А.Сарманбетов. “Бакталаш»

(аңгеме)

— Ата! Биздин бакты кыйып жатат! Тиги… бу… Акмат!..- деп, кичүү небереси анталаңдай үйгө жүгүрүп кирип күтүүсүз жерден калайман салып жиберди. Төрдөгү көрпө төшөктө жамбаштай жатып, бейкапар китеп окуп аткан Бектур карыя баш-аягы жок сөздөн эч нерсе аңдай албай тестиерине элтейе карап:

— Эмне дейт? Ким? Кайсыл бакты?..- деп, чочуй баш көтөрдү.

— Жанагы… тиги… ортодогу…

Небересинин чалды-куйду кебинен алда кандай жаман окуяны боолгогон Бектур   китебин таштай карбаластап тура калып, өтүгүнө бут сала тарталаңдай сыртка умтулду.

Ошондой. Сырттан удаама-удаа чакылдап чабыла баштаган балтанын үнүн жанатан эле шооткондо бу неси болуп кетти экен деп кулак түрүп жаткан. Көрсө, коңшу Акмат эки короонун ортосунда эзелтен бери чек болуп турган куураган карт теректи күрсүлдөтө кыйып кириптир! Тим эле маашырлана эки билегин түрүнүп, көйнөкчөн болуп, шымаланып алган. Жалпайган калпагын артындагы алманын бутагына илип коюптур, каадалантып. Өзүнүн багын кыйып жаткансып дегеле шайдоот!

— Ой, ата-бабаңдын… бу, не кылып атканың?!- ага аттап-буттап ашыга жетип барган Бектур коңшусуна жете бербей эле мурду менен бир тийди. Тиги болсо ага көңүл буруп, карап да койгон жок. Кулагы катуу неме укпады көрүнөт. Анын үстүнө ушу тапта эшик алдындагы кан жолдон күүлдөгөн эки-үч жүк  машина удаа өтүп бараткан болчу

— Эй, кыт кулак! Бу бакты эмне кыйып жатасың деп жатам?! Суроо-сопкуту жок…

Балтасын кере шилтеп, болгон күчүн үрөп жоон теректи күрсүлдөтө кыйып жаткан Акматтын көңүл да буруп койбогонуна туталанып кеткен Бектур күү менен барып аны ийинге катуу итерип жиберди. Тиги, балтасын дагы шилтемекке кериле берген неме байкоос түрткүдөн улам кыйшая жыгылып кетти. Иш алдында кере-кере жуткан жармадан бөрсөйгөн курсагы чулк этип, балтасы колдон ыргый, жерге күп кулады.

— О-уй, кокуй аалат! Өлтүрдү кокуй!!! — деген аялдын ач айкырыгы теребелди жаңырта коңшу короодон угулду.- Жеди эле жеди!.. Жеп салды, кокуй!..

Бул Акматтын катыны Зуура болчу. Семиз, көсөөдөй кара, ажаан. Айылда албууттук жагынан аны менен ат салыша турган катын жок. Азыр да этек-жеңин далбалактатып, айгай сала чаңкылдап, эркектерге жүгүрдү.

Күтүүсүз түрткүдөн көмөлөнгөн Акмат, эч нерсеге түшүнбөй бозала болуп, Бектурду жаалын чыгара карап, жаңы эле көк чыга баштаган карамык жерден дароо туруп кете  албай буйдала түштү. Карылык да. Курсактуу да эмеспи. Капталдай жер таянып, ынтыкты. Элейип, өңү дароо кара-көк тарта чыңалып чыкты. Бет алдына капыс келе калып эле кекете бакылдап жаткан кошунасынын ыргыта түрткөнүнө жини шакардай кайнап, аны  жеп ийчүдөй көзү менен элтең атып, турмакка умтула бергенде Бектур аны чыкыйга катуу нукуп:

— Ата-бабаңдын оозун гана… ой, бакты эмне кыйып жатасың дейм, ыя?! Бир ооз сурап койбойсуңбу ыя?! Ээсимин го мен!.. Тим эле өзүң тиккенсип… Токтот! Ата-бабаңдын гөрүн урайын…- деп, кайра артка кулатты.

Сакал-башы титиреп, мурдунан бери кызаңдай кыйкырып жаткан Бектурдун капилеттен жыга түрткөнү аз келгенсип, баладай чыкыйга чукуп кайра  кулатканына жаны кашайып кетти Акматтын. Жан тарта жете келген аялынын колтуктан сүйөөсү менен ордунан ынтыга эптеп туруп, үстү-башын күбүнүп:

— Эмине керек сага?! Эрбеңдеген эчки сакалыңды… улуу деп сыйлап койсо тим эле…  кыйын боло бересиңби?.. Эмне түртөсүң мени?..- деп, кол салып жиберчүдөй ызырынды.- Жөн койсо… тим эле,- томпоюп, демейде момурап жүрө берген немеден мындай айбат сөз тигиге эселей ачуу тийди.

— Оме-ей, ата-бабаңдын… кыз боозуп энесин коркутат… багымды кыйганы аз келгенсип… тилдеп… Эмне, болбосо мени жеп жибересиңби?.. Деле кой, муну…- деген Бектур сөзүн жута туттугуп, каны башына тебе кызыраңдай кетти. Демейде оор басырыктуу Бектур бир ачууланып алса артка кайтчулардан эмес эле. Өлгөндөн кайра тартпай калат. Ошону үчүн теңтуштары аны “кантужин” деп коюшчу.

— Ой, кокуй алат, аке, бул не жоругуңуз?..- Акматтын аялы ортого кыпчыла кетти,- Өлтүрүп коё жаздабадаңызбы?.. Анчалык эмне чоң күнөө кылып жибердик биз?.. Сыйлап койсо…

Ызырынып алышкан эркектер Зуурага көңүл да бурушкан жок. Бектур Акматтан төрт-беш жашка кичүү, аталаш тууган да болуп кетишет. Аялдын аке деп жатканы ошондон улам.

— Ой, бу бакты эмне кыйып жатасың дейм?!.- Бектур Акматты сөөмөйү менен дагы чекеге нукумак болду эле, Акмат жалтанып, башын алакача берди. Солдойгон неменин учталган казыктай сөөмөйү бу жолу мерчемине жаза, чекеден  өйдөрөөк, аялуу эмгегине сайыла ачуу тийгенден, Бектурдун жанына бата түшүп:

— И-ий, энеңди…- деп, сыздап жиберди. Демейде ооз учунан эле айтылып келген анын бу төл сөзү бул жолу жарага сайылган шибегедей ачуу тийди.

— Эмне дейт?! К-кудай аткыр!- Бектур ок тийгендей секирди!- Ушул сөзгө кантип оозуң барды ыя, с-сенин?! Энемдин колунан далай даам татып жүрүп чоңойдуң эле го, ыя, ата-бабаңдын?!.- Бектур Акматтын кежигесинен бүркүттөй чеңгелдеп, жерге итерип жиберди.

— Кокуй! Жеди!..- тигинин аялы дагы чырылдап, “ыңк” эте бүктүшүп калган күйөөсүнүн үстүнө үйрүлүп түшө калкалай чаңырып жиберди.- Эл-журт!.. О-ой, жардам кылгыла-а!.. Жеди эле жеди!

— Энеңди дейт, ой! Келес!.. У-у, энеден туулбаган айбан!

Акмат байкабай оозунан катуу жаңылып калганын эми туйду. Амалы куруй түштү. Кантип чыгып кетти, бул балакет сөз? Теңтуштарына, балдарына күнүгө эле жүз ирет айтып  жүргөн бул ылакап сөзү эми минтип жаңылгандан жазгырып, кашайтпадыбы! Чынында эле чатакты дал ушул бир ооз сөз ырбатып жиберди.

Маркум энесине тил тийип, ачууга ууккан Бектур бүктүшүп калган чыканактай Акматты өпкө талаштыра тепмек болуп катуу бут шилтеди эле, артынан жете келген аялы аны булка тартып кетпегенде тиги жарылган топтой эле былч этмек. Анан эмне, эңгезердей эки кез, сөөктүү неменин буту да кырк беш болбосо да кырк төртүнчү болсо керек, суу, ысыктан какжырап калган колжойгон өтүгү дал тийсе оң таптырмак эмес. Кабыргалары ыдырап, сынбаса да соо калбайт болчу.

Бектурдун байбичеси оор басырыктуу киши эле. Абышкасын колтуктан тарта, үйүн көздөй сүйрөп жатты:

— Болду эми, абышка. Улуу-кичүүгө уят болбой… Көргөн эл эмне дейт…- Ызаланып алган абышкасы болмокпу, суюк сакалын эрбеңдете, аялына бой бербей жулунат:

— Анан ушунуку жөнбү ыя, багымды кыйганы аз келгенсип, энеңди деп… ата-бабаңды… Эй, токонаалат! Тийбегин бакка!..

— Кой абышка, келин-уулга уят… Эртең элге кеп болобуз…

— Ой, эмине эле бакылдашып жатасыңар, жанатан бери? Деги тынччылыкпы?- деген үндөн баары жалт карашса, көчө тоскон кашаанын нары жагында чүкөдөй, Токтомамбет чал аты үстүндө шоңшоюп олтуруптур. Чырдын кызуусу менен аны, кайда барса көлөкөдөй ээрчип жүрчү ширидей арык, сары ити экөөнү байкабай калышыптыр. Анысы небак эле элди жалтак аралап, өтүк, багалектерин жыттагылап жүргөн болчу. Чууну угуп кайрылышса керек.- Кыйкырышып эле жатасыңар көчөнү жаңыртып, деги анчалык мине балакет болуп кетти?..

Жалпайган, уктаганда да башынан түшпөгөн майлуу калпакчан, суюк сакал Токтомамбетти көрө салган Бектур ызасын укчу киши чыга калганына каниет тарта, арманын айтып кирди.

— Ой бу, жотосуз… менден бир ооз сурап койбой багымды кыйганы аз келгенсип, энемди кошо сөгүп… ата-бабаңдын оозун урайын десе… Сиз деле билесиз да, бу бакты атам тикпеди беле…согуштан келип…- бу жолу “ата-бабаңдын…” деп, демейде аягын жута айтчу каймана сөзүнө “оозун урайынын” кошуп айтты. Ачуусу чындап келген экен. Акмат бозоруп, тил кайырган жок. Аялы ажылдай кетти:

— Эк, коюңузчу аке, өз көзүм менен көрбөдүмбү, жулунуп келип эле көмөлөтө түрттүңүз… башы тиги ташка же бактын дүмүрүнө тийип жарылып калса эмне болмок… алдырганды жаздырган болуп бу, буталган бутакка өпкө-боорунан сайылып калсачы?!.

— Жарылбай, нетпей эле турбайбы, кудай албагыр… Иштебеген башты эмне кылат көтөрүп, жарылып калса болмок…

— М-м, ие, чеки иш болгон экен…- деди Токтомамбет тигилер басыла калган ара-чолодо. Ал, чолтойгон камчысын аласына кыпчый ат жалына өбөктөп, не деп чатакты жайгарарын билбей тургансыды. Эски актип эмеспи, эптеп бир нерсе деши керек. Кашайып, оозуна сөз келбей калса болобу!

Оолугуп алган Бектур болсо колдорун адатынча тарбалаңдата жаңсап:

— Оо, мен бала кезде, анда кашаа-машаа деген жок болчу кыргызда, ушул бак ортодо чек болсун деп атам тиккен, бу теректи. Айылдын баары билет. Эми бу энеден айлангыр, өзүнүкүнүкүнөн бетер кыйып жатпайбы аны!..- деп, дагы эле басылбай жатты.

— М-мен, арыкты чек экен деп… бери жагында тургандан эле…- Акматка тил бүтө, арачолодо күңк эткен болду.- Жөн эле айтпайсыңбы анан! Ыргыта түртпөй…- деп кызыраңдай кетти, Бектурдун сөз улантмак болуп келатканын байкай сала.

— Эй, бир эмес эки айтсам да укпай койбодуңбу, дың кулак! Анан эмне, бак кулап түшкөнчө карап тура берейинби? Ал арыкты да мен казгам, бактын нары жагынан казайын десем сенин сенейген атаң болбой койгон, чыканактай жерин ыраа көрбөй…- Бектурдун кемсинте айткан сөздөрү чучугуна жете түштү белем:

— Жетишет! Сенейген дебе, сенейип калгыр!- деген Акмат үтүрөңдөп, бетинин түгү түксүйө түштү.- Атамдын арбагына асылбагын!..

Анын минтип тил тийгизгени андан эзели каяша укпаган Бектурдун жанын оготөтөн кашайтып жиберди.

— Ики ата-а, атачылын мунун, намыскөйлүгүн дегеле…- ал эми катынына болбой жулкуна кетти:- Ата-бабаңдын с-сенин!.. Сенейип кал дейт тура! Сенейгенди азыр сага көрсөтөйүн!..

— Өзүң баштабадыңбы, атамды…

— Сен дегенин кара мунун, бешигимди терметип жүргөнсүп… Котур болуп өлүп каларыңда мен жууп-тазалап, тоюнтуп аман алып калдым эле го, ыя, согуш кезинде? Алдыкы катыныңа коюмду союп, никеңди да мен кыйдырбадым беле, ыя, чычкак улагың жок кезде… Эсиңе жара чыгып, көзүңдү май басып калган экен, эми! Самтыр…

Ызы-чуу кайра башталды. Эки эркек бири-биринин сөзүн укпай кыйкырышып, небак көздөрү өтүп кетишкен ата-жотосуна чейин тил тийгизип, көрүнөн козгоп жиберишти. Ушул чеки иш болду. Мындайда кайсыл кыргыз баласы чыдап турмак! Кошуна ага-ини да колу жетсе бири-бирин баса калышчудай улунуп-жулунушуп, ортодо аялдары айгайлай аларды артка сүйрөп… Кызый-кызый кыздын койнуна кирет болуп сөздөн сөз чыгып, чатак такыр ырбап кетти. Эл чогула берди…

Демейде тил кайырбай момураган Акмат агасына:

— Тойдум ошол багыңа, өзүңө гроб жасап алгын, эн-неңди…- деп, бети ачылса, Бектур:

— Гуроп-муробуңду алдыкы абжеп аялыңа жасап бергин! Ал, бак башымдан садага!.. неңдурайын…- деп, ачуудан оозуна ээ боло албай “кантужини” кармап калды. Мурда келини болумуш этип, андан тартынып жүргөн Акматтын аялы да:

— И-ий, өлүк-тиригиңди көрөйүн, чирик шыргыйдай солдойгон… башыңа гана отура калайын десе… Абжептик кылганымды сен көрүп койдуң беле?!.- деп, уят-сыйыттан  караманча кетти. Кой-койгула деген эле токтоо Бектурдун байбичеси болду. Ал, кайым айтышка  аралашып, күйөөсүнө болушту дегиче эркектердин мушташып, аялдардын чачташмагы турулуу болчу. Ачуу эмнени гана кылбайт.

Кыйкырык-чууну угуп жете келишкен кошуналар, көчөдө баратып кайрыла калгандар болуп ончакты аял-эркек чогулуп калышты короого. Алгач, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып айгайлашкан ага-инилерди жандай келип, кой-ай демиш эткен менен ачуу сөздөр алардын да бүйүрүн козгоп, ар кими өз жакынсанаганына тартып, баары ажылдап жатышты.

— Ой, Зукеш, эмине болуп кетти? Кой эми…

— А-ми-ий, бетим, кантип оозу барды?..- деген Зууранын ниеттештери аны коштой чаап, Бектурга атырылып атака коюшту.

— С-сакалың өрттөңгүр…

— Абжип болуп калыптырбызбы ыя?!.

— Ой, эже, эриңизди кой дебейсизби…

Кимисин тыярын билбей калдыбы, же бараткан иши эсине түштүбү чатакты баса албасын сезген Токтомамбет аксакал камчысын катуу шилтей сооруга чаап, атын бастырып узай берди.

— Эй, Акмат, агаңды аттаганың эмне? Мындан башка кайсыл жарыткан жакының бар ыя, сенин?

— Неңдурайын, дың кулак! Жап оозуңду, болбосо…

— Анан Бектурдун кылганы жөнбү? Кой дебейсиңерби аны…

— Тур нары!..

— Эмне түртөсүң?!

— … түп жагын алба, чирик болот…- деп, кыйыла элек бакты бөлүштүрүп, кеңеш бергендер да чыкты.

— Ооба, түбүн жарганга сенин алың жетпейт, Акмат кичүү эмеспи…

— Ой, абайлап кыйбаса тетири жыгылып үйдү басып калса не болот…

— Кран менен үстүнөн көтөрүп туруш керек болчу…

— Кызыталак!..

— С-солдойгон суволуч, баягыда короосуна кирип кеткен козумдун шыйрагын сындыра чапкан болчу! Эсиңдеби ошол?!.- бу, Бектурдан эки үй алыс кошунасы Качкын болчу. Өткөн ызасы эсине түшө калып, учурдан пайдаланып Бектурду демите ичтегисин эми айтып алды.

Аны наркы, ийри Акмат коштоп кетти:

— Былтыр суу талашып, баламдын кетменин жулуп алып ошо бойдон бербей койгон… Апкел!

Көпчүлүк жоон топ чогулуп кетти. Бектур менен кошунасынын кошуналары, атургай тээ эле көчөнүн четиндеги Аманай менен Бейшебай экөө да короздордой чеке тирештирип калышыптыр:

— … эмне кылып аласың ыя?! Жеп жибересиңби?..

— Төлөп бергиле Акмат экөөң ошол эшегимди!..

Көрсө, мындан беш-алты жыл мурда Акмат айдоолорго кароолчу болгондо  жоголгон алдагачанкы эшегин Аманай да эми эстеп, ич күптүсүн чыгарып жаткан тура. Ошондо Акмат менен Бейшебай эле сатып жиберди, ал каңгыган эшекти деген сөз чыккан, айыл-апада. Экөө мектепте чогуу окушкан, ымаласы ысык катыштардан болчу. Мындайда баары эске түшөт эмеспи.

Бара-бара эки жаатка бөлүнгөн аял-эркектер эки-үчтөн болуп алып айтышып, жакалашып, кой-айлашып түрткүлөшө баштады. Бирин-бири укпайт. Ар кимисинин көкөйүндө көң болуп калган ич күптүлөрү эми эске түшүп, териштирип жатышты. Чатактын чыккан башы болгон куу терек баарынын эсинен чыкты. Атүгүл, Бектур менен Асан да унутулуп, четте калышты. Атамзамандагы арман-доолор айтылып ажы-кыжы, ызы-чуу… Чырды басайын деген деле эч ким жок. Чыкса да курулай убара болмок. Арачага алты таяк болуп, төөбастыда калары бышык эле. Эч кими укпайт да болучу. Келген эле киши дароо эки тараптын бирине кошулуп кетип, кыйкырышып жатты. Кан тартат да. Бүт айыл бири-бирине жээн, таяке, бөлө, теңтуш дегендей… Алыс эч ким жок. Ошентип, түш оой башталган чатак, каш карайганча токтободу. Мал-жан, бала-үйлөрү баарынын эсинен чыкты. Уйлары мөөрөп, койлорунун маарагандары кулакка кирбей калды. Куру сөздөн тажап кетиштиби, баштары айланып же кандары эми кызыдыбы аял-аял, эркек-эркек болуп жулмалашканга өтүштү. Ошо маалда:

— Ой, кудай аткырлар десе, болбодубу, эми! Дагы эле басыла элексиңерби?!.- деген Токтомамбет аксакалдын өктөм үнү капыс чыкпаганда дагы эмне болуп, чатактын соңу качан, не менен бүтмөгү белгисиз эле. Ал, жана бараткан ишине небак эле барып, бүтүрүп, эми үйүнө кайтып келаткан болучу. Анын бу арадан качан, кантип кеткенин эч ким элес албай калган.- А сага эмне жок, жаман!.. Бас үйгө!- деп, көрө салган кемшийген кемпирине  камчы үйүрүмүш этти эле тиги эрин жалтаң карап алып шүмүрөңдөй жолго түштү.- Жетишпей жаткансып жетип келгенин карасаң мунун!..

Бир кезде биргадир эмес беле, кайратынан кайта элек Токтомамбет буйра бакылдады. Андан баары айбыгыша турган, саалга элейе токтоп калышты. Болбосо бу көрүнүштөрү менен каны кызып алган немелер бирдин ичинен чыгышмак. Бери дегенде биринин чекесин бири айырып, аялдар тытышмак… Бети ачылып алган Акмат агасы менен жанараакта мушташмак да болгон, сес көрсөтө эки-үч ирет Бектурга кол сермеп жиберсе болобу! Дагы жакшы, алары алыстан шилтенип, аялдардын артка жулка тарткандарынан улам мушу бетке жетпей калды. Тийсе тиш сынып, көз канап — кан чыгып… жаатташып, ит эле болушмак. Акматтан мындайды ким күтүптүр! “Жооштон жоон чыгат” деген сөз тегин айтылган эмес тура.

— Ак, Кудай аткырлар десе! Жетишет эми, эсиңер барда этегиңерди жапкыла! Эркеги катын, катыны айбан болуп…- деп, Токтомамбет топурап тургандарды жактырбай, сыдыра карап кажына кетти. Ошондо гана ачууга алдырып койгондору эсине жете калдыбы, непада көптөн берки желдери чыга түштүбү, баарынын жаагы жап боло соолуга калышты.- Куураган бир бак үчүн тууган-урук, уят-сыйыттан кетип… – ал, тигилердин илгерки доолорун кубалоого өтүшкөнүн укпаган неме, дагы эле дарактын чатагы басыла элек тура деп ойлоп жаткан болчу,- Эмне, ал бак ажалыңарга аралжы болуп бермек беле… ал эмес жыйган-тергениңердин баары калат, бир күнү. Көрүңөргө ала жатмак белеңер? Артыңарда эле эзели кеткис жаман кеп-сөз калат: ага-ини, тууган-урук  бир куурай үчүн ит болушкан деген. Бала-чака, укум-тукумуңарга чейин жер карап калбайбы, шерменде болуп, катыгүн! Токтоткула! Эл укпасын, чү!- деген Токтомамбет атын моюнга бир чаап, боорго темине, коркок-билиш желе басып бараткан кемпиринин артынан желдирип жөнөй берди.- Тарагыла! Жалдырабай… кудай аткырлар десе!

Жанатан оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жаткандардын бири да калп болсо да сый катары аксакал менен кош айтышканга жараган жок. Ызы-чуу, жакалашуудан элирип алган немелер али демин басып, эстерин жыя албай деңгиреп турушту. Эч кимиси ордунан жылбады.

— Эк, кетчи нары, акылдуусунбай…- кимдир бирөө күңк этти. Ызырынганына караганда Токтомамбетте кайсыл бир өчү болсо керек анын. Бетине айта албаган менен артынан болсо да ызасын чыгарып алганына каниет кылып алды көрүнөт.

Соодасы бүтпөй калган сарттай кыйылып, араздашкандардын эч биринин кеткилери келбей турду. Жан тартып келишкен жакындарын таарынтып алчудан бетер Бектур менен Акмат да аларды таштап кете албай турушту. Кеткенин качты, бети чыдабай кетти да деп айтышары турган иш. Таркабай турушкандарынын жөнү ошол, куру намыс  болчу, ичтен тынышып. Аксакалдын акыл сөзү болсо кулактарына кирбей, жел менен талаага  кетти. Анткени, алардын мээсине акыл үчүн жол небак жабылып, ушак, чалчык сөздөргө бош кумгандын оозундай дайыма аңкайып ачык болчу…

Алар ошентип күңкү-мыңкы болуп турушканда көчөдөн ат үстүндө улам бир жагына ыргала ооп келаткан Таштан көрүндү. Ал ылжыган  мас болучу. Көзү-мээси тумандап, кайда баратканын, эмне кылып жүргөнүн билбейт. Алдындагы аты көнгөн жолу менен ээсинин ооган жагына ооп, жыкпай, үйүнө эптеп алып бараткан. Эки күн мурда саткан торпогунун кечээги жуумайдан калган акчасын тели-теңтуштары менен дүкөндө эртеден бери көңтөрүп бүтүп, оозу куру  калганына кыжынып, Таштандын кучунашы кармап келаткан болучу. Ал, Бектурдун короосунда топурап турушкан топ  кишилерди көрө сала:

— М-м, ыңк,- эте ыктытып алды да, элдин эмнеге чогулуп алганын түшүнө албай, артка чалкалап, текши мээлей тиктеп алды. Кудум койчу кезинде жөө туман арасынан кой издегендей канчалык жүлжүйгөн менен мээ-көзү туман ал кимдин кимдигин айырып көрө алган жок.- Э-эм-не болгон ыя? Ө-өлгөндөн с-сообу, б-булар?- Анан эле ага котолошкон элдин арасынан бирөөгө аңкылдап жаткан катыны көзүнө урунду. Ага да бирөө кыйкырып, жулмалап жаткандай. Таштандын каны башына тепти! Эркектана эмеспи, катынын кыйбай кетти.

— Чү!- деди ал атын катуу теминип. Боорго капысынан кадала тийген оор согончоктон чочуп кеткен аты атырылып, жанатан котолоп турушкан көпчүлүктү урдура короого кирип келди.

— Эй, энең-дур-райындар! Эм-мне, к-катыныма ас-сылып…ыя, с-силер?!- Таштан туш келген эле кишилердин ким экенин айрып билбей, оңду-солду камчысын шилтеп кирди.- Ме, ме, сага! Ө-өй, м-менин к-ка-тынымда эм-мне ө-өчүңөр б-бар, ыя?! Ч-чогулуп алыш-шып…

Камчы тийген-тийбеген эркек-катындар какыйлашып, кыргый тийген тооктордой чуру-чуу түшүп туш-тушка чачырады.

— Коку-уй!

— Жеди!

— Ой, бу Чоң жинди дагы ылжып алган тура!..

— А-а!..

Таштанга кол кайырган эч ким болбоду. Жанагыл баатырсынып жаткан эркектер жан тартып келишкен катындарына да карап койбой өз башын ала качып короо-короолорго жите качышты. Бу, “Чоң жинди” аташкан Таштанга эч ким тең келмек эмес. Андай баатыр айылда жок. Мас болгондо ал атасын да тааныбай, өлүп да, өлтүрүп салуудан кайтпай калчу. Азыр да ал атынын башын туш келди жулка буруп, бет келгендин баарын кызыл камчыга ала берди. Анын көкжинди сырын жакшы билген катыны небак эле качып жоголгон. Калган катындар болсо камчы жегени ачуу чаңырып, аман калганы башын катып жакынкы үй-үйлөргө безип жоголушту. Он акылдууга бир акмак теңата деген ушул бейм. Көчө бир паста жым-жым болду. Жаңжалдуу бак да, бакталаш  да баарынын эсинен бирпаста ыргып кетти. Бектур менен Акмат да аялдарынан мурда үйлөрүнө житип жоголушкан. Чоң жиндиге тең келмек кайдан, аларга. “Багың менен жерге кир!..”

 

А.Сарманбетовдун башка чыгармалары.

Соц тармактар:

А.Сарманбетов. “Бакталаш»: 1 комментарий

Добавить комментарий