Унутулган курма чай…

kurma_chay

2004 – жыл… Журналистик иш менен Тажикстандын Жерге- Тал районундагы кыргыз боордошторго барып кайткан элем. Беш күндүк сапар аралыгында кызыктуу окуяларга күбө болуп, көп кызык адамдардын үйүнөн ырыскы буюрган. Кызыгы, асманында «Тажикстан» деп жазылып турган ал аймактын эли кыргыз тилин мыкты сактап калганы менен кыргыз элине тиешелүү көп баалуулуктарды кармана албай калдык деп кейигени эсимде.

Көп суроо, көп маек арасында жергиликтүү элден кымыз жөнүндө да сураганмын. «Бала күндө ичээр элек… Азыр кымыз жасаганды билген байбичелердин баары каза болуп калышты. Биздин балдарга улуттук суусундукту жасоонун жолун көрсөтө турган киши жок»,- дешкен бир ооздон жергиликтүү карылар. Ал эми ал сапарда дастарконун жемиш менен таттууга толтурган меймандос боордоштордун ар бир үйүнөн комуз эмес, узун моюн тажик бир туугандар сыяктанган «дүтарды» көп учуратып, кыргыз дүйнөсүнө анчалык жакындаша бербеген дүтардын кайгылуу обонун эшитип кайткан элем.

Ооба, андан бери көп жылдар өтсө да, Жерге- Талга болгон ошол сапар жадымда күнү бүгүнкүдөй. «… Кымыз жасаганды билген байбичелердин баары каза болуп калышты»,- деген сөз да кадимкидей кулагыма жаңырат. Көрсө, убакыт өтүп, жаңы замандагы жаңычылдыктар туш тараптан каптаган сайын, улуттун жөнөкөй баалуулуктары «эски жалбырак» сымал кадимки жашоодон күбүлүп жүрүп олтурат окшобойбу?..

Эми ал башка өлкө, башка улуттар менен жашаган кыргыз бир туугандар деңизчи?.. Бирок мындай көрүнүш кыргыздардын ата конушунда деле четтен кезигет. Бул сөздү кечээ өз айылыма барган кезде дагы эстедим. Бала күнүмдө «Курма чайды» аябай жакшы көрөөр элем. Курсагым чедирейип калса дагы чоң чыны менен бирди ичип алып, койго чөп салганга жөнөп кетчүмүн. Өзгөчө Кыргызстан Эгемендүүлүк алып, акча алмашып, коом чалкеш болуп турган жылдары биз сыяктуу көп үй- бүлөө кыйналышкан. Күйгөн нандан кадимки кызыл чайнекке салып коюп, демдеп чай кылып ичкен күндөр өттү. Шекерди көп күн көрбөй калчубуз. Мал арык… Дан тартыш… Ууру күч болгон жылдар эле. Ошол жылдары биздин айыл «Курма чайды» жапырт ичишчү.

«Курма чай» кандай жасалат? Казандын түбүнө сызык аралашкан тоң майдан томуруп салып, ээриген кезде ундан, пияздан аралаштыра кызарта кууруп, суу кошуп коюланганга чейин кайнатасың да туз кошуп ичип аласың. Шорпо деп айтабызбы? Ботко деп айтабызбы? Чай деп айтабызбы? Айтор маанилүүлүгү ашказанга топуктуу болгонунда. Анан кыргыздын улуттук дастарконуна коюлуп келгенинде.

Айтор, мага окшогондор жакшы көргөн «Курма чай». Тилекке каршы азыр аны биздин айылда эч ким жасабайт да, ичпейт да экен. Бир саам, жакырчылыктын тамагы сыяктанган бул даамдын биздин дастаркондон кезикпей калганына сүйүнөөрүмдү же кайгыраарымды билбей, жөн жай жаза салдым.

Ал эми конфет, чипсы, шоколод, бал муздак, миң- сан ширелер анан… анан дагы көп таттуулар жайнаган бул калаада мен балдарыма «Курма чайымды» кантип сүйдүрө алаар экенмин? Менин балалыгым… Мен бала күндө тамшанып ичкен кайран курма чай…

Жазгүл Жамангулова, “Саресеп”, 02.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий