Айдарбек Сарманбетов. “Картачы”

(аңгеме)

— Бу, Айдүштү Амангелди менен карта ойнотуш керек экен,- деп калды капысынан Сапар авам, картаны шыпылдата таратып жатып.- Деле мактанганы өтүп кетти, ошонун…

— Чын эле,- деп, аны дароо коштой кетти Капар авам,- Аны утса ушул Айдүш утчудай.

Алардын оюна Саякбек агам да кошулду:

— Келгиле, кечинде эле экөөнү ойнотолу. Капар авам менен биригип ойношсун. Ушул Амангелдини мурунга бир чертип койбосок болбой калды…

Эмнеге “болбой калды”, аныгы айтылган жок, алардын ызалуу кебинен болгону ал байкеден үчөөнүн тең утулуп, ич күптүүлөрү күч экенин туйдум. Ошо менен сөз тамам болду.

Амангелди үч жүз түтүндөй айылыбыздын баарын уткан чоң картачы. Анысына өзү дайыма корстон болуп, тимеле жоо чапкансып баатырсына берерин угуп-көрүп калганмын. Айрыкча эл көзүнчө, тээ, “атамзамандагы” утканынан бери мазесин чыгара казып айтып, улуу-кичүүбү, эч кимди теңине албай кемсинтип, мыйыгынан мыскылдай күлүп, кекээр сүйлөп, чучугуна жеткире шакабалай бергени карта чапкан эркектаналардын баарынын жанына небактан өгөөдөй батып бүткөн. Улам бир утканын ашыра чаап айтып, тимеле эзип салат. Ошону үчүн аны баарынын сиркеси сүйбөйт. Айылда аны утаар картачы чыкпагандан улам Амангелди-картачы дешет. Куркук-Кубат, Кичине Кубат, Мышык-Кубат дегендей айылдыктардын баарынын жамакчы аттары бар. Ансыз аты уйкаштарды чаташтырып алуу турган иш. Кубаттан эле беш-алтоо болсо ошо да. Амангелдини болсо “картачысын” кошпосо шопурубу, же майрыгыбы адашып калат, айрыкча жамандык-жакшылыкка кабар айттырганда, же анын трактору керек болуп калганда ошентишет. Так болот. Антпесе, Амангелдилердин кереги жогу келип алып, бутташтырып чакырган учурлар көп эле болгон.

Кай жерде картанын кызуусу болсо Амангелди жыла жетип ошол жерде, дайын. Айттырбай жетет. Мышык майдын жытын алгандай кай жерде “карта жыттанат”, кайдан-жайдан билип алат. Таң каласың! Ай, ушу Амангелди качан келээр экен дегиче, ал дайын болот! Жомоктордогу жиндей – эстедиң дегиче, ал даяр! Эстебесең да келет. Анан эртеби-кечпи, өзүнүн беймаал келгенин үй-ээлери, же картачылар жакшы-жаман көрөбү ага баары бир, картаны көргөндө мээсин алдырып, ал үчүн убакыт токтойт, тагыраагы баары тең өчөт. Бирөөдөн угуп же өзү айткандай “мурду жыт алып”, “өтүп баратып эле көрүп калып”, же “жөн эле” жыла басып келип суроо-сопкутсуз ортого жөөлөй олтуруп, кыпчыла калат. Анын ойноп олтурганын карап олтуруу өзүнчө эле каниет! Маңдайы жырык тиштерин жыргай ырсайтып алып, карталарын асмандата көтөрүп, бактылуу бир киришет дейсиң!.. Уйдун жампасындай жампайган, өзү менен жашташ эски шапкесин улам кежигесине сөөмөйү менен түртүп коюп, куп түшүп калаарында аны бери тарта салып… манжаларына утуру түкүрүп, колуна батпай калган карталарын маштап жерге кыдыракей жая тизип алып, жер жарылып кетсе да кебелип койбой бирден санап ойной берет. Аялың лыкылдатып шаштырып атабы, же үй ээси коногун узатканга чыйпылдап, чакырылбаган немени жактырбай, калп эле күлүмүш болуп атабы, нөль капек. Анангалса картадан түк жаңылбайт десең. Колуңдагы картанын баарын көрбөй туруп эле алдын ала билип алат. Көзү – ренгенби дейсиң! Мал-балдарынын так санын билбейт, а картадан жо-ок, эзели жаңылбайт. Дегеле аны менен ойноо мүмкүн эмес. Айылдагылардын баары, тажап бүтүшкөн. Атүгүл сырттан келишкен конокторду да бирин калтырбай утуп алат.

Биз, Саякбек авам болуп апама там салып жатканбыз. Ошону үчүн атайын ишимден чыгып Бишкектен келгем. Былтыр да жер катуу титиреп, үйүбүздүн бурчтарынан жараңка кетип, жаңы, кененирээк болсун деп төрт бөлмө үй салып жатканбыз. “Каркасный” – жыгачтан, жер титирегенге жакшы туруштук берет дешет. Буга чейин чийки да, бышкан да кирпич менен там салдык, болбоду, Түп-Аксуу райондору дайыма силкинип турат эмеспи. Кандай салсак ошондой, беш-он жылга жетпей эле жарылып, жараксыз болуп калат. Айтылуу Сары-Камыш, жетимишинчи жылы катуу титиреп, айыл бүтүндөй тыйпыл урап калбады беле, ал бизден отуз чакырымдай эле, жакын. Кышка чейин кирип калалы деп шашып жаткан үйдүн төрт дубалы туруп, эми чатырын жаап жатканбыз. Буюрса, кар жааганча апамды жаңы үйгө киргизебиз деп турабыз.

Сапар, Капар агамдар болсо аталаш, төртүнчүбү, бешинчиби же сегиз-тогузунчубу бир атаданбыз, так билбейм, жыйырма бешке араң келсем анын баарын кайдан териштирип, тактап жүрмөк элем. Анын үстүнө кай бирлерчилеп санжыра сураштырып, ийне-жибине чейин териштирген киши эмесмин. Иши кылып алар агаларым, экөө курбалдаш, кырктын тегерегинде. Капар авам бир аз улуу болсо керек, Сапар байкемдин андан айбыгып, ызаатынан улам байкап калам. Сурайын деп батынбайм, уят да, “ушуну эмдигичекти билбей эмне, Бишкегиңде эшек такалап жүрөсүңбү!”- деп койсо мендей “интелигент” шаардыктарга сөз тийип калбайбы, кемакыл көрүнүп. Жети атаны билүү болсо баарыга парз. Айрыкча биз, көлдүн көкүрөгү тарапта. Иши кылып түп аталарыбыздын бир экенин уккам. Ошону үчүн алар бир айдан бери бизге акысыз там салышып жатпайбы. Чачын жалтырата кырдырып, там бүткүчө алдырбаймын деп сакалын саксайта коё берген Саякбек болсо өз агам, менден төрт жаш улуу.

Апам бышырган кесмени — түшкү тамагыбызды жаңы эле кампая ичип бүтүп, салып жаткан үйдүн көлөкөсүндө эки-экиден болуп алып карта чабышып жатканбыз. Күндүн ысыгы кайтсын дегенибиз. Август айынын башындагы кургак аптап тим эле төбөдөн ачыштыра сайгылай күйгүзүп турганда кайдагы иш! Үп. Үлп эткен жел да жок. Адам эмес, алтургай бак-шактардын бутактары да башын жерге сала салбырап, чымчыктардын тили чыкпай калган акакташып…

Кыскасы, мени кечинде Амангелди байкеге каршы картага “салмак” болушту. Карышкырга козу салгандай… түпөйүл тарта баштадым. Не бар, не жок, ажайып болуп утуп калсам баарынын кеги ашынган картачынын айласы куруду дей бер: сен деле биздин бирибиздей эле өлүмтүк турбайсыңбы, машаяк экен десе… деп, агаларымдын ой-да Амангелди байкени келекелеп, өчтөрүн алаары турган иш. Тим эле, ханды тактыдан кулаткандай чоң окуя болмогу турулуу! Айылдын эркектаналары дароо дүң эле деди дей бер анда! Бири калбай чечекейлери чеч болот болсо керек. Мындай чоң жаңылык болмокпу?! Утулуп калсам өзүм гана эмес, байкелеримдин да мыш болмогу турулуу…

Биз, жанатан берки утуучулар катары Капар авам экөөбүз бир болуп, Сапар авам Амангелдиге жуп болмогу тымызын чечилди.

— Ой, анда силерди Амангелди экөөбүз ит аягын жалаганча эле утуп салабыз да,- деди Сапар авам адатынча көздөрүн кыбыңдата Капар авама жылма тийиштик кылып.

— Ооба, экөөңөрдөн коркуп кетип эле, биз мына деп жыгылып бере салат экенбиз да. Тим эле шилекейиңерди анык агызарбыз, экөөңдү кошоктоп туруп…- Капар авам муруту алдынан мага карап мулуң күлүп, көзүн кысып койду. Амангелди оюндун кызуусуна киргенде шалпык эрдинен шилекейи кээде чууруп кетчү, жүрөк айлантып, шилекейиңерди… деп ошону кыйытып жатпайбы. Менден чоң үмүт байлап турат, түлкүгө алгыр кушту салчудай болуп. Тескерисинче мен түлкү болуп калбасам болду… Ошентсе да тобокелге салып, авама эч камтама тартпаңыз дегенсип билинер-билинбес ага башымды ийкегилеп, коштой сырдана күлдүм. Бири-бирибизге дем берүү, “ормон опузага салуу” да өнөктүн милдетине кирет эмеспи. Эми аны жалгыз таштабай калайын!

Булардын минтип Амангелдиге каршы “кутумчулук” кылып жатышына бир айдан бери мени менен өнөк болуп ойногондордун баары утуп жатышында болучу. Мен да Төкөлдөштө тим жатпай эртели-кеч Казы бажам, Токтогул окшогон теңтуштар окшогон “мастерлерден” Амангелди байкенин “катыгын” берүүгө атайын машыгып келген болчумун. Ал оюма бир топ жыл болду. Ыгы келгени ушул. Айрыкча, эзели эч качан шойкомсуз ойнобогон Токтогулдун алаканга катмайын, аларды байкатпай жерде жаткан карталарга кошуп жиберүүнү, карталарды аралаштырымыш болуп күчтүүлөрүн байкатпай көрө салып өзүнө таркатып алуусун машкедей үйрөнүп алгамын. Ал, милийса эмеспи, кумарчы-картачылардын опуттарын жакшы билчү. Ал сырымды албетте, бул агаларга ачык айткан эмесмин, өзүлөрү баамдап, беттештирсин дегем. Анан калса улуу кишиге сизди утканы келдим, карта ойнойлу деп кантип айтмак элем. Ошол “опутум” менен бу жайда үчөөнүн сазайын жакшы эле бердим. Анын үстүнө сүрөтчү эмесминби, карталарды өңүнөн байкап калганга да жакшымын.

Анан албетте, абышкалардын чоң “сабагын” алгам. Тээ, Кара-Ойдогу таекелерде жашап жүргөнүбүздө коңшубуз Бозбай деген аксакал боло турган. Пенсияда, бош эле. Күндүзү элдин баары жумушта, өзү теңдүүлөр болсо талаага уй-койлорун жайып, күндүзү жалгыз эриге турган окшобойбу. Мени мектепке бара элегимде эле момпосуй, шекердей таттуу кара өрүгүнөн тебетейине тере келип берип, чакырып алып, алма багынын көлөкөсүндө эртеден-кечке эрмектечү. Утулуп калсам башымдан укуй алып, кыт-кыт күлө шылдыңдап, таарынып качсам артымдан ээрчий келип, дагы бир таттуусун сунуп, апамды ортого сала сурап кетип… Бара-бара устаттан шакирти өтөт дегендей кээде утуп алчу болдум. Анда Бозбай атам чычалап, чындап эле кызыраңдап, “ой, ызаатсыз, улууну утат деген эмне, чын эле чыгып кеттим деп маашырланып жатасыңбы, азыр көрөмүн сени…” деп, ызасы менен төбөмө катуу төөматек атып жиберчү! “И-ий, энеңди!..” деп мен кача жөнөйм. Анан абышка кайрадан эле көп өтпөй артымдан келет… Бозбай аксакал да айылдын алдыңкы картачысы боло турган. Көп утчу. Ал да санап ойнойт. Мен эмне, колума тийгенди урдуруп… көзүр келсе утамын да. Анан, “чимкиригин тарта элек баладан утулуп калып” жатса, теңтуштарынын азил-шылдыңына калып, арданат окшобойбу. Ошол, “Бозбай аксакалдын чоң мектебинен өткөн” мен, жетиге жетпей эле агам гана эмес, атамды да утуп алчу картачы атка конгон элем…

Түш оой ишибизди улап, кеч кирип, короодогу сөрүүдө тамактан тоё жеген соң инимден Амангелдини чакыртышты. Ал, тез эле эскилиги жетип “түлөгөн” картасын көтөрүп алып адатынча чечекейи чеч, жамажайын жайылта жадырай күлүп жетип келди. Эригип отурса керек.

— И, “өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт” дегендей кычыткыңар кармап калганбы… эмне бир аз тырмап коёюнбу?..- деп, авамдарга кыр көрсөтө, тийише олтурду. Алар теңчамал болчу.- Эмне ойнойбуз?- зобололуу, жогортон, үнүн жоонойто сурады.

Алда кандай болуп кетет, кудай атып утулуп калсак картачы неменин кийинки, күйдүргү сөздөрүнө сөлтүк болуп калбайлы, айылга бүт жайылып деген ойдон сактанышкан авамдар ооз учунан, ишенимсиз күлгөн болушту.

— Баштагыдай эле, дурак ойнойбуз, дакүмөнт кармамай. – Ичинен тап, утуп алышка чыдамы кетип турган Капар авам бел байлай кетти. Амангелди утулчу бактылуу учурду көз алдына элестеп кетти көрүнөт, көздөрү шойкомдуу жымыңдап турду,- Чыкканыбыз дароо ондукту кармайлы, антпесе күн кеч болуп кетет. Жеңеңер бизди үйгө кийирбей койсо… биз Айдүш экөөбүз бир, сен Сапар мененсиң.- Капар авам улуу катары сөзүн кесе айтып, купуя бүтүмүн чыгарды.- Тузду таштагандар утат. Жеңилгендер эки бөтөлкө арак коюшат, закүскеси менен.

Амангелди кутумчулукту сезген жок. Утуу ага боорсок жегендей эле көнүмүш болуп калган да. Баары дароо эле “макул” болушту. Саякбек агам ортодо калыс. Мен улуулардын көзүнчө али арак ичпеген менен көпчүлүктүн шартынан чыга албайм да. Утулуп калсак үлүш акчамды берем. Утсак, Капар авам бир жыргап алсын, менин “нормамды” кошо ичип деген ой бактым, тамыбызга кол кабыш кылып, чарчап жүрбөйбү.

Мурдатан ойноп, сүйлөшүлгөндөй ал экөөбүз бири-бирибизди көз караштан түшүнүшүп, байкатпай жаңдашып, менин “опутумдун” аркасы менен биринчи оюнда утуп кеттик!

Мындайды үч уктаса түшүндө да күтпөгөн Амангелди:

— Катыгү-үн, бу кандай болуп кетти ыя?- деп, оозу ачылып эле олтуруп калды. Не дээрин билбей, сөзү түштү. Жаны чыгып бараткан уй көздөнүп, улам бирибизди аянычтуу алаңдай карайт. Башкасын билбейм, мен аны аябай аяп кеттим. Мындайын эч көргөн эмесмин. Мээси же жүрөгү чыдабай чалкасынан кетеби деп чочуп турдум. Маңыроо көздөрү мокоп, “шок” болуп калды. Анан араң эсине келдиби, жаңы эле чабылган карталарды жерден алып, көргөн көзүнө ишене албай шектүү аңтара салып ачып кирди.- Катыгү-үн… Сенде момундун балтасы менен карганын тогузу болушу керек эле да ыя, Айдүш? Алар кайда кетти?..- Көзү алдында болуп өткөн окуяга дагы эле ишенбейт. Шекшип турат. Бирок далили жок. Мен картам жок деп, мулуям. Ал, көпчүлүккө адат болуп калгандай — карталарды коштой басып жиберген жокпу деп ойлоп калды көрүнөт бизди, күдүгү күчтүү. Капар авамдын чечекейи чеч, эзиле күлөт, бопоросун бурулдата асманга үйлөп. “Стопкадан жыт ала баштады көрүнөт”. Жок, экиден жабышкан карталар да жок болуп чыкты.- Анан кандай ыя,.. алар кайда кетти? Качан?..

— Ээ, аларың кеткен небак эле. Бол, тараткын, “дурак”.- деп, акыркы сөзгө айрыкча басым жасай Капар авам жерде жаткан карталарды алып алдына ыргытты. Мен да ага кошулуп, чабылган карталарды чогултумуш этип ал айтып жаткан эки картаны алаканымдын алдына катып барып, кошуп жибергенге үлгүрдүм. Эч ким байкабай калды.

— Болбойсузбу эми… кол кызып турганда… – шек алдырбай демитимиш эттим.

— Ой тобо! Мындай болбош керек эле… менде дагы эки картам калып калбадыбы…-

Тигинин жердеги карталарды аңтарып, алдына жайып алып, басыгына жараша экиден жуптап, тактап киргенде мен катуу кооптонуп кеттим да :

— Ээ, ойнойсузбу эми, же олтура беребизби сизди күтүп, анда жыгылыңыз…- деп, калган карталарды дагы уучтап жайып алгандарынын үстүнө таштадым.- Ыя, Капар ава, булар болбой калышты… минтип утулган сайын эле бит карагансып чукулап олтура беришсе таң атпайбы, дүкөн да бекип… булар жеңилди деп оюнду токтото бербейликпи?..

— Чын эле… Ошенткенибиз оң го, ыя Амангелди,- деди Капар авам тигинин кучунашына тийип, мага көзүн кыса. Айрыкча, дүкөн жабылып калат деген сөз ага катуу жагып калды көрүнөт, көз алдына мөлтүрөгөн “стопка” даана элестеп кеттиби, тамагын кырып, шилекейин билинер-билинбес кылк жутуп койгонсуду. Амангелдини Капар утуп, аракка жыгыптыр деген эмне, кокуй! Өлбөгөн төрт шыйрагы эле калбайбы, Амангелдинин. Анын жарылып кетчүдөй буулугуп, карасур тарта чыңалып кеткенин көрүп, ого бетер чечекейи чеч,- анда бол, дагы ойной турган оюң болсо тез тарат, бовосо кеттик…- деп, көчүгүн ыкшай, тизесин таяна ордунан турумуш этти. Бирок кеткен жок. Касташкан картачысын бу саам утуп кеткенине жарпы жазылып, көзүн жана бир кысты мага.

Туш-туштан демиткенге шаштысы кетип калган Амангелди өзүн күнөөлүүдөй сезип:

— Отур, отур эми, дегеле кой, бир чыгып алып… азыр көрөбүз, сендей машаякты, тим койсо…- деп, карталарды санап чыкты эле, түгөл. Амалы алты кетти, утуш таза. Акырында не кылаарын билбей кыжына аралаштырып кирди. Чычалап жатат! Кетип калабы деп шашып да кетти көрүнөт, анда эле кепке сынып, утулганын жандыра албай, “тактысынан” кол жууп калганы турбайбы!- Тобо… ушундай да болот экен ээ, божу мой, кандай болуп кетти ыя, Сапар ава?..

— Бу, Айдүш жакшы ойнойт экен. Шаардык эмеспи…

— И, шылтоо издей баштадыңарбы, байкуштар? Утулгандан кийин жөн эле тарата бербейсиңерби,- Капар авам дагы мурутунан мулуюп, күлмүңдөй мага кыйыта көз таштайт. Тим эле, аялы эркек туугандай чечекейи чеч. Амангелди болсо кан-сөлү кача кумсарып, күлгөн болумуш эте калп ырсайып, күлала болуп отурду. Кабагына кар жаап алган. Кулагы делдейет.

Экинчи оюнда дагы биз чыгып кеттик. Мурда сүйлөшүлгөндөй Капар авам урдуруп, эптеп эле кутулуп кетиштин амалын жасап, акырында мен жалгыз ойноп жаттым.

— Ок! Катыгү-үн! – деп, адатынча катуу чочуду Амангелди. Саамга чычканды бүкүлү жуткан мыкый үкүдөй эле үн-сөзсүз ыкыйып олтуруп калды. Бозоргондон бозоруп, сүйлөй албай буулукту. Анан эсине келе ыржыйып, карталарды дагы аңтарып кирди,- Дагы мине балээ болуп кетти ыя?..

Тигинин баш териси такыр эле бузулуп калганын көрүп, карс-карс күлө табалай:

— И, бит карамайыңарды дагы карматтыңарбы? Же биз кете береликпи?- деди, Капар авам уттургандарды бирдей зекимиш этип. Сапар авама көз кысты. Ал, сыр билги боло ырсайды. “Стопканын башы кылтыйып калганда” кетпей калышсын, мага ишеними чындап арткан көрүнөт, Капар авам жадырай олтурду. Амангелдинин кучунашына тийип жатканы да, “өчүн алып”. Мен кыйпычыктап, алаканымда катып калган карталарды байкатпай жерде жаткандарды чогултумуш эте эптеп кошуп жиберип, баарын ортого таштадым. Дагы кутулуп кеткениме ого бетер маашыркай түштүм:

— Эми, ушул да оюнбу? Кой, кете берелик Капар ава, карталарын санай беришсин, булар,- деп, эми мен ордумдан обдулумуш этип, өнөгүмө сыр билги карадым. Ичинен кымылдап, сүйүнүчү таш жарып турган ага жага бербей да кыт-кыт күлөт:

— Ие, саал күтө туралы, булар биттерин терип алышсын, хи-хи-хи… Эмне, Амангелди, мээлей алып келип берейинби ыя, колуң жооруп кетпегей эле…- Капар авам эми ыкшый күлдү.- Бол, эми, тарат, бовосо…

— Эй, берчи мага,- Сапар авам карталарды өнөгүнүн колунан тартып алып, шартылдата аралаштырып кирди. Күлүңдөгөн көздөрү бизде: бирде Капар авамы, бир мени карап. Тезирээк утуп кетишибизге ортоктош да. Анын да табасы канып турбайбы.- Картачы деп жүрсөм, сен кампачы белемсиң, кайта-кайта эсептеп…- Баарыбыз жабыла каткырып калдык. Ызадан буулуккан Амангелди гана кумсарып, кара күчкө тишин ырсайткан болду. Анан эмне, “таажысынан” айрыла жаздап, болгондо да “шаардык чычымдан” утулуп жатса… эртең элдин бетин кантип карайт?! Ал кеп, бүт айылга алеки саатта эле жайылып кетпейби.

Үчүнчү саамда ыгы келбей, мен опутумду колдоно албай калдым. Анүстүнө бүт көзүрлөр да тигилерге кетиптир. Капар авам да чыга албады. Ой-да, Амангелдинин сүйүнгөнүн айтпа! Шапкесин көккө ыргытып жибере жаздады, тимеле. Бажактап, каткырыгы чыкты:

— Ушундай эле болмок деймин да, ыя, Саке!- деп, жанындагы Саякбек агама жайдаңдады. Экөө ымалалаш. Агам да биз тарапта эмеспи, эмне болду дегенсип мени шектүү карап койду.

— Көзүрдүн баарын алып алышкан тура… зато мен дароо эле таратамын картаны,- деп, моюн бербедим. Шек бербей жөнүмдү кыйытып айтканым да.- Булар он, биз балта болдукпу?

— Ооба.

— Ээрчип алмай болушту…- деди өнөк агам.

— Ики, тим койсо, буларды кара… азыр катыгыңарды беребиз…- Амангелди адыраңдап алды.

Анын айтканындай болбоду. Капар агам чыгып кете албай, мен колдомуш этип, көпкө кармаштык. Акырында биз эптеп утуп, дамага чыгып кеттик.

— Булар матке болушту. Эркек болсо бир түнөбөй коюшпас…- деп, Амангелди алгы үмүт байлап турду. Бизди калса экен деп кудайдан тилеп жатканы да. “Матке” деп, утушубузду көрө албай, кара күчкө кемсинтип жатканы. Анын ичи туз куйгандай ачышып турганы калп күлкүсүнөн, демейдегисине окшобогон дирилдеген үнүнөн ачык эле көрүнүп турат.

Маткеге “түнөгөн” жокпуз. Тактап айтканда түнөтө алышпады. Көзүрдүн чоңдору бизге келген экен, шартылдата басып, төрт даманы тең ортого таштап салдык. Менин опутумдун кереги да жок болуп калды. Амангелди байкемин “настроениясы такыр эле наскиге түштү”. Бети каракөк тартып, тултуюп чыкты. Эч кимибизди карабайт. Айрыкча мен тарапты. Мурдагысындай өзүн-өзү жооткотуп олтурбастан, эч үндөбөй, картаны таратканча шашты. Түш көрүп жаткандай. Эч нерсеге түшүнбөй жатты көрүнөт. Капар авамдын болсо каткырыгы таш жарат, Амангелдини келекелеп.

— И, мээлей кийбесең колуң жооруп кетти го, я? Маймылдын көчүгүндөй кызарып… хи-хи… Айдүш, алып келип берсеңчи жанагы ылай чылаган мээлейиңди,– деп, анын өткөн-кеткендеги күйдүргү сөздөрүн эми кайра өзүнө ыргытып… “Кутумчул” Сапар авам менен Саякбек агам да мурутунан күлүңдөп, сыр алдырышпайт. Чечекейлери чеч экени күлмүңдөгөн көздөрүнөн ачык эле көрүнүп турду.

— Капыр-рай, эмне болуп жатат ыя?!- дегени менен бу жолу карталарды териштирген жок Амангелди. Андан пайда чыкпасын билдиби, же эмки оюнда чыгып кетүүгө чындап ашыкканыбы, карталарды шыпылдата аралаштырып, көзгө илештирбей таркатып жатты.

— И, “абышка” болдуңарбы, ал-күчтөн тайып… “коюң кетти камышка” кылалы ыя, Сапар ава?..- деп, Амангелди дагы эле демденген менен кайра эле алар калып калышты.

— Аа-ха-хха!..- Капар авамдын каткырыгы анык таш жарды,- “Катыгү-ү-н” дагы калдыңарбы ыя?!.- деди Амангелдини туурап.- Тузга чыктык.

Тигинин болсо башы аласына тыгылды. Калгандарыбыз бүт кыт-кыт. Айласы калбай калган картачы байкем кара күчкө, күбүлгөндөн калган тиштерин ырсайткан болуп:

— Ой, тобо?!. Булар эмне, адырашмандын ашын жеп алышканбы, ыя Сапар ава?.. кол келип да туруп алды, буларга…- не дээрин билбей, амалы түгөнүп барат,- А, майли, картачылар туздан кармайт. Эр болсоңор эми чыгып көргүлө…- дегенге араң жарады, акыркы үмүт байлап турганы да. Тим эле Шодокондун бүркүтүндөй көздөрү алаңдайт. Эгер утулса олтурган жеринен эле мүрт кетчүдөй көрүндү. Кекээрдүү. Бизди, айрыкча мени бүкүлү бойдон жутуп жиберчүдөй жоо-душманы санап, бүткүл турпаты менен жек көрүп жатканын жон терим менен сезип жаттым. Карта, кумар деген чын эле жаман нерсе окшобойбу, кой оозунан чөп албаган момун кишинин канын ушунчалык козутуп.

Бул, демейде айтылчу сөздөн биз да кооптонуп калдык. Ушунчалык заар, кекээр менен айтылды дейсиң! Жон терим чымырап кетти. Картачынын болгон дарамет-күчүн ушул, акыркы чектен байкаса болот эмеспи, эми Амангелдинин аянбасы турган иш. “Алда кандай болуп кетээр экен? Парвардигер! Дагы бир колдой көр, о Кудай!” деп чочуркап да, кайта-кайта ичимден тиленип да жаттым.

Баарыбир эбин таптым. Бозбай атама, айрыкча Токтогулга баракелде! Биздин акыркы дакүмөнтүбүз болгон туздарды таштаганымда Амангелди картасын чачып жиберип ордунан тура кетти! Үн жок. Балта жуткан таз жорудай ыңкыйды. Бөздөй купкуу тартып, туш келди айлана басты. Не кыларын билбейт. Капар авам да кара күчкө каткырымыш эткени менен ичтен катуу кооптонуп турду көрүнөт. Баарыбыз эле Амангелди алда кандай болуп кетээр экен деп олтурган жерибизде элейдик. Эч ким үндөбөдү. Бу, бейкүнөө байкуштун убалына калып калбайлык дегендей олтургандар бири-бирибизге бүшүркөй тиктештик. Ордунан козголгон эч ким болгон жок. Капар авам да оозунан эзели түшпөгөн тамекисин, “көзүнө даана көрүнүп жаткан стопкасын” да унутуп калды. Бүтө жаздап калган тамекиси көк түтүнүн чубалта обого түтөп, жүлжүйгөн көзүн жандай созолонуп жатты. Чын эле эмне жосун баштап алдык эле?! Эми эмне болмок?!

Баарыбыз билчүбүз, байкуш Амангелдинин жүрөк оорусу бар эле, кез-кез догдурга жатып жүрчү. Ал, бозоруп, тигиндей четке туруп тамекисин күйгүздү да үнсүз шылкыя басып үйүнө кирип кетти. Оорукчан, арык, алсыз неме качан жыгылар экен деп кабатырлана баарыбыз күтүп жаттык. Жыгылбады.

— Ыя, кокуй, аман болгой эле…- Сапар авам алгач сөзгө келди.- кайдагы оюнду баштап… ач кулактан тынч кулак өзүбүзчө эле олтура бербей…

— Өзүң баштабадыңбы…- деди, Капар авам тигини зекигендей. Амангелдини аяп жатканы да. Экөөнүн эзели минтип кер-мур айтышканын көргөн эмеспиз. Аябагандай ынтымактуу болушчу, дайыма ээрчишип. Оюндан от чыгат деген ушул, жаман иштин жасалганы сезилип турду.

— Кудай уруп өкүрүк чыкпагай эле…- Сапар авамдын бул сөзүнө баарыбыз бырс күлүп жибердик. Аныбыз арга жоктон эле. Балким, чын эле… анда эле өлдүк дей бер, бүт айылга кеп болуп… Ак пейил, эч кимге катуу айтпаган, момун кишини кимибиз эле өлтүрөлү деппиз?.. Баарын кылган карта!

Кыйлага эч ким үндөбөдү. Ар кимибиз өзүбүздү ичтен айыптап жаттык көрүнөт. Авамдар кетишпеди. Кийизге чыканактай кыйшайышты. Баарыбыздын көзүбүз Амангелдинин үйү тарапта. Агаларымдын тымызын, “мөрөйдү” күтүп жатышканы билинип турду. Башкаларды билбейм, мен уялып жаткам, кайдагы картага кызыгып, же таза ойнобой… Билип калышса өлдүм да, шермендем чыгып… Качан гана Амангелдинин балык жон, эки бөлмөлүү үйүнүн эшиги акырын ачылып… аялы… анын артынан ээрчий кол сунуп күңкүлдөгөн Амангелдинин көзгө тааныш карааны көрүнгөндө:

— Өх-х!..- деди Сапар авам, адатынча өзгөчө куйкум менен.- Өлбөптүр…

— Эк, дайыма шойкомуң калбайт с-сенин…- чынында эле жамандык күтүп олтурганбы, Капар авам, кагына кетти. Ал да, чынында эле баарыбыз тең саал эс ала түштүк.

— Ий? Өкүрүк чыкпай өзү чыгып атса сүйүнүп кетпедимби…- Сапар авам дагы жылма тамашасын жылдырды.

Бырс күлгөн Капар авам:

— Чын эле… мен да… хи-хи…- деп, мурутунан мулуя күлдү.- Жүрөктү түшүрүп…

— Ой, Амангелди! Кел бери,- сүйүнүп кеткен Саякбек авам досуна түтпөй, кыйкырып, кол булгаган болду.

Амангелдинин аялы бизди көздөй тике басканда жанданып келаткан күлкүбүз кайра суу сепкендей тып тыйылды. Ал, бетке чабар, улуу-кичүүнү ажыратпаган аял эле. Дагы эмине балээ болуп кетти? Артынан күңкүлдөгөн күйөөсү ээрчип алган.

— Жак-с-сысыңарбы?- жоон жолпу, чыңалган кызыл беттүү аял бизге жете бербей алыстан, сиркеси сүйбөгөндөй ооз учунан учурашкан болду, авамдарга келин болот эмеспи, өзүн зорго токтотуп турду көрүнөт,- Муну мине кылып жибердиңер эле? Кирип эле төшөгүнө сулап, онтолоп, кайра тура калып дарысын ичип, акча сурап?..

— Эчтеме…- демейдеги чечен, азилкеч Сапар авам айыптуу үн каткан болду.- ж-жиберген эмеспиз…

— Эй, катын, бол деп жатпаймынбы, акча берчи…- Амангелди аялын чыканактан тартты эле, ал, жактыра бербей кагынып койду.

— А-а, карта ойноп эле…- Саякбек авам алар менен сырдакана эмеспи, абалды алгач аңдай койду.- Сапар авам экөө уттуруп коюшту. Байгеси бирден “магарыч” болчу…

— Ой, ошол элеби? Ха-ха.-ха…- аял артындагы док артып турган күйөөсүнө бурула берип, колуна кагаз акчаны бурдай кармата берди,- ме, дагы эмине балээ болуп кетти десе, атасы өлгөнсүп, ыйламсырап, хи-хи… өл-лүгүңдү көрөйүн…- анысы эрин эркелеткени болучу.- Картага да ушунча кейийби…

Ошол кечте ойда, үч агам бир черден чыгышты белем! Каткырыктары таш жарып, “стопкадан” улам кылт этип коюшуп, сырдана көз кысышып, бүгүнкү чоң окуянын мазесин чыгарышты, улам бир укмуш жерин кайта-кайта чечмелешип. Иним барып алып келген эки арак бүткөнчө, түн жарымына чейин олтурушту. “Үйгө кийирбей койчу” жеңелер да унут калды. Анан эмне, мындай жер жарган жаңылык болуп жатса!

Амангелди байкемин абалы гана мышык ыйларлык эле. Такыр эле шылкыйып, же күлө, же ыйлай албай тим эле ичинен кан өтүп жаткандай. Шатыра-шатман күлкүгө кошула албай мылжыйып, күлүмүш эткени менен бозоргон өңү мостоюп… кетип кала албай, башы баталгада жаткан айыпкерден амалсыз эле. Утулганына чыдабай качып кетти деген кеп жаман да.

Бир маалда ал:

— Келе, маа да куйгулачы,- деп колун созуп калды чечкиндүү, бош ыстаканды сунуп. Мындайды эч ким күтпөгөндөн баарынын ээктери жерге түшүп, ооз ача элейишти. Жаны чындап күйүп кеткен көрүнөт. Ал, эзели арак ичип көргөн жан эмесмин дечү.

— И, кокуй, мине болуп кетти, анчалык күйгүдөй,- деп, Сапар авам адатынча мыскылдуу чочумуш этти.

— Койсоңчу, сага жакпайт,- деди Капар авам жарымынан көбүрөөк турган бөтөлкөнү кыя карап.- бир нерсе болуп кетсең аялың бизди жеп салбайбы…- Бу шылтоосу жөндүү чыкты.

— Ооба. Закиш бизди жаман көрүп калат,- Саякбек авама да тил бүттү.

Амангелди байкем бир аз ыргылжың тартып турду да:

— Чын эле, койсо коёюн…- деди кыйыла, непада аялынын каардуу жүзү көз алдына келе түштү көрүнөт,- Кел, анда, Айдүш, экөөбүз бир партия ойноп жиберелик.- Ичиндеги өртүн баса албай турган өңдөнөт, мага жалдырай карады. Мен санаалаштарымды суроолуу карадым.

— Ээ, жо-о… болбойт. Ойносок чогуу, мелдешип ойнойбуз. Муну кара…- Капар авам чындап каршы чыкты. Утуштун кыныгын тата түшкөнбү, же жалгыздасам мени утулуп калат деп чочуладыбы, катуу турду. Балким “стопканын” жаңысын элестеп кеткендир. Утулдум дегиче мөрөй жанып, Амангелдиден өчүн чала алып калбайбы. Мен аны кыя албай үнсүз олтуруп калдым. Улуунун айтканы айткан. Анын үстүнө менин деле оюнга көңүлүм жок болчу. Ага караганда авамдардын жанытма, чучукка жеткен какшыгын, бирин-бири сүрөп, таш жарган каткырыгын угуп олтурганым жакшы болчу.

— С-сен эмне, Капар ава, ортого киришип,- Амангелди көздөрүн алаңдатып, уруша кетчүдөй опурулуп кетти,- өзү билет да ойнойбу, ойнобойбу…

— Жок дегенден кийин жок.- Капар авам кичүү неменин тил кайырганына ардана түшүп, мисирейе кесе айтты.- Жалгыз ойнобойт!

Саамга баарыбыз ыңгайсыз тартып үндөбөй калдык. Жооштон жоон чыгат дегендей, авамдын мүнөзү жайдары көрүнгөн менен ачуусу чукул экенин жакшы билчүбүз. Уруш чыгып кетеби деп баарыбыз кооптоно түксүйдүк.

— К-койсоңорчу бала короздордой болбой,- ырас Сапар авам дагы да ортого түшүп, абалды жайкап кетти,- Оюндан от чыгат болбойлу. Оюн бүттү.

Амангелди байкемдин башы кайрадан аласына шылк этип, үнсүз үңкүйүп олтуруп калды. Анан эмне айла кылмак. Утулса аялы акча бербей огобетер шагын сындырмак. Анда эки өлгөнү ошол эмеспи. Ындыны такыр өчүп калды. Байкушка жүрөк ооруйт. Мен эле эмес, ичтеринен баары эле ошентип жатты көрүнөт. Бүттү, эртең менентен баштап айылдын баары аны келекелей баштайт эмеспи. Утулбас картачы таажысынан айрылды! Ага кыянаттык жасап, чекилик кылып койгонума ичимден катуу сызып жаттым. Таза эмес ойноп… чындап утсам анда бир жөн… Кечирим сурасамбы? Анда авамдар кандай абалда калышат?! Ичээрин ичмек түгүл түгөтөйүн деп калышты, Амангелдини болсо такыр эле “өчүрүп” салышпадыбы! Эми араң жеткен мөрөйүн ооздорунан алдырып… кылыгымды билишсе мени жердин жети катарына жеткире жекирип, киши ордуна санабай калышпайбы. Жо-о, болбойт. Ачыгын айтсам бүттү, өлбөгөн төрт шыйрагым эле калбайбы. Айыбым айылдыктарга жетти дегиче, адам катарынан чыктым дей бер.

Ошентип, ай айланып акыры үйдү да бүтүрдүк. Жалтырата сырдап, арбактарга атап, жакшылыкка деп кой союп, туугандардан бата алдык.

Менин шаарга кетчү учурум да келди. Шаабайы такыр сууп, илең-салаң үйү тарапта кыбырап жүргөн Амангелди байкемди гана кыя албадым. Нары-бери өткөндө кол кабышка ден соолугу жарабаса да иш илгери айтып мурдагысындай басып да келбеди. Таажысын тарттырып жиберген немелерге кайдан келсин. Мени көргөндө гана алыстан үмүттүү жалт-жалт карап калаар эле. Ойноор бекен, жандырып калаармын дегени да. Көрмөксөн болуп койчумун.

Акыры эртең таң ата кетем деген кечте атайылап үйүнө бардым. Сырымды ачпай кете албадым. Көкүрөгүмө томук тыгылып алгансый берди. Ала-кийизге олтуруп алып адатынча темирден ооз комуз жасап жатыптыр. Андан апамдын мага бергени бар. Колу уста. Салам айтсам:

— Аа, Айдүш кел, кел…- деген болду ооз учунан. Сабыры суз. Таарынычы ичте эмеспи.- Апаңдын үйүн бүтүрүп жакшы иш кылдың. Качан кайтканы жатасың?

— Эртең менен кетсем деп турамын,- айыбымды кантип айтаарымды билбей турдум. Не дээр экен? Сөгүп-сагып, таарынар бекен? Үйүнөн айдап чыксачы?

Ар кайсыдан кеп салышып олтуруп, чай ичилип бүткөн соң не болсо да тобокел деп, айтаар кебимди айтып калдым:

— Байке, өткөндө сизди алдап утуп койдум эле…

Үзүм нанын каймакка мала бермек болгон ал ордунда ката түштү:

— Эмне дейсиң?!- Көздөрү алайып, башка таяк жеген сымал селейди. Не кубанганы, не ачууланганы билинбейт. Мен мукактанып, сөздөрүмдү аста кайталадым. Сунулган колу менен чаап жибербесин деп сактанып да турдум. Жок. Саамга үнсүз делдейе түштү да кебимди түшүнө салды көрүнөт, көздөрү күлүңдөп жайнай түштү.- Кантип? Кандайча?

Ойногонумдун жөн-жайын кунт коё уккан соң:

— Ошондой эле деймин да! Эмне болуп кеткенин түшүнбөй…- Кудуңдап сүйүнгөнүн айтпа! Тим эле баладай. Ордунда олтура албай туйлап, тура кетти.- Бая эле ошентпейсиңби…- жамажайы жайылып, уурту делдейген эки кулагына жете күлдү.- Ой катын, сен уктуңбу, Айдүш мени тамашалап койгон экен! Утулчу эмес элем деймин да!..- бапыраңдап аялына мактана кетти. Кыязы андан да нечен шылдың угуп, сөөгүнө жеткире табаласа керек.- Арак алдыра койчу, балдарды жибере сал!- Ансыз деле ыкшоо аялы кеп төркүнүн түшүнө бербей алая карап жактырбады эле:- Бол эми, Айдүш шаарга кайтканы жатыптыр, чай берип, узатып коёлу…- деп мага шылтай кетти. Антпесе аялы акча жылдырбай калсын. Менин жо-о, жөн эле коюңуз, ичпеймин дегенимди укпамыш этип сырдана караганынан кыя албай олтуруп калдым.

Түн ортосуна чейин кетирбеди. Кантип, кандай утуп алганымды кайра-кайра сурап, теригип, жекиргендин ордуна кайра маашырлана кытылдай күлүп, Амангелди байкем чечекейи чеч боло жазылып, аябай көңүлдүү олтурду. Кесмесин жасап жаткан аялынын аңдыганын жазгырып, байкатпай эки ирет арактан да алып койду. Сүйүнүчүн айтпа! Мени болсо жан-алы калбай сыйлап, арактын калганын бүт ичирди. Анан кетээримде:

— Эми Айдүш сага чоң ырахмат! Минтип, айтып койгонуңа, унчукпай кетип калсаң эмне болмок элем,- деди сыртка чыга узатып, мен тимеле анын кан таажысын кайтарып берип чоң ажатын ачкансып ыраазы боло,- Эми эртең кетип баратып Капар менен Сапар аваңа жолугуп, аларга кантип ойногонуңду, мени кандай утканыңдын сырын айта кеткин. Сенден өтүнүчүм ушул болсун,- деди жалооруй,- Антпесең мага эч ким ишенбейт…

Мен албетте, убада бердим, бирок аткарганым жок. Кийин айтып беремин деген ой менен Бишкегиме ашыгып кете бердим.

Амангелди байкемин аманаты аткарылбай калды. Ошол бойдон көрүшпөдүк, аттиң! Көр турмуш менен алпурушуп, шашыла келип, шашып кетип дегендей жолуга албай жүргүчө Саякбек агаман башка үч агамдын биринен сала биринин көзү өтүп кете бериптир…

 

А.Сарманбетовдун башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Айдарбек Сарманбетов. “Картачы”: 1 комментарий

Добавить комментарий