Дарак өспөгөн, чымчык учпаган жерде

pamirkyrgyzdary

Жакында Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова ушул экспедициянын курамында боордошторубуздун абалын жакындан көрүп келди.

– Сиз памирлик кыргыздарга мурда да бир нече ирет барган элеңиз. Бул жолу эмне алып бардыңыздар, жолуңуздар шыдыр эле болдубу?

– Бул төртүнчү экспедиция. Биринчиси – 2008-жылы август айында, экинчиси – декабрь айында барган. Экспедиция боордошторубузга 2013-жылы, үстүбүздөгү жылы барганда да ун, кумшекер, туз, кийим-кече, жууркан төшөк, дары-дармек жеткирди. Мунун баары Өкмөттүн буйругу менен аткарылды. Экспедицияны мурдагы Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов жетектеп, курамында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жана тийиштүү министрлик, ведомстволордон өкүлдөр болушту.

Белгилүү болгондой, гуманитардык экспедиция Тажик Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономия облусунун (ТБАО) Мургаб жана Ишкашим райондору аркылуу өтөт. Эки мамлекеттин ортосундагы достук катнаштын ушундайда кереги тиерин биз жон терибиз менен сезип жүрөбүз. Биздин коопсуздугубузду сактоо боюнча Тажикстандын күч органдары жакшы аракет көрүшөт. Алар Кыргызстандын чек арасынан өткөндөн, кайра кайтканга чейин коштоп жүрүштү. Биздин маршрут Бишкек – Ош – Мургаб (Тажикстан) – Кичи Памир – Мургаб – Чоң Памир (Афганистан) – Мургаб – Ош – Бишкек болчу. Тилекке каршы, Мургабга келгенде ТБАОнун чек ара жетекчиси биздин экспедицияны экиге бөлүп, эки жакка жиберди. Буга макул болбоско аргабыз жок эле. А. Алымкулов жетектеген бир бөлүгүбүз – Кичи Памирге, М.Бакиров жетектеген топ – Улуу Памирге жөнөдүк.

Мургабдан 6 КАМАЗды үчтөн, эки жакка бөлүүгө туура келди. ТБАОнун Зор-Көл аймагындагы Харгуш заставасынын жанындагы чек арадан Афганис­тандын Чоң Памирине өттүк. Улуу Памирге биз кечки саат 4-5 чамасында жеттик. Кыргыздар каз катар тизилип тосуп алышты. 200гө жакын адам келиптир.

– Боордошторубуз мекенинен жардам келерин угушкан бекен?

– Ооба, Кыргызстандан гумжардам жөнөдү дегенде эле чек арага жакын жерге боз үй, чатырларын тигип, 6 күндөн бери күтүп жатышыптыр. Аялдарды, балдарды жакынкы кыштоого топтоп коюшуптур, анткени суук 30-35 градуска чейин жетип, бизге арнап тигилген боз үйлөргө баары батышмак эмес. Жандары калбай, бүгүн бул жерде коносуңар дешип койлорун союп бышырып, чий боорсок, каттамаларын даярдап отурушуптур. Түндүн бир маалына чейин бир боз үйдө ортого от жагып (отун жок, көң жагышат), экинчи боз үйдө темир меш жагып баарлашып отурдук. “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакунов аларды ырдатып, «Кара жорго» бийлетип, чоң тамаша уюштурду. Депутат М.Бакиров боордошторубуздун көйгөйлөрүн угуп, суроо салып отурду. Мен болсо айыл башчыларын (алар Афган Өкмөтү тарабынан дайындалып, шура деп аталышат) утур жаныма чакырып алып, өзүмчө каттоо жүргүздүм. Чоң Памирде Беш-Көнөк, Байтөбөт, Моло, Ыстык, Шобур (Шамалдуу), Толубай деген 6 айыл (шура) бар, аларда 135 үй-бүлө жашайт экен. Адам саны болжол менен 707. Көпчүлүк үй-бүлө бай жашайт, кембагалдар аз. Бай деген үй-бүлөнүн 200-700гө чейин кой, эчкиси, 10-30 топозу, 10-30 төөсү, 3-4 жылкысы, ал эми кембагалынын 10го чейин кой, эчкиси, 1 топозу бар. Ушундан улам, кедей эркек үйлөнбөй калат. Кыздын калыңы 10 жамбы, ал эми бир жамбы 10 жандыкка тете.

– Демек, памирлик кыргыздардын саны жылдан-жылга азайып баратканбы?

– Ал ырас, эң көйгөйлүү маселе бул – элдин жок болуп баратканы. Аларда эне менен ымыркайдын өлүмү өтө жогору. Бири дагы андан куру калган эмес. Үй-бүлөдө 6, 9 же болбосо андан көп бала төрөлгөнү менен, бир-эки күн же бир жаштан беш жашка чейин жашап эле чарчап калышкан. Колдорунда калганы бир-эки эле перзент. Атайын барган дарыгерлер: кардиолог Рашид Марипов, гинеколог Индира Мырзалиева, терапевт Ороз экспедициядагы эң керектүү адамдар болду. Рашид өтө чебер, мыкты адис катары (жакында докторлук диссертациясын жактаганы турат) сапарда экспедициянын мүчөлөрүнүн ден соолугун гана карабастан, Кичи Памирге барып боордоштордун ден соолугун текшерип, дары-дармек таратып, кеп-кеңештерин айтып келди. Ал эми Индира менен Ороз Улуу Памирдеги кишилерди, ал турсун атайын жыйылып келген аялдардын, балдардын ден соолуктарын текшерип, кеңештерин беришти.

– Боордошторубузда аз болсо да оң жакка өзгөрүүнү байкадыңарбы?

–Дүйнө элдеринин ичинде Афганистандагы биздин боордошторубуздун турмушундай, жумуртканын ичинде калган сымал калк бар болду бекен? Деңиз деңгээлинен 3,5-5 миң метр бийиктикте, дарак өспөгөн, чымчык учпаган жерде, дүйнөлүк цивилизациядан оолакта, адамзаттын, маданияттын өнүгүшүнөн кабары жок, обочо жашашат. Албетте, алар өздөрү менен өздөрү болуп, өздөрү билген, ата-бабаларынан калган мурасты, салтты сактап жашап келатышканы анык.

Мына, мен төртүнчү жолу барып жатам. Төртүнчү жолу тең чек арага жакын жерден гуманитардык жүктү түшүрүп берип кайтып келдик. Быйыл гана тажик чек арачыларын ийге салып, суранып жатып Улуу Памирдеги кыргыздарда түнөп келүүгө уруксат алдык. Анткени дарыгерге көрүнөбүз деген аялдар, балдар эртең менен гана келишмек, биз болсо кечирээк жеттик. Катуу ооруп жаткан адамды алып келишкен экен, биздин келишибизге жетпей, ошол жерде кайтыш болуп кетиптир. Алардын айтымында, инсульт болгон окшойт. Ал эми 2013-жылы барганыбызда, 2008-жылы көрүп келген 6-7 жаштагы Айшакан деген кызды 2011-жылы күйөөгө беришип, азыр ооруп жатат деп жаныбыз кейип келген. Менин негизги максатымдын бири – Айшаканды көрүп, ден соолугун билүү эле. Кайра-кайра айттырганымдан кийин Айшаканды эң акырында алып келишти. Кудайга шүгүр, ден соолугу жакшы экен, догдурлар бала төрөп, багууга али эрте экенин айтышты.

– Памирлик кыргыздардын жашоосун жеңил­детиш үчүн дагы эмне кылуу керек?

– Коштошуу дайыма оор болот. Кайтып жатканда каңырыгыбыз түтөп, кээ бирибиз ыйладык. Баарыбыз үстүбүздөгү жылуу кийимдерибизди, ашыкча жылуу өтүктөрүбүздү, башка кийим-кечебизди берип, кийгизип кеттик. Төө, топоз минип келген аялдар балдарын жылаңайлак, шымы жок этегине, болор-болбос чүпүрөк-чапырактарга ороп келишкенин көрүп, жаныбыз ачыды. Индира догдурубуздун аларды көргөндө көзүнөн жаш эмес, жүрөгүнөн кан акты.

Менимче, бир жылда бир жолу гуманитардык жардам алып баруу Өкмөттөн чечилген. Барган сайын алардын дүйнө таануусу кеңейип, түшүнүктөрү өсүп жатканын байкадык. 2013-жылы Кыргызстанга келип, Жогорку Кеңештин төрагасына, Өкмөткө, башка жетекчилерге жолугуп кеткен Миталип аксакал: “Мен келип буларга айтып жатам, балдарыбызды Кыргызстанга жиберип окуталы дедим”, – дейт. Чындыгында, мурда алар балдарыбыз каапыр болуп кетет, кетсе келбей коёт деп жибергиси келчү эмес. Бул жолу алар мурдагыдай “бизди көчүрүп кеткиле” дебестен, “биздин балдарды окутуп бергиле, бизге мектеп, оорукана салып бергиле, жыгач жеткирип бергиле, үй салабыз”, – деген өтүнүчтөрүн айтышты.

Биз эми аларга даректүү катташпасак болбойт. Жазуучуларды, ырчы, артисттерди алпарып, эң негизгиси, алардын ден соолугун кеңири изилдөө, так санын, мүдөөсүн билүү үчүн социалдык-медициналык экспедиция жөнөтүш керек. Биз канчалык тез каттасак, алар ошончо аң-сезим, көз караш, дүйнө таануу жагынан тез өсүшөт. Вахта ыкмасы менен дарыгерлерди, мугалимдерди жиберүү зарыл. Керек болсо, ашпозчуларды жиберип, витаминдүү тамактарды жасаганды үйрөтүү керек. Гигиена жагынан дагы агартуу абзел.

Биз кетип жатканда, ыраазылыгын билдиришип, жөн эле мейманчылап келип тургулачы деп суранып калышты.

Сүрөттөр С.БАРАКАНОВАнын архивинен алынды,
Маектешкен Бермет МАТКЕРИМОВА, “Кыргыз Туусу”, 23.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий