Азима Акунова

Азима Акунова 1980-жылы Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылында жарык дүйнөгө келген.

2004-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин Филология факультетин бүтүрүп, Кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болот. Ошол эле жылы эмгек жолун «Аалам» коомдук-саясый гезитинде баштаган.

2008-жылы «Ачык саясат» коомдук-саясый гезитинде бөлүм башчы, 2009-жылы «Кыргыз-Руху» гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген.

2009-жылдан баштап, 2012-жылга чейин Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Социалдык маданий бөлүмүндө пресс-катчы кызматында эмгектенген.

2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин «Асман пресс» гезитинде кабарчы болуп иштеп келе жатат.

Ыр жаратууга тили чыккандан баштап дилгир болуп, бир топ гезит беттеринде ар кыл темадагы ырлары жарыяланып келди.

«Саамалык» ырлар жыйнагында бир нече ырлары жарык көргөн.

Үй бүлөлүү, бир кыздын энеси.

 

Ырлар

БУЛ КЕЧТЕ

Бул күндөр калат артта бир боштукта,
Ал боштук элестөөлөр куса болуп.
Бул кечте ойго муюп кол чөнтөктө,
Мезгилге жаштыгымды мен уттуруп,
Үмүттүү максат коюп аракет жок,
Кандайча жашап өтөм турмуш куруп?

Бул кечте көздөрүңдү эстей берип,
Эмнеге азап тартам жүрөк эзип?
Мен сени кабыл алгам кандай болсоң,
Аялуу сезимимди анда ойгонгон,
Жетелеп сен тарапка багындырып,
Мен сенсиз жашай албай калган сымал,
Нечен түн жалгыздыкта сагындырып…
Кайрадан жолугууга сапар алам.

Эх өмүр, кадырыңды билбейм азыр,
Сүйүүнүн баркын билем көптүр-аздыр.
Эгер мен көзүм жумуп кеткен болсом ,
Сүйүүм да таза бойдон жүрөгүмдө,
Түбөлүк өзүм менен калат беле?
Турмушта эрди сүйүп, бала күтүп,
Кандайча аял жана эне болом?
Негедир мен ушундан абдан корком.
2001-жыл

 

КЕТКИМ КЕЛДИ

Же кар жаабайт супсак көчөлөр,
Чаң теребел көңүл айныткан.
Мордон булайт ыштуу түтүндөр,
Нечен ирээт кышты сагынткан.

Короодо кыш карсыз кир баскан
Мен студент келем сабактан.
А үй ээси жакшы келин. Дайыма
эшик ачып ал-жайымды сураган.

Өзгөрүпмүн ойлуу болуп чынында,
Көңүл бөлүп азыр байкап турамын.
Кетким келип алыс-алыс бул жерден,
Кыялданып көздөрүмдү жумамын.
Декабрь, 2001-жыл

 

АПАМДЫН ТИЛЕГИ

Бир сындырым нан үчүн
Күрөштүк ээ түрүнүп билектерди.
Бир күкүм нан ыйыктыгын
Кесирдүүлөр баркын качан билет деги?
Окуйм деп окуп жүрөм,
Жан дүйнөмдүн каалоосун аткардым мен.
Ак эмне, кара эмне түшүнүү үчүн,
А бирок кылым дагы аздык белем…

Бүгүн мен капалангым келбей турат,
Ыйлагам Жаңы жылда.
Алакан жайып анда бата бербей…
Укпастан калоо-тилек, ак сөздөрүн,
Апамды жоктоп жуулгам көз жашыма.

Андан бери көз ирметпей жылдар өттү,
Адамбыз ээ унутуп өткөндөрдү.
Быйыл мен аяктаймын окуу жылын,
Бул сенин тилегиңдин бири болчу.
Аруу болчу, таптаза, бийик болчу,
Өзүңө окшоп супсулуу, назик болчу.

…Эсимде бир күкүм нан көздөн учкан,
Күкүм нан болгон-сүйүүм, арманым да.
Оорулуу, алсыз, назик колуң менен,
Саамайым сылап туруп айткан элең:
“Ач калбайм, бийиктерге жетем десең
Окугун, өнүп-өскүн билим менен,
Сыймыгым болчу кызым”,-
Дегенде сени аяп, күчөп ыйым,
Шолоктоп кучагыңда өксүгөнмүн.
Аз өтпөй жер бетине көөмп коюп,
Тилегиң аткарам деп өжөрлөндүм…

Ишенип турам алган билимиме,
Карабас менин эч ким кийимиме…
Адамдар карайлатып койбосо экен,
Суу себип күйүп турган билигиме.
Белимди майыштырып, адаштырып,
Тийбегиле апамдын тилегине!
31.12.03.

 

СЫРТТА ЖАМГЫР, ҮЙДӨ МЕН

Жамгыр төгөт… Кусалыкка чөмүлүп,
Кыжы-кыйма адамдардан бөлүнүп,
Эмнегедир бара жаттым шашылып,
Үйүм гана жылуу сымал сезилип.

Терезелер калган эле жабылбай,
Башталган ыр калган эле жазылбай,
Балким ушул шылтоо гана болгондур…
Төгүлчү элем жамгыр менен басылбай.

Жуулуп денем, жуулуп дилим бүтүндөй,
Наристедей ойлор таза болуучу.
Мен жамгырды жакшы көрбөй коё албайм,
Бирок мындай күндө көңүл оорулуу.

Үйүмө да жеттим мынча шашыла,
Ак барактар бөлмө толо чачыла.
Мени күтүп жаткансышып сезилип,
Ыр жазууга отурамын шашыла.

Өзүм менен өзүм калдым жапжалгыз,
Эки жүздүү ыпластыктан кутулуп.
Ошол кезде болушпады жанымда,
Мээрман жандар берип мага жылуулук.
03.05.06.

 

БАР БОЛГУЛА ЖАКШЫЛАР

Таарынып тамашага
кырс мүнөз кекенгенден түнөрдүбү?
Көздөргө толуп кетти
ызага оронушкан таарынычың.
Муздаган көңүлүң да
акырын түңүлүүдөн качып барат,
Туйган жок көңүлүмдүн
балдакка жөлөнүшүп сынгандыгын.

Мейли эми менден алыс
калганың экөөбүзгө дурус болоор,
Эч кимге өтө жакын
ыпысык мамиледе болгум келбейт.
Түшүнбөйм кимдин кимин
калтырып кетмейинче көңүл суутуп,
Мага ким жакындыгын
жалгыздыгым гана тескеп-иргейт.

Канча адам тирүүлүктө
ирметпей кирпигимди кезигишет,
Чөлкөмүм бирде жакса
кээ учур жалгыздыкты самап келем.
Ылгабай баардыгын тең
Жүрөктүн кеңдигине батыра албайм,
Жакшылар бар болгула,
кечирип кемчиликти кетиришкен.
29.12.04.

 

* * *

Турмушка мен сырдуу болдум,
Болдум кээде сөз бербеген шунча көк,
Сабырдуу болдум кээде ,
Кээде бошоп көз жашымды төккөнмүн…
Турмушка мен таарынычым айтсам наалып,
Салып койду тартибине бат эле.
Кабак ачпай кайгыруудан
өлгөн эмес эч ким, мен да өлбөдүм.
Рахмат турмуш!
Адам кылып акыл бердиң,
Адаштырып кайра жолум таптырдың.
Жароокермин, жайдарымын,
Кубандырып кабагымды ачтырдың,
Рахмат турмуш!
Бал жебедим, уу ичпедим,
Бир билгеним мезгил баарын тирилтип,
Айыктырып уулуу дарттан,
Адамдыктын жолун тап деп,
Адал кылып тазаладың.

 

КӨҢҮЛҮМ ДАЛЕ БАЛА БОЙДОН

Таарынып менден жүзүң буруп кетпе,
Саресеп салбай тетир сүйлөп койсом.
Мурчуйуп туйтуң этсем маани бербе,
Көңүлүм али билсең бала бойдон.

Байкабай баёлукка салып кокус,
Эркелеп оюн салсам көтөрүп кой.
Бир жолу оюм менен болуп койчу,
Чырт этип көңүлүмдү кагып койбой.

Туш-туштан турмуш алса кысымына,
Көтөрүп башты бийик жеңүү үчүн.
Акылың айтып, кеңеш кошуп койгун,
Шол убак жеңилдетип бир аз жүгүм.

Капалык карегиме уюп алып,
Жетелеп каякадыр сары санаа.
Кеч күздөй бүркөп турсам кабагымды,
Күн болуп тийип турчу өзүң мага.

Майышып ушак-айың уулу кепке,
Өңүмдөн азып, боздоп турсам жалгыз.
Баарынан кечип кетип келчи мага,
Өмүрдүн жыргалы жок махабатсыз.

 

* * *

Сен да унчукпа кемибесин сезимдер,
Күтүүсүздөн жер бетинде кез болуп,
Биз экөөбүз жакын болуп калганда,
Алыстыкты самап турам жез болуп.

 

* * *

Көздөргө миң катылган сырың ачпа,
Сөз эмес, жүрөк менен гана сезип.
Өткөндү барактаба! Калсын артта!
Мөлт эткен жаш чакырба көөнүм эзип.

 

* * *

Таамп кетти көздөрүмдөн эрксизден,
Кубанычтын балкыткан бир ирмеми.
Мен баарысын алдын алып эшиткем!

 

* * *

Айлуу түндөр оронушуп жылдызга,
Аалам бүтүн уктап жаткан сыяктуу.
Жолугушуу таяп барат кылымга…

 

* * *

Каректерим кокусунан жумулуп,
Кубанычка чайынышпай калганда,
Бактым кетти деп ойлоп кой жулунуп.

 

* * *

Унутулуп көсөө тамыр көйгөйлөр,
Унутулуп ачуу тилдер, суук көздөр,
Сен жана мен, тоо, суу, аба, арчалар
Жана эч ким… эске келбейт өткөндөр.

 

* * *

Оюм менен дүйнө кезип самсаалап,
Жалгыздыкты байыр алып калганда.
Көзүм ачып көрсөттүң  сен сүйүүнү,
«Жарыктыктан  өтпөгүн-деп-арманда!»

 

ТООЛОР УКТАЙТ

Муздак жел жортуп бийик ашууларды,
Боз туман ороп алып чокуларды,
Мелмилдеп уктап жатат өркөч тоолор,
Кеч күздүн кереметин тыңшап коюп,
Күтүшүп аппак карды, аппак карды.
22.10.05.

 

КӨЛ ЭНЕМ КҮТӨТ

Каректерге мончок болуп тагылып,
Көздөрүмдө балкып туюк сагыныч.
Ойлорумду алган менен багынтып,
Жете албадым туулган жерге бүгүн мен,
Уюп жаткан кыттай болуп кылкылдап,
Эс алгын деп чакырасың Көл энем.

Кумдарыңды салаалардан чуубуртуп,
Көз чаптырып балкып жаткан денеңе
Кум сыяктуу кыял кетчү куюлуп.
Жүрөгүмдө жарылчудай сагыныч.
Көз алдыма дайым тыптынч элесиң,
Күтөсүңбү жолум карап зарыгып,
Көп түйшүктөн барам бир күн бөлүнүп,
Көңүлүмдү жай кылууга ашыга
Көөдөн толгон сагынычка чөмүлүп.
24.10.05.

 

СЕН АК КАР, МЕН КӨК МУЗ

Аппак кардын актыгы сендей беле?
Көпкөк муздун көктүгү мендей беле?
Сынбасын деп аяйсың көңүлүмдү,
Ырлар жазам ансайын дарегиңе.

Чарк айланып жашооңдон кетпей келем,
А сен койдуң эшигиң ачып кенен.
Чуркап жүрүп буттарым жооруп бүтүп,
Чарпылсам да маңдайда буйрук деген.

Кыялдануу жомоктой ажайып го,
Чындык турмуш жакшы менен бүтпөйт дайым.
Жетелешип баспасам да теңиң болуп,
Кыялыңда болоюн сулуу айым.

Аппак кардай ак бойдон кала бергин,
Көпкөк муздай көктүктүн не кереги?
Сезим назик уялчаак кыз сыяктуу,
Ырлар гана чыйралтып жардам берди.
08.01.03.

Соц тармактар:

Азима Акунова: 4 комментария

  • 18.12.2014 в 16:46
    Permalink

    Каталар көп экен, корректорго текшертип, анан жайгаштырсаңар болмок

    Ответ
    • 19.12.2014 в 10:30
      Permalink

      Кемчилигибизди байкаганыңыз үчүн, аны бизге айтканыңыз үчүн чоң рахмат. Кемчиликтерибизди көрбөсөк, аны оңдой албайбыз, жакшы боло албайбыз.
      Бирок да кай жерде кандай ката кеткенин көрсөтүп берсеңиз да жакшы болот эле.
      Бизде, тилекке каршы, корректор деген жок. Материалдар кандай келсе, же түп нуска булакта кандай берилсе негизинен ошол бойдон сайтка жайгаштырылат. Ар-бирин кылдат текшерип, оңдоп турууга убакыт жетишпейт. Айрым гана учурларда көзгө урунган, мен байкап калга каталарды оңдоп коём. Бирок да ырларды болгон турпатында бергенге аракет кылам. Акындар ушундай калк болот, кээ бир учурда бул сөздү ал билбестиктен так ушинтип жаздыбы, же атайылап жаздыбы так айта албайсың. Айрым каталарды оңдогондон оңдобогонуң артык көрүнөт.
      Бирок, негизинен, мен сиз менен макулмун. Сайтка жайгаштырылган материалдар катасыз болсо жакшы болот эле. Бирок жана мен айтып кеткендей убакыттын тардыгынан мен көп нерсени байкабай да калышым мүмкүн. Ошондуктан сиз жана башка окумандар кайсы бир материалдарда каталарды көрсөңүздөр аны мага билдирип турсаңыздар жакшы болот эле. Эки көзгө караганда жүз көз көптү көрүп байкайт эмеспи.

      Ответ
  • 21.12.2014 в 22:11
    Permalink

    Поэзиянын жылт эткен учкундары байкалбайт

    Ответ
    • 07.12.2015 в 12:28
      Permalink

      Поэзиянын жылт эткен учкунун байкоо учун денгээл керек… Биздин бир профессор эжебиз акындын ырларына терен баа берип айткан созу бар: «жасап эмес, жашап жазган ырлар»-деп.

      Ответ

Добавить комментарий