Сагынбай манасчынын уулу Амангулдун армандуу өмүрү

amangul

Таятам Сагынбай Орозбаков тууралуу маалыматтарды жыйноо, аны жана таенем Сайнапты, таеже, таекелеримди эсерүү ар убак жүрѳгүмдѳ жашап келет. Ѳзгѳчѳ Улуу Ата Мекендик согушка жаштайында аттанып кетип, атасынын улуу манасчылыгын уланта турган уулу Амангул таекем тууралуу элге жеткирүүнү парзым деп эсептеп келем…

Сагынбайдын манас айткан эки кызы удаа кѳз жумган

4-Sagyinbay-OrozbakovТаятам Сагынбай элдин адамы болгондуктан, бүт баардык түйшүк таенемдин мойнунда экен. Таятам Кыргызстандан ары татарларда, казактарда жер кыдырып чыгармачыл кишилер менен кетип калчу дейт.

Экѳѳнүн ортосунда 4 кызы, 2 уулу болуптур. Эки кызы таятамды тартышыпманасчылыкка оошуптур. Атасы менен кошо жүрүп Манас айтышып элге көрүнүп калган убактарында турмуш куруу жолуна түшүшѳт. “Кыз деген кыз тура, башка бирөөгө баш кошуп турмуш курганда кандай жерге чыгаарын бир Кудай билбесе, биз билбейт турбайбызбы” деп таенем сыздап калчу. Көрсө, турмушка чыккандарынан кийин экөө тең бири-биринен көп өтпөй эле удаа каза болушуптур. Токтобүбү таежемдин күйөөсү өтө заар, зөөкүр киши болгондуктан, Манас айтуусуна каршы болот. “Манас дегенди кулагыма угузба!” деп күндө уруш баштап, байкуш таежем таяк жеп, Манасты айтпоого аракет жасайт. Бирок касиет-рухтар “Манас айткын” деп кыйнай берет, күйѳѳсү болсо айтпа деп башка-кѳзгѳ койгулайт. Эки бирдей кыйноого чыдабаган таежем кийин туттугуп каза табат.

Экинчи кызы Бурулбүбү таежемдин күйөөсү болсо жакшы чыгат. “Букен, кыйналбай Манас айта бергин дейт. Бирок таежем ѳзү тартынчаактык кылып, “келин болуп туруп Манас айтат элем деп элдин ортосунда олтура албайм, эл эмне дейт” деп болбой коюптур.

Ага да касиет-рухтар “Манас айткын, болбосо тукумсуз өтөсүң, айткын” дешип чокмор менен сабашканда оозунан көбүк чыгып, ээси ооп жыгылат экен да, Манас айтып эсине келчү дешет. Ошондо да айтпайм деп өзүн өзү тыят, карманып айтпай коёт. Ошентип манасчылыкка баш ийбей жүрүп, 30 жашка чыга элегинде Бурулбүбү таежем да Токтобүбүнүн артынан о дүйнѳгѳ узайт. Таенем зыркырап, сыздап эстээр эле эки кызын.

“Түтүнсүз, жалынсыз истен күйдүм” десе, мен түшүнбѳй ал кандай дей берчүмүн. “Аа балам, кийин түшүнөсүң…” деп койчу таенем. Көрсө, күйүт деген нерсе адамдын ичине түшүп кетет экен. Өмүр бою ичинен кайнап, ысып жүрдү. Тез-тез муздак сууну иче берчү, ичкен суусу да ѳтѳ муздак болор эле. Таятам болсо кыздарынан айрылгандан кийин ооруп, кѳпкѳ чейин Манас айта албай кыйналыптыр.

 

Арманга салган Амангул – Сагынбайдын улантуучусу болмок…

Таятамдын көзү өтүп кеткен убакта Амангул таекем 5-6 жашта, иниси Жамангул таекем 3-4тѳ, Бүбүйра деген кызы алты айлык, Назырбүбү таежем болсо турмуш жолунда Кеминде жашачу экен. Балдар атадан эрте ажырап, каңырыктары түтөп, карманаары жалгыз апасы Сайнап болот. Таеенем балдарды багыш үчүн кандай гана жумуштарда иштебейт. Жазында, жайында сугатчы, күзүндө эсепчи, сакмалчы, саанчы – колхоздун кайсы гана жумушу болбосун баарында иштеп чыгыптыр.

7-8 жашка чыкканда таекем Амангул да Манас айта баштаптыр. Бирок эки кызынан кийин коркуп калган таенем уулунун манас айтуусуна каршы болгондо, таекем апасынан жашырынып айтып жүрѳ берет. Түнкүсүн болсо төшөктүн аягына, бирде төшөктүн башына чыгып чабалактап, башын катып, эшикти көздөй кыйкырып качып жѳнѳйт да, анан элирип жыгылып, оозунан ак көбүк чыгып Манас айткандан кийин гана эс алат. Бул убакта таң атып калган болот. Үйдѳгүлѳрдүн баары анын убарасы менен жүрүп, алар да уктабай калат. Мындай күндѳр күнүгѳ кайталана берет, жаш баланын кыйналганын көрүп, айласы кеткен таенем кайниси Сырканбекке, абысыны Бурулга ыйлап айтып берет. Түнкүсүн кыйналган уулуна жардам бере албасына өкүнөт. «Акилигим, Акилигим, Аманым” деп жалынгандан башка эч нерсе колунан келбейт.

Амангул болсо эртеси эс алгандан кийин баардыгы олтурганда айтып берет түнкүсүн эмне кѳргѳнүн.

— Түнү зоот кийимчен, белинде аппак күмүштөн шөкөттөлгөн алтын куру бар, кең далылуу чоң киши “Манас айткын” деп өзүнүн Кырк Чоросу менен келип, чокмор менен сабап киришет мени. А киши ѳзү олтурганда бир топ жерди ээлейт, чоңдугуна көз жетпейт, тим эле айтканын аткарган чоролор мени аябай кыйнашат, – деп Амангул айтып берип жатып ыйлайт.

“Молдо чакыртып дем салдырсамбы, бул ишти жабып, манасты токтотуп койсомбу, жандырсамбы” деп кеңешет кайниси Сырканбекке таенем. Булардын айтканына ишенбеген кайниси кечинде үйдө калат. Түнү жанында жаткан иниси Амангул бир убакта кармаша баштайт… Көргөн көзүнө ишенбей, жаңыдан чоңойуп келе жаткан баланын кыйналганын көрүп:

— Кой, эч жакка алып барбай Манасты айтып өрчүтсүн, жардам берели, сиз кыйнабаңыз. Эгерде молдого салсак майып болуп калбасын, мен өзүм көзѳмөлгө алам, сиз тыйбаңыз деп баланын баскан-турганын аңдып калат.

…Күндүзү таекем эч кимге айтпай, элге көрүнбөскө аракет жасап, Сагынбай таятам жалгыз көмүлгөн Айманбет капчыгайына бет алат. Акырын аңдып артынан Сырканбек жүрүп олтурат. Амангул атасынын күмбѳзүнѳ жеткенде олтуруп алып кѳпкѳ дейре ыйлайт. Анан эмнегедир эси оогончо Манас айта баштайт. “Кой” деген кожо жок, өзү жалгыз күлүп, сүйлөнүп, кусаланып, сагынычын, аталык мээримин көксөп жүргөнүн айтып ыйлайт. Эс алып алып, кайра Манас айтат. Ошентип көпкө чейин олтурат, кеч кире баштаганда эмнегедир эсине келгенсип бирөө менен сүйлөшүп, анан үйдү көздөй жолго чыгат.

