Чынгысхандын теги ким болгон?

ch_han

Орто кылымда жашап ѳткѳн тарыхый инсан — Чынгысхандын тегерегиндеги талаш-тартыштар узак убакыт бою жүрүп, дагы деле болсо теги түркпү же монголбу, казакпы дешкендер жок эмес. Бул инсандын тегин билиш үчүн, анын жашап ѳткѳн доорун экиге бѳлүп кароо керек. Биринчиси, Чынгысхандын тѳрѳлгѳнүнѳ чейин элинин кайсы урууга таандык болгону жана анын тѳрѳлгѳндѳн кийинки мезгили. Экинчиси, анын бийликке келиши жана мамлекетти түптѳшү менен империялык доорунда бириктирген элин, эмне себептен монгол атап койгону. «Тэмужин Делүн-Болдок капчыгайындагы Онон дарыясынын жээгинде, кыят-боржигин уруусунан чыккан Есугей баатырдын үй бүлѳсүндѳ тѳрѳлѳт. Энеси Олуэн олхунут уруусунан болгон. Есугей меркиттер менен болгон чабышта Еке-Чилду баатырдан Олуэнди ажыратып аялдыка алат. Уулун Тэмужин деп, татарлар менен болгон чабышта жеңишке жетишип, татар баатыры Темужин-Угенин урматына койгон». (Энциклопедиялык сѳздүк – Брангауза жана Ефрона. 4т.-СПб., 1890-18907 б.).

Чынгысхан алгач кол башчы катары, ар жерде андалап жүргѳн түрк урууларынын башын бириктирип, баскынчылык жүрүшүн коңшу элдер: Кытай, Орто Азия, Кавказ, Чыгыш Европа жерлерин басып алып, улуу Монгол империясын түптѳгѳн биринчи монгол ханы. Аялдары: коңурат уруусунан Бортэ, меркит уруусунан — Хулан, татар аялдары — Есугэн, Есуйдан тѳрѳлгѳн балдары: Жучу, Чанатай, Угедей, Толуй, Күлхан, Хатачар, Чохур, Хархат, кыздары: Хажин-беги, Иэцэйхен, Алайра, Тэмулгэн жана Алдун дегендер болгон.

Тарыхый жактан талашка түшкѳн Чынгысхандын тегерегинде илимий изилдѳѳлѳр жүрүп, тарыхчылар, тарыхчы-хронистер, тарыхчы-лингивистер ѳз убагында илимий эмгектерин, иликтѳѳлѳрүн, саякаттарын уюштуруп, Чынгысхандын ѳзү менен анын дооруна бир топ эмгектерин арнашкан. «Монгол» деген термин, Чынгысхан тарабынан XIII кылымда пайда болсо, Чынгысханга чейин «монгол» деген сѳз болгон эмес, деген сѳздѳрдүн канчалык чын-тѳгүнү бар экенин тарыхчылардын бир канча эмгектеринен жолуктурууга болот.

Тарыхта кѳптѳгѳн элдер мезгил ѳткѳн сайын, байыркы алып жүргѳн аттары ѳзгѳрүлүп айтылып калгандары кездешет. «Монгол» деген термин орто кылымдын XIII кылымынан тарта пайда болгонун, тарыхчы — хронлогдор, лингивистер келтирген мисалдары жокко чыгарбайт. Байыркы «Грек-макендондуктар, азыркы кезде «Славян-макендондуктары», орто кылымдагы «Түрк-болгарлары», азыркы кездеги «Болгар-слвяндары» деп аталып калышы, тарыхый ѳзгѳрмѳ аттардын мезгил чындыгы.

«Ошону үчүн: «Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» деп бекеринен айтылбаган. Атактуу инсандардын теги жѳнүндѳ кѳптѳгѳн ой жоорулар болуп келгени албетте мыйзам ченемдүү иш. Чындыктын жүзүн тарыхчылар, хронологдор, лингивист — илимпоздор илимий изилдѳѳлѳрдүн негизинде тастыктап, аныгын ачып бергенинде. Алар тарыхый тактыкка таянып, болгон так далилдерди келтирип, жазып кетишкендери, кийинкилер үчүн зор эмгек.

Ѳткѳн кылымдардын мамлекет аралык алака, алгач – кат жазмалары аркылуу болгон. Кат ханга жеткен убакта окутуп кѳрүп, сѳз кудуретине маани-маңыз берген ошол ѳлкѳнүн ханы же султаны, кат аркылуу кат келген элдин ханын жѳндүү экенин таанып, билген. Сѳз сыйлаган, кадыр күткѳн хан, мыкты жазылган катты ардактап, барктап сандыгына сактайт. Хандар, учурунда элчилери аркылуу бири-бирине кат аркылуу кайрылышкан. Жазма каттар кайсы элге таандык экенин, алардын сактап койгон тарыхый кол жазма каттары атайы оромого оролуп, кийинки урпактарга ѳз доорунун дипломатиялык иштеринин ѳрнѳгү болсун деген. Ушундай каттар, бир канча жылдар ѳткѳндѳн кийин, кийинки урпактарга илимий эмгектеринин баа жеткис табылга катары табылып, тарыхый булактарга айланып кеткен». (К.Б.)

Монголдор XIII кылымда уйгур жазмаларын пайдаланып келишкен болсо, XIII кылымдын аягы XIV кылымдын башында Кытай ханы Хубилай жаңы кол жазманы бекитип киргизет. Анда –кол жазма тѳрт чарчы болгондуктан, түрк-монгол же монгол (түрк) элдери мындай — тѳрт чарчы кол жазманы кабыл албагындыктан, кайрадан уйгур графикасына кайрылышкан. Анын далили, Гүйүк-хандын 1246 жылдагы мамлекеттик мѳѳрү басылган катын, Рим Папасы Инокентий IVгѳ жѳнѳтѳт. Ал кат, ушу кезде да Ватикан архивинде сакталып калган. Мѳѳр басылган бул кат – уйгур арибинде эски монгол (түрк) тилинде жазылган. Орто кылымдагы монгол эстеликтеринин бетине жазылган кол жазмалар менен котормолор да арбын болгон.

Рашид-ад- Дин ѳзүнүн эмгегинде, «Тарыхчы Хулагуидов 1300-1311 жылы Газан-хандын тапшырмасы менен «Мезгилдин жазма жыйнагы» деген биринчи дүйнѳдѳгү тарыхый эмгегин басып чыгарат». Рашид-ад Дин. Бул эмгегинде, монгол жана татарлар – түрк этносуна таандык деп, жазат. Анда, «Уруулар азыркы кезде монголдор деп аталып калган, чынында булардын түпкү теги монголдор эмес, мындай атты алар ѳзүлѳрүнүн дооруна карата атап алышкан. Уруу-уруктан кѳбѳйүп отуруп, уруунун ичинде ѳзүлѳрүнчѳ аттар пайда болгон. Алар: жалаир,кирей, найман, онгут, кыргыз ж.б. болуп атакка ээ болушуп (Чынгысхан бириктиргенден кийин) башкалары да кошулуп, бул ѳлкѳ атак-даңкка ээ болушканды каалашкан. Түрктѳрдүн кѳпчүлүгү, ѳзүлѳрүн монголдорбуз деп аташкан. Алардан мурда татарлардын күч кубаты болуп турган кезде, татарларбыз дешип турган» деп жазат.

Рашид-ад Диндин «Кол жазмалар жыйнагында» XIV к. т 1, 1-китеп, 103-б: «Азыркы убакта, Чынгысхандын урматына жана укум-тукумуна карата монгол деп айтылып калганы менен, чындыгында монголдор – түрк тукумуна таандык. Монгол-Түрк урууларынын ичиндеги уруулар: жалаир, татарлар, онгуттар, кереиттер, наймандар, жана башкалары ѳз кезегинде ѳзүлѳрүнѳ таандык болгон белгилүү аттары болгон – ушулардын бардыгы ѳзүлѳрүнүн жогору, бийик кѳрсѳтүш үчүн монголдорбуз атап алышкан. Түпкү тегинде, байыркы убактарда монгол деген мындай ат болбогонун танышкан, мындайлардын катарында татарлар монголдор деп ѳзүлѳрүн такыр аташкан эмес» деп жазат.

Рашид-ад Дин ушул эмгегинин 2-бабында: «Түрк уруулары жѳнүндѳ, азыркы убактагы түрктѳр ѳзүлѳрүн монголдорбуз айтышканы менен, байыркы эл катары ар биринин ѳзгѳчѳ аттары жана ѳзүлѳрүнүн бийлик жүргүзѳ тургандай абалдагы ысымды ала жүрүшү менен толук кандуу бийлик ээлерибиз дешет». Ушул эмгегинин 3 бабында: «Түрк уруулары жѳнүндѳ, ар биринин ѳзүлѳрүнчѳ падышалары жана бийлик башчылары болгон…» дейт. Рашид-ад Диндин жазганы боюнча, монголияга XII-XIII кылымдарда Түрк уруулары барып отурукташкан. Рашид-ад Диндин дагы бир тарыхый кол жазма булагында: «Чынгысхандын бийлик доорунда «Алтын дептер» деген түрк тилинде жазылган кол жазмалар, биздин күнгѳ жетпей калды» дейт.

Мэн Хун — кытай элчиси, Сун тукумунан (династиясынан) 1219 жылы ѳзүнүн «Монгол-татар жѳнүндѳ» (Мэн-да, бей-лу) кол жазмасында минтип жазат: «Түрктѳр Монгол империясынын жаңыча жашоо башатында турган кезинде» европанын биринчи саякатчысы жана араб хронисты (мезгил жазмачысы), Улуу кѳчмѳндѳрдүн жер ээлери «татарлар». Чынгысхандын «Монголдору» — бул ар кандай саясий жактан кошулган Түрк урууларынын бир мамлекетти түзгѳн бирикме. «Татарлар – түрк элдеринин орто кылымдагы жалпы түшүнүгү деп, сырттан келишкен чоочун авторлордун жазгандарын жолуктурдум», дейт.

Махмуд Кашгари: «Татарлар-Түрк тилдүү эле уруу» дейт. Татарлар жѳнүндѳ Дивани Лугат Ат-Түрк (Үч томдон турган түрктѳрдүн жѳндүү сѳздүгү) Махмуд Кашгари 1075 жылы: «22 түрк уруулары жѳнүндѳ: печенектер, кыпчактар, ѳгүздѳр, йемектер, башкырлар, басмылдар, каялар, ябагу, татарлар, кыргыздар, чигилдер, тухсылар, ягмалар, ыграк, чумул, уйгур, тангут, кытай, табгач, аргын, булгар, субар» деп кѳрсѳтѳт. Махмуд Кашгари, Чынгысхандын тѳрѳлгѳнүнѳ чейин 80 жыл мурда эле татарды Түрк этносуна тийиштүү кылат. 732 жылкы Орхон жазмаларында: «Менин түрк атам Билге-каган отуз уруу-татарлардын башкаруучу тагында отурган…». Татарлар деген, Түрк Каганатынын эпитафиясында эскерилип, Чынгысхан тѳрѳлгѳнгѳ чейин 432 жыл мурда эле жазылганын айтат.

Юань уругунун (династиясынын) жазмаларында, XIX кылымдын европа тарыхчылары, XIII кылымдагы «Монголдордун ыйык айтымдарын» ѳзгѳртүшүп салышкан. Себеби, уйгур тилинде жазылган түп нуска жоголуп кеткен. XIV кылымда кол жазма кытай династиясы болгон — Миндин колуна тийет да, 1403-1425 жылдары кытай тилине которулат. Мин ксилографиялык басмасы ѳз учурунда бир канча жолу алып жазылып отуруп, биздин убакка чейин кытай тилинде толук эмес котормосу жеткен. Азыркы кезде монголдордор, ѳткѳн доордогу монголдордон айрымасы, биз Халха-Монголдорубуз дешип келишет. «Юань урпагынын ыйык айтымдарында» «Монгол» термини биринчи жолу эскерилип «Бүтүндѳй монголдорго Кабул-каган бийлик кылат» (параграф 52). Кабул-хан, Чынгысхандын чоң атасы 1094-1148 жылдары жашап турган мезгилинде, нирун-монгол урууларын бириктирген жана «улук Хамаг Монголду» элин түптѳгѳн! «Хамог Монгол» түрк (карлук) тилинен которгондо «Бүтүндѳй монголдор» деген түшүнүктү берет. «Монгол» жѳнүндѳ термин XIII кылымда биринчи жолу кагаз бетине түшүрүлүп, пайдалана баштаган.

Андан мурдараак кытайдын кылым жазмалары жүргүзүлгѳн кагаз иштеринде, 945 жылдары «мэн-у ши-вей»: мэнгу, мэнва, жайдак мохэ уруулары токойлордо жашашкан! Булар, XIII кылымдагы кѳчмѳн монголдорго эч кандай тиешеси болбогону жѳнүндѳ жазылган.

Юань урпактарынын ыйык айтымдарында: «Татарлардын талкаланышы жѳнүндѳ айтылып, талкалануу автордун түшүнүгү боюнча, душманына толук баш ийип бериши (бүтүндѳй түрк урууларынын биригүү мезгилинде душмандардын биригүүгѳ каршы болушу) жана Чынгысхандын жаңыча ойлоп табуусунда, монголдордун саясий жактан биригүүсүн кабыл алган. Мында, татарлар кыйроого учураган эмес, анын себеби Чынгысхандын эки аялы – Есухей, Есуй; Монголдун хуралынын башкы соту – Шигу-кутугу; ноендордун башкы аскер башчысы 1229 жылы – Элчжигидей татарлар болушкан! Чынгысхандын аскерлеринин алдыңкыларынын кѳпчүлүгүн чыгыш-түрк уруусу Татарлардан турган» делет.

Алтын табчи хроникасы, 1651-1675 жылдары «Кытай Түрктѳрүнүн» тилинде жазылганын монгол илимпоздорунун таануусунда: «Чынгысхандын тили жоголгон» жана ал тилди эски монгол тили деп таануу менен, «Алтын тобчи» тили азыркы халха-монголдорго түшүнүксүз» дешкен. Буга карата, Голландиялык окумуштуу – Лео де Хартогдун далилдѳѳсүндѳ: «Гуюк-хандын 1246 жылдардагы Мамлекеттик мѳѳрү менен кол жазмалары түрк тилинде жазылган!» деп ( «Чынгысхан дүйнѳнү каратып алуучу» 9, 246-247 б.) жазат.

Венециалык саякатчы, Рим папасынын ѳкүлү Марко Полонун (1254-1324 жж) «Дүйнѳнүн керемет китеби» дегенинде: «Бул жердеги мамлекет Ун жана Могул. Ун мамлекетинде жашагандар онгуттар, ал эми Могулдарда (Чынгысхан мамлекети) татарлар (түрктѳр) жашайт. Бул жердеги адамдар аң-сезими жогору жана татарча билишет. Улуу хандын айтканында – Хубилай, «Мактоо барагын түрк тилинде жазып, Апостолго жѳнѳткѳнгѳ даярдгыла» деген. Рим Папасы жана кытай башкаруучулары мамлекеттик алака иштерин жүргүзүүдѳ монгол (түрк) Хубилай түрүк тилин пайдаланган!» дейт.

Дагы бир тарыхый жактан тастыктай турган жагдай, Россиялык тарыхчы В. Тизенгаузен (1825-1902 жж), «4 сентябрь 1264 ж. Египет элчилерин Алтын ордонун ханы Береке кабыл алат: Кат (Египет) султан тарабынан түркчѳ жазылган. Алар (татарлар) буга абдан сүйүнүшкѳн. («Материалдардын толук жыйнагы, Алтын ордого таандык болгон» 308 б) «Нил жана Волганын ортолорундагы байланыш XIII-XIV кылымдар арлыгында» эки жүз жыл арасында Каир жана Сарай 50 жолу элчилери сүйлѳшүүлѳрүн жүргүзгѳндүктѳн, монгол-татарлар түрк тилинде жазышкан. Батыш тарыхчылары, мусулмандардын уйгур жазууларын окуй албагандыктан (жогордон тѳмѳн) «монголчо жазылган», — дешкен.

Совет доорунун чыгыш-тарыхчысы — В.П.Юдин (1928-1983жж), «Монгол бийлигинин курамына карап турган уруулар, негизинен этникалык жактан монголдор үстѳмдүк кылганы менен, чынына келгенде түрктѳр болуп саналган. («Борбордук Азия XIV-XVII к.» 105 б.). Ушул эле эмгегинде, «Азыркы убакта түрк тилдүү моголодордун күмѳндү жараткан тилин эсептесек, анда бул тил ѳзүнүн салттуулугун жашап бүттү деп эсептешке болот» («Борбордук Азия XIV-XVIII кк, 127 б.).

Монгол тарыхчы-хронисти Мухаммед Хайдар Дулати (1499-1551 жж) «Могул мамлектинин негиздѳѳчүсү Султан Саид-хандын курч айтканында, түркчѳ жана персче, орфографиялары туура жана талашсыз болгон, ошол эле фарс жана түрк, араб тилдеринде». (Тарихи-и-Рашиди» 1541-1546 жж. Кашмир) Моголдор халха-монгол тилинде сүйлѳшкѳн эмес! Моголистан-Борбордук Азияда түрк мамлекети болгон (Чыгыш Түркстан, Кашгария, Жети суу) 1347-1462 жж. Чагатай Улусунда негизделип Моголистандан Бабур мамлекети тарап «Улуу Могол империясына» кирген дейт.

Мезгил ѳткѳн сайын тарыхчылар изилдеп, жазып ѳзүлѳрүнүн кѳз караштарын айтып келген. Россиялык тарыхчы В.В. Трепавлов (1960 ж. т.) «Түндүк-Батыш Кытайда чоростор хандыкты түптѳп, ѳзүлѳрүн Жунгарлар деп аташып түрк-тилдүү монголдорду сүрүп чыгарып жана айрымдарын ѳзүлѳрүнѳ каратып алат». («Евразия жана Осмон империясындагы түрк элдери XVI кылым») Мында «Түрк-тилдүү монголдор» деген термин, Могол хандыгынын катарында болгонуна толук жооп берет, дейт. Жан-Поль Ру, Франциялык чыгыш тарыхын изилдеген тарыхчы. «Монголия менен Сибирде түрктѳрдүн жана монголдордун расасы эч убакта болгон эмес, бир гана түрк-расасы болгон, «монгол» деген ат бул ойдон чыккан». Коих деген эл азыр монгол деп аталат. Байыркыларга кайрылсак, мындай ат таптакыр болбогон, азыркы аты ойлоп табылганын кыпаттоого гана болот. («Тамерлан» изд. Москва. 2004 ж. 178 б.)

Тарыхта жазылып калган бир канча эмгектерде: Чыгыш элдеринин тарыхын изилдеген орустун тарыхчысы К.А. Иностранцев (1871-1941 жж.) «Монголдор жѳнүндѳ» деген эмгегинин 3-бабында: «Монголдор –бул жыйналган саясий термин, азыркыча айтканда (ойлонулган) Чынгысхандын ѳзү тарабынан 1206 жылы, бийлигин чыңдаш үчүн элдерди бириктирген». «Саясий жактан алар Монголдор, ал эми этникалык жактан – Түрктѳр» деп жазган.

Британиянын тарыхчы — синологу Э.Г. Паркер (1849-1926). «Скифтер, гундар, жана түрктѳр ар кандай мезгилдер аралыгында тарыхый ѳнүгүүнүн жүрүшүндѳ жүрүп отурган, түпкүлүгү түрк уруулары эле» дейт («Татар тарыхынан миң жыл» XIX к. аягы. Ливерпуль, Англия) эмгегинде.

Англиянын чыгыш тарыхын изилдеген тарыхчы Ч.Д. Гальпериндин жазганында, «Анын монголдору» чындыгында алтай-урал элдеринен турган тең укуктуу уруулардын кѳпчѳлүк бѳлүгүн түрктѳр түзүп, анын башында Чынгысхан турган» десе, Франциянын чыгыш тарыхчысы Рене Груссе «Түрктѳр менен Монголдор кийнки убактарда жаңы пайда болгон монгол улуту (монгол улус) аталып, ошодон баштап Монголдор деген ат менен белгилүү болуп жеңгени да, жеңилгени да керейлер, наймандар, ошолор эле сыяктуу боржигиндер жана андан башка боз үйдѳ жашаган кѳчмѳндѳрдүн бардыгы аталган» деп жазган.

Чыгыш элдеринин тарыхын изилдеген тарыхчылардын кѳпчүлүгү, ѳзүлѳрүнүн эмгектеринде түрк элине тийиштүү болгон урууларды иликтеп жазгандардын бири, орустун чыгыш тарыхчысы И.Н. Березин (1818-1895 жж.) «Наймандардын түпкү теги түрк болгон, анын далили азыркы түрк тилинде сүйлѳѳсү, андан башка да кѳптѳгѳн урууларлардын сүйлѳѳсү менен аныкталат; монгол наймандарынын мурдагы эне тили монгол тили болгон дегенге тарыхтын ѳзү жол бербейт. Түрк тилдүү монгол кѳчмѳндѳрүнүн уруулары жѳнүндѳ суроонун болушу табигый нерсе, анткени булар жашаган аймактарды биздин доорго чейин 2 миң жыл мурда эле Түрктѳр жашап турганы белгилүү!» дейт.

XX к. Советтик жана Россиялык тарыхчы Н.Н. Крадин (1962 ж-….) «Чынгысхан Монгол болгон эмес, Чынгысхан Монголдорду жаратты» дейт. Ал: «Чынгысхан тѳрѳлгѳндѳ эле монгол болгонбу?» деп суроо берип, кайра ѳзүнѳ жооп берет: – Жок, анткени андай улут ал тѳрѳлгѳндѳ болгон эмес! Ал тѳрѳлгѳндѳн кийин кѳптѳгѳн түрк урууларын бириктиргенден кийин жаңы ат берген, буга чейин тарых илиминде -Монгол деген ат белгисиз болгон» деп жазат.

Мен бул Н.Н. Крадиндин жазганына жооп издеп, XIII к. Араб тарыхчы-хронисти Ибн-Абд-аз-Захирдин жазган эмгегин жолуктурдум, ал мындай деп жазган экен: «Египеттин султаны, Алтын ордонун ханы Беркеге кат жолдойт, ал кат түрк тилинде атайын оромдо (свите) жазылган, оромдогу жазманы окуп бергенде, эне тилинде жазылгандыктан катты угуп, ѳтѳ кубанычта болгон». Алтын ордонун ханы, Египеттин султаны Перстердин Ильханы, Индиянын султаны, Кытай ханы бири-бирине кат жазышканда эне тили болгон түрк тилинде жазышкан!» дептир.

Орустун тарыхчы-лингивисти В.П. Васильев (1818-1900 жж.) жазганында: «Чынгысхан биз айтып жүргѳн монгол тилинде сүйлѳбѳгѳнү ырас, ошол эле убактаЧынгысхан кошкон уруулар «байыркы монгол» тилинде сүйлѳгѳнү арсарлыкты жаратат», дейт.

Араб тарыхчы-хронисти Ибн-ал-Асир (XIII к.) мындай деп жазганы бар: «Аландар ѳзүлѳрүнүн мүмкүнчүлүгүнүн болушунча кыпчактарды топтоп, татарлар менен согушат. Согушта эки тарап тең биринин үстүнѳн жеңишке жетише албайт. Ошондо, татарлар кыпчактарга айттырат: «Биз силер менен түпкү тегибиз бир элбиз, бул аландар силерге эч кандай тиешеси жок эл, ошонундуктан силердин аларга жардам берип жүргѳнүңѳр туура эмес». Чынгысхандын монголдору (жалаир, коңурат, керейлер…) кыпчактар (половецтер) бир тилде жана бири-бирине туугандык байланыштары бар» делет.

«Монгол тили, тилдердин аралышканындагы генетикалык ѳз алдынча эки топ: түрк жана тунгус-маньчжур тилдеринен пайда болгон тил дешке болот». XVI кылымда, монгол талаалары басып алынып жана ал жерлерге маньчжурлар отурукташат. Жергиликтүү түрк элдери менен аралаш жашап калгандыктан, азыркы «халха- монгол» эли пайда болгонунан «халхастар» деп айтылып калган». Алардын түрк жана монгол тилдериндеги жалпы окшоштук: лексикалык жагы – 25%, морфология жагы – 50%. Түрк жана тунгус-маньчжур тилдеринин окшоштугу: лексикалык жагы – 10%, морфология жагы – 5%». ( Оловинцев А.Г. «Чынгысхандын доору»116 б.)

Россия жана Польшалык лингвист- тарыхчы В.П.Котвич (1872-1944 жж.) «XIII кылымдагы Чынгысхандын монголдору лингвистика жагынан азыркы мезгилдеги Халха-монголдордон айрымаланат. Жергиликтүү тектүү түрктѳр монголдор менен аргындашып, аралашып тунгус-манчжурлардын басып алуусунан улам XVII кылым менен аяктайт» дейт.

Монгол лингивист- тарыхчысы Б. Базылханов 1975 ж. Монголиянын илимдер академиясынын Тил жана адабият иниститутунун жетекчиси, МЭР ИА порофессору А.Лувсандэнэвдин жетектѳѳсү менен жазган эмгегинде: «Аныгын айтканда, азыркы түрк тили кѳп жагынан алганда, халха-монгол тилине караганда Чынгысхандын эски монгол тилине окшош. Азыркы монголдор (Халха-монголдор), түрк-монголдор ѳткѳн доордо бири-бирине аралышып кеткен болсо, кийин жагында журчжун-манчжурлар менен аралашып кеткен» дейт.

1.Кытай Мин тукумунун (династиясынын) 100 миңден турган аскери эки жолу жортуул жасап, 1338 жылы Монгол-түрктѳрүнүн эрендерин тукум курут кылат;

2.Ээн калган монгол жерлерине 16-17 кылымдарда журчжун уруулары кѳчүп-конуп отурукташат;

3.14-16 кылымдарда кабыл алган будда дининин ордуна, аты бѳлѳкчѳ аталган тибеттин таасирлүү клерикалдык дини таңууланган;

  1. 1559 жылы манчжурлардын Нурхандары монголдорду басып алган;
  2. Манчжурлардын Абахай династиясы, 17 кылымда бүтүндѳй кытайды басып алат. Ушунун натыйжасында азыркы монголдор, байыркы монголдордун (түрктѳрдүн) атын жана Чынгысхандын бүтүндѳй тилин жоготушат.

Большой энциалопедический словарь, изд-во БРЭ, Москва 2004 г. (стр. 750) Бул энциклопедияда: «Азыркы халха- монгол тили XIV-XVII кылымдарда Чынгысхан ѳлгѳндѳн 200-300 жыл ѳткѳндѳн кийин пайда болгон». Ошондуктан, азыркы монголдор түрк тилин түшүнүшпѳйт, деген жыйынтыкка келет.

Халха — монгол тили менен эски монгол — түрк тилдеринде айтылып, жазылып жүргѳн эски монгол-түрк тилиндеги титулдар: хан, каган, бек, ильхан делсе; монгол-халха тилинде: хунтайши делет. Ал эми топонимдер: Чынгысхан түзгѳн мамлекеттин борборун түркчѳ — Каракорум деп атаган. Пекинди басып алганда, монгол-түрктѳр Кытайдын борбор шаарынын атын ѳзгѳртүп, түркчѳ — Ханбалык деп атайт. Алтын ордону негиздегенден кийин ѳлкѳнүн борборун түркчѳ – Сарай деп атаган. Алтын ордо мамлекети деп, түркчѳ аталганы да бекер эмес.

Эми, Чынгысхан монгол болгонбу? — деген суроого жооп: Чынгысхан 1155 жылы тѳрѳлгѳндѳн тарта, 1206 жылы мамлекетти негиздегенге чейин Чынгысхан монгол болушу эч мүмкүн эмес. «Монгол» деген термин –Чынгысхандын акылы толуп турган кезинде, саясий жактан элдерди бириктирүү үчүн ѳзүнүн ойлоп тапкан аты. Биринчи документтешкен кагаздарда «монгол» деген түшүнүк 1240 жылы Юаньдын ыйык айтымдарында кездешет. 1206 жыл менен 1240 жылдар аралыгында ортодон 34 жыл ѳткѳндѳн кийин, алгач кол жазмалары кездешет. Ага ѳткѳн доордун тарыхтарына иликтѳѳ жүргүзүп, изилдеп, жазып кеткен тарыхчылардын эмгектери толук негиз берет. Чынгысхан мамлкетин түптѳй баштаганда, түрк элдерин ынтымагын бириктирүү үчүн акылы тунук убагы — 51 жаш курагында «монгол» деген түшүнүктү киргизгени аныкталган. Азыркы монгол (халха) Чынгысхан түзгѳн монгол империясы, түрк элдеринин империясынан кийинки экинчи империя дешке болот. Анда, «Чынгысхан уруусу боюнча ким болгон?» деген суроого: Чынгысханды казак же ѳзбек дешке таптакыр негиз жок. Анткени, тарыхтын так барактары боюнча бул эки эл, XVI кылымдарда түрк элдеринин арасынан пайда болгон эле эл. Ага чейин жашап келген уруу элдери: кыргыз, татар, түрк, уйгур,башкыр, найман, кирей ж.б. кѳптѳгѳн түрк урууларынын курамынан турган элдерди бириктирген Чынгысхандын саясий жаңы термини — «монгол» деген пайда болот.

Ушуга окшош байыркы элдердин этнонимдик аталыштарынын ѳзгѳрүлгѳн жагдайына бир сыйра байкоо жүргүзѳлү: Байыркы дүйнѳнүн Макендоктуры – бул грек тилиндеги эл болсо, азыркы кезде булар славян тилиндеги элдер. Орто кылымдагы Болгарлар (6-9 кк) – түрк тилдүү элдер болсо, азыр слвян тилиндеги эл. Орто кылымдагы Франкилер – герман тилдүү эл болсо, азыркы кезде француздар роман тилдүү эл. Орто кылымдагы Рустар (9 к) – герман тилдүү эл болсо, азыркы кезде слвян тилдүү эл. XIII-XVI кк. Монголдор — түрк тилдүү эл болсо, азыркы монголдор халха тилдүү эл катары таанылууда.

«Ойроттон чыккан жунгарлардын (XIV-XV кк.) Борбордук Азияга жүрүшү, түрк элдерин кайрадан бириктирип бир муштумга баш ийдирүү максаты аягына чыкпай, кандуу кармаштын азабы кѳп жылдарга созулат. (XVIII к.) кыргыз, казак, ѳзбек, тажик ж.б. элдердин жунгарларга каршы туруусу катуу кан тѳгүү согушу менен аяктайт. Мезгил ѳтүп, түрк элдеринин теги бир болгону менен (кыргыз, казак, ѳзбек,тажик, уйгур ж.б.) дини боюнча «исламды» кабыл алат. Ал эми халха-монголдор манчжурлашып, байыркы аттарын унутуп дини боюнча «ламаизмге» ѳтѳт. Мурдагы бир Кудайды тааныган элдердин диний кѳз караштары ар башкача болуп, каалаган диндерге бѳлүнүп, аралары ажырап бет алдынча кетет… Канга боёлгон, узакка созулган катуу согуштарда, ойрот- жунгарлар кыргыз, казак, ѳзбек, тажик, уйгур жана манчжурлук кытайлардын катуу сокусунан чыга албай талкаланат. Түрктѳр, немецтердин урпактары болгон орустардын сокусуна дуушар болуп, баштары бирикпей ыдырап, бийлигин колдон тайдырат. Алардын ордуларына бѳлѳк элдердин күчтѳрү жандана баштагандары, тарыхта маалым». (К.Б).

ЮНЕСКО тарабынан, «Эки миң жылдын ичиндеги эң мыкты полководец» деп Чынгысхан таанылат. Анын 850 жылдык ибилейине арналган илимий-практикалык конфенеренция ѳтѳѳрдүн астында, казак менен кытай тарыхчыларынын ортосунда этникага байланышкан талаш-тартыштар жүрѳт. Алма-Ата шаарында, «Чынгысхан жана казак мамлекеттүүлүгү» деген темада илими-практикалык конференция ѳтүп, ага: Россия, Кытай, Иран, Монгол, Казак мамлекеттеринин тарыхчылары менен илимпоздорунун ортолорунда кызуу талкуулар болот. Конференциянын жүрүшүндѳ, Украиналык тарыхчы Владимир Белинский жана Россия тарыхчысы Мурад Аджинин кѳз караштары боюнча, «Чынгысхан казах» деген пикирди карманышса, конференциянын уюштуруучулары: Педагогика илимдериин доктору, профессор Кайрат Закирьянов менен тарыхчы Карамзиндин кѳз караштарында, Чынгысхан монгол менен казакка эч кандай тиешеси жок, казак, монгол деген бул «нонсенс» дешет. Кѳп жылдар бою Чынгысханга кѳптѳгѳн эмгектерин арнаган профессор Кайрат Закирьяновдун, «Казактардын теги Чынгысхандан тарайт» дегени, чындыкка жакын.

Чынгысхандын доору орто кылымдарда ѳтсѳ да, андан уланган урпактары ушу кезде 16 миллионго жетти дегени менен, «кайсы урууга таандык» деген этностук — уруу маселеси, дагы деле болсо табышмак бойдон калууда. Мезгил барактарын ачып берген, тарыхый эмгектерди жараткан ѳз доорунун мыкты тарыхчы-илимпоздору, убагында бекеринен Чынгысхандын этностук тегине кайрылышпаса керек. Эгерде, Чынгысхандын сѳѳгү коюлган мүрзѳсү белгилүү болгондо, азыркы генеалогия илими жетишип турган чагында, ДНК боюнча: кыргыз, түрк, татар, уйгур, манчжур, ойрот, нурхан, журчжун ж.б. уруудан экен деп, небак эле гаплагруппалары аныкталып, такталып калмак. Ошондой болсо да, тарыхчы, лингивист, хронисттер тарабынан, «Чынгысхан «түрк тилдүү» элдерге таандык инсан» деп, жыйынтык чыгарып жазгандары, талаш-тартыштарга так жооп бер алат…

Кайнарбек Бийлибаев, «Мурас», 07.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий