Калемдеш достун сабагы

o_danikeev

Кыргыз элинин маданиятына, анын ичинде адабият, кино, сүрөт, музыка өнөрүнө өткөн кылымдын 60-жылдарында бир нече таланттуу жаштар кошулуп, Ч.Айтматов баштаган мыктылары улуттук рух дүйнөсүнүн жаңы дарбазасын ачышты. Ошол жаңы толкундун убай-чубай кандай келип калганын, тарыхый-социалдык шартын, себептерин адабиятчылар дале толук, жеткиликтүү изилдеше элек.

Ошол адабиятка кирген жаштардын бири – Өскөн Даникеев мына эми 80 жашка чыгып оту­рат. Жаш кездерде Өскөндүн бир чыгармасын жууп атып, ага, “80 жашка чык!” деп тилек айтсак, “оу, ага канча бар!” дегени эсте. Улуулар айткандай, өмүрүң аккан суудай билинбей кете берет белем! Тагдыр экен, жашоо-тиричилигибиз, чыгармачылык жолубуз 50-60 жылдан бери эл ичинде бирге өтүп келатат. Турмушта бир эле карыялардан, устаттардан гана эмес, замандаш достон да сабак алып өтөт экенсиң. Өскөндөн алган сабактарымдын айрымдары менен бөлүшкүм келет.

Жазуучунун чыгармачылык психологиясын, сырын изилдей келсек, анын аңгемеден баштап тарыхый романга чейинки ат койгону эле рухий дүйнөсүнүн байлыгы, жөнөкөйлүгү, тазалыгы байкалып турат. Ө.Даникеевдин чыгармаларынын аттарын окуп көрөлү: “Бакир”, “Кыздын сыры”, “Эне мээрими”, “Кызыл аска”, “Кичинекей комузчу”, “Чынар”, “Ата жыты”, “Белгисиз тагдыр”, “Наристе кыял”, “Көз ирмемдеги өмүр”, “Мурас”, “Көкөй кести”, “Арман”…

Айрымдарыбызчылап жазуучу чуулгандуу, же татаал, ойкуп-кайкыган, же жасалма бийик сөздөрдү урунбайт. Анын чыгармасында согуш кесепети, адам тагдыры, турмуш, табият менен болгон мамиле, каармандардын ой-санаасы, эрдиги, күрөшү, психологиясы, адамгерчилик, боорукерлик бар экендиги биринчи эле барактан сезилет. Андан жылуулуктун, жакшылыктын илеби уруп турат. Бардык сыр чыгарманын ичинде, жөнөкөй нерседен улуу ойлор айтылат. Лирикасы да, акылмандыгы да, кубаныч-кайгы да береги жөнөкөйлүктүн ичинде уюп жатат.

Ө.Даникеев өтө эмгекчилдиги, мээнеткечтиги менен ушу зоболого жетти. Эки жыл мурун анын үч том жыйнагы басмадан чыкты. Ушу үч томдук боюнча эсептей келгенде, Өскөн Даникеев 60 жыл ичинде ар бир күнү, 21600 күнү, үч беттен чыгарма жазып келиптир деп баа берсе болот. Бир жолу Ысык-Көлдө чогуу иштедик. Ал пансионатта күнүгө 18 сааттан жылбай иштеп турду. Тикчийип отуруп 15 бетке чейин майда кол тамга менен өтө тыгыз жазат. Бери дегенде, күнүнө 5-6 миң сөздү урунат. Андагы акыл, ой ж.б. окуя кураштыруу, баяндоо түйшүгү канча?! Эмне деген мээнет?! Жалкоолонгон мага чоң сабак болду.

Жазуучу Ө.Даникеев 55-60 жылдан бери басма сөздөбү, жыйындабы же жеке жолугушуудабы, дайыма сый-урматта, сынчылар менен окурмандардын алкоо, мактоосун угуп келет. Ал бир канча сыйлыктарды, наамдарды алды. Лауреат, профессор болду. Башкалардан айырмаланып, мансап, даражаны көтөрө алды, кекирейбеди, көппөдү.

Ө.Даникеевдин “Айылым” деген чакан макаласында өзү жөнүндө мындай деген жери бар: “Турмуш кандай гана сынактан өткөрбөдү дейсиң, далай бейопа күндөр өттү го. Кантсе да мен алардын алдына белимди бүгө бөкпөдүм. Чөкпөдүм. Ар-намыс, абийиримди сактадым. Арамдыкка барбадым. Бирөөгө кыянаттык кылбадым, кылапат сөз айтпадым. Ак басып, ак жүрдүм…”

Ушу таржымал сөз жазуучунун өмүр бою карманган рухий кодекси болду. Жашоонун программасы, анты, чакырыгы десе да жарашат. Бул айтканына Өскөн досум “эч жулунбадым, мактанбадым” деген сөздү абийирдүүлүк кылып кошкондон тартынганы сезилип турат.

Далайдан бери өзүмө жаккан жана сабак алган устаттардын, замандаштардын нуска, накыл сөздөрүн жыйнап жүргөнгө машыркайм. Өскөндүн сөздөрүн окурмандарга да жагат деп, сунуш эттим.

  • “Өмүр дегениң элес сымал, элп эте бир көз ирмемде өтүп кетчү нерсе тура. Аны баамдоого көп учурда үлгүрбөй да калат экенсиң…”;
  • “Дүйнөдө кайдыгерлик жаман”;
  • “Сөзгө устат адам – акылга бай, адөөлөт адам. Адатта алар маңызсыз, майда нерселерди оозго алышпайт”;
  • “Башканы койгондо да, улуттук генефонд, акыр түбү менталитетке да түздөн-түз таасирин тийгизүүчү нерсе. Балким, азыр ага анчалык маани бербеспиз. Бирок акыр-соңу актоого болбос бир балаага алпарып такаары бышык. Ошондуктан жогорку деңгээлде бир чечкиндүү чара көрүлүүсү зарыл. Көз жумуп, өз алдында жөн коюу – кечирилгис кылмыш, чыккынчылык”;
  • “… Бу дүйнөң оош-кыйыш болот тура. Тек, бар бүткөнүнө тооп кылуу гана керек”;
  • “Адабият элдин баа жеткис байлыгы, күзгүсү. Эл барда ал өлбөйт”;
  • “… “Манас” бу биздин эгебиз энчи кылган бир керемет кенчибиз. Баа жеткис байлыгыбыз. Ал тарыхый жол, жашоо жагдайыбызга жараша, ооздон оозго өтүп келди. Чыгаан ырчы, оболкулардын осуят, аңызын карегиндей сактаган улама бабаларыбыздын айтымы аркылуу келди. Биз алардын акыркы шааларын гана билебиз”.

Урматтуу Өскөн досум, аман бол, арыба-карыба, жүздөн аш!

Кеңеш ЖУСУПОВ, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу,
“Кыргыз туусу”, 19.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий