Бейшекан Керимова, Майра Керим кызынын сиңдиси: «Жездем колумду сураганда Майраны эстеп катуу ыйладым»

kanat_beyshekan
Канат Байышов жана Бейшекан Керимова

Төкмө акын Майра Керим кызын билбеген кыргыз болбосо керек, ал көзү тирүү болсо 8-январда 53 жашка толмок. Бирок мындан алты жыл мурун шум ажал аны арабыздан алып кетти. Мезгил өзүнүкүн алат эмеспи, төкмө акындын жолдошу Канат мырза ага-тууганынын, балдарынын уруксаты менен Майра эженин бир тууган сиңдиси Бейшекан айымга баш кошкон. Анда кеп учугун каармандарыбыз уласын.

Бейшекан Керимова:«АТАМ ӨЛГӨНДӨ МАЙРА ЫРДАЙМ ДЕСЕ ЭЛ ЖАМАН КӨРГӨН»

Майра Керим кызы
Майра Керим кызы

– Бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз…

– Биз үй-бүлөдө 12 бир тууганбыз. Апабыз кыргыз, атабыз казак. Майра эжем менден эки жаш улуу болчу. Экөөбүз улуу эжебиздин колунда чоңоюп, Казакстанда мектепте окудук. Кичинекейибизден эле домбрага, ырга жакын өстүк. Ал өнөр бизге атабыздан келген деп ойлойм. Атам боз үйдүн ичинде куюлуштуруп ырдап жатып илхому келсе мандаш токунуп отурган боюнча жөрмөлөп сыртка чыгып кетчү экен. Мен домбраны 4-классымда үйрөндүм, Майра болсо биринчи жолу атам кайтыш болгондо кошок айта баштаган. Атамды жерге бергени жатканыбызда колуна домбрасын алып «мен ырдайм» десе эл жаман көргөн.

Мектепти аяктаган соң бухгалтердин окуусун Алматыда окуду. Ошол учурда ала качып кетип, ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам бир уул, бир кыздуу болгон соң ажырашып кетти. Казакстанда өткөн чоң айтыштарга 3-4 жолу катышкандан кийин эле Канатка турмушка чыгып, Кыргызстанга кетип калды.

– Балдызы катары жездеңиздин кулагын чойдуңуз беле?

– Жезденин кулагын чоюу, жезде менен ойноо деген түшүнүк болгон эмес. Жалгыз балдызы болгондуктан ортодо аябай чоң сый бар эле. Анын үстүнө башында Канаттын сөзүн такыр түшүнчү эмеспиз. Апабыз кыргыз болгону менен, анын тили деле казакчага бурулуп калган. Бир гана «кокуй» деген сөзүн түшүнчүбүз.

– Майра эже менен жакшы эле катташып турдуңузбу?

– Чыгармачылык кечелерине үзбөй келчүбүз. 1998-жылы жолдошум автокырсыктан каза болуп калгандан кийин бир жыл Каракол шаарында Майралардыкында жашадым. Анын балдары мени мама дешсе, менин 2 уулум тең аны чоң мама, Канатты чоң папа дешчү. Майра Канат менен 20 жыл жашады. 20 жылдык өмүр аз болгону менен, саз жашап, Канат кайда барбасын жанында жүрүп, чыгармачылыгын колдоп, кыргыз элине атын таанытып, алга сүрөдү. Эжемдин Канатка турмушка чыга электе жүрөгү ооручу, Кыргызстанга келгени ал оорусу түп тамыры менен жоголду. Буга бир жагынан Көлдүн абасы таасир этсе, экинчиден, Канаттын катуу сүйлөбөгөнү, аял катары бапестегени таасир берди го дейм.

– Майра айым ооруп жүргөнүн айтты беле?

– Ал көп наалый берчү эмес. Телефондон «ден соолук кандай?» деп сурасак, «жакшы» деп эле койчу. Биринчи операция болду дегенде эжем Казакстанда туруп төлгө ачыптыр. Анын анча-мынча чымыны бар эле. Мага телефон чалып эле «төлгөм жайылып түштү, Майрадан айрылып калат окшойбуз» деди. Анан бир жарым жылга жетпей каза болуп калбадыбы.

– Кандайча Канат байкеге турмушка чыгып калдыңыз?

– Майранын кыркылыгына жанагы төлгө салган эжем экөөбүз келдик. Алматыдан маршруткага отурганда эле эжем Канат менин колумду сурарын сезген окшойт, «Бейшекан, Канат менен Акжолтой жөнүндө эмне ойлоп жатасың?» деп 3-4 жолу сурап жиберди. Майранын биринчи турмушунан бир уул, бир кызы бар эле. Алар бой жетип, ак-караны түшүнүп калышкан. Ал эми Канаттан төрөлгөн Акжолтой деген уулу өткөөл куракта болчу. Ошондуктан экөөнү сурап жаткан го дедим. Оюмда эч нерсе жок эле «байкуштар Майра жок куурашты го» дедим. Келип үйдү иреттеп кирдик, ошондо Канат эжемден «эже, мен эми кимге бармак элем, туура көрсөңүз Бейшенин колун сурайын дегем» деди. Эжем жаман болуп, кыймылдабай туруп калды да «жок, билбейм» деп койду. Мен сыртка бакырып ыйлаган боюнча чыгып кеттим. Бактардын жанына барып, «Майра, ушул күндү көрөт белек, турмушта ушундай да болот экен, ээ» деп бакырып ыйлап жаттым. Ошол боюнча Алматыга кеттик.

 

Канат Байышов, Майра Керим кызынын жолдошу: «БАЛДАРЫМ БЕЙШЕКАНДЫ КӨРСӨТҮП ТУРУП АЛЫШТЫ»

– Канат мырза, сөздү эми сиз уласаңыз, Майра эжеге каяктан жолугуп калдыңыз?

– Нике кайып да, Казакстанда курулуш тармагында 19 жыл иштеп жүрүп Майрага жолугуп калгам. Биз үйлөнгөндө апам Майрага «эми Канатты эптеп алып кел, сен кийлигишпесең ал ошол жакта калып калганы турат» дептир. Майра «сен күч күйөө болмок белең» деп Кыргызстанга алып келди. Бул жакка келерде Майра казактардын чоң айтыштарына чыгып калган эле, «менин тилимди, домбрамды түшүнүшөт болду бекен?» деп калды. «Түшүнбөгөндө эмне, кыргыздарды сокур же дүлөй деп ойлоп жатасыңбы?» дедим. Ошентип биз жакта да аты чыгып кетти.

– Каяка көчүп келдиңер?

– Өзүм туулган Тоң районундагы Ак-Сай айылына көчүп келдик. Айылда «Үмүт» деген ансамбль бар болчу. Ансамблде иштеген инилерим үйдөн Майранын ырдаганын көрүп жүрүшчү. Алар 1992-жылы январда гастролго чыкмак болуп, «Майра эже биз менен барып келсин, сиз автобус айдап жардам берип коюңуз» деп калышты. Гастролубуз Түп районунан башталды, Көлдү айланып келсек, Майранын аты биздин айылда дүң болуп жатыптыр. Ошол жылы май айында республикалык айтыш болмок экен, ал районду, облусту жеңип, республикалык деңгээлде алдыңкы орунду алып, аты таанылды. Ошондо айтышкан өнөктөштөрүнүн бири «колдон келсе Канат байкебизге бир эркек бала төрөп бериңиз» деди. 1993-жылы 20-майда кайра айтыш болуп, Майра бара албай калды. Анткени ошол күнү Акжолтоюм төрөлдү. Ошондон улам Акжолтойду батадан бүткөн бала дейбиз.

– Апасынын жолун жолдоп Акжолтой да айтышып жүрөт…

– Ооба, айтышып жүрөт. Апасы «кана, уулум, ырдап койчу» десе комузду алып ырдап калчу. Апасы биринчи операция болордо казактарда айтыш болуп Майраны чакыртышыптыр. «Балам, домбра менен ырдап, 10 эле мүнөт казак болуп кой»деп өзүнүн ордуна жиберген эле. Уулум сахнага чыкканда эле «ассалому алейкум, агашалар, эл колдосо жээниңердин багы ашылар» деп баштап, жыйынтыгында алдыңкы орунга ээ болуптур. Сыйлыкка алган килемдерин, конверттеги акчасын алып келип мага бергенде «мен ыраазымын, апаңа бер, көңүлү көтөрүлүп калат» дедим. Акжолтой келгенде апасы операциядан чыгып палатага которулган эле. Көрөбүз деп келген бир короо кыргыз, бир короо казак учурашып болуп, кезек уулума келди. Ошондо «Ишенип канат кагып учаарымда, мен Казакстандан жакшы кабар алып келсем, энем түшүп калыптыр доктурлардын бычагына. Мен түшө албай кыжаалатмын апамдын эң мээримдүү кучагына» деп тургандарды ыйлатты.

– Балдызыңызга үйлөнүшүңүзгө балдарыңыз каршы болушкан жокпу?

– Бир туугандарым, балдарым чогулуп Бейшеканды айтып туруп алышты. Ашын бергени Казакстанга барганыбызда кайын эжем «баягыда бир сурадың эле, Бейшенин тилин тапсаң, жүрөгүн тартсаң биз кыйдык, көрбөй жүргөн бала белең» деди. Менден мурун Акжолтой көндүрдү, ал апалап Бейшеканды жыттайт. Балдарымдын мүнөзү оор, башкага көнүшү кыйын эле. Алар азыр эркелегиси келсе эркелешет, айтчу сыры болсо айтышат, Бейшекандан тартынышпайт.

– Үйлөнгөнүңүздү билбегендер, сизди дагы деле Майра айымдын жолдошу деп билишсе керек?

– Кээде айрымдар көчөдөн Майра эженин күйөөсү деп шыбырашып калышат, унчукпай өтүп кетем.

Канат мырза: «Көчөдөн кээде «Майра эженин жолдошу» деп сүйлөшүп жаткандарын угуп, унчукпай кетип калам. Бейшекан бир жылдай жаман болуп элден качып жүрдү. Элге да аралаша албай эле кыйнала берчү. Тагдырга баш ийет экенбиз да».

Сүйүн Кулматова, “Супер-инфо”, №635 2-январь-8-январь, 2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий