Кыргыз мамлекетин кандай атайбыз?

kyrgyzstan

«Ала-Тоо», «Кыргызстан», «Кыргыз Республикасы», «Кыргыз жери…» Өлкөбүз үчүн ушул аталыштардын кайсынысы туура болмок?

Алгач тарыхка кайрылалы. Орус империясында ХIX кылымдын экинчи жарымында басып алынган Орто Азия региону «Түркестан» деп аталчу. А Кытайдын түндүк-батыш бөлүгүн (азыркы СУАРды) Чыгыш Түркестан деп атаган.

Андан мурун фарс, араб жана башка элдер Сыр-Дарыянын оң тарабын, Тянь-Шанды бүт жана Казакстандын түштүк-чыгыш бөлүгүн “Моголистан” деп аташкан. Мындай аталыштардагы мамлекеттердин курамына, мамлекеттик түзүлүшү жок жергиликтүү элдер да кирип калган. Ошол кездеги ар кандай деңгээлдеги феодалдык мамлекеттик түзүлүшкө ээ болгон мамлекеттердин аталышына кыргыздардын эч кандай тиешеси жок. Кыргыздар совет бийлиги орногонго чейин өз жерин эч качан „Кыргызстан“ деп аташкан эмес. Кыргыздар өз жерлерин Сары-Өзөн Чүй жери, Көл жери, Түштүк жери ж.б. болуп, жалпысынан «Ала-Тоо» деп аташчу.

Орто Азияда совет бийлиги орнотулуп, улуттук республикалар түзүлө баштаганда, «-стан» деген мүчөнү республикалардын кыскача аталыштарына кошуп ала башташкан. Мындай аталыштар, биздин оюбузча, мурдагы Орус империясындагы географиялык аталыштарынын таасири менен, борбордон жана совет бийлиги тарабынан сунушталган. Ошол эле учурда, Орто Азия республикаларынын ичинен биздин республиканын аталышында «-стан» деген мүчө кошулбай «Киргизия» деп аталган кыскача орусча варианты кеңири колдонулчу. «Кыргызстан» же «Киргизстан» деген аталышты биз өзүбүз, бизге коңшу совет республикалары гана кеңири колдонушчу. Калган бардык советтик республикаларда Кыргыз ССРинин “Киргизия деген кыскача аталышы көп колдонулчу.

Россия Федерациясында биздин өлкөнү азыркы учурда „Киргизия“ деп аташат. Бул тууралуу расмий булактардан мисал жетиштүү болот. Төмөндө Россия мамлекетинин ушул маселеге байланыштуу болгон чечимин келтирели. «17 августа 1995 года вышло распоряжение Администрации президента Российской Федерации №1495, где был утверждён список наименований бывших советских республик. В распоряжении данная республика значилась под именем «Киргизская Республика» (полная форма), «Киргизия» (краткая форма). Данное название используется в документах МИД России. В самой Киргизии, где русский язык имеет официальный статус, в документах употребляется название «Кыргызская Республика» (кирг. Кыргыз Республикасы)».

Баарыбызга белгилүү болгондй орустар өлкөлөрдү көбүнчө «-ия» деген мүчөнү колдонуп аташат. Англис-герман элдери болсо өлкөлөрдү атоодо өздөрүнүн «-land» деген сөзүн көп колдонот. Бул сөздөр да кыргыздыкындай эле «өлкө», «жер» дегенди билдирет. Ар кайсы элдин өлкөнү кандай атоону өзү чечкени туура.

Ар бир өлкөнүн, мамлекеттин толук жана кыскача формадагы аталыштары бар. Биздин өлкөнүн «Кыргызстан» деген кыскача аталышын Конституциябызда расмий жазбай жана бекитпей койсок туура болмок. Орус тилинде жөнгө салынып, колдонулуп жүргөн «киргиз», «киргизы» деген этнонимдер улуу орус тилинде «кыргыз», «кыргызы» деп аталсын деп, коомчулукка азыркы күнгө чейин таңуулап, колдонуп келе жатабыз. Ал эми эмне үчүн, орус эли «орус» дебей, «русь» дегиле деп бизди мажбурлабайт?

Мунун баары биздин ушундай маселелерге терең ой жүгүртүп чечпегенибизден, ушундай билимсиздигибизден болуп жатат. Ошондуктан биз өзүбүз орусча сүйлөп, же орусча жазып жатып, биз кыргыз экенибизди баса көрсөткүбүз келип „кыргыз“ деген этнотерминди колдонобуз, жазабыз жана айтабыз. Ооба, буга азыр биздин коом­чулук көнүп калды. А бирок, орус элинин тарыхый ата мекенинде, башында баштары катып, түшүнө бербей жүрсө да алар бизди «киргиз» деп эле атайт. Кыргызстанды алар кээде «Киргизстан» же «Киргизская Республика» деп жүрүшөт. Мисалы, Сочидеги кышкы олимпиадада биздин делегацияны «Киргизия» деп эле жазып чыгышты. Чынында, келгиле, бөйрөктөн шыйрак чыгарбайлы. «Киргиз», «киргизы» деген этнотерминдерди жана мамлекетибиздин атын орусча сүйлөп, же орус тилинде жазсак гана баары өз-өз ордуна келет.

Азыркы кыргыз эли жана кыргыз мамлекети дүйнөгө Тянь-Шань, Памир-Алай деген географиялык аттарга ээ болгон тоо өлкөлөрүнүн алабынан орун алып, алардын ичиндеги жана коңшу жаткан өрөөн-түздүктөрдү ээлейт. Ошону менен бирге ондогон кырка тоонун ар биринин өзүнчө аты болгон. Алардын көпчүлүгү «Ала-Тоо» деген жалпы аталышты алып жүрөт. Тянь-Шандын жана Памир-Алайдын кырка тоолорун жана андагы өрөөн-түздүктөрдүн баарын кыргыз эли жалпысынан, образдуу түрдө «Ала-Тоо» деп атаган.

Маселени мисал менен карайлы. «Кытайда» деген сөз бул «кыргызда» дегендей эле түшүнүктү билдирип, кытай же кыргыз эли жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөбүз, ошол эле кезде окуя кытай же кыргыз жеринде болуп жатканын да баамдайбыз. Ошондуктан биз өзүбүздүн өлкөбүздүн кыскача аталышын «Кыргызжери» деп аташыбыз жана кеңири колдоно башташыбыз керек.

Мисалы, Япониянын расмий эмес аты «Страна восходящего солнца», Кореяныкы – «Страна утренней свежести», ал эми Кытайдыкы – «Страна поднебесная», Голландияныкы – «Страна тюлпанов» ж.б.у.с. Биздин өлкөнү деле ушуларга окшотуп «Страна пестрых гор» деп атап калышса эң туура болмок. Кыргызча жөп-жөнөкөй – «Ала-Тоо». Ар бир өлкө өзүнүн элдик кыскача аталышына ээ болушу керек.

Орустар өзүнүн өлкөсүн «Россия» деп атаса, англичандар «Russia», немистер болсо «Russland» деп аташат. Казактар Россияны “Ресей” деп аташат жана жазышат. Биз болсок акыркы жылдары Россияны «Оруссия» деп атап жүрөбүз. Бул кандай жана канчалык деңгээлде туура экендигин айтуу кыйын, бирок кандай болсо да кыргызча аталыштын элементи бар.

Ал эми биз өзүбүздүн өлкөбүздү чет элдерге, өлкөлөргө биздин өлкө «Кыргызстан», «Kyrgyzstan» деп аталарын таңуулап жүрөбүз. Саналуу гана мамлекеттер конституциябызда кандай жазылса, биздин өлкөнү ошондой атагыла деп таңуулап жүрүшөт. Мындай көрүнүштүн көбүнчө мурунку совет республикалары болгон (жана анын ичиндеги автономиялык республикаларда да) жаңы мамлекеттерде кенен таралганын байкайбыз (мисалы, Беларусь, Молдова, же болбосо Башкортостан, Мари Эл ж.б.). Дүйнөлүк практикада, өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү, биздин өлкөнү биз өзүбүз атагандай атагыла деп, эч качан эч кимге таңуулаган эмес.

Биз кыргыз тилин мамлекеттик тил деп жарыялап коюп, иш жүзүндө ага андай статусту берген жокпуз. Ошондуктан кыргыз тили мыйзамда гана мамлекеттик тил болуп калууда, ал эми турмушта жана практикада андай эмес. Бул туура эмес жана кайра кароо зарыл. Мамлекеттик расмий тил – кыргыз тили гана болушу керек. Ал эми, айрыкча орус жана ошондой эле англис тилдерин Кыргыз Республикасынын территориясында улуттар арасында жана эл аралык байланыштарда колдонулуучу тилдер катары карап, расмий укук берип, Конституцияга жазып кайгон туура болот. Натыйжада орус жана англис тилдерин да мамлекеттин документациялык иштеринде, ар кайсы тармактарда кеңири колдонуу укугу болот. Башкача айтканда, мамлекеттик кыргыз тили менен бирге орус жана англис тилдери да Кыргыз Республикасынын территориясында бирдей укукка ээ.

Англис тилин орус тилинин деңгээлине чейин көтөрүү Кыргыз Республикасында тил саясатында балансты сактоого шарт түзөт, бир тилдин экинчи бир тилдин үстүнөн үстөмдүк кылуусуна аз жол берилет. Биздин абал, шарт азыркы учурда ушуну талап кылат. Себеби Кыргыз Республикасынын территориясында кыргыз тили менен катар бул эки тил барган сайын кеңири колдонулуп келе бермекчи. Айтсак, мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр жана кат-байланыштар же ошол мамлекеттин тили менен жүрөт, же көп учурда орус жана англис тилинде болот эмеспи. Бизди курчап турган чөйрөдө кеңири колдонулуп жатканын айтпай эле коёлу. Дагы бир себеби, биздин жарандардын англис тилин үйрөнүүсүнө да чоң түрткү болот.

Азыр автоунаалардын номерлерине белги берүүдө латын алфавитин колдонуп жатсак да, мамлекеттик тилдин атынан бергенибиз жок, алар орус тилинин атынан берилип жүрөт. Мисалы, Ысык-Көл облусунун автоунааларына «I» тамгасы берилип жатат. Бул орусча «Иссык-Куль» дегенди билдирет. Ал эми мамлекеттик тилде номердин биринчи тамгасы «Y» болушу керек эле. Жалал-Абад облусунун номер белгисинде орус тилинин вариантында «J» тамгасынын ордуна «D тамгасы берилет. Ал эми Чүй облусунун автоунааларынын белгиси «S» тамгасы менен берилген. Латын алфавитинин «Sh» эки тамгасынын кошулмасы бизче «Ш» тамганы берет. Ал эми тамгалардын “Сh” кошулмасы, бизче «Ч» тамгасын берет. Демек, биз Чүй облусунун автоунааларына казак тилинде белги берип жүрөбүз.

Ушундай терс көрүнүштөрдү коомубузда көп жолуктурууга болот. Бизде ушуларга окшогон негативдүү нерселерди жойгондо гана, кыргыз тили өз алдынчалыгын сактайт, таза болот жана өнүгөт.

Р.Усубалиев, «Кыргыз туусу», 13.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий