М.Сатыбалдиев. «Терек»

(аңгеме)

Үйүнө жетип калган. Ушул учурда дал маңдайдан чарт эткен чагылган уюлгуган кара булуттарды как жарып, жылып келаткан кечки иңирди көз ирмемге жаркытып өттү. Шапалактай чубалжып, ийрелеңдеген чагылган оту асман менен жерди тепчип барып, туңгуюкка сөндү. Анын артынан кулак тундурган күркүрөк угулду. Таман алдындагы жер дирилдеп кеткенин сезди Эркингүл. Жарыктан көзү тунара түшкөн эле. Бүрүшүп жерге олтура калды. Дыбырап жамгыр башталды. Ал өзү менен кошо дуулдаган шамалды ээрчите келаткансыды. Туруп баратып, кучак жеткис теректи көрдү. Негедир ал азыр сүрдүү, мурункудан да зор көрүндү. Чынында эле бу чөлкөмдө мындан чоң, мындан бийик терек жок эле. Бирок, ал үч-төрт жыл мурда өзүнөн-өзү куурап, жайдыр-кыштыр жылаңач бутактарын тарбайтып тура турган. Эми ал Эркингүлдүн үйүн көздөй кыңайып, ооп калгандай сезилди. Жүрөгү болк этти. Үйгө чуркап кирди. Жалгыздык толгон үй суздук менен тосуп алды. Бул демейдеги көрүнүш. Күйөөсү таштап кеткенден бери ушул…

Чагылгандын жарк эткени, күндүн күркүрөгөнү басаңдап, эми дуулдаган бороон башталды. Жамгыр терезеге чабыла жаап, тынымсыз дыбырайт. Бир ыргактагы үндү тыңшап жата берди. Түндүн бир оокум болгонуна карабастан, көзү илинбей атты. Дуулдаган бороон менен кошо карс-курс эткен добуштар чыгат, куураган теректин бутактары сынып жатат окшойт. Көз алдына ал кайрадан тартылды. Бороонго туруштук бербей, үйдү баса жыгылса… Бул ой аны ордунан силкип тургузду. Эмне кыларын билбей кайсалактады. Сыртта кыбырт эткен жан көрүнбөйт. А терек турат, бери ооп калыптыр. Бир аздан соң карс эте түбү менен омкорулуп, үйдү былчыйта жыгылчудай. Бороондун басыла турган түрү жок. Жамгыр ого бетер. Келин бир нерселерге чалынып-чулунуп барып, эшик алдындагы өчүргүчтү басты. Электр жарыгы өчүп калыптыр. Шам да, ширеңке да жок эле. Үй ичи коюу караңгылыкка толуп турат. Сыйпалап атып бир нерселерин кийген болду. Оң кийдиби, тетири кийдиби — ким билсин. Неси болсо да кошунасыныкына баргысы келди. Эшикти ача бергенде жамгыр аралаш бороон бетке чапты. Ага карабады, эшикти сыртынан бекитип баратып токтоду. Аны менен өткөндө уруша кеткенин эстеди. Аркы кошуна менен да кер-мур айтышкан. Оң тараптагы кошуналары менен деле мамилеси жок эле. Киришип-чыгышчу эмес. Анткени ар кимиси менен болор-болбос нерселерди шылтоо кылып, урушуп чыккан. Ким билет, оозуна алы келбей ажылдашкандан, оозунан кирип-чыккан ак ит менен көк иттен өзү ырахат алат чыгар. Жок, мунун баары анын чалпоо мүнөзүнүн, кырс кыялынын кесепетинен эле. Бирок, мунусун мойнуна алчу эмес, башкалардан көрчү.

Ал шалдырап келип, суу кийими менен төшөгүнө кыйшайды. Бул дүйнөдө жалгыз калганын, эч кимге кереги жок экенин эми гана сезгенсиди. Жүрөгү ачышып, көзүнөн мончок-мончок жаш кетти. Бирок, анысын эч ким көрбөйт эле. Эч ким билбейт эле. Анын чалпоо мүнөзүнө, болбогон нерсеге албууттанып, ажаандана бергенине күйөөсү да чыдабады, колун шилтеп баса берди. Ар кимге катылып, улуу-кичүү экенине карабастан беттен алып, ажаандыгын көрсөтүп, жөн жүрө албаган аялга ким чыдасын, аны ким жакшы көрсүн. Бакыт бир келет дейт, аны кармай албаптыр да. Күтө албаптыр да. Башына күн түшкөндө колун суна турган жакшы санаалаштары деле калбаптыр. Муну эми гана сезгенсиди. Заманасы куурулду. Ансыз деле караңгы түн андан бетер коюулангандай, аны биротоло кучагына сиңирип кете тургандай жүрөгү кысылды. Жашка чыланган жаздыгын бекем кучактады. Букулдап ыйлап жатты.

Бороон дале күчүндө. Карс эткен үнгө улай, терезенин шаңгырап сынып түшкөнү угулду, теректин бир бутагы сынып түштү окшойт. Эркингүл башын чүмкөнө калды. Бороондун эмки эпкининде теректин өзү кулап, үй-мүйү менен былчыйта басып калчудай болуп, бүткүл денеси калчылдап чыкты. Негедир ушул учурда Сайкал көз алдына тартыла түштү. Ага жана эле тийишип, кучунашын карматкан. Анын өзүнөн улуу экенине, сый жүргөнүнө карабастан бир нече жолу кергиштеп, өзүнчө кыйынсынып, тийиштик кылган. Көңүлүн оооруткан. Бирок, ал унчуккан эмес, ушунусу менен андан жогору турарын, алда канча маданияттуу, адептүү жан экенин көрсөткөн. Бул Эркингүлдүн ого бетер жинин келтирип, ажаандыгын карматкан. Эми төшөгүндө ыйлап жатып, жининин кагыла түшкөнүн туйду. Адеп уялуу сезимине мууна калгандай болду. Тыштагы дуулдаган бороон ошо Сайкалдын ооруп калган көңүл түпкүрүнөн чыгып жаткансыды. «Кечириңиз эже, мендей эссиз жанды кечирип коюңуз», — деп күбүрөдү.

А тышка бороон улуп-уңшуп, куурап калган терек качыр-кучур болуп жатты…

 

musakunМ.Сатыбалдиевдин башка чыгармалары.

 

Соц тармактар:

М.Сатыбалдиев. «Терек»: 1 комментарий

Добавить комментарий