КРнын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, композитор Муратбек БЕГАЛИЕВ: «Кыргыз маданиятын дүйнө тааныганы сыймык»

begaliev

Жылкы жылынын акыркы айларында Муратбек Бегалиев Казань шаарында өткөн “Түрк дүйнөсү” аттуу биринчи эл аралык музыкалык фестивалга барып келди. Бул Россия Федерациясындагы маданият жылына, Казань шаарынын 2014-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору деп аталышына, Композиторлор союзунун 75 жылдыгына жана ТҮРКСОЙдун 20 жылдыгына карата уюшулган.

Фестиваль М.Бегалиевдин “Майрамдык увертюра” аттуу симфониялык чоң оркестр үчүн жазылган чыгармасы менен ачылды. Ушул эле сапарда Вьетнамдагы “Азия – Европа” аттуу чоң форумга да катышып, Алтын медаль менен сыйланды. Мындай ийгиликтерин куттуктоо менен гезитибизге маектешүүгө чакырдык.

– Муратбек Акимович, өткөн 2014-жыл сиздин чыгармачылыгыңызга ийгилик алып келген түшүмдүү жыл болду окшойт, бир эмес, бир нече мамлекеттерге барып, эл аралык музыкалык фестивалдарга, форумдарга катышып, ийгилик менен келип жатасыз, ушул туурасында окурмандарга аңгеме-дүкөн курбайлыбы?…

– Жакшы болот. Жаш таланттарды, окуучуларыбызды ойлоп жүрүп эле өз чыгармачылыгым көз жаздымда калып жаткансыган. Быйыл жакшы ийгиликтер болду. Айтсак, биздин жаш болсо да дүйнөлүк деңгээлде ат салышып жүргөн белгилүү пианист балабыз Азамат Сыдыков Нью-Йорк шаа­рында атактуу Карнеги холл залында болгон концертинде “Кайрык” аттуу чыгармамды Америка угармандарына тартуулап чакырган эле. Анын жетишкендиктерине күбө болуп, абдан кубанып келдим. Бул тууралуу музыка күйөрмандары маалымат каражаттарынан билишет.

Бир айга жакын чет жактагы чоң форумдарга катышып келдим. Адегенде Татарстандын борбору Казань шаарында “Түрк дүйнөсү” аттуу биринчи эл аралык музыкалык фестивалга чакырылдым. Татарстан Президенти Рустам Минниханов жана ТҮРКСОЙдун генералдык секратары Дюсен Касейинов форумга кайрылуу жасашты. Бүткүл түрк тилдүү мамлекеттерден келген композиторлор катышкан бир нече концерттер тартууланды. Менин эки чыгармам – симфониялык чоң оркестр үчүн жазылган “Майрамдык увертюра” (фестиваль ушуну менен ачылды) жана камералык оркестр үчүн жазылган, төрт бөлүмдөн турган “Кыргыз сюитасы” аткарылды. Дирижерлору Азербайжандан келген белгилүү Фахраддин Керимов, Татарстан мамлекеттик симфония­лык оркестри менен россиялык атактуу “La Primavera” камералык оркес­тринин жетекчиси Рустем Абязов болушту.

– Форумда ар улуттун өзгөчөлүгү эмнеден көрүнгөнүн байкадыңыз?

– Андай жылдыздуу мүнөттөр да болду. Иш-чаралардын алкагында түрк элдеринин байлыгы болгон эл аспаптарынын көргөзмөсү Казань кремлинде ачылып калды. Мен ала барган кыргыз комузу, кыл кыягы, чопо чоору, темир ооз комузу, сыбызгы жана чогойнолор да коюлуп, көргөзмөнүн чордонунда болуп, биздин улуттун маданиятынан кабар берип, анын көркүн ачты. Бул фестиваль келечекте уланып, ар кайсы мамлекеттердин борборлорунда өтмөй болду.

Андан соң, самолет менен Казань-Алмата, Гонконг аркылуу Вьетнам жергесине “Азия – Европа” аттуу чоң форумга келдим.

– Канча мамлекеттен композиторлор катышты?

– Дүйнөнүн 57 мамлекетинен келишти. Мени таң калтырганы – бул майрамдын масштабы, деңгээли болду. Көптөгөн концерттер, жолугушуулар, конференциялар, жыйындар жана талкуулар өтүп, ошол замат китеп кылып чыгарып жатышты. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бүткүл дүйнө угуп, көрүштү. Форумдун корутунду концерти улуу агабыз Ч. Айтматовго арналган менин “Nostalgia Passacaglia” (Ностальгия пассакалья) аттуу чыгармам менен ачылды. Чыгарманы Вьетнам мамлекеттик оркестри менен япониялык белгилүү дирижер Хонна Тетсужи алып чыгышты.

– Чыңгыз агабыздын атын дүйнө тааныйт эмеспи?! Чоң резонанс болсо керек?

– Албетте, так ошондой болду. Ал тургай Вьетнамдын президенти Чыонг Тан Шанг форумдун катышуучуларынын өкүлдөрүн кабыл алып, сөз арасында Чыңгыз агабыздын чыгармачылыгын да эскерип кетти. Дүйнөдөн келген жүздөн ашык композиторлордун арасынан тогуз гана композиторду, алардын ичинде мени да Вьетнам элинин ардактуу сыйлыгы – (маданиятка сиңирген эмгеги үчүн) алтын медалы (сертификаты менен) сыйлады. Чынында, кыргыз маданиятын музыкалык дүйнө тааный баштаганы чыгармачыл адамдар – биз үчүн чоң сыймык болду.

– Четте жүргөндө ошол элдин жашоо шартына, маданиятына, менталитетине көз кыйырын салып карайт эмеспизби. Сизге ушул жагдайда кандай таасирлер болду?

– Вьетнам эли тээ бир топ убактан бери кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн баарыбыз билебиз. Мен үчүн бардык эле чыгыш элдериндей көрүнчү. Көрсө Япон, Кытай, Корей. ж.б. айырмаланып, тили да, жазуусу да такыр башкача эл экен. Иероглиф эмес, латын тамгаларын колдонушат турбайбы?! Жери кооз, эли сабырдуу, момун, сыйкор, кенен экен десек да болот. Туризм абдан жакшы жолго коюлуптур. Үч чоң шаарында болдук (Ханой, Хо Ши Мин, Халонг). Борбору Ханойдо эле жети миллиондон ашык адам жашайт экен. Жөө жүргөн адам жок, бардыгы тең мотороллер, скутер же велосипед менен жүрүшөт экен. Үстү жагынан карасаң, көчөлөр толугу менен эле агып келаткандай көрүнөт. Жалпысынан, бул мамлекет өсүү жолунда келатыптыр. Вьетнам жергесинде бизге Халонг бухтасы чоң таасир калтырды. Анткени ошол жердеги аралча ЮНЕСКОдогу бүткүл дүйнөлүк касиеттүү мурастардын катарына кирген экен. Мага биздин касиеттүү Сулайман тообузду элестетти. Тоонун түспөлү дагы абдан окшош экен, бизде үңкүрдүн ичинде музей болсо, алардын үңкүрү жаратылыш музейи менен катар концерттик зал сыяктуу да колдонулат экен. Сонун-сонун фольклордук топтордун аткаруусунда алардын ыр, бийин, руханий байлыктарын көрүп, суктандык.

– Казакстандагы белгилүү “Шабыт” фестивалына 18 жылдан бери калыстар тобунун төрагасы болуп келе жатасыз, ушул иш-чара туурасында да айта кетсеңиз?

– Казак туугандарыбыздын мага көңүл бурган сый-урматына дайыма ыраазычылыгымды айтып келем. Ушул жылдардын аралыгында көптөгөн кыргыз таланттарын да даярдап, ошол эл аралык сынакка жиберип, тастыктап, алдыңкы орундарга татыктуу болууга өбөлгө түзүп келебиз. Жылына өзгөрүп турганына байланыштуу, ар түрдүү жанрларга отурууга туура келет. Мисалы, быйыл композитор жана дирижерлорго тастыктап, калыстык кылууга чакырышты. “Чакырган жерден калбагын, өзүң басып барбагын” деген элибизде абдан жакшы сөз бар эмеспи. Жаман эмес, биздин таланттуу жаштар намысты бек кармап келишет, ийгиликтерибизди санасак көп.

– Жаңы жылга кандай жаңы кадамдар менен келип турасыз?

– “Ашуудан берген отчетум” деп улуу муундагы акын агаларыбыз айткандай, мааракелик майрамдык отчетума даярданып жатам. Бир нече мамлекеттерде, тагы-раак айтканда, Россия, Түркия, Казакстан, Азербайжан, жана Европанын кээ бир мамлекеттерине автордук концерт берүүнү пландап жатабыз. Жаңы чыгармалар жаралууда, жакында эле эки көркөм тасмага музыка жазып бердим.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 09.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий