Үч ыр

Жыпар Исабаева

АЯЛ
(Бүтпөс монолог)

Ким айтат,
аялдарды – алсыз деп?
Аял – жеңил,
акылы аз, арсыз деп?
Аял – шайтан,
аял деген – азгырык,
Бузуку иштер
болбойт болчу ансыз деп?!.

“Алтын баштуу аялдардан –
Бака баштуу
эркектерди артык…” – деп…
Ооба, айтышат…
Жатат мында улуу ой,
Четке кагуу
мүмкүн эмес – калпыс деп!
Анткени ушул
Макалды да чыгарган –
Аял го деп
болжойм да айтам – алкыш кеп!

Кезде анткени –
эл башына иш түшкөн,
Эмес эрлер –
бүжүрөйүп, бүктүшкөн!
Аял дайым:
“Баатырым!” – деп дем берип,
Турганы үчүн
сакасы айкүр, чик түшкөн!
Менчи? Ушундай
Аял боло алдымбы?
Абай салып
карайм артым, алдымды.
Шерим, сени —
“Баатыр” кылуу ойдо эле,
Сезе алдыңбы,
Сен да менин баркымды?

Бирде толо
Бирде турмуш тузу кем,
Ак чач аял –
Мына турган ушу мен,
Кечээ эле
Ата-энемдин алпештеп,
Арзып тапкан,
Алмончоктой кызы элем…
Басып-туруп:
“Аял жакшы – эр жакшы”,
Мына ушуну
эсиң тут”, — дечү энем.
“Эр сыйлаган
Жатпайт балам эшикке…” —
десе эркелеп,
Кыт-кыт күлгөм нече мен…

Жубай болдум,
уулуна анан атанын…
Жондо – бала,
жолдо – эрчиди азабым.
Жолдош болду –
көртүйшүгүм, а бирок
Көөнөргөн жок,
көкүрөктө казалым!..
Башыңа иш
түшкөн кезде мүңкүрөп,
Алтын таажы
келди сага жасагым!..
Баар таптымбы,
барк таптымбы ушундан?
“Канат болсом…”-
дедим сени учурган!
Кербезденбей,
кетмен, күрөк колго алып,
Оңдойм дедим,
ой-чуңкурду бузулган…
Улутунуп
Унчукпайсың… Турмуштан
утулдумбу,
балким жокмун утулган!

Алдастадым,
алыс-алыс талпындым,
Мойнума анан
чаар баштыкты артындым!
Орусия, Европа, Корея,
чет жерлерде
Канча өмүрүм калтырдым!
Ден соолугум,
жаштыгымды, назымды,
Садага чаап
капчыгы үчүн калкымдын.

Канча эне
калды бала “өңөрбөй”,
Канча бешик
турат бөбөк бөлөнбөй?!
Кайран кыздар
азып-тозуп жүргөндө,
Манастай уул,
калды бекен төрөлбөй?!.
Канча ымыркай,
чоочун жерде калгандыр?
Башка түшкөн
бул – шор, ачуу армандыр?!

Эркеликти,
аял назын унуткан,
Эби келсе
эркектерче урушкан,
Энелерди,
эжелерди, кыздарды,
Эрлер, шерлер,
мен силерден суранам,
Колдон келсе,
Эми аялга айландыр?!.

Кечир, шерим?
Албайсың да төгүндөй…
Ак аралап,
кара чачты көмүрдөй,
Сен бир кезде
сүйгөн эки ууртумдан,
Күн нурундай
күлкү, шаттык төгүлбөй,
Аппак жүзүм,
ысык-суукка туурулуп,
бырыш түштү
ошол бойдон өбүлбөй…
Менде да айып
балким, бардыр азыраак?
Акыйкаттын
даамы дайым ачуураак.
Биз эшикте
“эркек” болуп жүргөндө,
Токол алуу
маселесин жашыраак,
Кайра-кайра
карап, каалап жаттыңар,
“Оң жагына,
чечели, — деп, — батыраак”.

Кайран күндөр,
кайран менин жаштыгым!
Кайран түндөр,
кайран жалкы жаздыгым!
Кабыргасы
ката электе кайышкан,
кайда сезим,
кайда сүйүүм, жактыруум?..
Кайталабас
бекен биздин катаны,
Кагылайын,
калдайган топ – арткы муун?!..

Балдарды ошол
эркелетип өбө албай,
Эмизе албай,
эне мээрим төгө албай,
Ата салтын,
эне наркын үйрөтүп,
“Илгери-и…” — деп
жомок айтып бере албай..!
Жада калса
ата-энемди жайына,
бергенде да
алып-учуп келе албай!..
Балдарга эми
кантип айтам батынып:
“Маңкуртка окшоп
Калдыңар, — деп, — неге андай?!.”

Кыздарыбыз
өзүнө орун таппаган,
Түйүлө элек
түйүлдүккө, башкадан –
жакшы жашоо,
издеп уя, жылуулук,
чет элдикти
эрчип кетип жатса анан!
Кантип гана
кабыргалар кайышпайт,
Күңгө айланып,
жатышса ошол жакта анан?!

Акылы бар,
Болчу, билем, анын да,
Кыргыз эне
каны бар да, канында.
Бизге улуу муун
Айткан окшоп акылын,
Биз айта албай,
Болбой калып жанында…
Шырдакбектин
Эркайымы сыяктуу,
Байкуш кыздын
Биз байладык багын да…

“Оорун – колдон,
Жерден алсам жеңилин”, —
деп жашагам…
Беделине Шеримин
шек келтирүү –
оюмда да жок эле,
катуу кетсем,
кечир мени, Теңирим?!
Кантип айтпайм,
тамырына доо кетип,
жүрөгү ооруп
турса элим-жеримин.

Өх-х десеңчи,
Өмүр барат азайып,
Өксүп эмне,
Эми көзгө жаш алып?!.
Өйдө-төмөн
Өкчөлсөк да акчанын,
Көрдүйнөнүн
Кулу болуп жашадык.
Сенчи, Шерим?
Сереп салып карачы,
Аткардыңбы,
Парсыңды эрлик, аталык?
Улуулардын
Аманатын урпакка,
Бере алдыкпы?..
Кечир бизди, Атажурт!
03.01.2015

 

Бактыгүл Чотурова

СЕНИ КАНТИП УНУТАМ?!

Өмүр деген суудай экен бир ууртам,
Өкүнүчтөн өзүмдү өзүм курутам.
Кыйын күндүн кырын басып жолуккан,
Кымбатым,
Мен сени кантип унутам?!

Сени күтүп кечте жагып улуу шам,
Сени күтүп күндө атат сулуу таң.
Бардык нерсе унутулган күндө да,
Бакытым,
Мен сени кантип унутам?!

Эсте калган күндөрдү ачып чуурутам…
Элесиңе жүрөгүмдү жылытам.
Алыс туруп бизден жакын эч ким жок,
Арманым,
Мен сени кантип унутам?!

 

Жыргалбек Касаболотов

УЧУР ЧАК

Оттордун жарык чачпай өчөт, көбү,
Ободо булуттардын көчөт, көбү.
Бактылуу болсо керек, тирүүлүктө
Бактардын бар болушса, көчөттөрү.

Өзгөрөт ичиң дагы, тышың дагы,
Өмүрдүн зор мыйзамы, ушул дагы.
Туя бил, бул дүйнөнүн кереметин,
Туйлап өт, тулпар болуп тушундагы.

Күчөй бил, күлүк болуп күнүндөгү.
Күйө бил, чырак болуп түнүңдөгү.
Арнап өт, ай-ааламдын баарысына
Арзыган абаздарың дилиңдеги.

Ажайып бул дүйнөнүн агылышы,
Ачылган дарбазанын жабылышы.
Жүгүргөн убакыттын шарын сезип
Жүрөктүн тыным албай кагылышы.

Үмүт көп, адам билбес даректеги,
Үрөн бар, доорун күткөн данектеги.
Учур чак — убакыттын улуулугу,
Уядан уча турган, каректеги.
03.01.2015

Соц тармактар:

Үч ыр: 1 комментарий

  • 10.11.2015 в 21:50
    Permalink

    Түшүнгөн кишиге эпикалык мааниси бар ушул ыры үчүн Жыпара эжеге таазим. Көп эле кишинин атынан мен уялдым. Дагы эле уялып жүрөм. Бар болуңуз.

    Ответ

Добавить комментарий