Казат Акматов: Кыргыз адабияты кризистен чыга элек

k_akmatov_bbc

Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы адабияттын абалы кандай? Китеп окуу маданияты эмне үчүн өнүкпөй жатат? Жазуучулар эмне жөнүндө жазат? Китепти жалпы массага жеткиликтүү кылыш үчүн жазуучуларга жана басма үйлөрүнө мамлекеттик колдоо керекпи?

Би-Би-Си кабарчысы Ибраим Нуракун уулу Кыргыз эл жазуучусу Казак Акматов менен маектешип, адабият айдыңындагы бул жана башка маселелерди талкуулады.

Казат Акматов: Бул абдан ойлондурчу суроо экен. Ошентсе да буга жооп бериш керек. Совет адабияты деген 80 жыл доор сүрүп келди. Ал кезде ары ойлонуп, бери ойлонуп, кыйналмай жок болчу. Жазуучуларга тематиканы белгилеп койгон түптүз коммунисттик идеология бар болчу. “Большевиктин образын чагылдырасыңар, лениндик партияны, совет өкмөтүн мактайсыңар” деп бизге программа түзүп берип койгон, ошол боюнча жазчубуз. Анан “негизги каармандарыңар чабан, саанчы, жумушчу болот” деп баса белгиленчү. Ошол программадан чыкпай, сексен жыл бою жазуучулар ошол буйрук менен жазып келди. Бирок адамдын ички дүйнөсү татаал да, белгиленген теманы жазбай, көп жазуучуларыбыз башка темаларды жазышкан. Мисалы, Айтматов совет учурунда эле совет бийлигине түздөн-түз каршы чыгармаларды жазды. Ошол сыяктуу көптөгөн жазуучулар өзүнүн көз-карашын чагылдырган чыгармаларды жаратып, куугунтукталды, түрмөгө түштү, жазаланды. Ошентип отуруп, совет доору таркап кеткенден кийин биз тынып эле калдык. Кыргыз адабияты жана бир катар эгемендик алган өлкөлөр жыйырма жылдан ашык убакыт өтсө да тунжурап турат, алардын адабияты жөнүндө эч жерде сөз жок. Себеби биз эски париялык идеологиядан бурулгандан кийин жаңы жол издеп жатабыз, таба элекпиз. Табалы деп аракет кылып жатабыз.

Кыргыз адабиятындагы поэзияны сөз кыла турган болсок, поэзия өзү абдан чапчаң жанр келет. Поэзиянын темалары түбөлүктүү, кайсы доордо болбосун жашай берет: сүйүү, кызганыч, кайгы-капа темалары поэзияда жарала берет. Прозага оор болот экен. Ал адамдын ички дүйнөсүндө болуп жатканын, тагдырын турмушка байланыштырып жазгандыктан, кыргыз прозаиктери чайналып калдык. Жыйырма төрт жылдан бери эмне жазарыбызды билбей, изденип жатабыз. Жыйынтыгында көпчүлүгү батышты туурап калды. Батышта болсо муруңку идеялык адабияттан качып, такыр башка жолго бурулуп, башка агымдар пайда болгон.

Биз жыйырма төрт жылдан бери социалисттик методдо эмес, реалисттик методдо жазып калдык. Батышта болсо сюрреализм, авангардизм, неоавангардизм сыяктуу көптөгөн агымдар пайда болуп, ар бир мамлекеттин жазуучулары өз алдынча жол издеп, башкача стиль менен жазууга өтүштү. Мурунку советтик жазуучулар бир стилде жазып келатканбыз, бирок акыркы убакта биз дагы европанын багыт издөөчү жолуна түшүп алдык. Жаштар ошондон тажрыйба алып келе башташты. Мисалы, кыргыз адабиятында абсурддук адабият, сюрреалисттик адабият, авангардизм деген агымдар пайда болду. Ошентсе да Борбор Азиянын адабияты, анын ичинде кыргыз адабияты өтө көрүнүктүү деңгээлге чыга элек.

 

Жазуучуларды ролу

Ибраим Нуракун уулу: Руханий жакырдануу, адабият айдыңдагы кризис тууралуу айтып жатасыз. Адабияттын каймагы болгон жазуучулардын өздөрү ушундай кризистик жана изденүү абалында турганда, анда жалпы коомдун ичиндеги жазуучулардын азыркы ролу эмнеде болот?

Казат Акматов: Алар коомго салым кошушу керек, кошот дагы. Эскертким келет, башка өнөрлөр чыгып, китепти тебелеп кетип, китеп жерде калып калган замандар мурда да болгон. Мисалы, кинолор жаңы чыкканда баары китепти ыргытып, кинону эле тиктеп калышкан. Телевизор чыкканда да ошондой болгон. Бирок китеп кайра өйдө чыккан. Азыркыдай эле кризис болгон.

Идеялык китеп болушу керек дегим келет. Азыркы модернисттер, неомодернисттер бул сөздү уккусу да келбейт. А идеялык китеп деген эмне? Кичинекей балдар үчүн жакшыны, жаманды бөлүп бере турган китеп жазып бербесең ал кайдан билет? Неомодернисттердин оюна кое турган болсок, экранга мульфильм коюп берет: анда карышкыр, баарын жоготуп, жеп, талкалап, баатыр болуп чыга келет. Алардын көпчүлүгүндө аялдардын эркектерди мууздап жатканын көрөсүң, бул аркылуу агрессияны пропаганда кылып жатат. Киши өлтүрбөгөн бир да мултфильм таба албайсың. Өзүмдүн үй-бүлөмдөн эле билем, керели кечке ошону карашат. Ааламдашуунун тенденцияларынын бири ушул. Башында жазуучулар китептин тагдыры бүттү деп абдан пессимист болуп кеткен элек. Андай болгон жок, китеп кайра жанданды. Көрсө китепсиз кино коюлбайт экен. Менин он жаштагы кенедей кызым бар, ага дүкөндөн китеп сатып келем кээде. Отуруп алып жакшы сүрөттөрдү көрсөтөм, бала бакчадан да көрсөткөнгө аракет кылышат. Баланын китепке болгон мамилесин ар бир ата-эне өзү көзөмөлгө алышы керек деп эсептейм. Алматыдагы фестиваль да ушуга басым жасады. Бул британдардын көрөгөчтүгү, аракет кылып жатышат. Мындай фестивалдар дүйнөдө канчалык көп болсо, ошончолук жакшы.

 

Балдарга китеп окутуу

Ибраим Нуракун уулу: Алматыда өткөн жазуучулар жыйынында сиз балдарга китеп окутуу, китеп окуу маданиятын өнүктүрүү темасын козгодуңуз. Себеби эмнеде?

Казат Акматов: Руханий кризистен чыгуу үчүн китепке таянуу керек. Мындан башка таяна турган эч нерсе жок. Бул абалдан чыгууга идеялык китеп даба болот. Азыр бала бакчадагы тарбиячылардын баары китеп окутууга такыр көңүл бурушпай калды. Бул нерсени түшүнүшпөйт, бөбөктөргө китеп окуп берейин деген түшүнүк жок. Мектептерде да ошондой. Ата-эне өзүнүн балдарын китеп окууга тарбияламайынча эч нерсе чыкпай калды.

 

Эркек баланы сабап, кызды аяп…

Ибраим Нуракун уулу: Бала кезинде китеп окуган бала менен окубаган баланын айырмасы эмнеде болушу ыктымал?

Казат Акматов: Айырмасы абдан чоң. Бала кезде рух пайдубалы түзүлөт. Адам төрөлгөндөн кийин эки сферада тарбияланат. Биринчиси физикалык, дене тарбия болсо, экинчиси руханий тарбия. Рух тарбиясы жакшы түптөлүп баштаса, ал баланы чоңойгондо эч ким жаман жолго бастыра албайт. Кудай Таала жаңы төрөлгөн ымыркайга эс-акылды, жанды берип коет экен, а ата-эне ага тарбия берет. Ата-эне баланы жакшы тарбиялап, жакшы китеп окутуп, жомок угузуп, жакшы сөз айтып, өзүн үлгү көрсөтсө, баласы келечекте жакшы нерселерге жетишет.

Китептен башка таяна турган эч нерсе жок, фильмге, тааныштарга таяна албайсың. Бала бакча, мектеп дегенге таянганга да болбой калды. Мектептеги педагогика бузулду. Ошондуктан ар ким өз баласын өзү тарбиялашы керек болуп калды. Биз кыргыздар үй-бүлөдө балдарды цивилдүү тарбиялаган педагогиканын жолун билбейбиз. Бизде болгону эки эле метод колдонулат. Эркек баланы сабап, кызды аяп тарбиялап келатабыз. Тарбиялоону методикалык түрдө системага айландыруу керек. Бирок ата-эненин ага акылы жетеби деген маселе да бар. Көпчүлүк ата-эне баланы тарбиялап жатып, “мен буга тарбияны таптакыр берген жок турбаймынбы” деп ойлоп, анан өзү түшүнөт.

 

Жазуучулар барбы?

Ибраим Нуракун уулу: Балдар үлгү ала турган, алар тарбиялана турган китептерди жазган жазуучулар жетиштүүбү?

Казат Акматов: Жок. Азыр андайлар өтө аз. Андай китептер мурда чыккан. Совет убагында идеялык китептер көп болгон. Өспүрүмдөрдүн китептери саясаты жок эле басылып чыкчу. Аларды кайрадан жандарынуу керек. Баланы он беш жашка чейин илгерки советтик китептердин негизинде тарбияласаң ал сонун болуп жетилет. Андай китептердин баарын таштандыга ыргытып жибердик.

Азыркы жазуучулар мындай китептерди чыгарайын десе, басмаканалар баспайт, акча анткени андан акча түшпөйт. Учурдун жазуучусу китепти өзү жазып, өзү чыгарып, өзү сатат. Андан пайда табабы жокпу ал башка маселе. Эгерде китепке порнографияны кошо кетсең, пайда табасын. Антпесе жок. Идеялык китеп жазсаң, сатылбайт. Ушул жерде мамлекет жардам бериши керек. Өлкө китеп сатуу системасын жасашы абзел. Бир айылда кичине болсо да мамлекеттик тармактагы китеп дүкөнү болушу зарыл. Анан ошол жерде идеялык китептерди сатса болот.

Аларды базарга алып чыксаң, ал сатылбай. Биз ушул маселени көптөн бери көтөрүп келатабыз. Мамлекет да буга макул. Бул үчүн маданият министрлигинде штат түзүлдү. Жакында буюрса бюджети каралат. Директорун эчак шайлап койдук. Ошол система бизге абдан керек болуп турат. Идеялык китептерди балдарга сөзсүз окутуу керек. Мамлекеттин да буга сөзсүз көңүл буруусу шарт.

Ибраим Нуракун уулу, ВВСнин Кыргыз кызматы, 09.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий