Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында тарыхый уламыштардын колдонулушу

aitmatov333

(Уландысы. Башталышы гезиттин №93 санында)

1960-1970-жылдары, активдүү жана абройлуу этнограф, тарыхчы Саул Абрамзон кыргыз элинин этнос катары калыптанышы XVIII кылымда аяктаган деген көз карашын айткан. Бул окумуштуунун белекке берген китебине, Чыңгыз Айтматов 10 март 1973-жылы ага жазган катында мындай пикирин билдирген: “Саул Матвеевич, сиздин китебиңиз биз үчүн, азыркы кыргыздар үчүн, чоң илимий жана маданий мааниге ээ деп терең ишенем. Мындай эң мыкты эмгегиңиз үчүн Сизге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бул эмгектен, өзүм үчүн, көптөгөн маалыматтарды таптым. Сиз менен макул болбой турган жалгыз бир жери – бул китептеги кыргыз элинин этникалык биримдик катары калыптанган мезгилинин аныкталышы. XVIII кылым, эл үчүн болгону кечээки күн гана. Ал эми “Манас” эпосу боюнча баамдасак, анын эзелки мазмунунан көрүнгөндөй, кыргыздар байыртадан эле бар болгон, байыркы түрктөрдүн тобунан болуп жатпайбы.

Чыңгыз Айтматовдун “Енисей” гидронимин (суулардын, дарыялардын аталышы) “Энесай” өзөнү деп топоним кылып колдонулушунда терең маани бар сыяктанат. Муну менен жазуучу кыргыздардын мекени, түпкү тамырлары Енисей дарыясынын өзөндөрүндө жатканын ишеничтүү белгилеген десек жаңылбайбыз.

Маселен, 1994-жылы басмадан чыккан “Ала-Тоо” журналынын тиркемеси катары “Кыргыз санжырасы” деген китепте Байымбет Абдрахмановдун (Тоголок Молдо) ыр менен кыргыз элинин Мекен жери, уруу-уруулук түзүлүшү жана алардын чыгышы жөнүндөгү чыгармасында мындай саптар бар :

”Эң башында кыргыздар,
Ээн – Сай,

Атактуу Алтай тоосу бар,
Айдың Чалкар Көлдө экен.
Ээн-Сайды орустар
Инисей деп жүрбөйбү,”

деп башталышындагы жеринде Ээн-Сай сөзүнө – Энесай деген маанини – түшүндүрөт деген китепти баскан редакциянын ачыктамасы буга күбө.

1972-жылы жазылган “Өнөрдүн алды кызыл тил” (“Кайрылып куштар келгиче”) деген аңгемесинде кыргыздардагы манасчылык тууралуу манасчы Элеман жөнүндө жана анын тагдыры аркылуу кыргыз элинин XVI-XVIII кылымдарда болгон ойроттор (калмактар) менен өздөрүнүн эгемендүүлүгү үчүн күрөшү баяндалат. Владимир Коркинге берген маегинде бул аңгеме жөнүндө мындай дейт, “Мен эл өзүнүн тарыхый тагдырынын, келечек өмүргө болгон укугун кандайча аңдап билиши, түшүнүшү керектиги туурасында айткым келет. Бул идеяны мен чыгарманын бүткүл нравалык-эстетикалык системасы аркылуу чагылдырууга аракеттендим”.

Чыгармада колдонулган мифтер жөнүндө мындайча ачыктамаларды белгилейт, ”Мифтин азыркы заманга ылайык келип турушу – анын поэтикалуулугу жана анда камтылган маанилердин адилдиги, кишиликтүүлүгү мени кызыктырат. Чыныгы адамдык нерсе – мифтин чегинде, ойлорунун жана рухунун түзүлүшү, бийик нравалык ишенимдери мезгилдин жана мейкиндиктин социалдык конкреттүүлүгүнөн келип чыккан реалдуу адам катары каарман башынан кечирип жаткан, бирок али реалдуу күчкө айлана элек анын учурдагы абалында, кылык-жоругунда, сөздөрүндө, ишараттарында”.

1980-жылы жазылган Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” (“И дольше века длился день”) аталыштагы романы, «Кыямат» (“Плаха”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” (“Пегий пес бегущий краем моря”) чыгармаларына байланыштуу автор окурмандарга кайрылуусунда мындай дейт:

“Мурдагы чыгырмаларымдагыдай эле, ата-бабаларыбыздан бизге багыштап, мурас катары калтырылган санжыра менен мифтерге тажрыйба катары дагы деле таянып жатам. Бирок ошону менен бирге биринчи жолу өзүмдүн жазуучулук тажрыйбамда фантастикалык сюжетти колдондум. Бул – мен үчүн өзүмдүк максат эмес, ал ойлорумдун бир ыгы, таанып билүүнүн жана чындыкты түшүндүрүүнүн бир жолу”

Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы маңкурт жөнүндө жазуучу: “Өткөндөгүлөр жөнүндө эс-тутумусуз адам, дүйнөдө өзүнүн ордун кайрадан аныктоо зарылдыгынан, өзүнүн жана башка элдердин тарыхый тажрыйбасынан айрылган адам сыяктуу тарыхый келечектүүлүктөн тышкары калып, күнүмдүк жашоого аргасыз болот”,-дейт.

Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн айтуусунда, чыгармадагы маңкурттун идеясы «Манас» эпосунан алынган. Чыны менен эле анда, төмөндөгүдөй саптар бар:

«…Баланы кармап алалы,
Башына шири салалы,
Үйгө алып барып кыйнайлы…».

Адамзаттын эс тутумунун негизги милдети ата-бабалардын ар кандай тажрыйбасын аздектеп, сактоо жана үзгүлтүксүз келечек муундарга үзүрлүү пайдаланыш үчүн жеткирүү экендиги талашсыз. Андыктан ар бирибиз өз тарыхыбызды барктап, изилдеп биле жүрүшүбүз керек экендигин унутпоо керектигин улуу жазуучубуз бизге мурастап кеткен.

Ал эми Найман эненин образын ачып берүүдө мотив катары колдонулган ысык-көлдүк кыргыздардын арасында, ушул күндөргө чейин сакталып калган “Ак байбиче” тарыхый уламыш болгон сыяктанат. Ал уламыш кыскача мындай: XVIII кылымда жашап өткөн Ак Байбиче, саяк уруусунун урук башчысы Кошкай баатырдын аялы болгон. Азыр алардын урпактары Кыргызстандагы Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен орун алган Кароол-Дөбө (Айтмакчы “Ак кеме” повестинин окуялары да так ушул Кароол-Дөбө аймактарында өтөт эмеспи), дагы бир аты Таштак айылында жашашат (азыркы Казат Жаркымбаев атындагы айыл). Ал күйөөсүнүн узак убакыт калмактардын туткунунда кармалуусуна эч качан моюн сунбаган. Апал жана Үпөл деген эгиз кыздарды төрөрү менен Ак Байбиче өмүрлүк жарын капастан бошотуу үчүн ак элечегин башына оронуп, душмандардын аймагы болгон Жунгарияга аттанат. Бул аялдын сүйгөн адамын бошотуу жана балдарынын бактысы үчүн жасаган өзгөчөлөнгөн эрдиги Жунгар ханын суктандырган. Калмак башчысы мындай эр жүрөк, тапкыч аялга жогоруу баа берүү менен өзүнүн иш алып баруучуларына ага сый-урмат көрсөтүп кабылдап, каалаган мүдөөсүн орундатууну буюрган. Жунгар ханы Ак Байбиченин күйөөсүн бошотуп эле тим болбостон, алардын эгиз кыздарын өз уулдарына алып бермекке куда түшүп, эки элдин ортосундагы ынтымактын орношуна негиз салган.

Ч.Айтматовдун бардык көркөм чыгармалары, дүйнөдөгү ар кайсы калктын тарыхын өз мезгилине жараша акыйкат жана элестүү чагылдырылгандыгы, элдик мурас болгон эпос, поэма, санжыра жана тарыхый уламыштарга негизделгендиги айрыкча эстетикалык көркөмгө ээ кылып, өзгөчөлөнтүп турат.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору,
«Эркин тоо», 19.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий