Акын Тургунбек Бекболотов көз жумду…

Уккан кулагыма, көргөн көзүмө ишенбей турам. «Эркин тоо» гезитинин сайтына ушундай аталыштагы жаңылык чыгыптыр. «Белгилүү акын, Байдылда Сарнагоев атындагы сыйлыктын лауреаты Тургунбек Бекболотов узакка созулган оорунун айынан 2014-жылдын 23-декабрь күнү 66 жаш курагында жарык аалам менен коштошуп кете берди…» — делет анда.

Мен үчүн Тургунбек агай учурдагы кыргыз поэзиясынын бирден-бир сыймыктанаар, түздөнөөр, таянаар Таланты, Жылдызы. Тоосу эле. Мурда жаратып койгон ырлары үчүн эмес, мына азыр, учурда жаратып жаткан кереметтүү ырлары үчүн. Мага Тургунбек агай кыргыз поэзиясында дайыма бар болгон сыяктанчу. Бирок ал акын катары өзүн жар салганына аз гана болуптур. Болгону 17 жыл. Биринчи «Көз караш» деген аталыштагы ыр жыйнагы 1997-жылы, акын 50 деген жашты таяп калганда жарык көргөн экен. Кеч келсе да кандай келди! Ал тууралуу айтылган пикирлер буга күбө.

Суук кабарды уккандан кийин, ал маалыматты тастыктаган маалыматтарды Интернеттен издеп жүрүп, 2008-жылы Тургунбек Бекболотовдун 60 жашка чыгышына байланыштуу анын поэзиясы тууралуу чоң акын, адабиятчыларыбыздын айткандарын таап калдым:

 

Акын Тургунбек Бекболотов 60 жашта

Акын Тургунбек Бекболотов 1948-жылы 12-декабрда азыркы Кара-Буура районунун Ак-Жар айылында төрөлгөн.

1974-жылга чейин жардамчы чабан, мектепте мугалим, 1974-1982-ж.ж. райондук «Октябрь таңы» гезитинин кабарчысы, 1984-1985-ж.ж. партиянын Киров райондук комитетинде инструктор болуп иштеп, 1985-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Кара-Буура кабарлары» («Октябрь таңы») газетасынын башкы редактору болуп иштеп келе жатат. 1997-жылы «Көз караш», 1999-жылы «Чарчаган кылым», 2003-жылы «Муздак тамчылар», 2007-жылы «Кечиккен ырлар», 2008-жылы «Махабат-бүтпөс дастаным» ыр жыйнактары жарыкка чыккан. Ырлары, макалалары, айрым аңгеме, очерктери республикалык басма сөздөрдө, «Ала-Тоо» журналында, альманахтарда жарыяланган.

Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси, Талас облусунун «чыгаан атуулу» наамын алган.

 

Сүйүнбай Эралиев,
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны:
— Тургунбек «поэзияга кечирээк киришкен» жаш акын. Анын айтаар сөзү али алдыда. Ушул оюмду бекемдегим келип акындын «Кечиккен ырлар» китебин кайрадан бир ирээт окуп чыгып, акын катары азырынча жаш аталганы менен кыйла калыптанып калган, поэзияга чоң урмат жана чоң жоопкерчилик менен киришкен, өтө сергек жана абийирдүү акын экендигине мен дагы бир жолу ынандым. Ырды эркин жазат. Турмушка өзүнчө көз карашы, айтар жаңы сөзү, омоктуу ойлору бар. Бай да, шаңдуу да, жандуу да тили бар. Жакшы иштеп, жакшы изденип жатыптыр.

 

Сооронбай Жусуев,
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны:
— Мезгилдин түрдүү орчундуу маселелерине масштабдуу ой жүгүртүү менен караган, мазмун жана көркөмдүк жактан шайкеш келген чыгармаларды жазган, Мекени, эли үчүн жүрөгүн берүүгө даяр, кийинки жылдары намыскөйлүк менен эмгектенип, чыгармачылыктын жогорку деңгээлине көтөрүлө алган Тургунбек Бекболотовду бардык ракурстан карап келип, аны чоң акын деп айта алам. Бул оюма ынана бербегендерди анын поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирип, жакшылап таанышууга кеңеш берем. Тургунбек Бекболотовдун бергенден берээри көп. Дагы чымырканып эмгектенип жеңиштен-жеңишке жетээрине ишенем.

 

Сагынбек Момбеков,
Демократ ырчы:

— Тургунбек Бекболотов кийинки убактагы көп ырларымдын башатын улап келатат. Анын эки китебинде тең учурду боектоп жазган ырлары чыгармачылыгына жаңы сүртүмдөрдү алып келди. Мен 40ка жакын ырларын диск-ке чыгарып, бирок, аткарууга башка бирөөлөргө белсенип бере элекмин. Жакында чыгармачылык кечемди өткөрүүгө даярданып жатам. Анда Тургунбектин ырларына көбүрөөк убакыт бөлүп, чыгармаларынан аткарып берсем деген оюм бар. Алтымыш жылдык мааракесине өзгөчө маани берип, мен да иштеп жатам. Тургунбектин «Даба барбы», «Мансаптууларга» деген ырлары өзгөчө намыс козгойт. Ал өзү айылда жүрсө дагы жалпы эле кыргызстандыктардын турмушун камтып жазып жатканы таңгалыштуу. Себеби, борбордо бири-бири менен кагылышчудай жайнаган акындар, журналисттер, ырчылар, обончулар эл турмушуна анча маани берип, көңүл бурушпайт. А Тургунбек тээ айыл ичинде жашап туруп, эл тагдырын жазып келатат. Мен ушуга баа берем.

 

Шайлообек Дүйшеев,
Кыргыз Эл акыны:
— Акча жап чапан жапканча
Акында акча аз болот,-дегеним бар эле. Себеби, акындардын жан дүйнөсү чыгармага бай болгону менен, жазылган чыгармаларын китеп кылып чыгаруу үчүн акча каражаты жетишсиз. Болот Шерниязовго ыраазычылыгымды билдирип кетким келет, ал Тургунбек экөөбүздү жакшы эле көтөрүп келатат. 2006-жылы Талас жергесинде Байдылда Сарногоевдин сыйлыгын уюштуруп, ошондо Тургунбектин «Муздак тамчылар» деген ырлар жыйнагына Б. Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлыкты ыйгарган. Чынында эле Тургунбек мыкты акын. «Алтын эч убакта чирибейт» дегендей, элетте жүрүп бир күнү эле жарк дей түштү. Бат эле окурмандарынын сыймыктуу акынына айланды. Мындай талант кыргыздарда өтө сейрек кездешет. Кыргыз поэзиясында Тургунбек өз үнү, өз таланты менен кала берет жана Б. Сарногоев, С. Эралиев менен катарлаш турган акын.

 

Анатай Өмүрканов,
Кыргыз Эл акыны:
Кимдер келип кимдер кетпеген,
Жерге үрөндөй ырың чачылсын.
Жакырлыгың менен байсың сен,
Асылдыгың менен акынсың!

Кудурети күчтүү Жараткан,
Өзүңдү артык көрүп өңгөдөн.
Касиетти сага ыйгарган,
Байгамбарга ыраа көрбөгөн.

Сезбести сез, туйгун туйбасты,
Жакшылыкка жашоо милдетиң.
Сен аркылуу болот эл жакшы
Кандай күндө кантип жүрбөсүн.

Сенде жашайт элдик намыс-ар,
Даңктап ырдап аруу сүйүүнү.
Күнөөсүнөн сенсиң куткарар
Өлгөндү да жана тирүүнү.

Элиң менен өлүп, турмушка
Тирилесиң кайра эл менен.
Тамырың бир Улуу Чындыкка
Теңир колдойт сени бийиктен.

Жер үстүндө тамга болбосо
Жылдыздардан тамга жасап сен,-
Ыр жазмаксың ташка, обого
Ысыктыгы Күнгө тең келген.

Канатында чексиз мезгилдин
Калсын атың, калсын арманың.
Элестетсин өлбөс өмүрүң
Чагылгандын жарк деп жанганын.

Татаал жолду тагдыр тандаган,
Ырың нурдай көккө чачылсын…
Бирөөгө учкан окту кармаган
Баатырдыгың менен акынсың!

 

Советбек Байгазиев,
Акын, жазуучу, педагогика илимдеринин доктору:
Тургунбек Бекболотовдун
«Кечиккен ырлар» аттуу поэтикалык китебине карата жакшы пикирлер айтылып, оң баалар берилип жатканын кез — кез ар кайсы басма сөз беттеринен окуй калып жүрдүм. Мындан мурда автордун «Көз караш», «Чарчаган кылым», «Муздак тамчылар» деген ыр жыйнактары жарык көргөн экен. Чынымды айтсам, бул китептер колума тийбей, окуган жок элем. «Кечиккен ырлар» кечигип колума тийгенче, Тургунбек акын жөнүндө жарытылуу кабар албай жүрө бериптирмин. Эми Т.Бекболотовдун «Кечиккен ырлар» жыйнагын атайылап чыгынып окуп чыккандан кийин кыргыз поэзиясына дагы бир мыкты талант келип кошулгандыгы жөнүндө ойлонуп отурам. Албетте, кийинчерээк бир жай отуруп бул китеп жөнүндө кененирээк жазармын. Азырынча алгачкы алган таасирлерге байланыштуу айрым ойлорумду акындын 60 жылдыгына карата айтып коеюн деп чечтим.

«Кечиккен ырларда» биринчи эле шак этип көзгө урунган нерсе, ырлардын уйкаштарынын тактыгы, дааналыгы, сөздөрдүн бири-бирине күтүүсүздөн жаңыча уйкашып, ойду ачык-айкын берүүгө кызмат өтөп тургандыгы. Тургунбек уйкаштын устаты экен. Караңызчы, мобу Чолпонбайга арналган ырдагы куплетти:
Эрксиздердин иши эмес эрдик деген,
Эрдик кылбайт эч качан жер тиктеген.
Жүрөгүндө оту бар адам гана,
Жүк көтөрөт капилет эл күтпөгөн.

Бул жерден баягы «баратат», «каратат», «жаратат» деген сыяктуу жеңил-желпи желип-жортуп кете берген уйкашты эмес, дегеле оңой менен ойго келбечүдөй, жанаша турбачудай болгон сөздөр кайдан-жайдан чыга калып, капилеттен бири-бирине айкалыша уйкашып, орчун ойлорду аркалап калганын көрүп турабыз. Уйкашка чебердиги жагынан Тургунбек Байдылда менен Сооронбай акын агаларын элестетет. Бирок Т. Бекболотовдун уйкаштарынын өзүнүн жекече өзгөчөлүктөрү бар экен.

Т.Бекболотовдун ошол ой көтөргөн, поэтикалык жүк көтөргөн уйкаштарга каныккан поэзиясынын дагы бир өзгөчөлүгү — анын граждандуулугу. Акындын ырларынын көркөмдүк-мазмундук чордонунда дүкүлдөп, атуулдук жүрөк согуп турат. Бул жерде жасалма ураан, жалган пафос жок. Китептен эмоцияга чулганып, жүрөк түпкүрүнөн фонтандай атып чыккан саптарга күбө болуп турасың. Бир эле мобу «Ата Журт» деген ырын окуп көрүңүзчү. Кандай күчтүү жазылган. Баракелде Тургунбек деп ичиңден кубаттабай койбойсуң. Ата Макенге, калк тагдырына жана көйгөйлөрүнө, улуттун стратегиялык маселелерине арналган патриоттук ырлары саптарынан, уйкаштарынан жалын чачып, шамалда күйгөн оттой дүркүрөп, каныңды дүргүтүп, намысыңды козгоп турат. Биздин окурмандарга поэтикалык ойду жогорку көркөмдүктө бере билген дал ушундай ырлар керек.

Бетти даярдаган Азима АКУНОВА, «Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.12.2008-ж.

 

Мени да бир кайгырткан нерсе — Тургунбек агайдын кайтыш болгонун тастыктаган маалымат издеп жатып, бул кайгылуу окуя тууралуу кабардын Интернет чөлкөмүндө дээрлик жокко эсе болгону! Акындар гана билбесе, башкалар үчүн бул оор жоготуу болбогондой…

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий