Азамат Болгонбаев, төкмө акын: Менин өкүл атам Элмирбектин деле капчыгы калың

a_bolgonbaev

— Саламатсызбы, Азамат мырза! Алгач кептин башын азыркы тапта коомчулукта төкмө акындардын кадыры кетип калган жокпу деген суроодон баштасам. Себеби, кандай кырдаал болбосун бийликтин катачылыгын айтып, көрбөгөнгө көргөзө, билбегенге билгизе айтчу элеңер. Оомал-төкмөл дүнүйөнүн учурдагы ал-абалы кандай болуп жатат?

— Саламатсыздарбы!? Кадыр кетсе саясаттан, кадыр кетсе улутунун уңгусун, тилинин баркын, элинин кайгы- кубанычын туйбаган башчылардан кетип жаткандыр. Төкмө акындар артта калган 2010-жылды ала турган болсок агын ак, карасын кара деп эле айтып келди. Коомдо болгон өйдө-төмөндөн тыш турбай кандай кырдаал болсо да оюн ачык билдирип турду. Буга коомчулук жана жалпы эл күбө десек жаңылбайбыз. Биз бирөөгө кошомат кылып мактап, бирөөнүн колтугуна кирген жокпуз. Бизде акындарда байыркы Токтогулдан баштап, болбосо кийинки Токтогул атабыздан бери акындар эл үнүн гана айтып келет. Ашыраалы, Тууганбай, Эстебес аталарыбыз да калк күткөн нерсени ырдагыла деп жол көрсөткөн. Биз ошол жол менен гана келе жатабыз. Бизден өткөн чындык жок.

— Суроо оңтойсуз болсо капа болбоңуз. Дегеним, коомчулукта ушундай пикирдегилер да жок эмес. Ошондуктан бул суроону берүүгө аргасызмын. «Азыркы төкмө акындар Осмонкулдай, Токтогулдай таасирдүү айтыша албайт. Жамактап ырдап, бир күлкүлүү сөздү айтуу менен гана чектелет. Силерди төкмө акын эмес, «жамакчы» деген сөздөр да айтыла баштады. Аларга кандай жооп кайтарат элеңиз?

— Коомчулукта акындары Жеңижоктой, Токтогулдай, Эшмамбеттей, Барпыдай, Калыктай, Осмонкулдай, Алымкулдай болгон кезде эл башчылары Манастай, Бакайдай, Кошойдой болгон. Эли ырдын кадырын билген акынды акындан кыйын түшүнгөн, ыр менен жашаган. Ар бир коомдун учур талабына жараша акыны да, акими да болот. Албетте, ыр уккан кыргыз көп, бирок «киргиздерин» кайда катасың? Эмне үчүн ошол кездеги элди акыйкат башкарган, эли үчүн жанын берген башчылар азыр кайда деп зар какшабайбыз? Эмне үчүн намысты өлүмдөн бийик турган кыз-жигиттер азайды деп зар какшабайбыз? Абдылда, Амантай, Жеңишбек кыргыздын чоңдору уят кылган ишти акындары ыры менен Кыргыздын улуу экенин даңазалап келет. Анан ушулар жамакчыбы? Кыргызда бай көп, чоң көп, кандай кесип болбосун өкүлдөрү көп, болбосо башчы качса ордуна башкасы табылат экен. Ашыраалынын, Тууганбайдын, Эстебестин ордун ким толуктады? Анда «Азыркы акындар жамакчысыңар баарыңар ырдабай эле койгула» дейли. Ойлонуп көргүлө…

— Азыр төкмө акындардын абалы кандай? Жан багуунун айласынан аш-тойдо эле ырдап, өлүм- житимде кошок айтып эле чектелип калдыңарбы же башка чоң маселелердин үстүндө иштеп жатасыңарбы? Дегеним, Кыргызстанда жаман окуя болуп кетсе эле кошок айтып чыга калышат деп силердин акындык өнөрүңөрдү кабылдай албай жаткандар да жок эмес…

— Манаста «Тойгонго кылып канагат, Торпок да жанын багалат» дейт. Акындар кара жанын багыш үчүн эмес, калкка сөзүн айтыш үчүн жашайт. Ашта-тойдо акындар илгертен эле ырдап келген жана ырдай берет. Кошок дегениңер ошол сөз акындар жокто айткан Элмирбек Апсаматты, Байдылданы, Чыңгызды, Амантай устаты Эстебести, Абдылда устаты Ашыраалыны, Жеңишбек алп акын Эсенгул Ибревди жана жалпы шакирттери Тууганбайды жоктоду жана ушул адамдарды жоктоп жан багат экенсиңер дегендин өзү туура эмес. Акындар чындыкты, акыйкатты, сынды чоң айтышта айтат, ошол айтыштарга барган элдин кумары канып кайтат, андай айтышты бир жылда бир жолу гана өткөрүүгө «Айтыш» коомдук фондунун алы жетет. Анткени, ал айтыштардын байге фонду 500 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин жетет. Бул ишти мамлекет жана капчыгы калыңдар ойлонушу керек. Акындардын акылы да, кайрат күчү да толуп турганда мындай айтыштар болбой, акындардын жаштыгы текке кетип жатат. Анткени, акынды акын кылчу бул айтыш. Мындай иштерди папка талашкандан башканы билбеген Маданият министирлиги, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Президент ойлонушу керек. Анткени, бул улуттун байлыгы!

— Кептин нугун улуттун улуулугун даңазалап, кыргыздын касиетин даңктаган төкмө акындык өнөрдү бапестеген Садык Шер-Ниязга бурсак. Ал киши айтышка дагы деле колдоо көрсөтүп жатабы же…?

— 2001-жылдан бери «Айтыш» коомдук фондун Садык Шер-Нияз колдоп келет. Ушул он үч жылдын ичинде акындарга 1 000 000 доллардын тегерегинде каражат кетти. Ушунун 80-90 пайызын Садык өзү каржылады. Калганын демөөрчүлөр берди. Садыктын эки акча алмаштыруучу жайы бар. Ошол жерден 10 доллар тапса, 9 долларын айтышка берип келди. Өзүнүн тапкан акчасынын баарын берип келген адам мамлекеттин казынасына кол салбайт. Садык Шер-Нияз кыргыз эли үчүн кайталангыс иштерди дайым жасап келет. Жасаган ишине мактанган жок. Анын эрдигин эл жана акындар мактайбыз. Баса, биз чоң болуп иштегендерден Садыкты гана мактайбыз.

— Өкүл атаңыз Элмирбек Иманалиев менен ата-баладай эле мамиледесизби же чек барбы?

— Албетте, айтышка жаңы чыккандан бери Элмирбекти өкүл ата коём деп убада кылгам. Азыр жаштар капчыгы калыңдарды коюп калыптыр. Менин өкүл атамдын деле капчыгы калың. Бирок, ал капчык көкүрөгүндө, көөдөнүндө. Сыйлашып, катташып турабыз, акылынан да акындыгынан да бөлүшүп насаатын айтат. Чыгармачылыктагы ийгилигиме устаттарымдын жана өкүл атам Элмирбектин эмгеги чоң десем жаңылышпайм. Ата-баладай мамиледебиз. Ортобузда эч кандай чек деле жок.

— Ачык маегиң үчүн ыраазычылык билдиребиз! Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

— Жалпы жамаатыңыздарга чоң ырахмат!

Жылдыз Бек кызы, «Кабар ордо», 08.12.14-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий