Өнөрү бар Өмүрбек

Токмокто бир патриот байке бар деп таанышым айтып калды. Эмнеси менен патриот экен десем, өзү массаждын курсун бүткөн, Император Каган массажын жасагандар саатына миң сом табышат. Ал байке ошондой өнөрү бар туруп, кирешеси аз болсо да кыргыздын ат жабдыктарын жасап, ошону менен тирилигин өткөрүп келет дейт. Чын эле кызык болду, адатта массаж жасагандар күнүнө 10 миң таап коет дегенди угуп, эмнеге мындай жумасына 10 миң тапкан оор жумуш тандап алды экен деп Өмүрбек Жолдошбаевди кепке тарттык.

— Өмүрбек мырза, сиз Император Каган массажын билсеңиз да, күнүмдүк жашоого акчаны кыргыздын ээр-токумдарын жасоо менен табат экенсиз. Массаж жасагандар саатына кеминде 1000 сомго чейин алышат эмеспи…

— Туура, убагында Император Каган массажын эле эмес, аны менен кошо Тай-цзи-цюандын 24 формасын, йоганы жана Ци-гунду, бодифлекс синтез боюнча билим алып, теория менен практиканы айкалыштырып, инструктор деген кесипке жана эл аралык дипломго ээ болгом. Эң сонун өнөргө ээ болгонума кубанам, анткени бул өнөр ден соолугун ойлогон адамдарга эң эле керек экен. Устатым Чыгыш мушташ өнөрүнүн чыныгы чебери Медер Бишкек иниме ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин.

Ал эми кол өнөрчүлүккө келсек, мага өтө жагат, өзүмдүн сүйгөн кесибим десем да болот. Болгон көңүлүңдү коюп, мээримиңди төгүп, жасаган буюмдарыңды кардарлар жактырып сатып алып, ыраазычылык билдирип, кээде батасын берип кетишсе, өзүң да ыраазы болосуң. Дагы да элге жаккыдай кылып жасагың келип, чыгармачылык изденүүнүн үстүндө болуп калат экенсиң. Бир окуя эске түштү, айта кетпесем болбос. Ээр токум, ат жабдыктарды сатканы базарга алып чыккам. Жайып коюп турсам, элдер ары-бери өтүп карап жатышкан. Бир маалда бир аксакал басып келип карап турду да «балам, ушуларды жасаган сенсиңби?» деди. «Ооба ата» дедим. Ээр токумдарды карап туруп, бир маалда абдан толкунданып, үнү каргылдана өз ичинен сүйлөнүп кирди. Бирок мага айткан жок, ошентсе да угулуп турду «Оо, Жараткан, уучубуз куру эмес экен да, өнөр улаган балдарыбыздан акыры бар экен да…» деп көзүнө кадимкидей жаш тегеренип кетти. Аны угуп алып абдан толкундандым. Эмгегимди баалаганга, буюмдарды колу менен кармалап ыраазы болуп турду да, анан мени карап алакан жайып алкап, батасын берди… Ушул окуя аябай эсимде калыптыр. Ырас, массаж жасап деле иштесе болот, бирок кол өнөрчүлүктү таштагым келбейт. Бизге окшогондор таштап койсо, анда кыргыз буюмдарын ким жасайт? Улут катары жок болуп кетпейбизби башка жактын маданияты аралашып. Бул жумуш менен ушул жүрөктөгү кыргыз деген мекенчилдик сезим менен эле алектенип жүрөм. Болбосо мен деле бир кабинет алып алып массаж жасасам мындан көбүрөөк акча тапмакмын.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз…

— Киндик кан тамган жерим Нарын шаары, ошол шаарда төрөлүп, ошол жерде чоңойдум. С.М.Киров атындагы мектепти бүтүрүп, Фрунзедеги курулуш техникумунда окуп, инженер-куруучу адистигин алып чыккам. Союз ыдыраганга чейин ПМКда жумушчу, бригадир, мастер болуп эмгектенип, эми кызматтан чоңойордо кайран союз кулап, базарда соодагер болуп кеттик. Жумуш жоктугунан ички миграцияга кабылып, 1999-жылы Токмокко көчүп келип отурукташып калганбыз.

— Кыргыздын улуттук буюмдарын жасоо менен алектенген адамдар аздап саналат. Шакирттерди үйрөтүү максаты жокпу сизде?

— Азыр ээр токум, ат жабдыктардын түрүн көбөйтүп чыгаруунун үстүндөмүн, тынымсыз изденүү десем жаңылышпайм. Бир эле үлгүсүн жасап жүрө бергенден алысмын. Буюрса дагы бир 10 жылда профессионалдык деңгээлге жетишип калсак, анан шакирт алып же мектеп ачсак болот деп ойлойм.

— Бул өнөрдү кайдан үйрөндүңүз эле?

— Турмуш үйрөттү. Башынан така чаап баштагам, жакшы эле болуп жаткан. Эл талап алып кетчү такалардын баарын. Анан ооруп ооруканага жатып, эки жолу операция болдум. Доктурлар оор жумуш азырынча болбойт дешти. Анан ойлонуп жатып ат жабдык жасап кирдим. Ошону менен иштесең тиштейсиң деген заман экен, уланып кеттик. Алгач улуттук буюмдарды жасоого болгон кызыгуу болсо, кийин чындап эле ошол нерседен киреше тапса болорун түшүнүп калдым.

Кыргыз ээри
Кыргыз ээри. «Азаттыктын» сайтынан алынды.

— Жабдыктар канчадан?

— Күнүмдүк турмушка колдонулуучу арзан буюмдарды көп алышат. Арзаны 300 сомдон башталса, кымбаты 10000 сомго чейинки орус ээрлер бар. Ал эми өтө шөкөттөлүп жасалган кыргыз ээрлери көбүнчө белекке заказ менен жасатылат. Алар кымбат баада, бир ээрди эки жумада бүтүрөм. Ал эми күнүмдүк турмушка колдонулган ээрлерди, жабдыктарды эки жумада 10ду деле жасап сала берем.

Россияга, Казакстанга алып кетишет. Жакында Америкадан заказ түштү. Белекке деп алышты. Дагестанга спорттун чеберине белекке деп аябай кымбат баада жасатып кетишти.

— Кыргыздар менен казактардын ат жабдыктарынын айырмасы барбы?

— Эки эл тең көчмөн улуттар эмеспи. Ээрлери көп айырмаланбайт. Бирок казактар кыргыздардын жабдыктары сапаттуу, анан кооз келет деп атайын келип бизден алып кетишет.

— Дагы кандай максаттарыңыз бар?

— Эми глобалдуу деле максатым жок, ушу кыргыз эли кыргыз экенин унутпай, улут катары жок болуп кетпей, каада-салт, үрп-адат, маданиятыбызды сактоо менен бирге цивилизациянын агымында тең жарыша жашасак деген эле тилегим бар. Ошол себептен мен азыркы жасалгаларды заманбап стилге салып, ошол эле учурда улуттук колоритти сактап келем.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ, «Жаңы агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.01.2015

Соц тармактар:

Добавить комментарий