Мирлан Алтымыш уулу: “Сүйология – сүйүүнү окутуучу илим”

m_altymyshev

Сүйология – сүйүүнү окутуучу илим. Бул жерде бир гана кыз менен жигиттин ортосундагы сүйүү эмес, Ата Мекенге, элге, жерге, ата-энеге, табиятка болгон сүйүү камтылган.

“Улут уюткусу” программасынын бул чыгарылышында бүгүнкү кыргыз поэзиясына “Сүйология” аттуу жаңы терминди киргизип, жаңы “илимди” ачып, өзүнүн өзгөчө жаңылыгы менен баш багып, учурда көпчүлүктүн кызыгуусун туудуруп жаткан жаш калемгер, төкмө акын, “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү Мирлан Алтымыш уулу менен баарлаштык.

Мирлан мырза, алгач маегибизди көпчүлүктүн кызыгуусун туудурган суроодон баштасак. Китептин аталышы эмнеге “Сүйология”? Ал эмнени окутуучу илим?

— Сүйология – албетте сүйүүнү окутуучу илим. Бирок сүйүү десе жеке эле кыз менен жигиттин сүйүүсү эмес. Анткени китепте мекенге, элге, жерге, табиятка, ата-энеге болгон сүйүү камтылган. Алгачкы китептин аталышын коюу дагы өзүнчө бир түйшүк экен. Башка ат койгондо кадимки катардагы китептердин бири болуп калмак. Ошон үчүн элдин көңүлүн бура тургандай, өзгөчө атагым келди. Анын үстүнө китепте юмордук ырлар дагы көбүрөөк орун алган, анын ичинде “Сүйология” деген ырым элге жакшы алынып, кызыгууну жаратып, көптөгөн ийгиликтерди алып келгендиктен, китепти ушундай атоону туура таптым. Бул ыр 2013-жылдын башы кыш айларында группалаш кызыма болгон ашыктыгымдан жаралган. Алгач “Апама кат” деп аталып, ичинде сүйология деген сөз көпчүлүккө жаккандыктан, “Сүйология” деп өзгөртүп койгом.

Көпчүлүк сизди төкмө акын катары дагы таанып калды. Негизи таланттын уюткусу, көрөңгөсү болот эмеспи. Бул өнөрлөр сизге кимден өткөн?

— Атам өзү момун адам. Бирок сүйлөгөндө сөздүн даамын таап сүйлөйт. Ал эми апам дайыма шайыр жүргөн, сөзмөр, макалдаштырып, кер какшык менен сүйлөгөн аял. Демек, бул ата-энемен өткөн десем болот. Чоң атамды мен көрбөй калдым. Аны дагы сөзмөр, жамакчы болгон деп айтышат.

“Сүйологиянын” баш сөзүн жазган адабий сынчы Кадыркул Даутов сиздин чыгармачылыгыңыз тууралуу айткан сөзүндө: “Төкмөлүк менен жазмачылык экөө эки башка нерсе, жамакчылыкты ташта” деген кеңешин берди. Эми сиз кандай чечим кабыл алайын деп турасыз? Келечекте өзүңүздү төкмө катарыбы, же жазма акын катары көбүрөөк көрө аласызбы?

— Бала кезимден негизи төкмө акын болууну тилечүмүн. Кийин профессионал адабиятты көп окуп, анын сыйкырына арбалып кеттим. Кадыркул агайдын айтканына толугу менен кошулам. Бир кезде Байдылда Сарногоев Таластан келгенде төкмө акын болом деп келген экен. Анан профессионал адабиятка кызыгып калып калган. Мен бул нерсени буга чейин билген эмесмин, бирок мен дагы ошол жолду басып бара жаткандыгым таң калычтуу нерсе. Анын профессионал адабиятка ооп кеткендигин адабий сынчылар туура деп баалашат. Анткени анын аркасында көптөгөн чыгармалары, жыйнактары калды. Ал эми төкмөлүк дагы улуу, татаал өнөр. Бирок кийин алардын аттары гана айтылып, чыгармалары жазылып калбагандыгы өкүндүрөт. Бул нерсени келечек көрсөтөт. Азырынча профессионал поэзияга көбүрөөк ыктап жүрөм.

Жан дүйнөңүздү байытып туруу үчүн кандай кам көрөсүз?

— Мен көбүнчө фольклордон көп таасир алдым, көп окудум. Кээ бирлер фольклор десе жаа бою качышат. Фольклордон үлгү алып, аны профессионал адабият, же жан дүйнөм менен жуурулуштуруп, өзүмдүн тилим аркылуу элге жеткирем. Эми буюрса классикалык адабиятты окуп, арышты кенен таштап, арканды алыс ыргыта турган убак алдыда турат.

“Бүткөн ишке сынчы көп” дегендей китеп жарыкка чыккандан кийин өзүлөрүнүн сынын айткандар дагы болсо керек?

— Азырынча сын айткандар боло элек. Анткени китеп сатыкка чыга элек. Бул биринчи китеп болгондуктан, кемчиликтерим өзүмдүн көзүмө дагы көрүнүп турат. Кийинки китепте аларды кайталабаганга аракет кылам. Бирок бет ачаарында бир топ жакшы сөздөр айтылды. Ал эми сындар алдыда айтылса керек.

Иш жүрүп, ийгилик болуп турган жерде сөзсүз атаандаштык болот. Жаш калемгерлердин арасында мындай көрүнүш байкалабы?

— Албетте, бул нерсе байкалат. Көпчүлүк учурда көралбастык менен атаандаштыкты айырмалай албай калгандар болот. Атаандашам деп атып ичи тардык пайда болуп кетиши мүмкүн. Ошол эле учурда атаандаштык болбосо, анда өсүү болбойт. Мисалы, мен башкаларга дайыма атаандашам. Алардын чыгармачылыгына шек келтирбестен, андан артыгыраак чыгарма жаратканга аракеттенем. Азыр мыкты калемгерлер болбосо, мынчалык өсүш болбойт эле.

«Жер жарылса акындын жүрөгү менен өтөт» дегендей, бүгүнкү биздин коомду артка тартып турган эмне деп эсептейсиз?

— Бүгүнкү күндө жүрөктү оорутуп турган нерсе уруу-уруу болуп бөлүнүп, ынтымактын жоктугу. Болбосо кыргыз жери бай, эч бир кемчилиги жок. Ошол ынтымакты алып келе турчу идеологиянын жоктугу болуп саналат. Элдин башын бириктирип турган идеология болбосо, ар ким ар кайсы жакка тарта берет деп ойлойм.

Каныкей Бозгунова, «Марал» радиосу, 02.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий