Мусакун Сатыбалдиев

1950-жылдын 22-апрелинде Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Тубаса бут оорулуу болгондуктан убагында мектептен окуп, билим алууга мүмкүнчүлүгү болбоду. Он төрт жашка чейин сабатсыз болду. Кийин үйдө жатып, өз алдынча тамга таанып, китеп окуганды, жазганды үйрөнүүгө аракет кыла баштаган. Буга эжеси Зинагүл жардам берген.

Китептерди окуу менен гана чектелбестен, өзү да бир нерсе жазууга аракет кыла баштайт. Жакын арада райондук, областтык газеталардын штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

1972-жылдан 1978-жылга чейин Фрунзе шаарындагы кол өнөрчүлүк боюнча «Кыял» бирикмесинде жумушчу болуп иштеди. 1979-1984-жылдары Куйбышев атындагы колхоздун архивинде, колхоз башкармасынын катчысы, ошол эле учурда колхоз башкармасынын, партиялык жана комсомолдук уюмдарынын дубал газеталарынын редактору болуп иштеген. Кийнки жылдарда областтык «Ысык-Көл правдасы», Ак-Суу райондук «Эмгек жарчысы», шаардык «Каракол» газетасында адабий кызматкер, котормочу болуп эмгектенген. 1995-1997-жылдары Каракол шаарындагы медициналык окуу жайында окуу китептерин которуу багытында, 2000-2003-жылдары Бишкектеги «Бийиктик» басмасында редактор, 2003-2005-жылдары областтык «Ысык-Көл үнү» газетасында редактордун орун басары, ошол эле учурда республикалык «Бешене» газетасында саясий баяндамачы болуп иштеген.

1975-жылдан тарта көркөм чыгарма жазууга далалат кыла баштаган. Жазган ырлары, аңгемелери, эсселери, новеллалары жергиликтүү, республикалык газета-журналдарга, «Тоо булагы», «Көктөм», «Учкун» жана Москвадан чыгуучу «Истоки» деп аталган адабий алманахтарга такай басылып турган.

1988-жылы республикалык «Мектеп» басмасынан «Өрүк гүлү» аттуу биринчи ырлар жыйнагы жарык көрдү. 1993-жылы «Бар бол, Норуз» деген ыр жыйнагы чыкты. Бул китеп 1995-жылы Ирландиянын борбору Дублин шаарында эларалык кайрымдуулук уюму тарабынан англис тилинде жарык көрдү. Ошондой эле 1997-жылы «Үмүт Жол», 1999-жылы «Кечигип келген махабат», 2000-жылы «Бийиктик» басмасынан «Арбак куугунтуктаган адам», 2001-жылы «Свет в очах», 2002-жылы «Периштенин белеги» деген повесттер, аңгемелер жыйнагы, ал эми 2007-жылы «Бейиттеги бозторгой» деген роман-эссенин биринчи китеби, 2011-жылы «Сыр дүйнө» аттуу китеби жарыкка чыккан.

Айрым чыгармалары англис, монгол, орус, кытай, казак тилдеринде жарыяланган.

1996-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

Мусакун Сатыбалдиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Мусакун Сатыбалдиев, жазуучу: «Жашоо кумары менде күчтүү»

 

Кара сөз

Жанотсуз көздөр (повесть) 

Терек (аңгеме)

Дүмүр (аңгеме)

Келки жолдогу өмүр (аңгеме)

 

Ырлар

 

* * *

Бургуйлаган кар тозоңдо,
төштөрүнө бороон түнөп,
үрпөйүшкөн чымчыктар,
жүрөт недир чырылдап,
өз тилинде тирлик деген,
улуулукту ода кылып,
балким, жатат ыр ырдап.

Карлуу жерди чокулаша,
жанды сабап жем табат.
кайыкса да сенек болуп,
кыш тозогун тоготпойт,
жылуу жайга кетүү оюн,
жанга жакын жолотпойт,
бир азаптан безе качып,
өз мекенин жоготпойт…

Терезеден карап турам,
мен өзүмчө дел болуп,
бакыт издеп чачыраган,
жыты башка жат жерде,
дили чоочун жат элде,
багы тайып кем болуп,
азып-ачкан кыргызымды,
жаным сыздап ойлонуп.

А чымчыктар,
чырылдашат өз жерде…
27.10.08.

 

ЖАЛГЫЗ

Төбөңдө Күнүң жалгыз,
Ошондой Айың жалгыз.
Тикенек, кайыңдын да,
Сайылган жери жалгыз.

Кан берген ата — жалгыз,
Жан берген эне — жалгыз.
Тууганың кырк болсо да,
Жаралган денең жалгыз.

Төрөлгөн жериң жалгыз,
Бак көрчү элиң жалгыз.
Деңиздер жайнаса да,
Каректе — көлүң жалгыз.

Асманда Пириң жалгыз,
Ал берген тилиң жалгыз.
Карызга сурай албас,
Көөдөндө дилиң жалгыз.

Оорусаң коруң жалгыз,
Кайнаса шоруң жалгыз.
Тагдырың буйруп койсо,
Кыйчалыш жолуң жалгыз.

Кол жетсе сыйың жалгыз,
Кайгырсаң ыйың жалгыз.
Башыңа күн түшкөндө,
Кыркылат кылың жалгыз.

Умтулткан өрүң жалгыз,
Олтурсаң төрүң жалгыз.
Жубайдын жаны бөлөк,
Жай табар көрүң жалгыз.
БАШ  ДЕГЕН

О, Адам!
Тирликте баштан башка,
көксөйсүң нени дагы —
кырс сынбай кырчынында,
өйдөлөп жаштан-жашка,
турган чакта.

Асыл баш!
Теңирден жалгыз белек,
салмактап билген жанга,
таалайга мунун өзү,
бирден бир болмок себеп.

А бирок,
баш арбын калпак кийген,
таманы көп жер чийген,
калдайган караандары,
сызгырган аптап күндө,
сергитип журтка тийген.

Анан да…
баштар бар — салмагы жок,
муштумдай бармагы жок,
бир боз үй көлөкөсү, бирок дагы,
чүкөдөй дарманы жок.

Тирликте,
түркүм баш саналбаган,
бирөөсү ээринен эңилбеген,
бирөөсү аламанда жеңилбеген,
жарыгы күндөй тийип,
башкалардан эзели жерилбеген.

Баш барда,
ичиндеги акыл барда,
тирлик деген дүйнөнүн маңызы бар.
дарбыздай желип калбай,
үрөн болуп калбастан эгилбеген,
эртеңге таштап кеткен аңызы бар.

Баш деген…
жөн гана бир телпекти,
көтөрүп жүрсүн үчүн берилбеген…

 

КАЙСЫ ЧЕКТЕН

Иштен чыккан штурвалы кемебиз,
Сыяктанып багыт таппай келебиз.
Кайдыгерлик басып турат олчоюп,
Көөдөнү жок калганындай денебиз.

Жан-дүйнөбүз өзүбүздөн адашып,
Кетип калган сыяктанат кыр ашып.
Бейтаанышпыз бирибизге бирибиз,
Арзыбаска көңүл сынат чырдашып.

Көктөм кезде барик ачпай гүлүбүз,
Бир мусапыр болуп турат түрүбүз.
Илим колу Күнгө жеткен бу кезде,
Шамчыракка, көңгө түштү күнүбүз.

Коомубуздун дөңгөлөгү майланбай,
Кыйыктанат алды көздөй айланбай.
Байы бүркүт, колдо жогу кумурска,
Көңүлдөргө шамал урат жайланбай.

Дүйнөбүздүн ыйман, ары бөксөрүп,
Кол тийгенди үйдү карай бөктөрүп.
Жармачтарды ай-талаага калтырып,
Кетээр болдук турса деле көз көрүп.

Коомубузда арбыды адам ар кандай,
Баш ордуна, беткеп кийип алгандай.
Оң турмушту ойроттордой ойрондоп,
Адам эмес, дүйнө сыздайт армандай.

Доордо ушул дүрмөтү жок октойбуз,
Тирүү туруп бу жашоодо жоктойбуз.
Курууга эмес, кыйратууга келгендей,
Билбейм эми кайсы чектен токтойбуз.
БОШ КАЛАБЫ

Майрамдын да сайраңы жок баштагы,
Кайда маанай жаркын кабак-каштагы.
Адам тургай көздөн далдоо буйткадан,
Буттан чалат балыр баскан таш дагы.

Көк асманда жупташ Ак куу көрүнбөй,
Күндөн «күлкү» баштагыдай төгүлбөй.
Биз калбырга сууну ташып жаткандай,
Бул турмуштан таттуу жемиш терилбей.

Кыйрап калган үмүттөр — тепсеп гүлүн,
Зумбал каптай артынып көйгөй жүгүн.
Арга жок ыраак кетип туулган жерден,
Дүйнө кезип, кум болот кыргыз бүгүн.

Кыйнап жаткан эл жайнайт жок азабы,
Журттан чыгып Данколор жол чалабы.
Кыргыз элим чет жакты башпаанектеп,
Ыйык журтту жат тепсеп, бош калабы…

 

* * *

Ак чынынын чекесиндей кетилген,
Бул жашоонун барактары өтүлгөн.
Сиңип-сиңбей бүркүлгөнү сезимге,
Жаштык кездин элестери өчүлгөн.

Жаштык өзү мага болуп чочундай,
Жабыркадым курбуларга кошулбай.
Суулугунда кетпес өксүк тамчылап,
Торат калды жалгыз мага токулбай.

Обочолоп кайың турду мен барбас,
Гүлдөр солду терип-үзүп мен албас.
Жаштыгымдын бир үзүрү кайрадан,
Күндөй күлүп саамайыма эч жанбас.

Жемиши аз болсо да артка каратып,
Миң кыйылам карт дөбөгө баратып.
Кол жетпеген гүлүн жыттап аламын,
Кыял менен жаштыгымды жаратып.

 

КИШЕНДЕДИМ

Сазына сагынуунун кетпейм чөгүп,
Табалдым кусалыктан ырларымды.
Термелеп таруудайдан чогултамын,
Ичинен санаалардын жыргалымды.

Сезими аз секелекке жетпедим деп,
Дилимден тээ бийикте пастабадым.
Көзүнөн атып турган шылдыңына,
Ардана бойду жардан таштабадым.

Чүлүктөп көйгөйүмдүн күлүктөрүн,
Оңуна тизгин чойуп бурдум башын.
Өмүрдүн булагынан ууртап алдым,
Бүлүнтүп тагдырымын чулу ташын.

Өксүктүн сабагынан гүлдү өстүрүп,
Өзүнө чамбар кылып сундум кайра.
Каарды чыпкаладым мээрим кылып,
Чачылган ойлорумдан тердим сайда.

Маңдайдан мен бөксөнү жерибедим,
Тагдырдын тайкысына жаным ачып.
Эркимди кайрап коюп карап турам,
Сыздаткан кемтигине күлкүм чачып.

Тирлик бул — асылдыктын асылдыгы,
Маңдайга буйрат дешет — ишенбедим.
А балким, тагдыр мени майыштырды,
Болбосо, мен тагдырды кишендедим.

 

* * *

Сени унутуп баратканда жаңыдан,
Капысынан жылт этесиң жаныман.
Андай кезде дарман кетет денемен,
Көз ирмемде тайыгандай багыман.

Сенин бутуң тийип өткөн көчөдөн,
Баскым келбей алысырак өтөм мен.
Өз колуңдан өлүп калган сезимим,
Тирилгендей баш көтөрүп алат дем.

Каалабаймын өзүмө азап чектиргим,
Жүрөгүмө киргил сүйүү келтиргим.
Дене өлсө өлсүн, бирок келбейт эч,
Мен сезимди экинчи ирет өлтүргүм.

 

* * *

Бараттым башты салып,
көтөрүп келаткандай,
дүйнөнүн жүгүн жалгыз,
кеч күздө дарак жалгыз,
көчө жалгыз.

Кум болуп чачыраган,
алдымда, артта да ойлор,
алардын салмагынан,
кыстыгат демим чыкпай,
сол жактан чыгат өлүк,
оң жакта гүлдөйт тойлор.

Бар менен жок экөөнүн,
ортосу каш, кабактай.
Турмушуң куруп кетсин,
бышпаган ашкабактай.

 

БАЙЛАНЫП

Мен турмуштан далай ирет тепки жеп,
Жанга айландым ийлегендей эрки бек.
Камчысынан турдум кайра чыйралып,
Ошондуктан жан-дүйнөмдө жок эч кек.

Нечен түнөп кырс тамына тагдырдын,
Мезгил болду — алсыздыкка алдырдым.
Жыйнап терип алсыздыктан дарманды,
Капаны албай, тээ талаага калтырдым.

Бир мезгил бар — өзүмө өзүм окшобой,
Кыял тулпар — тизгин чойсом токтобой.
Келер күндүн алдын тосуп жылоолойт,
Бош кеткенин жан сыздатып жоктобой.

Жол татаалын беттеп турам шайланып,
Жер шарындай мен тирликти айланып.
Бу өмүрдүн туу чокусун кармайм дейм,
Жок, жокко эмес, өзүм барга байланып.

 

* * *

Шүүдүрүмдүн тамчысындай таңдагы,
Наз жылмайып чыгат бүгүн таң дагы.
Ак нур менен баш көтөрөт кайрадан,
Түнкү ымырттан өлгөн үмүт жандагы.

Бул тирүүлүк! Кандай таттуу адамга,
Зор чакырык таштайт ар бир кадамга.
Төгүнүнөн келген жокмун деп ойлойм,
Мен да шондой кубат болсом каламга.
3.11.08.

 

* * *

Тагдыр нечен мага өчөштүк иш жасап,
Кош таманым дале бүгүн таш басат.
Ошентсе да, кайгы үйүнө баш катпай,
Камчылансам үмүт-атым кырды ашат.

Бел мертинткен үмүттөрдөн гүл терип,
Алсыздыкты ыраак куудум мен жерип.
Күкүм болгон бакыт кышын чогулттум,
Куса толгон жүрөккө өзүм дем берип.

Башкаларга мажүрөө жан, бир кармын,
А чынында, тагдыр бүкпөс зор нармын.
Тыным албас буркан-шаркан турмушта,
Күрөш барда, ишенип кой, мен бармын.

 

БАШКАЛАРЫ

Ошол учур бир кезигип тагдырга,
Дүйнөнү да турдум эстен чыгарып.
Жандын өзүн эзгилеген шириндей,
Сезим менен дал жүрөктү сугарып.

Буга чейин жашаганым жок сымал,
Мен өмүрдү ушул саамда сезгендей.
Мезгилими сапырыпмын жел менен,
Сендей асыл, перизатка кез келбей.

Нур кылгырган көздөрүңө карасам,
Жүзүм сенин карегиңден тунгандай.
Дүйнөгө мен жарык чача шаңданам,
Сен эмес, Күн катарымда тургандай.

Ширин учур колдон учту капыстан,
Ошол күнү бактым соңку күлгөндүр.
Өбөөрүмдө терс карадың жөн салды,
Балким, ойдо башкалары жүргөндүр.

 

* * *

Күтүлбөй келдиң бир күнү,
Дүйнөмдү кайра бүлүнтүп.
Жаранын картын ачкандай,
Сыздатып жанды күйүнтүп.

Сен сезбес ууздай сезимим,
Жалбырак болгон күбүлүп.
Үмүттөр кайып жок болгон,
Мен калгам качан түңүлүп.

Өз учур менен куш карма,
Кеч бешим кезде оштонбой.
Жүрөгүм башка деп согот,
Жайыма койчу, шоктонбой.

 

МЕН  ӨЗҮМӨ

Мезгил кыркат билинтпестен,
алдыдагы баса турган жолду улам,
ал ансайын өмүр ширин көрүнүп,
көз кызартат эртеңки жашыл тулаң,
майнабы аз күндөр колдон төгүлүп,
жайдакка өсчү бүчүр илинтпестен,
тирликтин бөксөргөнүн карап турам.

Бир гана ой дайрасы,
агып жатат чарчабай да токтобой,
алып жөнөп бут тийбеген жайыкка,
кээде салып калагы жок кайыкка,
кээде калып атар огун октобой,
дүйнө турат кечээкидей козголбой,
толкубай да, же бир тамчы кемибей,
күн да чыгат кечээкидей, а бирок,
бара жатам мен өзүмө окшобой…

 

ОЛТУРАТ

Качанкы бир өчкөн сезим,
Капыстан кайра жанданат.
Көңүлдүн күүгүм кечине,
Элесиң жагым шам жагат.

Сыны өчкөн ошол элеске,
Аргасыз барам тартылып.
Көзүмдөн дүйнө тунарат,
Колдорум саган артылып.

Эчаккы өткөн жаштыгым,
Жылт эте түштү белестен.
Өзүмө келдим бир кезде,
Суурулуп чыгып элестен.

Көзүмдү ачсам селт этип,
Оюмда курук жел турат.
Улутунган, ичтен тынып,
Көөдөндө арман олтурат.

 

* * *

Өлүштү кагаз көрбөй канча ырлар,
Кыярды мөмө төкпөй эчен жылдар.
Өмүрдүн терилбеген бермети арбып,
Саргайды өтүлбөгөн жашыл кырлар.

Канча из таман тийбей тамам болду,
Туз арбын, татымы кем заман конду.
Үмүттөр өлө берип кыраңды ашпай,
Муң менен көкүрөккө арман толду.

Капыстан айрылгандай биз акылдан,
Эртеңге эмес, кечээкиге багыт алдык.
Чак түштө жолун таппай кайсалаган,
Бир жолоочу барыбыз окшоп калдык.

 

ЖОЛУМАН

О, канчадан калем түшүп колуман,
Адашамын ыр дүйнөнүн жолунан.
Буйуктурган сары санаа бут тосот,
Ошол жакка бара жаткан жолуман.

Эмнегедир илхам келбей алыстайт,
Бирок үмүт издегенден талыкпайт.
Ак жылдызы көрүнбөгөн бүдөмүк,
Көз алдымда мунарыгы чабыттайт.

Койдумбу же ага бир так жугузуп,
Байкабастан жагымсыз сөз угузуп.
Аракеттен мен берекет таба албай,
Алаканга алтыны жок — кум сузуп.

Ыр дүйнөсү — жан азыгы адамдын,
Тамырлары уруп турган замандын.
Баа-насилин баалай алган өмүрдүн,
Гүлазыгы шилтенген ар кадамдын.

Бул дүйнөгө азап менен келгемин,
Эшигинде кемер сымал желгемин.
Сезим жанган бир нече сап ырына,
Өмүрүмдүн жарымысын бергемин.

О, бу дүйнө ажайып бир бийик төр,
Жетем деген төгүш керек булак тер.
Байлык эмес, өмүрдү эмес узарган,
Сурайм Теңир, калемиме кубат бер.

Жыл айлана калем түшүп колуман,
Бушаймандуу дүрбөлөңгө жолугам.
Ыр дүйнөсүз — өзүм тирүү өлүкмүн,
Дабандары арбын чыксын жолуман.

 

БАРАТКАНСЫЙТ

Бейиттерде нечен асыл баш жатат,
Аларсыз да кечтер кирип, таң атат.
Капарына өлүм кирбей көз ирмем,
Канча адам бейит жандап баратат.

Таңы менен тирлик үчүн итеңдеп,
Бүтпөс ишти бүгүн эле бүтөм деп.
Ал-абалын аңдай билбес желөпкө,
Замананын нар төөсүнө түтөм деп.

Бар, жогунун арасында салпаңдап,
Жетпесине жанын үрөп талпаңдап.
Канча пенде аптаптагы муз болуп,
Өмүр көчтүн эң соңунда антаңдап.

А канча жан бийлик десең ийилип,
Батман болот боелуп да, чийилип.
Эске келбейт таштандыга түшөрү,
Тапичкедей бир-эки күн кийилип.

Көргөнүмдө замананын күндөрүн,
А асманда жылдызысыз түндөрүн,
Башка жака келген сымал адашып,
Угалбаймын адамдардын үндөрүн.

Түшүнүксүз бу жашоону кечирип,
Жан-дүйнөдөн адамдыкты өчүрүп.
Кими, бирөө жүктөп бизди кемеге,
Бараткансыйт туңгуйукка көчүрүп.

 

САЛМАГЫ БАР

Жол боюнан бейитти көргөнүмдө,
Өмүрдүн асылдыгын бир сеземин.
Сан ойдун сөнгөнүмдө түпкүрүнө,
Жан бырчалап өзүмдү миң эземин.

Тириликтин бир күнү эмне берет,
Жарыгынын асылы кимдерге эле?
Барынан куру алакан калсаң дагы,
Дүнүйөгө жаңылыш келдим дебе.

Тирүүлөрдүн ичээрге булагы бар,
Татымы ар бирөөнө башка-башка.
А бири Айды көздөй сунса колун,
Бирөөнүн бакыт гүлү өсөт ташка.

Тирүүлүк — бекер эле белек эмес,
Бир күнү моюнуңа кымбат карыз.
Келүү менен кетүүнүн ортосунда,
Карап турат ар кимди улуу парыз.

Кокусунан келбеген бу дүйнөдөн,
Өтсө да тирүү бойдон калмагы бар.
Өмүрдүн түпкүлүгүн билсең эгер,
Кетүүнүн да ошончо салмагы бар.

 

КЕТТИМ АНАН

Мен өзүмдү карап турам тунжурап,
Чаң каптаган терезенин сыртынан.
Чырпыгында чырт эттире ийилтип,
Тагдыры ага эмнегедир тырчыган.

Өксүгү бу — кыйгач өткөн бактысы,
Балалыктын шаң учурган кутунан.
Имериле, кайрылбаган тирликтин,
Балын эмес, арбын татып тузунан.

Өксүүсүнүн кийген кара чапанын,
Чыга албай оору аттуу «тузактан».
Жалынына жылынбастан мемиреп,
Жаштыгын да куса менен узаткан.

Сапырылган санааларга чөмүлүп,
Балкыбаган жарыгына дүйнөнүн.
Бир бүдүрүн чыгарбаган сыртына,
Өзү жутуп ичтеги өртүн, күйгөнүн.

Өз оюнан мойнобогон тагдырдын,
Бек кептелген сайрооңуна кемеси.
Жалгыз гана көкүрөгү тирүү жан,
Көп жеринен талкаланган денеси.

Ага болбой, өжөрлүктү камчылап,
Жанын үрөйт тирүүлүктүн өрүнө.
Колго жугар нерсе жасап калышка,
Жөнөгөнчө келбес жайдын төрүнө.

Мен өзүмдү карап турам окчундап,
Жанетинен кыйла ишин жасаптыр.
Талкаланган ден соолугун көтөрүп,
А көбүнөн салмагы көп жашаптыр.

Көөнү калбайт али ашуу-дабандуу,
Башын жөлөп тириликтин төшүнө.
Жүрөк булкуп, кеттим анан уялып,
Карай албай жалын толгон көзүнө.

 

УЛУТТУН ДӨӨЛӨТТӨРҮ

Эх, заман, өчөгүштүң кимибизге,
Жыланың сойлоп кирди дилибизге.
Асылы жан-дүйнөнүн талкаланып,
Айланды жууса кеткис кирибизге.

Жыртыктын бүтөлмөгү кыйын эмес,
Чыгынса бут алдында бийик белес.
Бүлүнгөн калааны да салса болот,
Бирөөсү айтканымды жалган дебес.

Табылат бир өлүмдөн башкалары,
Түздөлөт керек болсо — аска, жары.
Күн өтсө арбып барат каран калган,
Коомдун асылы эмес, «кашкалары».

Оо, алар эл көйгөйүн уруп койбой,
Түлкүдөй коюнуңду жүрөт жойлой.
Ыйманын нан ордуна кайсап алып,
Бир гана өз башынын камын ойлой.

Сатышат бийлик үчүн атасын да,
Чыгышат тепкич жасап апасын да.
Арына чылап туруп ичип койгон,
Бабалардын каргышын, батасын да.

Жоломаны ошолор биздин күндүн,
Көлөкөсүн түшүрүп каран күндүн.
Арабасын мекендин тартмак түгүл,
Көтөрүшөт түндүгүн коюу түндүн.

Убада атту купкургак кулачтардан,
Тоюндук итаалыдай «силачтардан».
Какшыбасын улуттун дөөлөттөрү,
Арылабыз канткенде жыластардан?

 

ЖЫЛУУ ЧАЙЫНА

Китеп кылып өткөнүмдү барактап,
Жашоомдун бүктөмүнө кезигемин.
Өткөндөй ал дүйнөдөн башкасына,
Өзүмө өзүм бейтааныш сезилемин.

Чамасы чарк канатымды каккылап,
Учамын деп жанетим жеп асманга.
Умтулупмун бийигине жалтанбай,
Куш чарчаган дабандарды ашканга.

Кайратымды жүктөп алып жонума,
Көбү даабас оор жолдон басыпмын.
Байлап салып тобокелге башымды,
Кээ бир атан өтпөс ашуу ашыпмын.

Жүрөк кургур, өз чамасын карабай,
Сулуу жанга жетелетип эркин бүт.
Учур болгон тээ бийиктен караган,
Деген сымал эркиң жетсе мага түт.

Сүйүү баркын түшүнбөгөн секелек,
Жыгылбагам терең жарга түртсө да.
Чөгүп калбай туруп кеттим ордуман,
Кызыл жалын дал көзүмө сүртсө да.

Бүктөмдөрдөн көп нерсеге кезиктим,
Башты салдым айрымдардан уялып.
Көп күндөрүм сапырылып өтүптүр,
Калбыр менен ал дайрадан суу алып.

Эми болсо — курак башка, ал башка,
Кечээки өмүр ошол бойдон турбаган.
Сезимдердин мизи мокоп жаткандай,
Кыялдан бир кымбат мунар курбаган.

Жетпедим деп өкүнүп да, өксүбөйм,
Бу турмуштун жашыл ыраң жайына.
Таңды тосуп, топук кылып олтурам,
Жубайымдын берген жылуу чайына.

 

БИЗ ТИРҮҮБҮЗ

Атыбыз аксап жолдон,
Арбыбайт сапар эмне?
Манкүрткө айланабыз,
Эс кирбей бизге эмне?

Бүтүндөй ээлеп алды,
Көөдөндү акча деген.
Адамдык касиет бар,
Дүйнөңдү акча жеген.

Адамдар, кимбиз деги,
Түшүнбөй кетем кээде.
Тууганың чоочун болуп,
Суук ой ойнойт мээде.

Ишеним бийлик деген,
Таманда өлүп жатат.
Миң ачка, он шылууну,
Пайдасын көрүп жатат.

Кемеси Ата журттун,
Тайыздан чыга албай.
Келебиз улам аксап,
Жемкорду жыга албай.

Турабыз жылалбастан,

Тыгылдык сазга неге?
Кыргызга бу жашоону,
Жазган жок бешенеге.

Журтташым, ойлонолу,
Жеримдин сөөлөтү бар.
Дүйнөгө даң салуучу,
Элимдин дөөлөтү бар.

Бурадар, биз тирүүбүз,
Үмүттөн кайрылбайлык.
Бар-жоктон айрылсак да,
Намыстан айрылбайлык.

 

БИЗ

Текөөргө тээп турган,
Арамдык сээп турган,
Байлыкка башын ийип,
Намысты ээкке урган.
Барынан жогу арбын,
Болорбу заман курган?

Чындыгы өлүп калган,
Салтанат курат жалган.
Жыргалын жылас алып,
Көйгөйүн башка салган.
Кими бар бизден башка,
Ушундай үлүштү алган?

Алгалап жыла албаган,
Алтын доор кылалбаган.
Ата Журт кулундары,
Муштумдай куралбаган.
Бороондон эл калкалап,
Төш тосуп тура албаган.

Көөдөндө ар болбогон,
Бөксөсү түк толбогон.
Өз жерин тоноп алган,
Бизчелик эл болбогон.
Кай жакка баратабыз —
Түйшөлүп он толгоном.

Кыргыздын дөөлөтү бар,
Дүйнөгө болгон бүт жар.
Мындай жок башка элде,
Салбайлы пейилди тар.
Биз Манас урпагыбыз,
Болбосун журтубуз кар.

 

ӨЗҮМ МЕНЕН

Сыздайт жүрөк эмнегедир өзүнчө,
Толуп, эми жарылуучу вулкандай.
Көңүл таңы булуттарга жашынып,
Адат болду мага ушу, бул кандай.

Кээде өзүмчө селтең этип аламын,
Капысынан муздак илеп ургандай.
Эмнегедир карай берем алдыртан,
Кетүүчү күн босогодо тургандай.

Сыздап жүрөк, кусаланат өзүнчө,
Бу ааламда жалгыз өзү калгандай.
Үмүтүнүн канаты миң кыркылат,
Өмүрү бүт сезилип эң жалгандай.

Көзгө толуп, марытпаган жарыгы,
Шекери кем өтүп аткан күндөрдүн.
Уйку-соодо жүргөнүндөй сезилет,
Арасында өмүр сымак сүлдөрдүн.

Беймазанын оромунан чыга албай,
Соорото албай убарамын жүрөктү.
Кеткичекти жеңе албайт көрүнөм,
Өзүм менен болуп аткан күрөштү.

 

АЛАЛЫК

Кыргыздын пастап дөөлөтү,
Оолактайт жердин сөөлөтү.
Жүрөктү бийлейт коогалаң,
Бүткөндөй рухтун мөөнөтү.

Кемип тур журттун насили,
Кош колго толбойт насиби.
Үстөмдүк жасап турган кез,
Турмуштун кылган «азили».

Маанайлар түшүп салаңдап,
Бакытты табалбай алаңдап.
Илинип Домоктун кылычы,
Тургандай төбөдө жалаңдап.

Жашынып жаркын күндөр,
Муңу арбын чыккан үндөр.
Замандын жүзүн карартып,
Түндүктөй басат бу түндөр.

Байрак кылып журт демин,
Жылдырып заман кербенин.
Муштумдай болуп түйүлүп,
Алалык татаалын жергенин.

 

БИР ӨЗҮҢДҮ

Оо, кыялым, жылаңайлак чуркаган,
Шамы жанган үмүттөрдү курчаган.
Көзүм күйүп, сезим минип канатты,
Жете албаймын кубаласам артыңан.

Чылбырыңды жулуп алып мендеги,
Кай тарапка баргың келет сен деги?
Сереп таштап, мени эске албайсың,
Күз жакалап барып калген кездеги.

Азгырылып, асылкечти жандайсың,
Өзүңдү-өзүң аңдабаган, кандайсың?
Колуң жетпес бийиктикке умтулуп,
Көз жазгырып мени кошо алдайсың.

Оо, кыялым, мынча бийик кетпегин,
Мезгил деген тоскон чектен өтпөгүн.
Талыбаган канатыңды миң күүлөп,
Кокустан сен дал булутка жетпегин.

Мейли эми, сени тутуп тыйбаймын,
Кээде өзүм бул дүйнөгө сыйбаймын.
Өзүмдү эмес, айтпай келчү ажалга,
Жалгыз гана бир өзүңдү кыйбаймын.

 

БУРАДАР

Чаң-будуң түшкөн коомдо,
Чаң-будуң атып жашайбыз.
Айланып калып каманга,
Жасабас жорук жасайбыз.

Башмалдак атып барабыз,
Токтоочу чектен токтобой.
Бейтааныш болуп барыбыз,
Кыргызга калдык окшобой.

Жеп-ичкич чыгып көбүбүз,
Митеси болдук Мекендин.
Ал тургай өмүрдү өчүрдүк,
Агызып жашын көп элдин.

Тоголок дүйнө айланып,
Миң үмүт өлгөн таң атат.
Жоломан болуп турабыз,
Жашообуз кайда баратат?

Алтындан сарай салабыз,
Убада, кургак сөз менен.
Жоголуп барат наркыбыз,
Пейлибиз тарып кепкенен.

Бийлиги менен байлыкка,
Аттанып алдык мергендей.
Жан-дүйнө такыр өзгөрдү,
Чет планеттен келгендей.

Өмүргө келдик эмне үчүн,
Эмнени таштап кетебиз?
Таба албасак буга жооп,
Адамдык парзды нетебиз?

Ойгонуп саамга, бурадар,
Кыргыз рухубузду эстейли.
Жарыкка кайра чыга албас,
Кургуйга кулап кетпейли?

 

МЕН ЖАШООГО

Мен жашоого кетүү үчүн келбегем,
А тагдырдын эң татаалын жердегем.
Кадамдарым үзүмүн жейт жанеттин,
Төштү тозом бороонуна дембе-дем.

Энчиленип сай-таштары чыйырдын,
Чеги жоктой созулган ал кыйырдын.
Аткан таңдын ууз нурун көрөм деп,
Таманымды сансыз ирет сыйырдым.

Өчөгүшүп туш-тушумдан жулмалап,
Күндөр келет ырысы жок, куржалак.
Турмушумдун чөлүн кезип келатам,
Мен тобону байрак кылып булгалап.

Жонго салып тагдырымын сынагын,
А көзүндө: «жыгылгын же чыдагын».
Кайрат качып, үмүт өлүп мүңкүрөп,
Бутак болуп кээде, чыны, сынамын.

Кыйындыктан кайра курчуп өчүгөм,
Жетемин деп көксөткөнгө көшөрөм.
«Өкүнбөй кет бейитиңе» деймин да,
Өзүмдү-өзүм күчтөп атып көтөрөм.

Өмүрдү маа коротсун деп бербеген,
Колдон өтсө жүзүн буруп келбеген.
Теңир мага куру жарык чачкан жок,
Мен жашоого кетүү үчүн келбегем.

 

«АК-БАКАЙ»
(Коргоолдун күүсүнө карата)

Көз алдыма «Тадж-Махалдын» элеси,
«Ак-Бакайды» уккан сайын тартылат.
Арга кетип, чөлдө жалгыз калгандай,
Жан-дүйнөмдөн зор кусалык артылат.

Адам жанын, жан өксүгүн тирилтип,
Жүрөк каны — толкун болуп кубулат.
Үч кыл комуз зор дүйнөнү жаратып
Акыл-эсти миң толгонтуп буй кылат.

Чымыратат ар бир кайрык дирилдеп,
Сезимдерге таш мөөрүндөй чапталат.
Дүйнө элдерин эсталдырган Пирамид,
«Ак-Бакайдын» бут алдында тапталат.

Оо, «Ак-Бакай», сени мага тагдырым,
Жан бөксөмдү толтурууга бергендей.
Сенден көрүп сезимдин туу чокусун,
Жалгыз гана сени угам деп келгендей.

О, «Ак-Бакай», сен болбосоң өмүрүм,
Бир капталы эңшерилип, кем болмок.
Сүйүү даамын тата албастан арманда,
Сезимдерим көртирликке жем болмок.

«Ак-Бакайдын» кайрыгынан керемет,
Дүйнө ажайып, акка чөгүп тунгандай,
Сереп салып бүт жашоомдун жолуна,
Фудзияма тоосунда ойлуу тургандай.

Кыргызымын Конфуцийи сизби дейм,
Жан-дүйнөмдү ушул күүгө көксөткөн.
О, аксакал, кандай жансыз күү менен,
Махаббаттын туу чокусун көрсөткөн.

«Ак-Бакайдын» кайрыгына термелип,
Бул жашоонун көйгөйүнөн мен кетем.
Коргоол ата, көөдөнгө азык бердиңиз,
Сизди күүнүн пайгамбары деп сезем.

 

ПИЗА МУНАРАСЫНА

Адамзаттын акылынан жарк эткен,
Кереметке сейрек, сейрек жолугам.
Кылым кыйрын узатасың күлүктөй,
Сен жаралып адамдардын колунан.

Кай максатта, эмне мүдөө аркалап,
Ушунчалык азап менен салындың?
Бу дүйнөгө келгенден соң бир гана,
Жыгылууга эмнеге эрте камындың?

Жүрөгүңө жылдыз болгон дайыма,
Үмүтүңдөн бирөө кыркып алдыбы?
Түшүнбөгөн сенин насил-наркыңа,
Адамдардан көңүлүң бүт калдыбы?

Балким, өзүң бир тараза чыгарсың,
Адамдардын эркин, күчүн сынаган.
Бир сен үчүн бүтүн өмүр короткон,
Кандай чебер кирпичиңди кынаган?

Жантаясың жүрөктү сен козголтуп,
Түбөлүктүү нерсе жогун жар салып.
Көрөр күнүн, ичээр суусун соолтуп,
Мезгил деген баарын коет аңтарып.

Шаңыраңдап келатабыз билбестен,
Ким бирөөбүз акыркы таң атканын.
Адамдардын эскерткичи белемсиң,
Сен өмүрдүн кулап бара жатканын.

Бир саамга көйгөй күйдөн алыстап,
Сени көрүп, биз жашоону эстейбиз.
Жантайсаң да, тура бергин, мунара,
Сенден озуп эченибиз «күп» дейбиз.

 

АРМАНГА

Көп адамдар сени жектеп келишет,
Кезикпеске жанын сабап, жеришет.
Мүмкүн болсо алыс кыйгап өтүүгө,
Колдо барын төгүп-чачып беришет.

Чын асылы билинбеген жалгансыз,
Белде калат болсо адам дармансыз.
Болбойт дешет далилине тойгузуп,
Бул дүйнөдө пенде аттуу армансыз.

Сезген жанга ачуунун бар таттуусу,
Сууктун да болот билсең таптуусу.
Караңгы түн жеңилгендей ак таңга,
Кайгынын да болору чын шаттуусу.

Чынында эле сенсиз адам жашайбы,
Каалаганын иштеп, барын жасайбы?
Турмушунун миңтарамдуу жолунан,
Канча жандар мүдүрүлүп, кашайды.

Балким, бирөө жашары чын өзүңсүз,
Жылт этпеген мунарыктуу көзүңсүз.
Жаракатын берип турган он кайрып,
Жан-дүйнөгө канжар урган сөзүңсүз.

А мен жашайм сени менен алышып,
Күндө сайын кол алышып табышып.
Бирибизден — экинчибиз түк калбай,
Турмуш менен келатабыз жарышып.

Бирок да мен ишен, сени жерибейм,
Жанетти жеп турсаң деле кемибейм.
Көкүрөгүн жабыктырган армандын,
Алсыз адам жок болучу жеми дейм.

Сенден арман, анык сезип өмүрдүн,
Кымбаттыгын, аган анык чөмүлдүм.
Сен жок жашоо болот беле тузу кем,
Кетпе арман, табы болгун көмүрдүн.

 

ЖАЗЫЛГАН БЕШЕНЕГЕ

Бу дарактын тамыры жер алдынын,
Тереңине бек сүңгүп, катылгандай.
Темиркул дос эзели күтпөс жерден,
Бир сөз айтты чыкыйга атылгандай.

Мага окшогон ал дагы майып адам,
Төрөлгөндө дарты да эрчий келген.
«Биз сыяктуу ашына, башына жүк,
Адамдарды чогултуп, бөлүп элден,

Алпарып окчун жерге таштап салса,
Өлкөгө көп жеңилдик болот беле?»
Чагылган чарт эткендей бу сөзүнөн,
Дирт этип чочуп алды бүткүл дене.

Мунусун азил-чында айткан менен,
Каректин түпкүрүндө жатат арман.
Зыл салмагын сездирген ар дайыма,
Тамчы кыттай көңүлгө уюп калган.

Карап турам мелтиреп талыгандай,
Көз ирмемге түндүгүм жерге түшүп.
Чагылган жарыгынан өзүмдү-өзүм,
Көргөндөй алгач жолу, деним үшүп.

Эмне дейм, Темикемдин сөзүндө бу,
Тагдырдын тамчылаган уусу жатат.
Дилдерди ынандырган чындыгында,
Таба албастан жоопту башым катат.

Тобо деп мүңкүрөбөй жашайлы эми,
Өмүрдү бербей койсо кылмакпыз не?
Жазылган ачуу-таттуу маңдайларга,
Буйруган күндү көрүп, наныңды же.

 

КӨРДҮМ СЕНИ

Оо, алтын таң, бешенеме кайрадан,
Ыба карап, тирлик болуп төгүлдүң.
Тээ качантан кусалантып көрүнгөн,
Жан биргемдей жұрөгүмө өбүлдүң.

Ажарланган нуруң укмуш, керемет,
Мен да нурга айланамын жаркыган.
Ушу кезде бардык көйгөй жоголуп,
Дүйнө тунуп, бир өзүнчө чалкыган.

Жылдыз үркүп, ак уюган затыңдан,
Жылмаюусун көрүп турам өмүрдүн.
Асманында торгойлор үн салышып,
Күлкү чачат сан гүлдөрү көңүлдүн.

Оо, алтын таң, шоолалана агылган,
Бу жашоонун кан тамыры экенсиң.
Бир чымчымдан өмүр алат барысы,
Сен түбөлүк түркүгүнөн бекемсиң.

Жылдызысыз бу түн менен бириге,
Көр-тирликтин коюу чаңы сүрүлөт.
Кубат алып сенин тамчы нуруңдан,
Өлүп калган кечээки үмүт тирилет.

Дилге мөлтүр ойлор сенден агылат,
Булагысың жашап, өмүр сүрүүнүн.
Бардык нерсе таманыңда тапталат,
Көрдүм сени, демек али тирүүмүн.

 

ЖЕР ДА СЕНИН

Башка жосун бизге аздык кылабы,
Адат болду жерге карап түкүрмөй.
Жамандыкка тез кабылып алабыз,
Алгылыктуу башкасына күтүнбөй.

Бирөөлөрү көөдөнүнүн боштугун,
Ушу менен атканындай далилдеп.
Майда нерсе акыр чоңго айланат,
Койбосо дейм өз адебин өзү жеп.

Улан-кыздар, бир саамга уксаңар,
Калбайлычы намыс-ардан кетиле.
Өз бетине өчкүс жара чыкса дейм,
Ким түкүрсө — жердин таза бетине.

Теңиримден ичтен тилеп суранам,
Өчпөсө деп жерге деген сүйүүбүз.
Жер — үйүбүз, дайым эске алалык,
Кандай кымбат экендигин үйүбүз.

Коом жылмак бир сөөмгө адамдар,
Бул адатты колдон ыраак түшүрсө.
Кантээр элең, элестетчи жаш улан,
Жер да сенин бетиңе шап түкүрсө.

 

ПАРАДОКС

Бара жатып буйтка жолдун четинен,
Сыздаткан бир көрүнүшкө кезиктим.
Самтыр жигит калдыктарды жеп атат,
Адеп мунум түшүм го деп сезипмин.

Таштандынын арасынан жер чукуп,
Тамак толгон табакка кол салгандай.
Жерден алып, бир нерсени сугунат,
Же жипкирбей, а болбосо жазганбай.

Эки-үч куу ит бери жылат жакындап,
Ал жигиттин бүт ырысын жулчудай.
Жерден чоң таш ала коюп тап берет,
Башын жарып, канжалатып тынчудай.

Кайдан келген каркылдаган каргалар,
Таштандыны чарк айланып конушту.
Анан жигит таякты алып, зыргытты,
Каркылдашып заматта жок болушту.

Кара мышык жакын келип жигиттин,
Үмүт артып, колун карайт жалдырап.
Бергиси жок, апсыгып жейт, о пенде,
Карап турам, кубатым жок шалдырап.

Ден соолугу чымыр жигит таштанды,
Төккөн жерди мекен тутуп байланып.
Курган турмуш, ушул күнгө жеттиби,
Калганга окшоп бир айбанга айланып.

Тагдырданбы, заманданбы ким билет,
Жүрөк булка ооруп чыкты зырылдап.
Бир кезекте мен селт эттим — телефон,
Бул жигиттин чөнтөгүнөн чырылдап.

 

* * *

Сенсиз өткөн күндөр оор күрсүнөт,
Биз олтурган булак небак соолуган.
Мезгил өзү махаббаттан алсыз го —
Кусалык жеп, жүрөк дале ооруган.

Эки ача жол маңдайларга жазылып,
Кездешүүнүн көпүрөөсү кыйраган.
Дирилдеген колдоруңду кармабай,
Жаш курагым жоготуудан ыйлаган.

Канатымды кайрып кеттиң эмнеге,
Жүрөктөгү наз сезимге түшүнбөй?
Сен жанымда отурчу кез магдырап,
Кечээ гана көрүп өткөн түшүмдөй.

Канча жылдар сөндү, кетти арадан,
Бирок дале ойлономун мен дегдеп.
Кээде жүрөк кулун сымал оолугат,
Ошо кезге көз ирмемге барсам деп.

 

КҮНДӨРҮМӨ

Эх, күндөрүм, жел сапырган күлүктөр,
Туяктардан бүгүн чыкпайт дүбүрттөр.
Арт жагыма көз чаптырсам жатышат,
Гүлүн ачпай, жайрап калган үмүттөр.

Мен силердин баркыңарды түшүнбөй,
Бир тартылып бүлбүлдөгөн түшүмдөй.
Сарбариктин шуудурунда жүрүпмүн,
Кетээр күндүн кымбатына күтүнбөй.

Жүгөн салып, бирөөңөрдү кармасам,
Жүздөйүңөр жайдак өттүң — карасам.
Асманында бир торгой жок талаада,
Жел учурган камгак болуп далбасам.

О, күндөрүм, бир кайрылып келбеген,
Менсиз өттүң жалыңдагы жел менен.
Даңкан аткан чаңыңарда калыпмын —
Көп кездерде болуп жүрүп делбе мен.

Дал силерден кымбат жашоо өрүлгөн,
Бир тартылчу жаадай бекем керилген.
Ар бириңде бышып турган мөлтүрөп,
Мен терүүчү жемиш жерге көмүлгөн.

Жашырып не, катаалдыкка бүгүлдүм,
Антсе деле, мен жан сабап үргүлдүм.
Өзү эле эмес туягы алтын күндөрдүн,
Миңден бирин тутууга араң үлгүрдүм.

Ырас күндөр, кээде куттай тамдыңар,
Көптөн бириң мен бергенге кандыңар.
Мына бүгүн ар бириң маа кымбатсың,
Айткыла ачык, дагы канча калдыңар?

Өмүр жармы баш чөмүлттү кейишке,
Мындан нары жайдак кетип кейитпе.
Колго жугар бир күнүмдү калтырсам,
Санаам тынып кетермин мен бейитке.

 

КАМЧЫЛАП

Жетет эми, кош канаты кыркылган,
Мындан нары келбегиле, күндөрүм.
А күлкүмдүн талкаланган күкүмүн,
Тербегиле жылдызыңдай, түндөрүм.

Калкаланып ызгаарынан өксүктүн,
Тажап бүттүм түгөнбөгөн суугунан.
Ичтен тынган, улутунган ойлордун,
Түндүгү да кыйшык тартат уугунан.

Бул турмуштун саздагына тыгылам,
Көпүрөлүү шыдыр жолго чыгалбай.
Бирок, дале көңүл калбай тырышам,
Мен тагдырды, а да мени жыгалбай.

Мезгил өтсө, мен баратам түгөнүп,
Эрте жазда жапыз белдин карындай.
Калгым келет жок дегенде бир ирет,
Сапырылган күлүктөрдүн жалындай.

Миңден бири калса экен ырымдын,
Бул мезгилдин барагына тамчылап.
Өмүр менден, а мен андан тажабай,
Келе жатам турмуш-атты камчылап.

 

МОНА ЛИЗАГА

Күкүм болуп таманыңда кылымдар,
Мезгил эмне, капарга түк илбейсиң.
Саамайыңдан өз бактыңды куюлтуп,
Кай заманга келдиң, аны билбейсиң.

Бет алдымда тирүү жандай турасың,
Көз отуңдан карай албай, жалтанам.
Өздөрүнүн майда экенин билишип,
Сөөлөтүңө сөнүп кеткен канча жан.

Бу дүйнөнүн асылдыгын жүзүңдөн,
Күндөй болуп чачыратып турасың.
Улуулуктун, сулуулуктун үлгүсүн,
Мага эмес, жан-дүйнөмө сунасың.

Балким, билип терең ойго тунасың,
Пенделердин майдалыкка күйгөнүн.
Тазалыктын тамчыларын тамызып,
Сездиресиң кенендигин дүйнөнүн.

Ууртуңдан бир жылмаюу куюлтуп,
Алдыртадан мага ойлуу карайсың.
Балким тагдыр кыйыгына ачынган,
Мени алсыз мажүрөөдөй санайсың.

Жок, антпегин, Мона Лиза, таягым,
Жалган кабар берип турат, ишенбе.
Сени менен «сырдашууга» алым бар,
Сулуулукка чөмүлтүп сал, кишенде.

Леонардо кыл калемден жараткан,
Адамзатка дөөлөт болуп көрүндүң.
Дүйнө толук сен — керемет бар үчүн,
Сенден сездим асылдыгын өмүрдүн.

 

БОЛОР БЕКЕН?

Таштак жолдо ташыркаган туяктар,
Кесип коет бүт кендирин күлүктүн.
Колду созуп көз талыткан мараага,
Таштагына ташыркадым күйүттүн.

Жайдакталган ырысы аз күндөрдүн,
Катаалына мөгдөп башты ийбедим.
Каргашанын бороонуна тик карап,
Өксүгөндүн асем киймин кийбедим.

Талкаланган үмүттөрдөн чогултуп,
Сөздөр менен куруп алдым мунара.
Алсыраган жанга кубат, күч берип,
Мол жемишке айланды миң убара.

Өзүмдү-өзүм жонго салып көтөрүп,
Белге чыктым, болсо деле кичине.
Болор бекен күндү көрүү бактысы,
Көп жан кирген шол мунара ичине?

 

ДЕП СЕЗЕМ

Кең асманды мекен кылып,
Шамалды жиреп бүркүттөр.
Суктануусун бекем катып,
Төмөндө жатат жашыл төр.

Аска-тоолор көз мелжиген,
Шуудурун сезет канаттын.
Бийикте жашап бүркүттөр,
Ойлорду түркүн жараттың.

Булут конгон тоо башында,
Дүйнөнү алгач көрүшкөн.
Канатка байлап мейкинди,
Бийикти энчилеп келишкен.

Алардын жүрөгү башкача,
Адамдай паска барышпайт.
Бөрүнү тип-тике качырып,
Майданы эзели алышпайт.

Мага бир күнүнөн берилсе,
Бүркүттүн өмүрүн сездирип.
Башыма бакытты куюлтмак,
Дүйнөнү заматта кездирип.

Кеңдикти алган үй кылып,
Бүркүттөр сызат кепкенен.
Аларга көз салып олтуруп,
Жапыс жан экем деп сезем.

 

ТИЛЕП КЕЛЕМ

Кокусунан жоготсоң кымбат нерсе,
Тапса болот башкасын, учур келсе.
Миң издесең экинчи табалбайсың,
Ден соолукту бир гана Алла берсе.

Соолуп калса колдогу аппак гүлүң,
Бажыраят көктөмдө, жарык күнүң.
Ден соолуктун солуса кызыл гүлү,
Жетер бекен Теңирге жалын үнүң?

Ден соолуктун ушунча ыйык заты,
Күтө албасак өмүргө тийген даты.
Үмүтүңдүн шамы өчөт ара жолдо,
Кокустан бир ташыркап калса аты.

Агылса да башыңан алтын-күмүш,
Жаның ооруп атканда кайда күлүш.
Миң алектен өткөнү куру, болбойт,
Алды жакта мараны көздөй жүрүш.

Сен ушунча ден соолук, асыл элең,
Жаркыраган өмүрдүн шамы белең.
Бар, жогуна ыраазы, кайыл болуп,
Бир гана ден соолукту тилеп келем.

 

БУДДАНЫН ЫЙЫ

Кылымдын  кыйрын буза үйөр жүрөт,
Наркта жок бир укмуштар өкүм сүрөт.
Дүйнө өзү тынчтана албай, аласалып,
Тунжурап Аалам карайт, кулак түрөт.

Тири укмуш, адам мурда көргөн эмес,
Жан-дүйнө сиңире албас күңүрт элес.
Пендезат туш болгон бул алааматка,
Теңир да терс карабас, жалган дебес.

Чамынып, токтоо билбей келет үйөр,
Кубат жок арга кеткен жанды сүйөр.
Чиркин ай, болор бекен бир керемет,
Колундан тартып чыгып, сага күйөр.

О кайдан, андай күч түк болгон эмес,
Бир нерсе колго урунбайт ага теңеш.
Кыйракан салган селди көрүшкөндөр,
Акылдан тайып кетип, болгон келес.

Дүйнө өзү бул селге агып кетүүчүдөй,
Көк мелжип турган тоодон өтүүчүдөй.
Ал акыр түпсүз, ченсиз бир кургуйга,
Жок болуп — кулап түшүп кетүүчүдөй.

Бул үйөр жазгы ташкын, нөшөр эмес,
Басылып, бүгүн же эртең өтөөр эмес.
Жолунан кезиккенин майкан кылып,
Көксөөсү канган өрттөй өчөөр эмес.

Анткени бул сел башка, такыр башка,
Таалайын көтөрө албай тепкен башка,
Адамдар кирдеп бүткөн жан дүйнөсү,
Удургуйт ташкын болуп, согот ташка.

Куралган мына ушу үйөр адамдардын,
Намыстан куруп калган жамандардын,
Пейлинен дайра болуп ээ-жаа бербейт,
Сырты адам, ич дүйнөсү камандардын.

Ыйман жеп, тайынганы — акча, тыйын,
Көрүшпөйт өзгө жандын муңун, ыйын.
Бийликтин бир чылбыры колго тийсе,
Жапжалгыз өзүн санап шумкар кыйын.

Дүйнөгө түркүк болсун сөөлөтүм дейт,
Адамдык ар, намысын, дөөлөтүн жейт.
Башкалар — керек болсо кыйрап кетсин,
Жер шарын топтой тээп ойносом дейт.

Жер бетин үйлөр каптайт, үйлөр каптайт,
Буддага карап турган бул түк жакпайт.
Көз жашын калкан кылат ушул селге,
Дилдери кара адамды кантип сактайт?

«О, адам! Адам болуу кандай кыйын!»,
Деп Будда мончоктотот жашын, ыйын.
«Бул селди бууп салыш — колуңда адам,
Ар-намыс, тунук суудай дилге сыйын».

Будданын бир ооз сөзү желдей тарап,
Какшаалдын албуут күчү пастап барат.
Жер бетин таш-талкандап кетчү үйөр,
Токтойбу — Будда карайт жүрөк канап…

 

АСАН КАЙГЫ

Улуу бабам — Асан Кайгы сендей жан,
Жаралбастыр кыргыз элден кайрадан.
Адамдыктын чын келбетин көрсөтүп,
Элдик наркты кайрак болуп кайраган.

Адамды кой, куртту өлүмгө кыйбаган,
Бир жандыктын буту сынса ыйлаган.
Тууган жердин топурагын алтын деп,
Чөбүн эмес, ташын да өөп, сыйлаган.

Улуу бабам — кыргызда бир жаралган,
Улуулукка нарк, дил менен баралган.
Даанышмандык, ойчулдугу аркылуу,
Кылым тепсеп, элге, журтка таралган.

Бул дүйнөдө жок болчу ага жакпаган,
Адамды эмес, көк күчүктү какпаган.
Жер сойлогон жыланына боор ооруп,
Кумурсканын бутун да аяп, баспаган.

Адил жүрөк, боорукердик эмне деп,
Ким сураса айтам — Асан Кайгы деп.
Анткендиги ушул бабам бөтөн бир,
Тозбой турган улуу дөөлөт, улуу кеп.

Биздин күнгө ал кокус калса кезигип,
Кечкен турмуш дал тозоктой сезилип.
Сайрооңдогу кумдан жылбас доорду,
Көрсө, ишенем, боору кетмек эзилип.

Андай күндө жүрөк демин пасайтмак,
Муң, кайгыдан бүт өмүрүн азайтмак.
Өз жүзү жок кыргыз элдин кылымын,
Көрбөйүн деп кош карегин кашайтмак

 

КЕТИП ТУР

Адамдар көп киргил дилин кайраган,
Акыл-эс жок, кургак тилдер сайраган.
Бул турмушта эл деп күйгөн асылдар,
Динозавр мерт болгондой жайраган.

Биздин заман — жүздөр онго кубулган,
Ыйман, намыс отоо чөптөй жулунган.
Күндүн нуру бир башыма тийсе дейт,
Итаалы окшоп жулунган да улунган.

Биздин заман — беткаптардын заманы,
Тааныш кыйын жакшы кими, жаманы.
Карын майда сүлүк куртту айтпасак —
Жалпы журттун кетип тур төрт амалы.

 

«СЕНДИ» БОРООНУНА

(Американын түндүк штаттарын каптап өткөн катуу
бороондун кесепетинен токсонго жакын адам набыт
болуп, он миңден ашык адам баш калкалар үй-жайсыз калды).
«Азаттык» радиосунун маалыматынан.

О, «Сенди», күтүлбөгөн кырсык болуп,
Ааламдын кай бурчунан келип жеттиң?
Тагдырын талкан кылып канча жандын,
Айыпсыз жаш-кары өмүр алып кеттиң.

Оо, «Сенди», деги затың неден бүткөн,
Ажалдуу, мынча күчтү алдың кайдан?
Пендеби, же болбосо башка бир күч —
Багыттап жиберди экен кайсы жайдан?

Зор тамдар булут челген майкандадың,
Канча үй-бүлө калаасы кыйрап калды.
Ата, энеден айрылып күтпөс жерден,
Канча балдар зар какшап, ыйлап калды.

Жан-дүйнөң таштан бүткөн немесиңби,
Эмне үчүн кыйракандуу түштүң жолго?
Акаарат келтирдиң деп муштум түйгөн,
Мухаммед Пайгамбардын каары болбо?..

А балким, дүйнөдө адам киргилт пейил,
Көп арбып, ак дил көөлөп, басты бекен.
«Наркың менен дөөлөттү унутпай жүр —
Көзүңдү ач» деп сыр-кулпу ачты бекен…

О, «Сенди», кайрылба эми, келе көрбө,
Кетип кал ошол бойдон — эстен чыгып.
«Табийгат улуу күч» деп эскерттиң да,
Көптөрдүн жүрөктөрүн койдуң сыгып…

 

КӨРГҮМ КЕЛЕТ

Өзүмдү-өзүм жерип таштап, негедир,
Мен болбогон дүйнөгө кетким келет.
Мандеми күч жан жеген таман менен,
Тикендерди бырч тепсеп өткүм келет.

Байлоосунан бошогон жаш кулундай,
Жел сапырып даңкандар аткым келет.
Уюл таштын толтосун жарып чыккан,
Адамдар татпаган даам таткым келет.

Жылдызы жылт этпеген коюу түндө,
Бир саамдык мезгилге жангым келет.
Айлымдын көлчүгүнүн бакасын да,
Жүрөк менен жылытып алгым келет.

Кош таягы өксүткөн «менден» кетип,
Жаш сураган зор дабан ашкым келет.
Кыйгап өткөн балалык кармап кайра,
Ак кардан жылаңайлак баскым келет.

Өз дүйнөмөн бир жолу чыгып кетип,
Бир жанга кезикпес гүл тергим келет.
Из өчпөй оо, канча жыл бейитимден,
Эскерип келген жанды көргүм келет.

 

ТУРСАК ТҮЗДӨП

Сазынан пенделиктин чыкпай кээде,
Пас ойлор сайраң куруп турат мээде.
Жылтырак бир мүнөттүк азгырыкка,
Соолутуп бул өмүрдүн гүлүн бөөдө.

Бүгүнкү күндөр гана байрак болуп,
Көкүрөк ырыска эмес, желге толуп.
Асмандан жашыл үмүт кармаганча,
Жашоонун тамыры да барат солуп.

Таманга дөөлөттөрдү тепсеп туруп,
Доорду айыптайбыз шайман куруп.
Турабыз көптөрүбүз кемип, сынып,
Ыймандын тешигинен шамал уруп.

Эмнеге жылбайт алга кемебиз, деп,
Себебин башкалардан көрүп, издеп.
Кемебиз кыйла алга жылып кетмек,
Ийрини биз барыбыз турсак түздөп.

 

МУРДА КЕЛГЕН ӨҢДӨНӨМ

Мен жашоого мурда келген өңдөнөм,
Бул турмушту, бирок, анда көрбөгөм.
Турган болчу жадыраган ак жылдыз,
Түнүндө да, күнүндө өчүп, сөнбөгөн.

Ошол доордо башка эле бүт адамдар,
Мүдүрүлбөй, шыдыр кетчү кадамдар.
Нарк-насилди байрак кылып көтөрүп,
Бири-бирин жөлөп турган жарандар.

Оо, ал кезде кыргыз пейли башка эле,
Бажырайган гүлдөр чыкчу ташка эле.
Бүт дүйнөсү түгөл болгон, чалкыган,
Кыргыз эли такыр башка, башка эле…

Жан-дүйнөсү бүткүл журттун ак эле,
Сөз кастарлап, нарк баалаган так эле.
Кагыраган сайдын ташын алтын деп,
Ата-Журтка кара жан берген сак эле.

Ким бирөөсү кол укалап жатчу эмес,
Жарты тыйын арам акча тапчу эмес.
Бир-бирине керек болсо жан берип,
Адамын кой, карга мээлеп атчу эмес.

Жери тургай жарты ташын сатпаган,
Оозун булгап, арам даамын татпаган.
Кыш чилдеде сыртта калып кароосуз,
Карып жандын көз жаштары акпаган.

Эзелтен бир «сен жамансың» дебеген,
Чоң болом деп — бирин-бири жебеген.
Арын сатпай, ыйман сатпай жамысы,
Кыргыз туусун таза кармап, жөлөгөн.

 

* * *

Мен коркпойм ажалдын кучагынан,
Коркомун сөздөрдүн уу бычагынан.
Былчыя бодур ташка урулгансыйм,
Зыргып келип жашоонун учагынан.

Мен коркпойм өлүмдүн сүрүнөн да,
Жылдызы жылт этпеген түнүнөн да.
Көңүлгө өлүм уусун чачып турган,
Заарынан кабактардын түңүлөм да.

Эрте учуп жылдыздай сөнбөйлүкчү,
Жамандыка басылып, көнбөйлүкчү.
О, замандаш, ансыз деле өмүр кем,
Чын ажал келе электе өлбөйлүкчү.

 

КАКШЫП КАЛДЫ КЕЙИШТЕН

(Бир тууган иним Өмүракундун
жаркын элесине койгон гүлдестем)

Көлбөрүгөн көлмөгө таш түшкөндөй,
Суук кабар дүйнөм силкип жиберди.
Дал төбөдө күн жалп өчүп кеткендей,
Көңүл, жанды түнт, кара түн имерди.

Түбүн кыйган дарак сымал теңселип,
Бут алдымдан жердин өзү көчкөндөй.
Болгон дарман сан таманга тепселип,
Жарык шамым капысынан өчкөндөй.

Кайра келбес ушул жарык дүйнөдөн,
Күтпөс жерден кеткениңди айтышты.
Жүрөгүмдүн жармы калбай күйбөгөн,
Күч-кубатым мени таштап кайтышты.

Кулак тунуп, мен олтурдум ишенбей,
Уккан кабар жөн гана сөз, жалгандай.
Бирок, чындык акылымды кишендей,
Бул дүйнөдө өзүм жалгыз калгандай.

Неге?.. Неге, тагдыр ага каршыктың,
Самби талдай өсүп турган жашында.
Эмнеликтен көзүң күйүп тар чыктың,
Шамдай жанып туручу эле кашымда.

Жан-дүйнөңө жаман сапат жукпаган,
Пейлиң сенин чалкыган бир көл эле.
Түзүк жүрүп, жакшы жакка ыктаган,
Бар адамга кылган мамилең төп эле.

О башынан кырстыгына тагдырдын,
Чыпалактай айыбың жок кабылдың.
Чыдам кетип, түбүн ичип сабырдын,
Пас аялдын пастыгынан сабылдың.

Эх, иним ай… кабыргамды сөктүң а,
Туугандарды алсыратып таштадың.
Аргабызды шыпкап туруп төктүң а,
Эмне үчүн башка жолду баспадың?..

Балдарыңын шамы болуп жаналбай,
Эрте кеттиң. Кыла алчу жок дарман.
Неберенин жытын искеп кала албай,
Коштой кетти көкүрөктө бир арман.

Кайыр эми, калды артыңда урпактар,
Кабырганы миң кайрыган буйрук ай.
Көөдөнүмдө көлкүлдөгөн арман бар,
Сен салуучу чымчым топо буйрубай.

Ажал улук деп айтышат — сөз чыны,
Көкүрөгүм какшып калды кейиштен.
Бул топурак торко болсун чыныгы —
Жайын берсин Теңир сага бейиштен.

 

ДОМОКТУН КЫЛЫЧЫНА

О, өмүр, башатыңдын жайы кайда,
Данегиң кай дарактан өнүп чыккан?
Биз сени пайдаланып кесек, майда,
Адамбыз маңызыңан пайда сыккан.

Эмнеге, кай максатты жонго салып,
Көйгөйлүү бу дүйнөгө келдиң экен?
Таалайга, же болбосо шорго малып,
Не көздөп, кандай үмүт тердиң экен?

Адамга белек болуп тирлик берген,
Эң улуу вазыйпа алдың эмне үчүн?
Таалайды сая кууган болуп мерген,
Сен барда бары асыл, дүйнө бүтүн.

О, өмүр, дүйнөдө жок сендей асыл,
Ыйыксың, бир нерсеге алмашылбас.
Өзүңөн жашоо толук, анан жашыл,
Өзүңө башка зат түк жалгашылбас.

А бирок… Бирогу да кетсин куруп,
Колдогу алтын баркын кими билет.
Дармансыз өзүн-өзү билбей туруп,
Жырылган көк чокоюн төргө илет.

Пендебиз, барды, жокту аңдабаган,
Же бирде сенин өзүң барк алынбай.
Кетүүчү күндү эске ала талдабаган,
Көбүгүн сапырылткан ак самындай.

О, өмүр, көзүңө даап карай албайм,
Алдыңда башым жерге кирет кээде.
Өзүңө жоопкермин, муну танбайм,
Күдүк ой күнү-түнү тынбайт мээде.

Адамдар — биз өмүрдүн үмүттөрүн,
Канчасын ак аткардык, аткарбадык.
Саркечтеп таптап алып күлүктөрүн,
Дабандан канча аштык, ашалбадык.

Оо, өмүр, бул суроого жооп таппай,
Кемирип өзүмдү-өзүм кемип турам.
Ишенгин, ыйманыма камчы чаппай,
Домоктун кылычына башым сунам.

 

КЕЛЭЭР ЖАЗДЫ

Талаа жатат чаалыккандай, дымыган,
Кар жамынган ала-телек, жыртылган.
Бак-дарактар жүдөө тартып жыдыган,
Бутак-шагы шүмүрөйгөн, кыркылган.

Күчтүү аяз кыш чукулдап калгандай,
Күн ачыкта чыйрыктырып, жел урат.
Жан-дүйнөнү селт эттирип алгандай,
Бир үшкүрүк чыңыргандай үн турат.

Көшүйт талаа улутунган бала окшоп,
Бир жалгыздык көкүрөгүн баскандай.
Сезимдердин түпкүрүнөн ой козгоп,
Кулпулануу сыр сандыкты ачкандай.

Чакыргандай алыстыкка — жол жатат,
Кең талааны бөлүп таштап оң, солго.
Көөдөнүндө канча тагдыр, сыр катат,
Канча пенде жоготту же тапты олжо.

Эске кылт деп капыс ыры Ду Фунун,
Карт даракта жалгыз карга жөнүндө.
Мен негедир кармайм бир ой учугун,
Келээр жазды көрсөм деген көңүлдө.

 

АКЫР ЗАМАН

Сезимде коогалаңдуу бир чыңырык,
Ааламдын түпкүрүнөн угулгансыйт.
Күн өтсө тынч алалбай үшүп жүрөк,
Чырт эте тамырынан жулунгансыйт.

Негедир турган окшоп дүйнө бүгүн,
Тымызын көптөн күткөн алда-нени.
Дал ушу декабрдын жыйырма бири,
Адамзат коомуна арнап берет нени?

Домоктун кылычындай акыр заман,
Шарт этип шилтенүүгө даярсыңбы?
Балким сен ак-караны бөлүп турган,
Жол бербес наадандыкка аярсыңбы?

Бул туура, көптөрүбүз топон сууну,
Качантан эске албастан унуткардык.
Тирликтин түндүгүндө булут болуп,
Капкара каптап турат пейил тардык.

Биз Нухтун кемесинен тышта калып,
Адамдык наркыбыздан айрылдыкпы?
Таптакыр көөдөнүбүз жайдак болуп,
Алдына топон суунун кайрылдыкпы?

Акыры боолору анык башталыштын,
Төрөлүү да, өлүмдүн чындыгындай.
Табышмактай ачылбас жандырмагы,
Коогалаң ой тынчыбайт алда-кандай.

Не дейбиз келер болсоң, акыр заман,
А балким, ушул нерсе зарыл чыгаар.
Эскертип жатасыңбы, мезгил келип,
Өмүрдүн чын маңызын азыр сыгаар.

Адамзат урпактарын жарга алпарып,
Миң сөгүп кабыргасын, такай көрбө.
А балким, бир чыңырып жатасыңбы:
«Арамдыктан сен адам, бөөдө өлбө».

Өз акыр заманы бар ар бир жандын,
Караңгы бейитте аны күтүп жаткан.
Мага чын, акыр заман болот дайым,
Кеч сайын куружалак Күнүм баткан.

 

* * *

Сан кылымдар тамандарга таптаган,
Асыл наркын жоготпогон, чачпаган.
Кыргыз эли керек кезде чок кармап,
Ар-намысты туудай тутуп сактаган.

Кылымдардын түпкүрүнөн түрүлүп,
Бирде сүрүп, бир кездерде сүрүлүп.
Улуу дөөлөт сактап келген кыргызым,
Калбайлычы пастыкка эми жүгүнүп.

 

 

* * *

Негедир мен күрөшүп өзүм менен,
Алиге көңүл тынчын таппай келем.
Сапардын көпүрөсү капыс кыйрап,
Жумуртка ичи сымал дүйнө кенен.

Кээде өзүм өзүмө да бейтааныштай,
Жөн гана жакындабай кыйгап өтөм.
Эч жакка алып барбас бир пендени,
Кесилген жолдор менен алыс кетем.

Өзүмө көз чаптырсам — сезим келет,
Жылдыздын үзүрүндөй эчак сөнгөн.
Шар сууда калдаңдаган чамындыга,
Айланып калам кээде аргасы өлгөн.

Сабынан калып калган каркырадай,
Күндөр келет — күндөргө окшобогон,
Өзүмдү мен жеңе албай келем дале,
Ой, көйгөй кармашынан токтобогон.

 

 

* * *

Чегилген арабага мен атка окшоп,
Тирликти күчүркөнө сүйрөп келем.
Жарыгын жылт эткизип алга качып,
Бир ыйык кызыктырат өмүр деген.

Эгерим мүмкүн болбос теңештирүү,
Дүйнөнүн бүт асылын тамчысына.
Мен анын гүлүн искеп калайын деп.
Жонумду тосуп бергем камчысына.

Бир ууртам ширесине тобо кылып,
Сеңселтип бороонуна чачты тарайм.
Ак таңдын тамчы нурун тутуп алып,
Тагдырдын катаалына күлө карайм.

Эң соңку күндөн качып келе жатам,
Мен эмес, өмүр менден бакыт дегдеп.
Тирликтин жолуна өзүм төшөлөмүн,
«Өмүрдүн наалатына калба сен» деп.
4.09.15

 

 

ТЕРЕК

Жүрөгүм бүт айлым жакта калгандай,
Ансыз жашоо мунарыктай, жалгандай.
Коңур күздүн баригиндей бир куса,
Дем кыстырып, төө бастыга алгандай.

Киндик каным тамган айлым Сарууга,
Ылаажым жок ай жаңыртпай барууга.
Кош каректен күйүп-жанса сагыныч,
Миң чачырайм — айлангандай тарууга.

Алыс жактан көзгө урунуп теректер,
Ич тызылдап, нымдалышат каректер.
Жаштык дүйнөм синип калган боюна,
Бул атамдан калган кымбат белектер.

…Сезимимде дале жашайт ошол күн,
Бир чымчымы кетилбестен бүпбүтүн.
Таң аткандан шамал турду дуулдап,
Күнү бүгүн угулгансыйт шуу-шуу үн.

Атам калды бак тигем деп камынып,
Мен отурам үйдөн чыкпай камыгып.
Мине турган чырпык атым куураган,
Карт тагдырдын буйругуна багынып.

Чыгам дедим мен да тышка көшөрүп,
Жашым сүртүп, атам чыкты көтөрүп.
Көк чепкенге бекем ороп, кымтылап,
Калбасын деп желге урунуп жөтөлүп.

Мен олтурдум төштү тосуп шамалга,
Моюн сунуп тагдыр берген «амалга».
Бир бармагым тийбесе да, ой менен,
Жан-дилимди арнап коюп «бадалга».

«Бадал» эмес, терек болуп өстү алар,
Дүркүрөшүп, көргөн адам таң калар.
Окшоп кетчү ошол кезде негедир —
Бир чырпыгы сынса кызыл кан тамар.

Мезгил өзү кайрымы жок нерсе экен,
Каршы турар дүйнөдө күч бар бкен?
Асман тиреп, тизилишкен теректер,
Көп кыйылды — тагдырлары тар экен.

Бул бактан — атам тирүү сезилгендей,
Жүрөгүм бир мыкчылат эзилгендей.
Карайган дүмүрлөрдү көрсөм дайым,
Мен сезем өз буттарым кесилгендей.

Атам тиккен төрөктен төртөө турат,
Шуулдап, ичтен тынып, ойго тунат.
Бир терек тиге албадың тирүү өлүк,
Деген ой жан сыздатып, бетке урат…
1.08.15

 

 

* * *

Күн баратат менин соңку күнүмдөй,
Көз алдымда бүлүнүп да, бүлүнбөй.
Үмүттөрдүн бейитинде жылмайып,
Карап турам мен үмүттөн түңүлбөй.

Тирүүлүктүн тизгининде карышып,
Өзүм менен өзүм келем жарышып.
Бу жашоонун дөңгөлөгүн айлантам,
Күрөш менен дале тынбай алышып.

Бу дүйнөнүн толтурчудай бөксөсүн,
Аламын деп тагдырдын бир өктөсүн.
Шам ордуна өзүмдү — өзүм жагамын,
Күн өчсө да, пенде үмүтү — өчпөсүн.

 

Соц тармактар:

Мусакун Сатыбалдиев: 4 комментария

Добавить комментарий