Абдилаат Дооров

Акын, журналист. 1953-жылы 1-сентябрда Лейлек районунун Кулунда айылында жарык дүйнөгө келген. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

1998-жылы анын «Миң тамыр», 2010-жылы «Гүл-гүл», 2014-жылы «Ак булут» ырлар жыйнагы жарык көргөн.

 

Абдилаат Дооров жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Акындыктын азабын тарткан билер…

 

Ырлар

БҮГҮН МЕН ТИКТИМ КӨЧӨТ

…Бүгүн мен тиктим көчөт,
мойнума түштү милдет.
Арык казып, суу коюу,
олтурбай
күндү күн деп, түндү түн деп.

…Бүгүн мен өмүрлүк жар,
жөнөкөй кызга тоолук.
Балбылдайт көздөрүбүз,
бакыттын кушу конуп!

…Бүгүн мен болдум ата,
болдум жар жана багбан.
Турмушка кирип келдим:
уялчаак балалыктын
ыпысык кучагынан!

 

САГЫНДЫМ

Сагындым жанга жагым жайлоо түнүн
шар акчу суусу мөңкүп, чачып көбүк.
Асыл жар чачып бөлүп жик салгандай
асманды саманчынын жолу бөлүп.

Койчунун коңур үнү созолончу,
селкинин козгоп жүрөк делебесин.
Түндүктөн түмөн жылдыз кашын кагып,
ай нуру өпчү боз үй керегесин.

Сагындым нымдуу, салкын жайлоо түнүн,
эскен жел – сырдуу жомок баянындай.
Аппакай мөңгү жатчу качанкы бир
акындын актай калган барагындай.

Эсепсиз арча, чөп, гүл жыты аңкыган,
эзели түн көрбөдүм ошол түндөй.
Көл жатчу – качанкы бир учурдагы,
айымдын унут калган күзгүсүндөй.

 

ТУРПАТЫНДА ЖАЙНАП СУЛУУЛУК

Турпатында жайнап сулуулук
турат бир кыз, өтөт көчөдөн.
Айтам менен келем айталбай
бир сөзүмдү көңүл күсөгөн.

Акыр не жооп түшөр болду экен,
айды бүктөп сунган катыма?

 

АТА ЖУРТКА МАКТАЛ

Сууң султан, абаң амир асыл жер,
сыр-сыйкырың жандырмаксыз кудурет
сүйкүмүңдө үр касиет, жан илеп.
Аскаларың кийип айбат калпагын
Аталарын мурас мисир ардагым.
Бир ууч сендик топуракмын мен дагын.
Кубанч-кайгым сиңип өөнө боюңа
киндик каным, көздөн жашым төгүлгөн.
Арууланып Ай-Көлүңө чөмүлгөм.
Айдыңдарың миң булбулдуу, миң булак
ар бир бүдүр өндүрүңдө тирүүлүк,
Ат чаптырган сендеги аваз, үн улук.
Аяй, азиз, кулпурган кут кушумсуң
аалам кезип уч, көкөлө, зуулагын.
Ай сүйдүрүп, Күн күлдүрүп дуулагын.

 

АЙЛЫМА

Антташкан жаш селкисин күтө карап,
Үңүлүп саатына, секунд санап.
Саргайган жигиттердин көзү менен
Автобус күтүүдөмүн сени самап.

Морунан түтүн булап ар бир үйдүн,
Аяз кысып, кар басып жаткан чыгар.
Түйшөлүшөр кирпигин түк ирмебей
Түн уйкусун унутуп сакмалчылар.

Саанчы кыз бүт айыл жаңылыгын,
Сагынычын билдирип жаш жоокерге.
Каймак, сүттөй таза дил сөздөр менен
Кат жазууга киришсе керек эле…

Энемдин нан жыттанган туурук колу,
Атамдын тер жыттанган тулку-бою.
Билемин… Биригишип бизди тапкан
Махабат аралынан – айыл койну.

Тирмийип китеп окуп олтургандыр
Даярдап үй тапшырма иничегим.
Уялап алган анын көкүрөгүн
Айлын сүйүп, сагынар асыл сезим.

Антташкан жаш селкисин күтө карап,
Үңүлүп саатына, секунд санап.
Саргайган жигиттердин көзү менен
Автобус күтүүдөмүн сени самап…

 

ЖҮГӨРҮДӨЙ БАЛА КАРМАП АЛЫПСЫҢ

Биз окууну бүтөр жылкы жайында
асфальт жолдо окуудан соң кечке маал
аяр басып келгенибиз айылга
— Эсиңдеби, аяйым?…

Ажарданып кызыл нур жүзүң
айтаарындай кызык сыр
Акырын ийилдиң да дедиң сен:
«Жүгөрүлөр бала байлап калыптыр».

Андан бери…
Жүгөрүлүү жай канчасын узатып,
канча аяздын каарына карыктым.
Жүрүп-жүрүп…
Жолугуштук жолдо шо
Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың.

 

“ЭМНЕГЕДИР ТЕШЕ ТИКТЕЙМ АЛЫСТЫ”

Эри кетип, кан казаттан кайтпаган
энелердей теше тиктейм алысты.
Cезимдерин эңсөө эзе баштаган
Селкилердей теше тиктейм алысты.

Терезеден телмирчүүмүн кызыгып,
тек туралбай чак түштөбү, кечинде.
Чаң көчөнүн үстүн сызып, кештелеп,
«чоң сүрөтчү» аталганым эсимде.

Теп-тегерек же кетилген май токоч,
түспөлдөнүп сезилүчү ай мага.
Таппай калган ак чөлмөктөй жок издеп
таңданчуумун табияттык саймага.

Эми мага адат болуп баратат
эмнегедир теше тиктөө алысты.
Алп асмандын көөдөнүнөн Ай жылып,
жылдар учту, жылдыз учту, куш учту.

Туйгуларым чиеленген жибек жип,
тулкумдагы тарам-тарам тамырдай.
Жүрөктөгү ыр станок таптакыр
жүрбөй кыйнайт бир тетиги табылбай.

Табам го…, деп ак чөлмөктөй аны да,
таңда түтүп, түндө түтүп күймөлөм.
Мына ушул кичинекей терезе
микроскоп сыяктанып дүйнөгө.

Эмнегедир теше тиктейм алысты…

 

ЭТЮД

Кызматымдан келе жатсам:
кызарып чекке күн чөгөт.
Тоолук кыздын мойнундагы
мончогундай мөлтүрөп.

Чарпаяда чалка жатсам:
маңдайымда ай турат.
Алп асмандын төшүндөгү
медалындай жаркырап.

Көздү уялтып күн саарында:
көтөрүлөт нурга бай.
Бийик аска кулагына
бирөө таккан сыргадай.

 

СҮРӨТ

Жайылып таң ааламга ак барактай,
сайылып күн желеси калем саптай.
Асыл ыр жазып кирди жаратылыш
алиге эч бир акын келген таппай…

Күчтөнүп жер жемирет өзөн суусу,
жээгинде гүлдүү бадам жаш келиндей.
Эң мукам күүнү күүлөп биз угалек,
эң назик бийди бийлеп жатты эгиндер.

Көгөрүп беде жайдай чексиз асман,
көрүнөт чөп үймөгү маңдайдагы.
Бажырайган түркүн гүл таажысынан
бал жыйнап түйшүгү күч асел аары.

Коңуз да, кумурска да табылгасын
уясына тарткылайт тырбалаңдап.
Ийнелик жүрөт тентип ары-бери,
илмийип бекерпоздук ырын ырдап…

Бүтүндөй тиричиликтин миң бир сырын,
бул аалам күн көз менен турат карап.
Бактылуу, нагыз сулуу мажүрүм тал –
баратат жолугууга чачын тарап.

 

* * *

Шыбак жыттуу, гүл-чөптүү, бак-дарактуу,
кыйыр-чексиз талаада тыптынч, кенен.
Көрүнбөгөн эч көзгө жашайт кыймыл,
Кулакка угулбаган добуш менен.

Шамал шашат дикилдеп кайберендин
улагындай арышын элпек таштап.
Анын үнүн тыңшасаң кандай мукам,
анын тулкун сыласаң кандай жумшак.

Эркелетип чөптөрдүн мурдун чымчып,
эжесиндей талдардын тарайт чачын.
Жүзүм сылап пахтадай салаалары
жүрөгүмө менин да абдан жакын.

Эрке кыял шашмалык мүнөзүндө,
балалыктын жыты бар нур сиңирген.
Сууй түшүп көңүлү бирдемкеден –
жаш цыгандай таборун таштап кеткен.

Балким күндүн кыякчы, чоорчусу,
бүт дүйнөгө ыйгарчу пакизалык.
Бирин-бири жүрөктөн ысык сүйчү
талаа экөө а мүмкүн … Эрли-зайып.

 

* * *

Дайранын шаңын жутуп үнсүз гана
жатамын эстеп сени.
Боорлоп кеткен чыйыр тоо жолунда
беттешип калбадыкпы кечөө күнү.

Жүзүңдөн туюп турдум толкуу шаанин
жана да уяң, назик күлүңдөөнү.
Канчалык карманайын десем дагы
калтырак кетпей тулку, үнүмдөгү.

— Саламат жүрөсүңбү? – салдым суроо
— саламат… – үнүң чыкты толкуп, шашып.
Шапайыңкы ыраңың азгын, жүдөө,
мурдакыдан калыпсың бойлуу тартып.

… Үй куруп ойноочубуз эсиңдеби?
Тепилдек “байбиче” элең.
А “чалың” мен.
Көп эле “балдарыбыз” жасап алган –
куурчактар кыркынды кездемеден.

“Сүйдүрүп” куурчак уулга, куурчак кызды.
жаздыкташ жаткырчубуз “баш коштуруп”.
Адамдык чоң турмушту аңдай билген
шол сезим экен таза, аруу, ыйык.

Кудум сен окшой түштүң баамымда
күн өпкөн нур таажылуу кызгалдакка.
Апакай ниетин бизге билдиргенсип
аскага сүйөнүп турду күндүн ээги.
Дайранын шаңын жутуп үнсүз, ойлуу,
жатамын сени эстеп.

 

* * *

Канча ырды чын дилимден кылам тартуу
Окуур деп качандыр бир түшсө көзүң.
Чагылган тийип күйгөн арча шактай
чатырап алоолонот көкүрөгүм.

Күн бою күйүт тартам күйүп-бышып,
түнкүсү андан бетер мага кыйын.
Сага эч жетпөөчүдөй эмнегедир
кудайга жеткенде да зарлуу ыйым.

Тамырда кан аркылуу агып сүйүү,
жүрөктө өчпөс оттой жанып сүйүү.
Бүтпөгөн жазуусундай жазуучунун,
бүтпөгөн сүрөтүндөй сүрөтчүнүн.

Жүрөктү мыкчый-мыкчый эзет күйүт,
эзелтен кеги бардай, өчү бардай.
А сүйүүм мөлтүр булак сен ууртабас –
аягың астындагы аппакай кар …

Канча ырды чын дилимден кылам тартуу
качандыр окуур го .., деп түшсө көзүң.
Чагылган тийип күйгөн арча шактай
чатырап алоолонот көкүрөгүм.

 

* * *

Шул талаанын беш көкүл кыздарындай,
каткырыгы гүлдөрдүн шарактады.
Куу сөксөөлдөр, шыбактар, жашаң чөптөр,
кулактары делдейип карап калды.

Гөзөлдүктүн шаасы, падышасы,
гүлдөр бүгүн өзгөчө өң-маанайда.
Майрам күнкү көйнөгүн кийип алып,
мотураңдап жөнөштү алда кайда.

Күн жол берип кылактап баратса алар
ким батынып кое алат кине, айып?
Жан кумарын жазгысы келген окшойт
Жапырт айыл,
шаарга кирип барып…

Соц тармактар:

Добавить комментарий