Ырчы Самара Каримова: “Мен дүйнөнү апам менен таанысам, мен апамды көйнөгүнөн тааныгам”

samara

Күйөрман журтун жагымдуу авазы, көңүлдөн орун алган ырлары менен кубандырып келе жаткан ырчы айым Самара Каримова бүгүн бизде мейманда. Самара айым менен узап бара жаткан жылдагы ийгиликтери жана кичи мамлекетиндеги жагдайлары туурасында маек курдук.

— Самара жылды кандай узатып турасың?

— Кудайга шүгүр, бул жыл үй-бүлөм үчүн жемиштүү болду. Чыгармачылык жаатта жакшы чыгармаларым эл алдына аткарылып, клиптерим тартылды. Узап бараткан жылдын ичинде “Атамды сагынганда”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу чыгармаларым, ыр күйөрмандарыма жакшы жетип, радиолордо жылдын мыкты ыры деген наамга ээ болууда. Жаңырчу жыл да ар бир жанга ийгилик жылоологон өзгөчө жыл болсун!

— Талант кантип такшалат деп ойлойсуң?

— Таланттын 99 пайызы эмгектенүүгө байланыштуу эмеспи. Аракеттин, эмгектин арты сөзсүз натыйжа экенин күтүп жашаган айыммын.

— Устат катары кимди эсептейсиң?

— Албетте, алгач атакемди, анан Саламат Садыкова, Алтынай Нарбаева эжекелеримди атаар элем.

— Комуз, аккордеонго кызыгууң кандайча пайда болгон?

— Кичинемден атамдын таасири менен жандуу фольклордук музыканын ичинде чоңойдум. Атам биз кичине кезде аккордеондун коштоосунда аткарган ар кыл элдин лирикалык ырлары далай адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Анын аккордеон тартканына таң берчүмүн. Биздин үйгө гастролдоп келген артист, ырчы-обончулар конок болуп кетишер эле. Ошолордун таасириненби, чоң сахна түшүмө кирген учурлар болгон. “Жаштын тилегин берет”дегендей, буюрса, алдыма койгон максаттарым акырындан ишке ашып келет. Жолдошум чыгармачылыгымды ар тараптан колдоп турат. Учурда Барсбек, Даткайым аттуу перзенттерибиз бар. Балдарды багууга апам каралашат.

— Элге таанылуу үчүн эмне жасоо керек?

— Тынымсыз изденүү зарыл. Калайыкка жагып, эл оозуна алынуу азыр өтө кыйын, жоопкерчилиги жогору. Анткени, азыр атаандаштык күч. Элге адал кызмат кылсам дейм.

— Сөзүбүздү сенин жеке жашооңо бурсак. “Келиндин келгени эсинен кетпейт” демекчи, алгач келин болгон күндү эстесең…

— (Күлүп). Жолдошум мени Бишкектен Ошко чейин самолет менен алып кеткен. Экөөбүз менин туулган күнүмдө баш кошконбуз. Алгач келин болгондо бөтөн үй, бөтөн жер дегендей толкундоолор болду. Бирок, кайненеме абдан ыраазы болдум. Мени келиндей эмес, өз кызындай кабыл алды.

— Кайын журтка кандай келинсиң?

-Кайын журттан жолдуу болдум. Аябай жакшы, чыгармачылыгымды кош колдогон инсандарга бүлөмүн. Ал эми менин милдетим – төбөм көккө жетсе да, алар үчүн келин бойдон калуу, кызмат кылуу. Раматылык кайын атам ажы киши эле. Кайненем кашыбызда, ал киши да ажылык милдетин аткарган. Өзгөчө жан. Балдарыма сүйүктүү чоң апа. Экөөбүз көп базарлайбыз, жактырган адатыбыз ушул. Кайын сиңдилерим, абысындарым менен ынтымагыбыз бекем. Мага мындан артык эмне бакыт?!

Мээрим БАКТЫБЕКОВА, «Эркин тоо», 29.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий