Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын башкы директору, КРнын эмгек сиңирген артисти Темирлан СМАНБЕКОВ: “Фридрих Дюренматка келиңиздер!”

smanbekov

– Темирлан мырза, сөз учугун театрдын жаңы репертуарынан баштасак, анткени бардык иштин башы театр үчүн жаңы чыгарма эмеспи?

– Жакшы болот. Швейцариянын драматургу, дүйнөлүк адабияттын классиктеринин бири Фридрих Дюренматтын “Картаң айымдын визити” деген классикалык чыгармасын сахнага даярдап, декабрдын экинчи жарымында бет ачарын өткөргөнү жатабыз. Башкы режиссеру Шамил Дыйканбаев. Ролдорго жалпы 50 актер катышат. Учурда жамаатыбыз тынымсыз иштеп, декорация, костюм, музыка ж.б. иштердин үстүндө кызуу изденип жатышкан чагы.

– Жылына канча спектакль коюлушу керек?

– Бизде жылына 4-5 спектакль коюлушун шарттуу түрдө айтсак болот. Дүйнөлүк, орус жана улуттук классика, анан комедия, аны “кассовый” деп коёт, эл келе турган, жеңил, азыркыча айтканда “коммерциялык” спектакль коюшубуз керек. Анан мектеп жашындагы балдар үчүн классикалык же кыргыз жомокторун коюшубуз да планда бар.

– Драмалык чыгармаларды кандайча тандайсыздар?

– Чыгармаларга балдар үчүн да, чоңдор үчүн да лаборатория уюштурдук. Отуздай чыгарма түштү, чынын айтыш керек, көркөмдүк деңгээли начар. 70 пайызы саясат, бийлик жана эл тууралуу. Тереңдик жок. Ошентсе дагы иштеп чыгып, тандоого болот.

Биздин театр келечекте театрдык шаар болуш үчүн эмитен балдарга арналган, музыкалык спектаклдерди коюп, жалпы элибизди театрга тартышыбыз керек. Эң негизгиси, мыкты спектакль коюшубуз керек.

– Кантип?

– Ушинтип эле, ириде мыкты автор-драматург тандайбыз. Мыкты сүрөтчү, мыкты музыкант, мыкты режиссер, мыкты артисттер керек.

– Кыскасы, мыкты театралдык жамаат болуш керек?

– Сөзсүз ошондой. Адабият, музыка, сүрөт искусство өнөрлөрү бири-бирине төп келип сонун гармония болгондо, анан элди тартат. Мыктыны эл көргүсү келет. Бийик нерсе менен гана элдин деңгээлин көтөрө алабыз. Адамдар бийиктикке жеткенге аракет кылып, маданиятын жогорулатат.

– Бизде маданият менен искусствонун айырмасын билгендер аз дегенге ишенесизби?

– Ишенем. Маданиятыбыз төмөндөп кетти дейбиз. Аны эмне менен көтөрө алабыз? Улуу мурастар, салттар, музыка, сүрөт, искусство менен да. Адегенде маданиятты өстүрүү үчүн бийик, күчтүү искусство болуш керек. Адамдарды ошол аркылуу тарбиялай алабыз. Жан дүйнөсүнө руханий азыкты алып, боорукердикти, жашоону сүйүүнү, адам менен жаратылышты сүйүүнү таанып, жашоонун кымбат, бийик, кайталангыс кереметин сезишет. Жашоону сүйгөн адам жаман эмес, өзүнө, элге-журтка, адамдарга, деги баарына аяр мамиле кылат. Искусствонун күчү ушунда. Андай адамдын маданияты бийик болот. Ошону билип жашасак кандай жакшы.

– Жаңы жыл босогого кирип келди, кандай даярдыктар менен тосуп алганы турасыздар?

– Жаңы жылга карата жакшы жомок коёбуз деп балаты оюнун даярдап баштадык. Бул 21-декабрдан 10-январга чейин, балдардын каникул учуруна туш келет.

– Академиялык драма театры болуп туруп жомокко кайрылганыңыздардын себеби эмнеде?

– Себеби, советтик система жок болгондон бери бир муун (25 жылда) театр эмне экенин билбей өсүп кетти. Бир бала айтат дейт: “Сүйлөгөн концерт көрдүк”, – деп. Ошол деңгээлге жетип калдык. Андыктан театр аркылуу адамдарды тарбиялап чыгуу үчүн балдардан башташ керек. Театр, музыка, адабият, искусство – баары көпчүлүк жаштарыбызга жетпей, алар суу жетпеген дарактай өсүп, жан дүйнөгө руханий азык ала албай, жарды болуп өскөнү кейиштүү көрүнүш десек жарашат.

Быйыл жайында куурчак театрыбыз менен гастролго бардык. Койгонубуз Ч.Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” романынын негизинде Бакы Өмүралиевдин “Томого” спектакли, койгон режиссеру Жалил Мидинов. Таланттуу актрисалар ийине жеткире ойношту. Бир келин (жашы 35, 40тарда) 3-класстагы баласын жетелеп алып: “Биз иштеп жатканда, балдарга жолтоо болуп, акчабыз жокто, билет сатасыңар”, – деп тескериленип сүйлөдү. Мен 50 сомун кайра бердим. “Бирок өзүңүз балаңыз менен оюнга кирип көрүңүзчү”, – деп дагы баласына 50 сом берип койдум. Көрүштү. Аягында талкуу жүргүздүк.

Балдар ойлонуп, кадимкидей ой басып калышты. Анан аны жашырбай айтышат. Ошондо жанагы келиндин баласы да чыкты:

– Мага жолоочу жакты, боорукер, ал элге барып ыйлап жүрө берет турбайбы, ошол жакты, – деди. Кол чабышты. Эшикке чыксак апасы ыйлап алыптыр… Баарыбыздан кечирим сурады. Мына театрдын, искусствонун күчү. Ошондой чыгармаларды тандашыбыз керек. Драма театрда дагы ошондой мыкты жомокторду Марат Козукеев, жаңы жылдык оюнду Назым Мендебаиров коюп жатат.

– Анда балдар кинодон көргөн артисттерди театрдан өз көзү менен көрүп таасирленишет экен да?

– Ооба, көз менен көрүп, үнүн угуп, спектаклден кийин балдар менен ошол артисттерибиз суроо-жооп иретинде аңгеме-дүкөн курушат. Балдарга бул аңгемелешүү чоң таасир калтырат.

Алардын жан дүйнөсүндөгү ички сезимдин жылуулугун ойготуу керек деген аракет.

– Учурда сырткы жылуулук да орчундуу маселе болуп турат эмеспи, жогорудагыдай иш-чараларда театр­дын жылуулугу да талаптагыдай болобу?

– Ал жагы колдон келишинче камсыздалган. Бирок, азыркы турган жылыткыч жабдуулардын күчү жок, СССРдин убагындагы коюлгандары жараксыз болуп калган. Буга 2,5 же 3 млн.сомго жакын каражат талап кылынат. Керектүү адамдарга, компанияларга кайрылып жатабыз. Мындан сырткары, подстанция, театрдын жарык берүүсү театр курулгандан бери каралбай, тетиктери эскилиги жетип, иши бүткөн, ошолорду толук алмаштырууда дагы кызуу иштер жүрүүдө. Тетиктер кымбат, миллион сомдун тегерегинде. Маданият министрлигинде, театрда каражат жок. Ошондуктан башка министрликтерге кайрылуудабыз.

Элдин арасында театрга кызыккан, искусство өнөрүн баалаган, колунда бар жигиттер бар, ошолор аркылуу маселелерди чечүүгө аракеттенүүдөбүз. “Кыштын камын жайда көр” дегендей, анча-мынча даярдыктар да бар болчу, абал азырынча шүгүр десек болот..

– “Жаздын камын кышта көр” деген да бар эмеспи, чыгармачыл жамаатта мындай максаттагы иштер да болот бекен?

– Албетте. Азыр ошондой бир иштин учуру келди, театрдын тегерегине жашыл арчаларды олтургузууну баштадык. Жаз менен кошо театрдын айланасы да жашылданып, “Эшигин көрүп төрүнө өт” дегендей, көрүүчүлөрүбүз келгенде эс алуу үчүн келгенин сезсин деген тилек. Токой чарбалары менен бул маселе боюнча иштешип жатабыз. Жакында эле Токтогул районунун токой чарбасынын башчысы менен сүйлөшүп, көгүлтүр арчаларды олтургузмакчы болдук, кыш келер алдында олтургузуш керек экен. Арчалардын ар биринин түбүнө театрда иштеп кеткен Муратбек Рыс­кулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева ж.б. залкар таланттардын атын жаздырып, таазим иретинде арнап коёлу дедик. Жанынан канчалар өтөт, айрыкча жаштарга таасир этет.

– Эки жылдан кийин сиздердин театрга 90 жыл толсо керек эле, буга али камылга баштай элексиздерби?

– Ал көңүлдүн борборундагы иш. Көп жылдардан бери аймактарга декадалар уюштурулбай, театр эл аралай албай калды. Ар бир облуста декадаларды уюштурганы жатабыз. Алгач КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү Эмил Каптагаев менен сүйлөшүлдү, май айында Караколдо К.Жантөшев атындагы облустук музыкалык драма театрында он күндүк декада өткөрөбүз. Эң мыкты деген спектаклдерибиз барат.

– Күзүндө сиздерге М.Ауэзов атындагы казак мамлекеттик драма театры бир жума оюн коюп кетти эле, алар менен чыгармачылык алакаңыздар кандай болууда?

– Абдан жакшы алакадабыз. Кудай буюрса, жаңырган жылдын май айында Алма-Атага барышыбыз мүмкүн. СССРдин эл артисти, кино, театр өнөрүнүн белгилүү жылдызы, корифейи Асаналы Ашымов баш болгон жамаат биздин театрды да чакырды. Чоң театрда спектаклдерибизди көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү турат. Ага жакшы даярдыктар керек. Чыгармачылык жамаатты өстүрүп, спектаклдерди коюп, ролдор менен камсыз кылышыбыз керек. Чет өлкөлөрдөн атактуу режиссерлорду чакырып иштешсек деген ойлорубуз бар. Алар менен дагы сүйлөшүүлөр болуп жатат.

– Жаңы жылда жаңы ийгиликтерге жетишиңиздер!

– “Кыргыз Туусунун” жамаатын дагы жаңы жылы менен куттуктайм, ийгилик каалайм!

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 16.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий