М.Орлова: Кыргыз тилин үйрөнөмүн, Же эмне үчүн кыргыз тилин үйрөнүп жатам

diplom

m_orlova
Мария Орлова

Жакында эле Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Эрматовдун колу менен кыргыз тилинин баштапкы курсун уккандыгым туурасында күбөлүк алдым. Фэйсбук баракчасына жайгаштырган документтин сүрөтү өтө көп пикир жаратты. Албетте, анын көбү, жактагандар. Ал эми достордун арасынан минтип сурагандар да болду: «А эмне үчүн кыргыз тилин?Мындай чектелген тилди үйрөнүү үчүн акча, убакыт коротуунун зарылдыгы барбы». Бул макалам менен ушул суроого жооп берүүгө аракет кылайын.

Тил маселеси мезгил-мезгили менен көп көтөрүлө баштады. Айрым жарандар да, элдик депутаттар да акыркы күндөрү бул сөздү көп айтышчу болду: «мен сизди түшүнбөй жатам. Сиз Кыргызстанда жашайсыз да, кыргыз тилинде сүйлөбөйсүзбү». Ушул сөздүн аркасында Орусияга кетип калгандар канча. Кыргызстанда калган орустардын көбү аны өз мекени деп эсептешет. Бул канчалык ыгы жок угулса да. Анан, эмне кылуу керек? Кетип калуу керекпи, каршылык көргөзүүбү.. же бүт дитиңди коюп, үйрөнсө болобу? Мен өзүм үчүнчү вариантты тандадым.

Мен үчүн кыргыз тилин үйрөнүү 10-класста, борбордук гимназия мектебинде окуп жатканда башталган. Албетте, ага чейин да «кыргыз тили» сабактары болгон, алардан жат жазууларды жазып, «Кыш, Жаз, Жай» тексттерин жаттап отурчубуз, жана барак-барак сөздөрдү жаттачубуз. Бирок, аларды сабактан кийин дароо эле унутуп калаар элек. Дайыма көзүңө урунгандар же күнүгө уккандар гана эсте калганы болбосо. Бирок, бул сөздөрдү колдонуп, алардан сүйлөм куруу… Жок, бизге аны үйрөтүшкөн эмес. Эгер үйрөтсө да, аларды кырааты менен түзүп, грамматикасын түшүнө албагыдай кылып. Биздин аябай жакшы сүйлөгөнүбүз эле: — «Саламатсызбы, менин атым Маша», болчу.

Кырдаал 10-класста өзгөрдү. Мугалимдин фамилиясы эсимде жок, аты – атасынын атын гана билем: Эрмек Абдиевна. Ал сабактарынын биринде мындай деп айтканы эсимде: «Мүмкүн, силер кыргыз тилинде сүйлөбөйсүңөр, бирок мен, силердин кыргыз тилинде сүйлөшүңөрдү каалайт элем». Ал бизге тилдин грамматикасын жакшылап түшүндүрүп бере алды, аффикстерден коркпой калдык, ал эми сөздүн уңгулары мурдагыга караганда тезирээк табыла баштады. Биз, – сын, -сыз, -нин жана башкалардын маанисин түшүнө баштадык. Сүйлөм түзгөнгө аракет кылып, жөнөкөйлөрдөн баштадык: «мен бүгүн мектепке барам, бүгүн бизге 5 сабак кирет, мен мектептен кийин конокко барам». Ушул эле учурда этиштин сүйлөмдүн аягында келээрин унутпоого аракет кылдык. Биз кечке жат жазуу жазып, башка китептерден көчүрүлгөн тексттерди жаттабай калдык. Биз которо баштадык. Бул абдан оор болчу, анткени үй-бүлөдө эч ким кыргыз тилинде сүйлөбөйт, ал эми кээде грамматикалык эрежелерди табуу өтө кыйынга турчу. Анда интернет деген жок болчу да. Бизге, эптеп-септеп толтура каталары менен жазып келген, 3-5 сүйлөмдөн турган «дилбаяндарыбызга» эки койчу эмес. Тескерисинче, мугалимибиз биздин өз алдынча иштеген ишибизди бардык жагынан колдоп турчу. Ал биздин бул жөнөкөй каталарыбызды көрүп тургандыгын, булар аркылуу эмнеге басым коюу керектигин түшүнө алаарын айтчу. Мен Эрмек Абдиевнага азыркыга чейин ыраазымын, анткени анын берген базасы университетте абдан жардам берди, жана көпкө чейин иш сапарларымда сактап жүрдү.

Биздин окуу жайда кыргыз тилинен жолубуз болбой калды. Тагыраак айтканда, аны окуткан мугалимден. Биздин тайпанын жарымы үй тапшырмасын менден көчүргөндөрүнө карабай, мугалим түшүнүктүү кылып түшүндүрүп жатса да (анын үстүнө, менин мурдагы базам жакшы болчу да), анын принциби – жаттоо болчу, менин болгон каалоомду жокко чыгарды. Өзгөчө жайында, «Манас» эпосунан жүз сап жаттап келүүгө тапшырма бергени окууга болгон каалоомду таптакыр жоготту. Бирок, буга дээрлик бир окуу жылы бар болчу. Эң башында эле, өз алдынча түзүлгөн жана которулган маанисиз сүйлөмдөрдүн ага кереги жок экени билинди. Кызыл паста менен оңдоп туруп, үч кое турган. Бир жолу, өз алдымча которгонго үлгүрбөй калып, эски советтик сөздүктөн көчүрүп келдим. — «Бүгүн сөзсүз беш алам» — деп ойлодум. Бирок андай болгон жок. Мугалим, бардык комиссиялар тарабынан жактырылып, жарыкка чыккан китептен көчүрүлгөн тексттен 7 ката тапты. Окуу китептеги толтура эрежелер, баягы эле тексттерди жаттоо, өзгөчө алардын баардыгын унутпаш керек болчу. Анткени ар бир кийинки модулда мурдагы гана өткөндү эмес, эң башында жаттагандарды да сурап чыкчу. Жада калса Айтматовдун тилин сүйүүчүлөр да мугалимди, аны менен кошо кыргыз тил сабагын да ичтеринен жек көрө турган.

Биз, 23 жыл бою «тилдик тажрыйба» жүргүзүп келдик: сабакты киргизип, усулду кынаптап жаттык. Совет мезгилинде кыргыз тили мектептерде окутулбагандыгы, республикада кыргыз тилинде окутулган орто окуу жайлары аз болгондугу эч кимге жашырын эмес. Этникалык көпчүлүктү түзгөн титулдук улуттун көптөгөн өкүлдөрү эне тилин билбей калышты. Көпчүлүк тилчилердин пикири боюнча мыкты деп саналган Юдахиндин сөздүгү узак убакка чейин кайра чыгарылган жок. Ал эми сакталган нускаларын китеп текчелеринен күндүзү чырак менен издеп тапчу эмессиң. Тилди көпкө чейин унутуп койдук, анын өнүгүшү, сакталышы, усулдук ыкмаларды иштеп чыгууну эч ким колго алган жок. Бул жакшыбы, жаманбы – мен сындай албайм. Биз өзүбүзгө тийиштүүсүн алдык. Чийки окуу китептер, жаңы эле окууну бүткөн окутуучулар, жада калса алар да өз предметин жакшы көрүшчү эмес, же тиешелүү деңгээлде окута алышчу эмес, же мунун баарынын кереги жок жеп ойлошчу. Мына ушундан улам, көпчүлүгүндө окутуу ыкмасы жок деген пикир калыптанып калган. Көп учурда: биринчи өзүңөрдүн окуу китептериңерди, сөздүктөрүңөрдү түшүнүктүү, жеткиликтүү кылып чыгарып алгылачы, окутуу үчүн жакшы шарт түзгүлөчү дегенди угасың. Менин оюмча, бул сөздөрдө чындык жатат. Бизде кайра эле мурдагыдай болду. Шарт жок, бирок билүүгө милдеттүүсүң. Жакында мамлекеттик тилди билбегендин айынан мамлекеттик кызматка жол жабылат окшойт. Камчылоонун көнүмүш ыкмасы. А таттуу токочу гана? Тилди окуунун орточо баасы (жакшы кадыр баркы бар, депутаттар өздөрү окуган курстарда) – айына 3600 сом же бир сабакка 300 сом – эки академиялык саат (80 минут). Англис, немис, испан тилин үйрөнүү канча турат? Бийик трибуналарда туруп алып, 20 жылдан бери какшанып келе жатышкан акысыз курстар бир да жерде жок. Жок дегенде телевидениеде да тил үйрөтө турган сапаттуу көрсөтүү жок (биздин коңшу казактардыкыындай кылып субтитрлери менен фильмдер, мультфильмдер, интерактивдүү оюндар) ж.б.

Мүмкүн, мунун баары: окуу китептердин, курстардын, усулдук ыкмалардын жоктугу куру шылтоо болуп жүрбөсүн,? Мүмкүн, иш башкадыр? Бир тажрыйба жөнөкөй чындыкты далилдеп берди – каалаган киши мүмкүнчүлүк издейт, каалабаганы – шылтоо издейт. Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү мына ушул максат менен журналисттер үчүн акысыз курстарды ачуу максатын көздөбөсө керек. Мына ушул жерден, эмнеден баштаганыма-алган сертификатыма кайра келем. Өткөн жылы журналисттерге, Мамлекеттик комиссиянын колдоосу менен, тагыраак айтканда анын алдындагы окуу борборунда окуу жүргүзүлө тургандыгы айтылган. Ал күзүндө башталды. Башында каалоочулар көп болду. Биринчи сабакта бизди эки топко бөлдү: жаңы баштагандар жана улантуучулар. Эки топто тең болжол менен жыйырмадан киши бар болчу. Биринчи зачетко чейин болгону 6 киши жетти. Себеби түшүнүктүү: жумуш, үй-бүлө, убакыттын жетишсиздиги. Анан, курсту өз чөнтөгүбүздөн төлөп улантат экенбиз деген маалымат да көп кишини үркүттү. Сертификат алган марага болгону үчөө жетти. Андан кийин улантууну экөө гана каалады.

Мүмкүн, бул саптардын автору да, кесиптештеринин колдоосу болбогондо марага жетпей калмак беле, ким билет? Телекомпаниялардын биринде иштеген журналист кыздын: «Биздин Маша кыргыз тилин окуп жатат» деп сыймыктанганы, кыргыз тилдүү кесиптештеримдин «Азамат» деп жактаган сөздөрү. Анан, сен мындан кийин кыргыз тилинде сүйлөп жатканда түшүнүп-түшүнбөй баш ийкеп отура берген кытай аңкоосу(болванчик) эмес экендигиңди түшүнүү. Мага азыр иш сапарларга баруу жеңил болуп калды, ким которуп берет деп издөөнүн зарылдыгы жок. «Мен кыргыз тилин үйрөнүп жатам, орусча сүйлөйсүзбү?» деген сүйлөмдү бекем жаттап алганымды мойнума алам. Ал менин куткаргыч таякчам. Анткени,эркин сүйлөөгө көп бар. Биздин мугалимибиз Периза Осмонованын эмгегин да белгилеп кетким келет. Ал тажатма журналисттерге эмне үчүн минтип сүйлөө керектигин эрикпей түшүндүрүп, же жөн гана эстеп калгыла деп айтаар эле. Эң жөнөкөй нерседен баштап, (менин түшүнүгүмдө – мектептеги база сакталып калган да), акырындап татаалга өттүк. Кептик клишелер, айтылыштары, акырындык менен угуп, сүйлөп жатканда түшүнүп баштайсың, анан сүйүнүп кетип: «Мен бул сөздү Ала-Букага барганда уккам» дейсиң! Анан, мугалимдин жактаган «Азамат» деген сөзү!

Эмне үчүн мен убактымды жана ресурсумду коротуп жатам? Жооп жөнөкөй эле: мен эч жакка кетким келбейт.

«Жаңы жүздөр» гезити, 10.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий