Айдарбек Сарманбетов. «Малкиши»

(аңгеме)

Ал отуздан ашкан өзү курдуулардан эч деле айырмаланбаган көптүн бири, өңү деле жугумсуз, пакене бойлуу, арыкчырай эркек сөрөй. Үндөбөй дулдуюп, башын жерге салып өзү менен өзү жүрө берет. Эч ким менен иши жок. Мейли атасыбы, кошуна, курбуларыбы — ага баары бир. Эч кимин көчөдөгү чоочун, бейтааныштардан жакын санабайт. Өзүнөн башка адамдар барбы, жокпу, өлүп атабы, жер астын-үстүн түшүп кыямат кайым келдиби — баары бир тең. Бирөөгө боор тартып, же жакын санап ийилип койбойт. Өзү болсо болду. Жарытып деле ойлонбойт, мээси бош, көңдөй. Чөнтөк телефонунун же плееринин сайгычын кулагына сайып алат да, керелден кечке, көчөдөбү, жумушунда же үйүндө болсун, жадагалса жатканда да анысын албайт. Ызы-чуулу, тажатма, чет элдин музыкасы кулагында жаңырганы жаңырган. Алардын эмне тууралуу зар какшап ырдап жатканын деле түшүнбөйт, түшүнгүсү да келбейт, тилин билбесе балээни түшүнмөк эле. Тек, кулагы бош болбой, бир нерсени угуп турса  болду. Ансыз өзүн эч элестете албайт. Тим эле ашынган баңгичидей. Бузулуп, андан саалга ажырады дегичекти жинди болуп кетет, кайсалактап, жинденип, кутурмасы кармап калат. Мындай көңдөй мээ, киши сөрөйлөр кийинки кездери көбөйдү. Көчөдө, окуу жайларда, автодо тургай өкмөт, парламентке чейин жайылып кетишти. Кенедей бир акыл жугузайын деп акыл-насаат сөз угуп, китеп окуп коюшпайт алар. Цивилизация менен техниканын тескери баратышынан жаралып калган мутанттарбы, же бүт дүйнөгө жайылып кеткен компьютер желесинин чымын-туткунубу, мындай, адамдык касиеттен куружалак, баш териси тескери капталган зомби-арбак кишилердин барган сайын саны артып барат. Илимий тилде компьютердик техниканын кулу деп жүрүшөт аларды. Ошол так көрүнөт.

Бу, бир нерсе менен алпурушкансыган Марлендин жарыткан иши деле жок. Сурагандарга техникмин деп коёт. Балээнин технигиби. Тээ, мектепти элдир-селдир бүткөнүндөн бери эзели китеп кармаган жок, атасы жетелеп барган “палитехке” өтпөй калып, үйүнүн жанындагы электр тармагынын райондук мекемесинде монтёрдун жардамчысы болуп жүрдү эки-үч жылдай. Болгон билими ошол. Андан каалгасында илинип турган жарыяны көрө калып областтык театрда жарык-технигинин  жардамчысы болуп алган. Жанга тынч. Бары-жогуң менен эч кимдин анчейин иши жок. Ага ошол эле керек. Ким бирөө аны жемелеп, акыл-кеңеш айтып, мажбурлабаса болгону. Театрда кайсыл бир оюндар коюлганда сахнага ардемелерди ташышып, коюшуп, устаты жумшаган жакка барып, айтканын кың дебей аткарып коёт. Техниктин зарыл иши чыгып, же “башы ооруппу” ал ыраа көрсө оюн жүрүп жатканда жарыкты улам алмаштырып коюп күн өткөрөт. Болгону ошол. Ага иштин ыраа көрүлбөгөнү – сахнадагы оюндун маанисине жарыктын түсү шайкеш келеби, окуяга, каармандардын образына кошумча болобу, болбойбу, жарыкты каалаган учурунда шарактатып түсүн алмаштырып коё бергенинен улам. Кулагында өз кусаматы жаңырып жатса оюндун маани-маңызын кантип уксун. Иши эмне. Ошондон улам айла кеткенде гана ага кайрылышпаса, анын зыяндан башка пайдасы жок.

Атасы эмгек сиңирген геолог, ишбилги, кесиптештери арасында кадыр-барктуу адам. Тээ, сексенинчи жылдын башында бүт дүйнөгө коммунизмди орнотуу идеологиясына жандилинен берилген ал, туңгуч балалуу болгондо Маркс менен Лениндей акылман, жарды-жалчыларга күйүмдүү адам болсун деген тилек менен экөөнүн атынан Марлен атаган болчу. Жалгыз баласынын эми минтип, жан-жүрөгүндө ныпым оту жок, элге жат, тирүү өлүк болуп калат деп түк ойлогон эмес. Эс тартканынан эле көпчүлүктөн обочолонуп, бөлмөсүндө керелден кечке телевизор тиктеп жата берээринен аны буюрса чыгармачыл адам болот го деп көңүл жооткоткон. Түгөлбай же Айтматовдой чыгаан  жазуучу, Алыкулдай акын, же Муратбек Рыскуловдой театрдын, не Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморовдой кинонун атактуу артисти, Айтиевдей сүрөтчү болуп кетсе жаманбы. Андай болсо эле жыргатпадыбы. Жок, ал үмүтү акталбады. Баласынын жалаң чет элдик музыка, шоу телеберүүлөрүн гана көрөрүн байкап, кабатыр тартып, кыргызчаларды көрүп, өз элиңин тилин, салтын билип, жакындасаң боло деп көрдү эле уулу:

— На чёрт они мне нужны, эти бараны…- деп салса болобу! Мындай түркөйлүктөн каны кайнап, туттугуп, элсиз эч бир адам болбоосун, кийин жалгыз калып, жолбун иттей каңгып, элден чыгарын, адам баласы үчүн андан ашкан трагедия жоктугун зар какшады эле, кулак кагып да койбоду уулу. Кийин деле ошол, акыл-насаатын эч жуутпады. Башка балдарчылап мектепте, кийин эс тартканында деле бирди-жарым теңтуш да күтпөдү, кыз жаңдаганды кой, ушул жашына чейин бир да бир ургаачы аттуу менен ымалашып, сүйлөшкөнүн көргөн жок. Бирин да жанына жуутпады. Эркектик касиетинен ажырап калганбы деп да шекшип, коркуп кетет кээде. Эми торпоктой немеден аны кантип сурамак. Сураган менен айтмак беле бу дейди. Оозуңду ошту карата оройлонору турган иш. Балким ушинтсем кичине болсо да ойлонор деген үмүт менен энең да зарлап жүрүп арманда кетти, мен минтип оорукчан болуп, эртелеп “пенсия-свалкага” чыгып калдым, көрөрүмөн көрүм жакын, келин алып келип, жок дегенде мени неберелүү кылсаң боло, элдин балдарындай деп да көрдү эле:

— Зачем плодить смертных? Ведь они всё равно помрут!- деп, ооз ачырган. Эй, келесоо, балалуу болуу деген – тукум улантуу, жаңы адамды жаратуу.  Жашоонун мыйзамы ошондой, уланып турушу керек. Биздин ата-бабаларыбыздын, менин, өзүңдүн тукумуң үзүлүп калбайбы! Жер үстүндө тукум калтыруу ар бир адамдын, эркек болобу, аялбы – баарынын милдети… деп күйүнгөнгө да моюп койгон жок. Колун шилтеди да, тултуя коркутуп, эшикти карс жаап кете берди. Бир өзүнүкү туура ага. Ошону менен аталык арманы дагы да ырбап, күйбөгөн жери күл болуп, үмүтсүз кала берди. Кийин таалим-тарбия сөзүн да айтпай калды. Укпаса эмне, ушуга кор болгон кайран сөз! Тукуму курут болот экен! Кайдан, кантип ушундай мал болуп калды баласы? Ооба, мал. Анын басып-туруп жүргөнү эле болбосо, акыл-ой  буюрбаган айдатма малдан эмне айырмасы бар. Эч кандай. Бул, керт башынан башканы ойлобогон, бирөөгө эч күйүмү жок, баарыга кайдыгер, курсагы эптеп  тойгонуна шүгүрчүлүк кылып, күн өткөрүп, эмнеге жашап жүргөнүн, эртеге кандай өмүр кечирерин, адамзаты, дүйнөнү кой, өз эли менен эч иши жок, келечексиз… неменин малдан эмне айырмасы бар? Тобо, ушундай да макоо, көрпенде болобу? Ал кантип ушундай тоң акыл, жанотсуз болуп кайдан чыкты?

Баласы балакат кезинде апталап, айлап кеткен геологдук кесиби каскак болду бекен? Анда деле ага дайым ашыгып, көргөн күнү, алган тарбиясы кантип жатты экен деп санаа тартып, ашыгып келчү эле го. Күн санап турчу эмес беле, балама эптеп тезирээк жетсем экен деп. Жакшы эле бала бакчасына, мектебине чейин каттап, акыл-насаатын айтчу эле го? Же аялы Сакиштен кеттиби? Ал деле үстүнө үйрүлүп түшүп, көзгө басар жалгыз балам деп, мээротун төгүп турчу эле го. Ал да кетти байкуш, кыркка жетпей армандап. Тукумунан тура ал, аккан деген оорусу. Канчалык жандалбас кылып, дарыланганы менен күндөн күнгө сүлдөрү качып, көз көрүнөө солуп, көзүн жалдыраткан бойдон үзүлүп кете берди. Ошондо да алсыз колдору менен баласын бооруна ысык  кысып, мойнунан, кежигесинен шуулдата жыттагылап, кан-жанынан жаралган жалдызын кыйып кете албай, катуу кыйналды, ыраматылык. Ошол баласынын барманы шу. Аны ашкере эркелетип алышканбы? Ким билсин. Дымагы да, мээсинде мыдыры да жок баласынын азыркы мал абалын Сакиштин көрбөй калганы ырас болгон экен. Жүрөгү жарылбаса да мээ кайгы болуп өтмөгү турулуу эле анын. Энеге баласынын башсыздыгын көрүүдөн ашкан азап барбы! Балким келечегине, ишинен өскөнүнө керек болот деп баласын орусча бакчага, орусча мектепке беришкенинде болсо керек бу, бузуктун башы. Ал кыйналбасын деп үйүндө да орусча сүйлөшүп… дилин жат кылып алышкан окшобойбу, өз элинен.

Бүгүн да Марлен ишинде илмейип, көрүнгөндү көлөкөдөй ээрчип, колгабыш кылып жүргөн. Кулагында баягы телефонунун сайгычы. Бир кезде анысын бирөө жулуп алганда жалгыз бактысынан ажырап  калгандай жаны кашайып, жеп жиберчүдөй жалт караса маңдайында деректири туруптур.

— Ой, деги ушунуңду азга болсо да кулагыңдан алып, телефонуңду карап коюп турбайсыңбы, ыя?! Жанатан бери кошуналарың сага кайра-кайра чалып ала албай жатышат. Мен да…- деп, опулдап алды да кайра тез эле негедир аны аялуу карап, баштагысындай каарып-кууруп кубалап жиберген жок.- Мариш, келчи бери,- деп жумшак сүйлөп, жеңден тартып, каруудан ала жетелей четке чыгарып,- Сен эми жаш бала эмессиң… Кайрат кылгын, кудайдын жазганы экен, атаң кайтыш болуп калыптыр, сен албай койгонуңдан улам кошуналарың мага чалышты,- деди жумшак.- Бар, үйүңө бара бергин.

Марлен анын айткан сөздөрүнүн маанисин жетик түшүнгөн жок. Кайтыш деген сөздү мурда угуп-билбесе сөз төркүнүн кайдан билмек. Бирок, чоңунун айтканын аткармакка гана үйүнө илкий жөнөдү. Анан эмне кылмак. Баштыгынын сөзүн эки кылбай аткаруу керек да.

Марлен атасы экөө беш кабаттуу “хрущёвканын” экинчи кабатында турушчу. Ал, эки бөлмөлүү батирди атасына жаш адис, жаңы үйлөнгөн жубайлар катары тээ, алтымышынчы жылдары ишинен беришкен. Алардын болгон мүлкү ушул болчу. Үйүнүн эшиги алдында топурашкан жоон топ адамдарды көргөнү менен эч таназар алган жок. Кошуналары экен, чоочундары да жүрөт. Эки-үчтөн топтошуп турган алар Марлен жакындап келгенде ага жапырт тигилишип, жол бошото беришти. Ал, үндөбөй үңкүйүп үйүнө көтөрүлдү. Булардын эч кими менен эч качан саламдашып, сүйлөшчү эмес. Бу жолу да ошентти. Өңдөрү жылуу, бейтааныш кошуна аял-кесектер да тепкичке топурап туруп алышыптыр. Алар менен иши эмне.

Батиринин эшиги ачык экен. Жарданып турушкан кишилерди аралай өтүп ичкери кирсе диванда эски одеалын жамынып жаткан атасын үч-төрт эркек тегеректеп алышыптыр. Орундукта отуруп, солдоюп турушкан — баарынын сабыры суз. Атасына келишсе керек, ооруп жатпады беле. Марлен аларды аралап өтүп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Кулагында музыкасы жаңырып тигилердин күбүр-шыбырын уккан-неткен жок. Ал, көнгөн адатынча телевизорду күйгүздү да, керебетине чалкасынын жата кетти. Ошондо гана ал ишине кетип жатканында атасынын алсыз:

— Мариш, бүгүн негедир жүрөгүм катуу лакылдап жатат. Скорый чакырып койчу,- дегени эске түштү.

Э-эй, ушинтип эле экилене бересиң деген кыязда ал атасын жактырбай:

— Единицам жок,- деп күңк эткен. Атасы ага элүү сомдук сунуп:

— Үйдөн чыгарың менен дароо чакырчы скорыйды, тезирээк. Унутуп калбагын дагы…- деген энтигип. Ал өтүнүчү такыр эсинен чыгып кеткен тура. Мейли, эртең деле чалып коёт скорыйына. Кудай алмак беле…

Бир маалда күбүр-шыбыр күчөп, кимдир бирөө үңүлдөп ыйлагандай болду. Анан эшик шарт ачылып:

— Оме-ей ай, бул акмактын жатканын кара! Ой, тур!- деген бетмаңдайдагы кошуна, чыңалган чаначтай семиз Эрмек кажылдай кирип келип карысынан булка тартты,- Эк, таштачы деги ушунуңду!- деп кулагындагы сайгычын жулуп алып ыргытып жиберди.

— Ты што?- Марлендин куйкасы курушуп, мушташа кетчүдөй тура калды,- Чё тебе надо?..

Эрмектин оозунан сөз түшүп, каракөк тарта жарылып кетчүдөй            туттугуп, саалга көзүн алайта үнү буулуп калды да:

— Эй, суволуч! Ит! Атаң өлүп калды! Твой атец умер, панимаешь?!- деп, тигинин акылына жетпей жатабы, түшүнсүн дегендей орусчага чала сүйлөп жарылып кетти.

Марлендин оюнун баары алып ыргытылган сайгычта болуп, кантип аны тезинен ала коюп кайра кулагына сайып алуунун аракетинде болчу. Тигинин каскагына жаны чыга кашайып турган.

— Ну и што умер?!.- деди ал көзүн акшыйтып Эрмекке.- Я штоли виноват в этом?..

Эрмек, анын артынан баласына кайрат айталы деп башбагышкан кошуналары эмне дешерин билбей үнсүз мелтейип, дел болуп калышты. Марлендин кылыгы алардын акылына сыйбай турган болчу. “Тобо! Ушундай да макоо, мерес бала болобу?!”- деген ачуу ой баарынын дилинде мыктай кадалып, айран таң калып турушту.

— Өлдү… өлдү… ну и што? Мен эмне кылайын?..- Марлен үтүрөңдөп, тигилер түшүнсүн дегендей кыргызча чалып булдуруктап, сайгычын жерден алып кулагына сайды.

— Ой, бу… Тү-ү-ү ата! Акмак турбайбы анык!- адатынча алгач Эрмек күйүп кетти.- Эй, мен сага атаң өлүп калды деп жатам. Панимаешь ты это? Атец умер! Өлүк камылгасын көрбөйсүңбү! Көмбөйсүңбү атаңды!

— Чё? Как? Обязятельно мен штоли, көмөт?- Марлендин жаны да кашайды. Анын бейгам жашоосун, тынчын бузуп жатышса кантип жинденбесин.- Все набросились на меня, бля… как собаки…

Коңшулардын да чыдамы түгөнүп кетти белем, Эрмектин артындагы мурутчан, жашырагы жулунуп келип жатмаккабы, же олтурмаккабы керебетине бурула берген Марленди артынан желкеге бир чапты:

— Ким блядь сага, ыя? Атаңды көмөлү деп сага жан тартып келген бизби? Акмак!

Марлен колдору менен башын ката олтура калды да.

— У-уу, суки…- деп, ылаажысы түгөнө ызалуу үңүлдөп ыйлап жиберди.

Ал атасынан айрылганына эмес, алсыздыгынан, мындай кордукту өмүрүндө биринчи жолу көрүп жатканынан жаны ачынып кетти. Ага ушунча жашка келгени эч кимдин колу тургай, сөзү тийген эмес болчу. Катуу шапалак тийген кежигеси аябай ачышып, көзүнөн от чагылыша түшкөн эле.

— Ай, кой, болду. Жөн! Акмакка теңелип… Мындан пайда жок экен. Такыр эле мал болуп калган турбайбы. Арбак үчүн өзүбүз ырасмибизди жасайлык,- деген Эрмек менен дагы бирөө ортого түшө калып, ызырынып жаткан тигини артка итерип, баарын сыртка чыгарып кетти.- Жакшы киши эле байкуш… атасын тартпай калган турбайбы бу макулук… мал!

— Өй, анан ушунуку жакшыбы?!. Аяп келсек, кайра бизди тилдеп…

— Тобо! Ушундай да болот экен ээ…

— Кыргыз болбой калган турбайбы!

— Ит!..

— Маңкурт!

— Мындай баланын барынан жогу…

Кобуранып, жаны кейиген көпчүлүк топурай чыгып кеткен соң жаны сеп ала түшкөн Марлен ачышкан желкесин кашыгылап бир азга турду да, жаны жай ала кайрадан керебетине сулай жата кетти.

Эл деген эл эмеспи. Кошуналар түп көтөрүлө колунан келгенине чуркап, жайын каздырып, акча чогултуп… маркумду эртеси эле эптеп көөмп коюшту. Аныгын ким билсин, балдар үйүндө өсүп, туугандарын тааныбай калганбы, же аларды табууга ниеттенип,  чыгынган эмеспи, маркумдун жакын-туугандарынан бир да бири келишкен жок. Уулунун кылыгын угушкан көпчүлүк аны эстеп, жаназасына тургузуп, топурак салганга да чакырып коюшпады. Көргөн-уккандардын баары андан түңүлүп калышкан болучу. Андай малкиши арбактан айланып кетсин деп жерип коюшту.

Атасы каза болгондун эртеси эле Марлен күндөгүсүндөй таң эрте, маркумдун сөөгү чыга электе эле ишине кетип калган. Аны көргөн ишиндегилер жеткизишкенби, деректири дароо кабинетине чакырып алып:

— Марлен, эми болору болду, белиңди бекем буугун. Балким акчадан кыйналып тургандырсың. Ие, сага оор болду. Ме, театрда иштегендердин атынан сага жардамыбыз болсун,- деп, колуна конверт карматты.- Бар, бара гой, атаңды жайына тапшыр…

Сыртка чыгып, эптеп тамагын жасап койчу атасынын жоктугунан улам кечээтен бери наар албай, курсагы каңтарыла ачып турган эле, жакынкы ашканага ашыга жөнөдү. Жолдо баратып деректир берген конвертти ачса, бир топ көк, сары акчалар бар экен, кубанып кетти. “Буюрса бир топко чейин ач калбайт экемин, атасы өлгөн жакшы болот турбайбы” деп ойлоп койду…

 

А.Сарманбетовдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Айдарбек Сарманбетов. «Малкиши»: 1 комментарий

Добавить комментарий