Чочутуп албайын деп, Сырканбек артынан ээрчип үйгө кошо келет. Ошентип, Амангулдун Кара-Күнгөйдөн Кара-Сазга күндө жөө басып барып келип жүргѳнү дайын болот. Аңдып барган ал күнү билсе да билмексен болгон Сырканбек “Кечке кайда жүрдүң?” деп сурайт да:

— Эми Аман сен мага түшүн, жашырынгандан эч натыйжа таппайсың, элге чыгып Манас айткын, жеңем көндү, коркпой Манас айта бергин. Сени элдер сынасын, кемчилигиңди айтышат, түз кабыл алсаң жакшы болот. Байкемдин жолуна түшөсүң. Кудай буюрса, чоң манасчы болосуң. Эч коркпо, колдоочуларың колдоп турат сени. Ойлон Аман, мүрзөнүн коргонунун ичине кирбестен, сыртынан куран окуп турушуң абзел, андан кийин Манас айт. Мүмкүн сени агам күтүп жаткан чыгар манасчы болот деп, чындыгында мүрзөнү тебелебейт, – деп Сырканбек акыл-кеңешин айтып, Амангулдун Манасты ачык айтуусун суранып, элге алып чыгат…

 

Эл алдында Манас айта баштаганы

Таятам Сагынбайдын иниси Сырканбек ошентип таякем Амангулду элге алып чыккандан кийин, таенем уулун адатындай эле Акилигим, Аманым деп эркелетип, кичине болсо түшүңөн чочуган жоксуңбу дегендей, уулу эл алдында Манас айткандан кийин:

— Кана Акили, айтчы, түнү эмне көрдүң? – деп сурап койчу экен.

— Апа, ишенсеңиз, мени чоң киши кыйначу. Чокмордун башы да чоң, мени урган сайын «Манас айт, Манас айт» дечү. «Мен билбейм» десем, мына бул жерде эмне болсо ошону айта бер дечү. Бирок ошол учурда, түш көргөндөй көрчүмүн, чоң-чоң жылкылар, өтө узун чоң кишилер, баардыгы зоот кийимчен болуп, бул түштү күндө көрчүмүн, бүгүн андай болгон жок, – деп өзү таң кала айтыптыр элге алгачкы Манасын айткандан кийин. Таенемдин санаасы ошондон кийин тынчыптыр. Ошол мезгилди минтип эскерчү эле:

— Ошондо түлөө өткөрүп элден бата алдык. Балам ошондон кийин кыйналбай калды, Манасты элге айта баштады, өзүм да эс алып калдым. Кийин Нарын өрөөнүнѳ, Кочкорго балам үчүн чогуу барып, уулум Манасты тынбай айтып калды. Айыл ичиндеги комузчу, ырчыларга да кошо аралашып, жер кыдырып, такшалып, бара-бара Көлдү, Чүйдү, деги койчу, жаш болсо да эл оозуна алынып, абышкамдын ордун басты. Эл дагы “Мына атасын жоктотпой, ата жолуна түштү, Манасчы болду ” дешип, айыл ичиндеги атасын кѳргѳндѳр сүйүнүп жүрүштү. Баламдын үну кубулжуп, кооз чыкчу. Манас айтканда кадимки атасындай кыймылда болчу. Колун жаңсап, таамай айтчу, сѳздөрү таптак чыгып, эргип, элди эриктирбей, ар бир айткан окуясында ѳзү кошо жүргөндөй элдерди өзүнө тартчу.

«Белинде аппак күмүштөн шөкөттөлгөн, алтын куру бар, зоот кийимчен, кара өтүкчөн, кең далылуу, бою узун чоң киши такай жандап жанымда жүрөт. «Сен Манасты гана айт, сенин бүт баардык айтканың Манастын айланасында болот, Семетейди коё тур» деп айтат ал» деп балам айтчу.

Бала эмеспи, абышка өзүн Семетейчимин дечү, ошондон улам Семетейди айтканды ойлонсо керек. Амангул кээде Манас айтпастан элдик ырларды созолонтуп койчу. Олтурса-турса колунан калем сап түшчү эмес, ыр да жазып, кези келгенде окуп берчү. 1938-жылы күзүндө жаштар окучу гезитке “Алманбеттин Сыргакка айткан арманы” чыкканда төбөсү көккө жетип сүйүндү, жеке уулум сүйүнбөстөн, бүт баардык тууган-туушкандар сүйүндү.

 

Алгачкы жолу гезитке чыкканы

Мен таенемдин таекем жѳнүндѳгү эскерүүлѳрүнүн баарын жүрѳгүмдѳн ѳткѳрүп, таекем тууралуу ойлой эле берчүмүн. Ошондон улам 1938-жылы чыккан “Ленинчил жаш” гезитин таап таекемдин жазганын окусам дечүмүн. Укканыман бери кѳп жылдар ѳтсѳ да, ошол оюм быйыл гана, мындан 2 ай мурун ишке ашып, ошол гезитти китепканадан тапканыма абдан сүйүнүп турам. 30-жылдардын эски гезиттерин китепканалардан тапса болорун «Кѳк асабанын» редакциясынан угуп, алгач борборубуздагы улуттук китепканага бардым. Ал жерден гезиттин ѳзү табылганы менен, дал ошол “Алманбеттин Сыргакка айткан арманы” чыккан бетин айрып кетишиптир. Анан К.Баялинов атындагы китепканадан таап алганымда тѳбѳм кѳккѳ жете сүйүнүп, ошол бетин ксерокопиядан ѳткѳртүп алып, андагы латын тамгалар менен жазылган саптарды азыркы биздин тамгалар менен жазып атайы «Кѳк асабанын» окурмандарына тартуулап олтурам.

1938-жылы гезитке чыккан убагында, Амангул таекем 12-13 жашта экен. Ошондон кѳп өтпөй, Кыргыз искусствосунун Маскөө шаарындагы 1939-жылы 7-майда ѳтѳ турган 1-декадасынаКыргыз филармониясынан тандалып, Орус жергесине кыргызстандык таланттар менен бирге барып катышып келиптир. Декадада Манас айтып, Калининдин ѳз колунан алтындан жасалган кол саатты сыйлыкка алыптыр.

Декадага Амангул таекемдин барып келгени жана андан кийинки мезгили тууралуу таенем Сайнаптын айтып берген эскерүүлѳрүн катары менен тѳмѳндѳ келтирейин.

 

Маскѳѳнүн Амангулга алтын саат ыйгарганы

— Балам келгенде айтып түгөтө алчу эмес. Кандай жердин элдери Манасты угуп-көргөнүн, көпчүлүк барганын, ар кайсы улуттар келип, кыргызча болсо да түшүнүп кол чабышканын… Баламдын сүйүнүчү тим эле канатсыз көккө учкандай көрүнчү мага. Жайдары кубанычы койнуна батпай, телегейи тегиз болуп, 13-14 жашында тиги орустун жеринде болуп, «атамды көргөн, атам менен бирге жүргөн улуу адамдар мени колдошуп, сүрөп турушту. Мен Манас айтканда эң жакшы болду. Апа, атамдын көзүн көргөн кишилер өздөрүн тааныштырып жатышты. Аябай атам үчүн сыймыктандым. Менин жаштыгыма карабай, Калинин деген улуу орус мага алтын саатын тапшырды, белегимди алганда атам көз алдыма тартылды. Сизден урусаат сурабай, ошол алтын саат белегимди атам менен бирге жүргөн, атамдын китебин жазган улуу кишиге ыйгардым, баары бир сиз деле берет болчуңуз» деп ал белектин алдын алып, мага болсо жоолук ала келиптир. Илгерки кытайдын шайысынан токулган, гүлдүү чоң жоолук экен. «Баардыгы ушул жоолуктан алып жатыптыр, сизге деп мен да алдым, апа жактыбы?» деди эле.

«Балам, эмне энчилесең ошол мага чоң белек, сүйүнүчүм уулумдан деп мактанам» деп күлүп, ыраазы болгом. Бала болсо дагы, Нарындагы Бүбүйрага ооз комуз, агасына сыясы бар калем ала келиптир. Алтын саатын болсо атасын тааныган Ыбрайым Абдрахмановго, улуу адамга бергенине сүйүндүм. Ал киши түшүнүктүү, жакшы адам. Маскөөдө абышканы тааныгандар сүйүнүп:

— Сакебиз эми жаралган тура, ал киши өлбөптүр, тирилди, тирүү экен, Кудай буюрса Сакебиздин бүтпөй калган жерин уулу толуктайт, уулу Улуу адам болот, – дешип, Амангул Манас айткандан кийин колдон колго ѳткѳрүп көтөрүп кетишиптир.

 

Согуш деген суук кабар каптаганда

1940-жылы 14-15 жашында “Юный Манасчы Амангул ” деген орусча макала “Советская Киргизия” деген гезитке чыкты. 1940-жылдын 3-июнунда 126(3333) номуру менен чыккан гезит «Мактоо баракчасы» менен келген Фрунзе шаарынан. Бу жолу мурдагыдай сүйүнүч жок, ушундай болот дегендей көнүп калдык. Анан эле кѳп ѳтпѳй, «согуш башталды» деген суук кабар айыл ичин каптап, элдер дүрбөлөңгө түшүп, ыйлар көбөйдү. Согуш деген согуш тура, тынч жаткан элди, убайга салып, санаа тарта баштадык. Баарыбыз эми эмне болот деп кайгыга түштүк. Согушка деп жип ийрип, байпак токуп, мээлей токуп жөнөтө баштадык. Эгин жыйналган мезгилде калган-каткан данды, машакты терип калдык. Болгон даныбызды согушка жөнөтүп, жакшы нерсебизди кошуп жүрдүк. Кадимкидей ар бир үйгө салык салынып калды. Күндүз колхоздун жумушун жасап, кечинде аялдар, кыздар согушка жѳнѳтчү нерселерибизге кам көрө баштадык.

1942-жылы Сырканбек кайниме согушка деген кагаз келиптир. Согушка кетээрде Бурул абысыным экөө Камыйланы багып алыңыз дешти, ошондо балам бөтөнчө сүйүндү. Аманым: «Камыйды сиңди кылып Букеш карындашым эле багат, биз жардам беребиз, эч сарсанаа болбоңуз байке» деп, 3 айлык кызды сүйүнүп алып калдык.

Сырканбектин катында биз Маскөөнүн жанындабыз, согуш катуу болуп жатат, анча-мынча үйрөтүп койду. “Немис” деген акылдуу дешет, эмнеге СССРге согуш ачты түшүнбөйм, бизге окшош көзү көк кишилер экен деп кат келди. 3 ай бою кат артынан кат келип турду. 3 айдан кийин кара кагаз келип, Сырканбек Маскөөдөн каза болду деген суук кабар келди. Бурул кош бойлуу болчу. Сырканбекти уккандан кийин кыз тѳрѳдү. Көрсө, Бурулду кыйналып калат деп, Сырканбек Камыйды бизге ыраазы көргөн тура. Кызынын атын Уулкан койду. Улуу кызы Жамыйла жана жаңы тѳрѳлгѳн Уулканын кучактап, абысыным ошентип жесир калды.

 

Үйдөгүлөргө айтпай согушка кетип калганы

1943-жылы январда Кара-Кужурда кайынсиңдим кышкыга эт, ун алып кеткин деп кабар жиберет. Ошол учурда Амангул солдаттар үйрөнүүчү жерге айылдыктар менен барып турчу, себеби мектептен чыккандан кийин солдаттардын начальниги атканды, чуркаганды үйрөтчү. Мен ошентип, колхоздун төөсүн сурап алып кайынсиңдимдин үйүнө кетсем, уулум Амангул 1943-жылы 31-январда менин жоктугуман пайдаланып, согушка коштошпой жөнөп кетсе болобу. Балам Амангул ѳзүнүн жашын 2 жашка чоңойтуп, балдардан калбас үчүн кетип калыптыр…

 

“Манас айт деп мени касиеттер согуштан да кыйнап атат”

Мен үйгө келип эле, уулум Амангулдун согушка өз ыктыяры менен аттанып кеткенин угуп, “Акилигим, Акили, Аманым!” деп караанына зардап, буркурап, ботодой боздоп, көзүмдөн күчүмдү чыгарып, буркан-шаркан түшүп кала бердим. Баламдын кошотошуп жаткандагы ырын айылдагы жакшы санаалаштары, теңтуштары төкпөй-чачпай ырдап беришкен:

Булагы оргуп кайнаган
Булбулу тоодо жайнаган
Байлыгы мол Тянь-Шань
Жеримден кетип баратам
Ак сакалы жайкалган
Аталар аман болгула
Ата ордуна кармаган
Агалар аман болгула
Алты аркар жылдыз батканча
Алты айланып эмизген
Апалар аман болгула
Бөдөнөдөй бөйпөңдөп
Бөбөктөр аман болгула.

Бул саптарды өмүр бою кайталап, баламдан калган акыркы ыры деп жүрөгүмдүн түпкүрүндѳ калды. Уулумдун ушул ишине аябай таарындым, ыйладым, Кудайга да нааразы болдум. Башка балдар согуштан качса, уулум ѳзү кетип калганы эмнеси?! Катуу өкүндүм, көпкө оорудум. Айла канча, Кудайдан аман-эсен келишин самап, акыры ыйымды токтотуп койдум. “Төбөң түшкөн согуш! Кудай жеткирсин согуш ачкандарга” деп наалат айтып кала бердим.

Баламдан “жолдо кетип бара жатабыз, поезддебиз” деп бир нече жолу кат келди. Ар бир станцияга токтогон сайын катты жөнөтүп турса керек, анан кийин “Владивостокко келип токтодук” деген кат алдык. Балам согуштан башка жакка кетти дегендей аябай сүйүндүм. Согуш батышта болуп жатса, жакшы жерге барган экен дедим. Көрсө, ал жакка Жапондор согуш ачканын кайдан билейин, Гитлерди эле билебиз. Кат келип жатты, ар бир келген кат бизге той болчу, үч бурчтук катты алганда өзүн көргөндөй сүйүнчүмүн, коштошпой калсам да кат мага күч-кубат берчү. Кат артынан кат алып бактылуу сездим ѳзүмдү, сүйүнүчүм койнума батпай калчу болду. Балам 1942-жылы чилдеде согушка кетсе, 1943-1944 жылы болуш керек, жүрөгүмдү ооруткан кат алдым. Ал катта, мына кызык, “Манас чоролору менен келип, Манас айт деп кыйнай башташты, айтпайм десем чокморлору менен сабашат, кыйнашат” дептир. “Ата-Мекен үчүн кечке минамёт, пулемёт сүйрөп чарчайбыз. Эл-жерди сакташ үчүн атайы келсем, мага кыйын болду. Апа, эки бирдей кыйноого тушуктум, чоңдор түшүнбөйт. Казактар, мусулмандар болсо мейли, Манастын маанисин кичине болсо да билишет. Ыраакы Чыгышта Жапондор менен салгылашкан жерге касиеттер эмнеге келишти билбейм. Манас чоролору менен кең Ала-Тоо кыргыз жеринде эле калса болмок” деген кат келгенде түнкү уйкум качып, түйшѳлүп калдым. Дүйнөм тарып, ичимден билинбеген калтырак басып, кыйналып, кыздарыма, балам Жамангулга билгизбей түнкүсүн ыйлап алчу болдум.

Касиеттер эми ошол жерден тынчтык бербеди, балам кыйналып кетти, Акилигимди кыйнаганча мени кыйнаса кана деп, күндө Кудайдан суранып калдым, айла канча, эч жардамым тийчүдөй эмес. Ойлоном, өзүмдү өзүм алаксытам, мүмкүн Манас ата жардам берип жаткандыр балама, Акилигим, Аманым аман болсо болгону дечүмүн. “Түн жарымда жанымды коюшпагандыктан Манас айтам, солдаттар мунумду түшүнбөйт, купакка камашат, анысы аз келгенсип, өтө оор жерге, согуштун күйгөн жерине айдашат. Ага да кайылмын, эптеп эл-жерим үчүн деп бара берем” деген кат келип турду. Сүрөтү менен каты 1943-жылдан 1946-жылга чейин үзүлгѳн жок.

1945-жылы январда “Иркутскийге келдим, Владивостоктон алып келди бир топ солдаттарды, ошолордун ичинде мен да бармын. Манас да чоролору менен кошо бул жерде мени менен жүрүшөт, күндөгүдөй түнү айтам солдаттарга, көнүп калышты көрүнөт. Жапондорду жеңдик” деген кат келди. 1945-жылы 9-майда Жеңиш күнүн тостук. Согуш бүттү, эми баламды көрөм деп сүйүнүп калдым. Баламдан кат келип жатты.

 

“Апа, чыдаңыз, мен барсам баары башкача болот”

1945-жылы майдын аяк ченинде мындай мазмундагы кат келди: “Апа, жеңиш келди, Кудай буюрса аман-эсен жолугушканга аз калды. Апа, өзүңүздү жакшы караңыз, кыйналган чыгарсыз. Мен келгенде башкача болот. Мени кечириңиз, сизге айтпай кетип калганым үчүн. Балдардан калгым келбеди. Сизден кечирим сурап ар бир катымды жазып жаттым, эми кечирген чыгарсыз. Букен билим алып окусун , окуусуна тоскоол кылбаңыз, эң биринчи ушул карындашымдан кат алдым, акылдуу кыз экенине түшүндүм. Жамакең жигит болгондур. Камый чоң кыз болуп ойноп жүргөндүр. Ишенсеңер баарыңарды абдан сагындым, Ала-Тоо көздөн учат, ата-конуш, ага-туугандар, айылдаштар күндө түшүмө кирет…”

1946-жылы декабрдын аяк ченинде келген каты акыркысы болду. Ошону менен үмүт берген алакандай каттар токтоп, такыр келбей калды. Үч бурчтук кат көздөн учуп, ыйык, баалуу, кымбат нерседен кол үзүп, жол карап кала бердим. Баламдан калган акыркы катты жүрөгүмдүн тушуна бекем сактап, күнү-түнү ички кѳнѳгүмдү сол тѳш чѳнтѳгүнѳн чыгарбайм. Амангулдун элеси, жылмайган жүзү, солкулдап малдаш токунуп отурган калыбы, Манас айтканы көз алдымда тартыла берди”.

 

Кубат берген алакандай кат

Таенем Сайнаптан мына ушул айткандарын угуп, мен да кѳкүрѳгүмдѳ таекемди таенемдин бактысы үчүн келип калса деп күнү-түнү ойлой берчү болгом. Азыр ойлосом, кичине эле жел болсо чачырап кетчүдѳй болгон ошол саргарган үч бурчтук кат таенеме күч-кубат берип тураарын түшүнбөптүрмүн. Таенемдин тирүүлүгүндѳгү эң ыйык, эң баалуу нерсеси ошол гана тура. Катты алаканына акырын жайып, көпкө карап, жыттап-жыттап, ойлонуп олтуруп калчу өзүнчө жылмайып. Анан кайра бүктөп көкүрөктүн тушундагы ич көйнөктүн чөнтөгүнө салып койчу. “Ушул кат уулумдан калган акыркы белеги” деп койчу. “Төбөң түшкөн согуш. Эми экинчи болбосун, энелер үчүн өтө кыйын тура” деп туталанып, өкүнүп кейип-кепчип отурчу баласын эстегенде. “Уулумдан кийин Манасты ким айтат болду экен? Абышкам “өзүмдөн аска чыгат, жээндериме ооду дечү. Уулумдай абышкамдын жолун жолдоп Манас айтып кетишсе болгону, абышкамды жоктотпой, басылып калмай болду. Өкүнөм, Амангулдай болуп Жамангулум айтпайт, атына заты жараша болот тура. Абышкам ысым койгондо аман болсун деп Амангул коюп, жаман да болсо баягынын баласы десин деп Жамангул койгон тура. Жамангулум шопур болду, мени аяп окубай койду. Жамангулума ыраазымын, такай колдоп жанымда, баары тең чоң болом деп окуп шаарга кетсе айыл ичи кантет эле? Эми Кудай кыздарыма, Жамангулума өмүр берсин” деп күбүрөнчү.

Мен таенем Сайнаптын тарбиясында, Жамангул таякемдин көзөмөлүндө чоңойдум. Өтө жөнөкөй, токтоо, байлыкка умтулбаган, Кудай берээрин унутпасын, балдарым аман-эсен болсо, ошол менин байлыгым деп жашады таенем. Урушканды билчү эмес. “Ай Кудай аткыр” деген сөзү эң жаманы болчу. Көп ойлончу, ушакты укса дагы билмексен болуп, кайра айтышса кайра да угуп койчу. “Аа, ошондой бекен” деп жайкап күлүп тим болчу. Мен мунусуна таңгалып, “Таене, муну кечээ эле уккансыз го, эмнеге кайра уктуңуз?” деп сурап калсам, “Ай балам, уктум деген көп сөз, айтып жаткан адамды угуп койсом, айткан кишинин көксөөсү канат, ал эми кошулсаң сөз өөрчүп кетет, кошумчасы жок кала берсин” деп койчу. Көрсө, башынан көп нерсе өткөнүн, жашоодо кѳп нерсени билген аялзаты экенин кийин гана түшүндүм. Түшүнгѳн убагымда кеч болуп калган. Сайнап таенем мен 7-класста окуп жатканда, 1969-жылдын 1-апрелинде каза болду.

Таенемди, анын сүйлөгөн сөзүн сагынып, өтө акылдуу, кыйын аял экендигин эстеген сайын баа берип жүрдүм. Өзүм да таенем сыяктуу болгум келчү, бирок кайдан. Ал иштүү болчу, адеми көйнөктөрдү өзүнө тигип, арткан кездемесинен мага да тикчү. Машинеге тиксе кары кишиге өйкөмө болуп тигиштери өтүп кетет деп, колго гана тикчү. Үйдө Николайдын убагындагы илгерки машине бар эле, бирок аны колдончу эмес. Шырдак, кийизди жайы менен жасап, кышында жээгин көктөп, шоона ийрип, ийиги колунан түшпөчү. Мага көбүнчө “кызым, түз жүргүн, ууру кылбагын, ушак сүйлөбөгүн, калп айтпа, баардыгынын акыретте сурагы болот, ата-энеге акаарат айтпа, ал айланып кийин өзүңө келет. Сүйлөсөң да ойлонуп сүйлөп жүргүн” деп көп насаат кылчу.

1967-жылы таятам Сагынбай Орозбаковдун 100-жылдыгы өтмөк, ошону таенем аабдан күткөн, бирок өтпөй калды В.И.Лениндин 100 жылдыгына туш болуп. Өкмөт да кызык, бирөөнү эрте жазда берсе, бирөөнү күздө берсе болмок да, антишпеди. Кеч болсо да ѳткѳрүшѳѳр деп таенем дагы эки жыл күттү. Анан ѳкмѳттѳн үмүтү үзүлгѳндѳ ѳзүн таштап койду. 1969-жылы 1-апрелде менин сүйүктүү таенемди, таятам Сагынбай Орозбаковдун байбичесин жерге бердик. Анда мен 7-класстагы кыз элем. Азыр ѳзүм неберелүү болсом дагы, таенем Сайнапты, таекем Амангулду сагынам. Таятамдын касиеттүү ѳнѳрүн, Манас айтуусун улачу урпагы согушка кетип калганына, кайра кайтпай калганына ѳкүнѳм.

Келсинбү КАДЫРКУЛОВА, «Көк асаба», 28.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий