Салима ЖИГИТОВА: «Китебинин чыгышын каалабагандар болот…»

s_jigitov_maek

Салижан агайдан жаңы айрылганыбызда Бексултан Жакиевдин айтканы бар: «Күлкү, какшык, тамаша сөз керт башындагы, өңгөлөрдүн башындагы жанга жагымсыз жосундарга, кемчиликтерге каршы кармаган Салижандын куралы болчу. Ошо куралы менен кыргызды оңдогусу келчү. Кээде аша чаап да кетчү… Ал мүнөзүн түшүнгөндөр болду, түшүнбөгөндөр да болду. Эми көзү өткөндөн кийин, мүмкүн, түшүнүшөр?..» деп. Салижан агайдын арабыздан кеткенине 8 жыл болду. Көзү тирүүсүндө кылган эмгеги 8 томдук болуп чыкканга даяр турат. «Болгону каражат жагы кармап жатат,… чыкканда деле, баары эле алып окуп, түшүнүп, оңолуп кетет деген иллюзия жок» дейт кызы Салима.

Салима, 8 томдук буга чейин чыгып калышы мүмкүн деген топтомбу? Себеби, Салижан агайдын көзү өткөндөн кийин бир айтылды эле го, эмгектери Сулайман Кайыповдун Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору кезиндеги демилгеси менен китеп болуп чыкканы турат деп?

Эми бул жалпы эле, мурда чыккан да, жарык көрөлек да илимий жана көркөм-адабий эмгектери. Туура, сегиз томго ылайыкталып атат. Даяр эле, каражатка карап жатабыз, тийиштүү каржы табылса, басмаканага берсек тез эле даярдап баштайт. Анан учурунда чыгармакчы болушканы чын. Андай ниет эки жылдай кармалып жатты го дейм… Негедир ишке ашпады…

Чыгарып берем дегендер азыр деле табылса керек дейм. Салижан агай көп кишиге кеңешин айтып, көмөгүн берген дегендей…

Кызык ушунда да. Каза болгондон кийин көп белгилүү бай адамдар жардам беребиз деп айткан. Аттарын айтпай эле коеюн, эки-үч адам өздөрү айтып алып, «андай болуп атат, тигиндей болуп атат» деп ар кай шылтоо менен убадасын аткарбай коюшту. Эми көрөбүз, чыкпай калса деле кайгырбайбыз. Анча-мынча мүлктөрдү сатып өзүбүз деле чыгарып койсок болот эл үчүн. Эми эл үчүн деген мен үчүн пафостуу сөз эмес. Бул эми атамдын кыргыз элине калтырган мурасы да… Анан атамдын атын спекуляция кылгандар бар да. Кээде атам айтпаган сөздөрдү деле «Салижан Жигитов айтты эле» деп жүрүшкөндөрдү окуп, угуп калып жүрөм. Атам 70 жыл жашады, мен орусча окуп, орус маданиятында кайнап калган менен, билем да, эмне айтып, эмне койгонун! Анан менде иллюзия жок, ушул томдуктар чыкса, Салижан Жигитов ким экенин баары эле түшүнүп, китепти сатып алып окуп оңолуп кетет деген. Тескерисинче, азыртан айтып коюш керек, чыгышын каалабагандар жакшы эле болот. Мурда эле жактырышчу эмес. Андай эмес деп чычалашат, өзгөрткөнгө аракет кылышат дагы.

Эмне үчүн?

Эмне үчүн? Бир мисал айтайын. Гумилевдун үй-бүлөсү ал кишинин көзү өткөндө автордук укукту сатып жиберишкен экен. Анан жаман жери, андайда каалагандай өзгөртмөй башталат экен. Андыктан, Гумилевду билиш үчүн өзү көзү тирүүсүндө редакция кылган эмгектерин окуш керек. Көзү өткөндөн кийинки чыккандары менен салыштырсаң, айырмачылыктар сөзсүз чыгат. Жигитовдун чыгармаларына деле ушинтип ыдык көрсөткөндөр болот. Жигитов деген ким түшүнгөн деле кыйын болуп жатпайбы. Азырынча мен бармын, башка тирүү күбөлөр бар. Бирок мен да жүз жыл жашабайм да. Ошол, тилегеним эле, кыргызча чыгып калса, анан башка тилге, маселен, түрк тилине которулса дейм.

Көзү тирүүсүндө эле жактырышпаса, эми жактырат деп ойлойсуңбу?

Жок. Айттым го, андай иллюзия жок деп. Атам өмүр бою караңгылыкта калтырган иллюзияларды талкалайм деп өттү да. Сегиз жыл болду каза болгонуна, айткандары дагы деле актуалдуу болуп жатпайбы. Алсак, саясатты, эки революция өттү. Атам айткан да, «Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт» деп. Азыр кандай, өткөн жок, өткүсү да жок. Бир мисал, Кемал Ататүрктү алалы. Көп сөз кылчу, мен да кызыгып, атам менен далай сүйлөшкөм. Биринчиден, ал Түркияны сактап калды да, «нефти чыккан жерди берели, бирок Түркияны сактап калабыз, өлкөнүн территориясын жок кылам десеңер, акыркы түрк калганча акырына чейин турабыз» деп. «Башкага басым жасайбыз, билим, Батыштын технологияларын, маданиятын ылайыкташтырып алалы» деген да. Ал киши анан жебеген-ичпеген киши болгон. Ушу да патриоттуулук. Ататүрк деле эмнеден чыгып калды, коомду башкара турган андан мыкты эч ким жоктугунан чыкты да. А бизде ураалаган жармач патриоттуулук. Атам айткан, тарыхта да чындыкты айтыш керек, иллюзия менен адаша беребиз деп. Бул стереотиптерди сындыргандар бизде да чыгат… Таңгалганым, атам саясатчы эмес эле, чиновник болгону үч жылдай элчи болуп иштеген. Ал саясатчы же бул саясатчыга, «дурус кебетең бар экен, жакшы сүйлөйт экенсиң, тезис жазып алып жыйнактуу сүйлө, саясатчы жакшы сүйлөш керек, кыска, нуска» деп, саясатты деле билинбестен тейлеп жүрчү экен да, кеңешин айтып…

Салижан агай ким менен чечилип сүйлөшө алчу эле? Багажы укмуш адам болгон да, тең келчү бирөө-жарым бар беле? Ишенбай агай эле болду окшойт ээ?

№5ке 14-15 жашында келип, Ишенбай агай менен таанышып, ал киши да китепти жакшы көрчү, экөөн жакындаткан ушул болду го. А атам 11 жашында энесинен, 14 жашында атасынан калган тоголок жетим да. 2 карындашы, бир агасы бар, ал дагы үйлөнүп, бала-чакасы менен алек. Эки карындашын Өзгөнгө интернатка өткөрүшүп, атамды туугандары Фрунзеге №5 интернатка жөнөтүшкөн. «Манас» радиосуна берген интервьюсу бар, «окуп кыйналган деле жокмун, жата турган жерим, тамак-ашым деле бар, өкмөт берип аткандан кийин окуш эле керек болду» деп. Анан айтчу, «мугалимдерибиз мыкты болчу, көбүнчө Татарстандан келген мугалимдер, орустар» деп. Ошон үчүн ойлойм, жакшы кадрларды даярдап беришти да деп. Атамдын классташтары Ишенбай Абдыразаков, Төлөмүш Океев, Бексултан Жакиев ж.б. — баары бир муун да… Мектепти бүтүп университетте окуду. Ыр жазган, кара сөзүн жазган чымыны бар балдар филфакка тапшырчу да. Досторубу, студентпи, академикпи, баары менен бирдей сүйлөшчү. Атам бүт окуучуларын жакшы көрчү. Бирок атам башка бир камырдан жуурулгандай, 50 жыл алдыга кетип калгандай да… Атам айтчу эле да, «Адам шаша берет, тарых шашпайт» деп… Атамдын акылын азыр мезгил кууп жетпей жатпайбы…

Таамай айткан тамаша-сындарын, куйкум сөздөрүн, анан ошол билимге суусагандай китепти көп окуганын көп эскеришет го?

Университетти бүткөндөн кийин атам деле айылга барып иштейм деген да. Бирок гезитке да, китепке да көнүп калган жаны, маалымат жок, сууга жетпеген балыкка окшоп убара тарткан. Айылдан, анда автобус жок, эки жумада бирби, жолдон чыккан машинага түшүп Өзгөнгө барчу гезит алганы. Ошону окуп кичине канааттанган менен, масштабдуу ойлонгон кишиге айыл тардык кылды да. Бир жылдан соң «кой, кайра эле Фрунзеге кетейин» деп артка шаарга кайтыптыр. Атам бир өзгөчө адам болчу да, гений деп айтсак жаңылбайбыз. Ар бир сөзү жөн айтылчу эмес да. Бир сөзү эсиме түшүп кетти… Рак менен ооруп калган чагы эле, «Салижан Жигитов — улуттун абийири» деп Бүбүйна Орузбаева, анан Нуржамал Байболова эже да айтса керек эле… Атам адатынча тамашалап, «Койгулачы, мен улуттун оорукчан абийиримин» деп күлдүргөн анда дагы(күлүп).

Азыр Орусияда Сахаров, Солженицынды «улут абийири» деп көтөрүп жатышат го. Учурунда алар деле бааланган эмес, тепкиге алынышкан…

Ооба, Сахаров, Солженицын, Юлий Даниэль, Синявский. Алардын баары сынчыл ой жүгүрткөн инсандар болушкан да. Ойлонгон киши бийлик үчүн кооптуу да. Азыр мода болуп жатпайбы бизде, иллюзия, кемчилиги тоодой болуп турса да, кыргыз дүйнөдө укмуш эл деген. Салижан Жигитович коркчу эмес да, калп болсо калп деп эле айтып салчу. Каршы деле чыга алышчу эмес, илимпоз катары аргумент, далили менен отургузуп койчу. «Республика» гезитине Замира Сыдыковага интервью берген, «Биздин интеллигенциянын көзү желкесинде болуп атпайбы, көз деген маңдайда болуш керек» деп. Ошол желкесинде турат дегенди Жавахарлал Неру Индия интеллигенциясы жөнүндө жазган экен, атама жагып калып колдонуптур, кыргыздар деле куду ошондой болуп жатпайбы деп. Бир акыныбыз жазган го, «Париж, Лондон, бизге суктан» деп, а атам юмор менен адатынча «кайдан суктанат, бизди көрүп боор ооруп атпайбы» деген да (күлүп). «Артка калдык» десе, «сен кыргыз элинин душманы болосуң, артта калбай, алдыдагы элбиз» деп нааразылангандар болгон да. Бир курдай Чыңгыз Төрөкуловичке даттанышыптыр, «Жигитов ушинтип эле сындап жатат, сиз айтыңызчы» деп. Оо, анда Чыңгыз Айтматов Социалисттик Эмгектин Баатыры, жалпы союзга таанылган жазуучу, башканы укпаса да, ушул кишини угат дешкен да. Анын үстүнө атам жакшы көрчү ал кишини. Чыгармачылыгын ушундай бир кылдат иликтеп жазганы бар го, «Чыңгыз Айтматов адабият майданына жаңы келгенде…» деп… Анан Чыңгыз агабыз «сен ушундай кыргыз элин урушуп жүрөсүң, сындап жүрөсүң» десе керек, а атам болсо: «Чыңгыз Төрөкулович, мага андай айткан жарашат, боло берет. Себеби менин атам, энем кыргыз. Сиздин апаңыз татар кызы да, сизге жарашпайт» дептир да кайра. Эми атам өз элин жаман көргөндөн эмес, жүрөгүнүн түпкүрүндө күйгөнүнөн айткан да. Тамашасынын артында элин ойлогон өкүт, күйүт жатчу. Орусча айтканда, «гоголевский смех сквозь слезы» болчу да.

(Уландысы бар)

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы ,  “Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий