Боз торгой болуп жүрөгү…

nurpais

Ыр жандуу элибизден чыккан таланттуулардан өзүнүн татыктуу ордун ээлеген, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына татыктуу болгон, азыр карыялык курактын кубанычын ырына кошуп турган Нурпаис Жаркынбайдын чыгармачылык жолун жаш чагымдан тарта билем.

Студенттик турмуштун алгачкы күндөрүндө экөөбүз тең тууганчылык жайыбыз бар экенин билбей жүрдүк. Көрсө, Нукем ата-энесинен эрте ажырап, эже-жездеси Жамийла менен Сатаалы тарбиялап, балалыгы алар иштеген Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Кочкор аймактарында өтүп, борборубуздагы даңазалуу №5 мектептен билим алып, анан студенттик өмүрдү баштаган тура. Шаарга эрте келип, акын-жазуучулардын чөйрөсүнө, редакцияларга жакын болушу кантсе да анын шыгынын “бүчүр жарышына” ыңгайлуу шарт түзгөн экен. Ал кезде КМУнун филфагына көбүнчө акын-жазуучу болсом деген тилектеги улан-кыздар келчү эмес беле…

Жатаканада студенттер бош убактыларында чыгармачылык пикир алышууларды өткөрүшүп, “Адегенде ыр жаралабы, же темасы жаралабы?” деген сыяктуу баёо маселелердин айланасында “баш” катырышчу. Кимиси кандай жазуу­чуну, акынды таанырын, атүгүл үйүндө болуп, маңдай-тескей отуруп чай ичишкенин жомоктогудай жобурап жибергендер да болчу. Ошондо Нурпаис алга чыгып келчү. Ошол жылдары “Алкыш”, “Кычан” повесттерин окурмандар баса калып окуп жүрүшкөн белгилүү устат Шүкүрбек Бейшеналиевдин инилери, биз менен бирге окушкан Зарылбек, Дайырбек менен Нурпаис мурдатан тааныш болуп калгандыктан, үчөө дайыма бирге жүрүшчү. Бир жолу ал жатаканага кеч келип, даңазалуу жазуучунун үйүндө болуп, кошо тамактанып, көпкө маектешкенин айтып, оозубузду араандай ачырган. Көрсө, ал киши Нурпаисти айтылуу №5ке (ал кездеги борбордогу жалгыз кыргыз орто мектеби) орноштуруп, кийин интернатка да киргизген экен. Баарынан да анын алгачкы ырларын “Жаш Ленинчи”, “Кыргызстан пионери” журнал-гезит беттерине жарыялоого түздөн-түз көмөк көрсөтүптүр.

Бара-бара биздин арабызда да “чымындуулар” бар экени дайын боло баштап, алардын ичинен Асанбек Стамов менен Мурза Гапаров КРнын эл жазуучусу наамына жетишип, Каарман Ашымов кыргыз улутунан кинотаануу илим боюнча туңгуч кандидат, белгилүү кино ишмери катары бүткүл союзга таанылса, Дайырбек Казакбаев белгилүү прозаик, философия илимдеринин кандидаты, эстетик-сынчы, Асылбек Медетбеков акын жана философия илимдеринин кандидаты, эстетик-сынчы катары белгилүү болушкан, бейиши болгурлар…

Ал эми Нурпаистин ырлары гезит-журналдарга, альманахтарга жарыяланып, жаштардын чыгармачылыгына арналган жыйындарда, талкууларда жакшы бааларга арзып, композитор-обончулардын музыкасы менен коштолуп оболой баштаган. “Биринчи мугалим”, “Жолугупсуз мага бекер сиз”, “Кызгалдак гүлүм ай”, “Күтүү” ырларын Маданбек Алмакунов, Рыспай Абдыкадыров, Муратбек Бегалиев, Түгөлбай Казаков обон салып, алар таланттуу аткаруучулардын үнүнөн түшпөй, көп жерлерде элдик ырларга айланган. Өзү да башка республикаларда өткөрүлгөн поэзия күндөрүнө чакырылып барганында көптөгөн ырлары орус ж.б. тилдерге которулуп, союзга таанылат.

Анын ырлары терең мазмундуулугу, ойлорунун нукуралуулугу, масштабдуулугу, образдуулугу, алардын чагылдыруучу техникасынын шаймандуулугу менен өзгөчөлөнүп, жалган, көпшөк, жел ойлордон оолак болгону үчүн адис сынчылар менен кашкөй акындардын да кыйкымчыл талдоолорунан чалынбай өтүп келүүдө.

Ал мурда көп эле ырдалып, дегеле “жылчыгы” деле калбай калгансыган темаларды да өзүнө гана таандык, оригиналдуу, поэтикалуу боёктор менен сырдап, жагымдуу ыргак, музыка менен коштой билет.

…Туулган жер тууралуу кимдер гана туурасынан да, узунунан да жазбады. Ал эми Н.Жаркынбайдын поэтикалык чарбасында бул тема өзгөчөлүү ойлом, ыкма менен шөкөттөлүп өзгөлөрдөн өзгөчө чыгарын ырастаган бул ыр саптарын калыска тарталы:

Өзүндө туулуп эс тарткан,
Өзөктөш ушул жеримде,
Көзүмө чоочун жай барбы,-
Кымыздык татыйт эринде…
Боз торгой болуп тетиги,
Лыпылдап канат кагынган.
Жүрөгүм менин эмеспи,
Мына ушул жерин сагынган!
(“Таңкы торгой” жыйнагы, “Адабият” басмасы, 1989-ж.)

Нурпаис акын лириканын кайсы гана салаасына кайрылбасын, тапталган даяр жолго салбай, ичке болсо да өз алдынча из салууга, поэтикалык максаттарына узак жол менен эмес, төтө жол менен жетүүгө маш болгон. Ал сөздөрдү этиет уруна билет, анын ыр саптарында сөздөр бири-бирине кынапталганда “түртүшүп-жөөлөшпөй” магниттей тартылышып, учкун чыгарып, жарык чачыратышат. Мындай ийгиликке ал улуттук поэзиябыздын мыкты салттары менен дүйнөлүк поэзиянын алдыңкы үлгүлөрүнөн каныга сабак алып жетишти.

Ага анын котормочулук өнөрү “колкабыш” кылганы, Москвадан эки жыл окуп, такшалып, ал жерде союздук масштабда өткөрүлгөн поэтикалык семинарларга катышуу менен көрүнүктүү акындардын өнөрканасынан “ыр көөрүгүн” басканды үйрөнүп келгени өз жемишин бербей койгон эмес.Темирди кызуусунда чап дегендей эле, ал котормочулук ишин Владимир Маяковскийдин ырларын которуудан баштаган. Бара-бара орок ооз, от тилдүү акындын бүтпөй кеткен “Во весь голос” поэмасын которуп, анан аны уландысы катары өзүнүн “Бардык үн менен” аттуу поэмасын жараткан.

Ал эми Лениндик сыйлыктын лауреаты Егор Исаевдин “Суд памяти” (“Акыл соту”), “Даль памяти” (“Акыл чабыты”) экилтик поэмасынын ийине жеткире которулушу, өз-өзүнчө китеп болуп чыгышы Нукенин өзүнчө бир иштермандыгы.

Бул жерде Э.Межелайтистин, Е.Евтушенконун, О.Сулеймановдун ж.б. чоң акындардын ыр-поэмаларын кыргызча сүйлөткөнүн айтпасак да белгилүү.

Н.Жаркынбайдын “Жаштык жазы” аталган тунгуч жыйнагы 1966-ж. жарык көрүп, ошол эле жылы СССР жазуучулар союзунун, кийин-черээк СССР журналисттер союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынып, ошондон бери көптөгөн ыр жыйнагынын курч, көркөм публицистикалык макалалардын автору болду.

Соңку жылдары элибиздин тарыхын, улуу адамдарынын бейнелерин, жерибиздин ажайып кооздугун чагылдырган поэмалар циклин жаратып, кезинде акындын чыгармачылыгынын “кыл чокусу” деп эсептелген “Кыргыз көчү” поэмасын философиялык жаңы ойлорго тундуруп, эпикалык арымын кеңейтип, роман деңгээлине жеткире иштеп чыкты. Элибиздин ошол улуу көчүн мындан ары да коштоп, баштап бара берчү Нурпаис Жаркынбайдын өмүр сапары байсалдуу боло берсин ылайым!

Санарбек КАРЫМШАКОВ, филология илимдеринин кандидаты, профессор

 

Редакциядан: Акындын поэзиясына айтылган ой-пикирлердин айрымдарынын үзүндүлөрүн окурмандарга сунуш кылабыз.

Чыны менен Нурпаис Жаркынбай бүгүнкү кыргыз поэзиясында өз жүзүн көрсөтө алган калемгерлерден.

Акын темасы ар түрдүү, дүйнөнү көрүү объектиси да кенен. Арийне, публицистикалык чыгармаларды жазуу оор, антсе да ал өзүн жаңыртып, толуктап турууга чын ыкласын коё билди. Ал эч убакта коомдук, жарандык темадагы ырларды өзүн зордоп жазбайт. Бул темалар анын табигый жан дүйнөсүнө кошо бүткөн сыяктуу.

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны

 

Нурпаис Жаркынбайдын акындык жакшы белгилеринин бири-бул турмуш көрүнүштөрүн интеллектуалдык призма аркылуу өткөрүүгө умтулуусунда. Анын поэзиясында кыргыз ыры традициялык кээ бир элементтерден айрылган, бирок да ички тереңдикке, ийкемдүүлүккө жана интонациялык эркиндикке ээ болгон. Ага мүнөздүү болгон поэтикалык каражаттарды тандап алуудагы тайманбастык, окурмандын ой сергектигине ишенүү, азыркы күндүн үндөрүн туя билүү сыяктуу акынга кымбат касиеттерди көп ырларынан жолуктурабыз.

Теңдик АСКАРОВ, философия илимдеринин доктору

 

Акын Нурпаис Жаркынбай, мен баамдагандай жигиттик кезинен бери ыр дүйнөсүнө терең сүңгүп, үзүрлүү эмгектенип келет.

Эсимде, 1986-жылы акын алгачкы көлөмдүү чыгармасы – “Кыргыз көчү” өзүнчө китеп болуп чыкканда, ага оң баа берип, күндөлүк басма сөздө өз оюмду айткан элем.

Акындын азыркы, экинчи жолу жарык көргөн “Кыргыз көчү” көркөм толгоосу мезгил талабына ылайык кайрадан толукталып, түзөлүп, поэзия “конушунда” жаңы өргөө тиккенин айтуу менен, Нурпаис инимдин өзүнө да, “Көчүнө” да ак жол каалап, ак батамды берип олтурам.

Сооронбай ЖУСУЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны

 

Нурпаис Жаркынбай башынан эле сөздүн нукура маанисинде публицист акын катары көрүнүп келатат. Ал кай бир акындарга окшоп граждандык коомдук-саясий темада өзүн зордоп жазбайт. Граждандуулук, публицисттик пафос – анын акындык табиятына кошо бүткөн, улам өркүндөп-өрчүп келаткан сапат.

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, академик

 

Урматтуу Нурпаис Жаркынбаевич!

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Секретариаты, Президиуму, Башкармасы

Сиздин 75 жылдык торколуу тоюңуз менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Сиз эки жолу Кыргызстан жазуучулар Союзунун текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенгенсиз. Азыр да чыгармачыл чөйрө менен тыгыз байланышта келатасыз.

Сиз жараткан ыр саптары, поэзияңыз терең философияга бай, алган тематикаларыңыз өзүнүн тереңдиги, масштабдуулугу, аруулугу менен айырмаланып, окурмандарды табиятты сүйүүгө, Ата журтту сыймык тутууга үндөп турат!

Сиздин поэзияңыздын келечеги кенен, алчу мөрөйлөрү али алдыда деп биз ишенебиз.

Талантыңыз ташкындап Сиздей улуу инсан Ата журт, Кыргыз эли үчүн талыкпай кызмат кыла беришин чын дилибизден каалайбыз!

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Секретариаты

 

* * *

“Кыргыз Туусу” гезитинин жалпы жамааты да Сизди 75 жаш курагыңыз менен куттуктайт. Сиз биздин редакцияда чыгармачылык жигер менен он жыл эмгектенгенсиз. Бүгүн да гезитибиздин ардактуу кабарчысы болуп келатасыз. Мындан ары да чың ден соолукта болушуңузду, журналисттик калемиңизди колуңуздан түшүрбөөңүздү каалайбыз!

“Кыргыз Туусу” гезитинин жалпы жамааты,
23.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Боз торгой болуп жүрөгү…: 1 комментарий

Добавить комментарий