ-ХХI кылымда адамзат түйшүгүн көтөргөн эки акылман чын ыкласта келме кезек менен бири-биринен сыр жашырбай, пенделердин тиешелүү оор кыйынчылыктарына, проблемаларына суроо-жооп табышкан. Алардын сөзүндө доорго жараша табият, коом, достук, чындык, эркиндик, гуманизм, демократия, гармония, рухий ачкачылык, чыгармачылыктын түйшүгү, саясат жөнүндө маселелер козголот. Бу жеке адамдык, уруу кызыкчылыгынан бүткүл адамзаттын кызыкчылыгын бийик коюп, түшүнүп, күйүп, кабатыр болуп, жол көрсөтүп, ойлор, сунуштар айткан ибарат чакырыгы.

Маектеги жүрөккө түйөр негизги маселе – рух темасы: баланы жаштайынан тарбиялоо, адамдарга тиешелүү “Мен киммин? Кантип жашайм? Кайда барам?” деген кыжалат соболду терең ойлонуу, ишеним, ички дүйнөнү байытуу, муундардын арасындагы мамиле сыяктуу ойлорго арналган. Ошондой эле маекте өмүр, өлүм, трагедия, эгоизм, караңгылык, намыс, абийир, духтун жаңылануусу, адамзаттын келечеги, совет доорунун трагедиясы айтылган. Баарлашууда күйпүл ала болгон адамзаттын азыркы абалына баа берип, кеңири ой чабытын жүргүзгөн бейпайлануу угулат. Анткени эмки замандын жараны жалгыз гана кара курсактын обурун ойлонбостон, эң оболу жамы адамзаттын рухий маданиятына салым кошууга кезек жетти деп баса айтылган.

Эки ой сырттандары келечектеги жаңыланган муундун абалы, жаңы диндин пайда болушу, табият кырсыгынан сактануу, аны менен гармонияда жашоо, пенденин менменсинүү-дөн тазаланышы жөнүндө өтө бейпайланышат. Анткени улуу адамдардын татаал тагдыры ушундай: бирин-бири туурагандай окшошуп кетет.

Ч.Айтматов бул маегинде дүйнөдөгү улуу дөө-паашалардай жашаган, сүйлөшө алган ойчулдугун, кадимден бери адамзат акылына көк жалдык менен жол тапкан интеллектуалдыгын, чынчылдыгын, ишмердигин, акылдын алтын тамырын улап, мээнеткеч өмүр сүргөн чыныгы сүрөткер-гуманист экендигин ачык көрсөттү, жалпы адамзаттын түйшүгүн түшүнгөн, ага күйгөн татыктуу кыргыз уулу экенин, улуулугун далилдеди. Жана да жапон ойчулу Д.Икэда менен маегинде айкөл экендигин, дүйнөлүк урмат-даражага ого бетер татыктуу экенин дагы бир жолу тастыктап кетти.

Кеңеш ЖУСУПОВ, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, “Кыргыз туусу”, 12.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий