Илимди реформалоо жөнүндө токшоудан кийинки ойлор

Биздеги илим-билим тармагындагы коррупцияланып бүткөн система туурасында тынчсыздангандар толтура, бирок ошол кемчиликтерди аныктаган сын-пикирлер дээрлик жокко эсе. Аныгында коррупция коомдун башка тармагын желедей чырмаган күндө да, куру дегенде илим-билим чөйрөсү мынчалык ыпластыктарга жол бербей, анык кызыл чеке талашка түшүп калышы керек эле. Арийне, өнүгүп-өскөн өлкөлөрдүн келечек тагдыры адам потенциалына таянса, биздеги «өнүгүп-өсүүнүн» жолу – коррупцияны балдак сыяктуу таянып калганында! Коррупция жолу менен илимий даражаны сатып алууну өрөөн-параан көрбөгөн интеллектуалдуу мутанттар жайнап кеткен үчүн илимдин докторлору, академик, профессорлоруна эсеп жетпейт. Ыраматылык устатыбыз Алым Токтомушев айтмакчы, «Бизде “самопал” дипломдор тургай “самопал” академиктер өтө арбын». Анан кайдан билим берүүнүн сапаты жөнүндө сөз кылууга мүмкүн?! Бизди азыр мамлекеттик кылмышкерлер менен кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрү гана эмес, интеллектуалдуу кылмышкерлер башкарган үчүн турмушка кереги жок билим алган, диплом алган шордуулар толтура. Баарыбыз самопал доктор, академик, профессорлордон билим алып чыккан үчүн мамлекетибиздин жерпайын бышыктай албай отурабыз! Эгемен өлкөгө ээ болгонубуз менен саясый-экономикалык көзкарандылыктан башыбыз чыга элек. Себеби мамлекеттик түзүмдү түз жолго салаар идиректүү интеллектуалдарды өстүрө албай келебиз. Идиректүүлөрү чыкса да четке түртүп коймой адатыбыз менен илим-билимдүүлөрдүн көбүн бөтөн эл, бөтөн жерге кетүүгө аргасыз кылдык. Мына ошондой мекендештерибиздин бири ассошиейт-профессор Жалалидин ЖЭЭНБАЙ учурда Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде эмгектенет. Биз сыймыктанаар бул инсан бизнес максатын эмес, илим-билим баалуулугун көздөп, өз элине нектар ташыган аарыдан бетер тынымсыз эмгектин артынан түшкөнү туурасында гезиттин кийинки санында кенен кеп курабыз. Бу саам омоктуу ойго жем таштаар Жалалидин ЖЭЭНБАЙ мырзанын төмөндөгү бизге жөнөткөн макаласына көңүл буруп көрөлү…

Олжобай ШАКИР

 

jalalidin_jeenbayЖакында ютубдан «Ой Ордо» аттуу токшоу программасынын кезектеги чыгарылышынан Кыргызстанда илим жаатын реформалоо жөнүндө республиканын аттуу-баштуу адамдарынын талкуусун көрүп калдым. Анда илим изилдөө тармагындагы көйгөйлөрдү аныктап, жакшы изденүүлөр башталганына ынансак болот. Сабырдуу жана шартка жараша кыскартылган талкуунун артында ар бир катышуучунун бай тажрыйбасы турганында шек жок. Абдан чечкиндүү пикирлер да айтылды. Алсак, «илимий жетишкендикти кандидаттык, докторлук даражалар менен эмес, эл аралык таанууга ээ болгон макалалар менен ченейли» сыяктуу ойлор биздин илимди эл аралык интеграцияга б.а. туура багытка баштай турган көрүнүш дээр элем. Ошону менен катар мени көптөн бери түйшөлткөн маселелер жөнүндө да сөз болду. Мен бул жерде чет өлкөлөрдөн окуп жана изилдөө жүргүзүп келгендердин дипломдорун таануу жөнүндө айткым келет.

Негизинен өзүм Кыргызстанда болуп жаткан процесстерге бир да сын айтууну каалабайм. Тескерисинче, мамлекеттүүлүктү, анын институттарын бекемдөөгө аракеттенген, айрым башка элдерде капкачан эле көнүмүш болуп кеткен коомдук жашоону уюштуруу ыкмаларын, технологияларын там-туң баскан жаш баладай жаңыдан үйрөнүп келаткан өз мекенимдеги ар бир саамалыкты баалайм жана ийгиликтүү болушун тилейм. Андай маанилүү иштердин бири – илимди реформалоо аракети. Ошондуктан бул тармактын жөн эле профессионалдык жактан артта калгандыгын оңдоо эмес, дүйнөгө маскара кылган коррупциялык элементтерин түп-тамырынан жоготуу үчүн бел байлаган, биртоп кадырлуу адистердин иш баштаганына кубанам. Бирок талкууда чет өлкөлөрдөн алган билим жана илим даражалары жөнүндө бир жактуу, тескери жана ал дипломдордун ээлерин кемсинтүүчү сөздөр айтылганы мени абдан кейитти. Эң өкүнүчтүүсү, ошол даражаларды алып келгендер биздеги өзөгүнө чейин коррупцияланып бүткөн билим берүү системабыздын тоскоолдуктарына карабай, аларды айланып өтүп, ар кайсы сыноолорду башынан өткөрүп, коммерцияны кууп кетпей, илим-билимдин артынан түшүп, ийгиликке жетишкен өзүбүздүн балдар экени капарга да илинбей калганында.

Тилекке каршы, бул бир эле телешоуда айтылган кептерден эмес, акыркы кездери академиктерибиз, илимдин докторлору тарабынан улам-улам кайталанып айтылган нерселер болууда. Мындай пикирлер улам жыш айтыла бергени – чет элден билим алган жаштарды Кыргызстандын илим-билим системасына батырбоонун, аларга каршы коомдо тескери мамиле жаратуунун аракети болуп бараткансыйт. Же ушул күнкүгө чейин эле ал даражаларды алуу үчүн окуп-чокуп, өз элине кайра барып оорун колдон алууну ойлонуп жүргөн жаштарыбызга «биерде силерге орун жок» деген сигнал болорун ойлошор бекен?! Кала берсе республикада колдунууга алынган айрым эрежелер Кыргызстандын жогорку даражалуу окумуштуулары тарабынан четтен билим алып келген жаштарга каршы тоскоолдук жаратууга астейдил таасир эте баштаганбы деген ойго түртөт. Себеби өкмөт алдындагы Жогорку Аттестациялык Комиссиянын (ЖАК) КРда PhD академиялык даражаларын нострификациялоо жөнүндө жобосу батыш өлкөлөрүндөгү докторлук программалар боюнча билген адамга так ошондой таасир калтырат.

Мындан ары сөз улантуудан мурда бир нерсени белгилеп кетейин, өзүм чет өлкөдөн окуп, диплом алып, анан ошол өз кызыкчылыгым үчүн жандалбастаган жан эмесмин. Тескерисинче, мен бардык дипломдорумду Кыргызстандан алып, ошолорду өнүккөн өлкөлөрдүн университеттеринде, анын ичинде Америкада да таанытуунун кыйынчылыктарын өз башымдан өткөрүп, кала берсе бул жаатта анча-мынча ийгиликке жетишкен адаммын. Ошондуктан чет элдик дипломдорду Кыргызстанда тааныйбы-тааныбайбы, жеке мен үчүн пайда-зыяны жок. Бирок жеке кызыкчылыктан сырткары – өлкө кызыкчылыгы бар. Жаштардын кызыкчылыгы менен келечектин кызыкчылыгы бар. Ошондуктан жогорудагыдай терс тенденцияны токтотуу үчүн ачык-айкын аракет жасалышы керек деп ойлойм.

Талкууда кээси мындай жүйө келтирет: «батыш өлкөлөрүндө бакалавр болот, магистрант болот, анан болгону эки жыл окуп эле доктор деген наам алышат. Ал биздеги илимдин кандидатынан да томон»; «Түркиядан алып келген докторлук наам биздин студенттердин дипломдук ишине да татыбайт»; «Казакстанда жоюп алып, азыр бүт баары бизде жүрөт»; «бакалавр, магистр жана философиянын докторун илимий даража деп айтууга болбойт».

Албетте, кайсы гана илим-билим системасы болбосун, ар бир адам аны сындоого укуктуу. Бирок анчалык жамандагандан кийин жок дегенде жөнөкөй логикадан чыкчу суроолорго да жооп бериш керек ко. Мисалы, мен минтип сураар элем: Америкада PhD эң жогорку илимий даража, анан кантип ошол өлкөдөн алынган илимдин даражасы Кыргызстандагыдан төмөн? Америка анда эмнеге дүйнөдөгү эң алдыңкы илимий мамлекет болуп саналат? Же эмне үчүн алардын Нобел сыйлыгына татыктуулары биздин урматтуу академиктердикиндей «чоңураак» даражаны каалашпайт? Же ошол эле Түркияны айталы. Бул өлкөдө БРИКстин университеттер аралык рейтингинде[2] биринчи жүздүккө кирген 8 университети бар, а андан эки эсе калк саны көп Россияда 7 окуу жай бар. Бул рейтинг системаларынын ичинен Россияны эң жакшы өңүттөн көргөзгөнү. Анан эмне үчүн эки баскычтан турган илимий даражалуу Россиядагы рейтингдүү университеттердин саны PhD колдонгон «биздин студенттердин дипломуна татыбаган» PhD колдонгон Туркиядагыдан азыраак? Мисалы, ошол дипломду Түркиянын эң жогорку даражалуу кайсы гана университетине алпарса да кабыл алышат. «Кыргызстандыкынан төмөн экен» дебейт, туурабы? А эмне үчүн? Же алар өздөрүнүн кадыр-баркын ойлобойбу? Мүмкүн ошол сиздер билгенден башка да балээси бардыр? Жалпы аудитория же популизм үчүн эмес, өзүңүздөр үчүн адис катары ушундай суроолорго жооп издеп көрдүңүздөрбү? Мындан менин чоң күмөнүм бар…

Талкуунун жүрүшүндө PhD академиялык, ал эми кандидат-докторлук – илимий даража деген ой да айтылып кетти. Мындай ой кыргыздын илимий чөйрөсүнүн арасында көптөн бери айтылып келаткан «дежурный» аргументтердин бири. Ошол эле учурда «академиялык» жана «илимий» деп эмнени белгилеп жатышкандыктарын; эмне үчүн «академиялык» «илимийден» төмөн болорун; же ал адамдардын өздөрүнүн айткандарынан; же Кыргызстандагы илим-билим мекемелеринин вебсайттарынан да таба албайсыз. Мындай үстүртөн эле башка системаларды жамандай берүүнүн өзү илимдүү, билимдүүмүн деген адамдарга жарашпай турган нерсе. Эгер чындап эле PhD илимий даража болбосо, анда мисалы, Америка таптакыр илим адистеринен мукурап калбайт беле?

Албетте, жогорудагылардын баары риторикалык б.а. жооптору ичине камтылган суроолор, аны баарыбыз билебиз. А анда эмне үчүн маанисиз эле кайра-кайра «алардыкы төмөн» дегенди токтото албайбыз?

Мынчалык айтылып калды, «… эки жыл окутуп эле…» деген комментарийге мен АКШнын мисалында бир түшүндүрмө берейин (Европада абал окшош экенин билебиз да).

Кыргызстанда университетте окутуу дегенди Улуттук университеттегидей окутуу деп ойлошот экен. Муну түшүнсө болот, анткени биздин илим-билим адистерибиздин көбү андан башка да окутуу бар экенинен негизинен кабардар эмес.

Өзүм ошол Улуттук университетти эң жакшы деңгээлдеги учурда бүтүргөм жана Кыргызстандын агартуу системасында мектеп мугалиминен баштап университеттин чоң факултетинин деканына чейинки кызматтарда 22 жыл эмгектенгем. Андан кийин Америка университетинде мугалим болуп 7 жыл иштедим. Азыр Араб Эмираттарынын алдыңкы делген университетинин биринде иштеп жатам. Бир кездери Болон процесси боюнча адистешип жүрүп Чыгыш Европа университеттеринде да болгом, алардын иш өзгөчөлүктөрүн үйрөнгөм. Ошондуктан көпчүлүк коллегаларыма караганда кыргыз университеттери менен батыштын университеттериндеги айырмачылыктарды салыштырууга жетиштүү деңгээлдеги негиздерим бар деп ойлойм.

Мисалы, Америкадагы окутууну Кыргызстандагы окутууга таптакыр салыштырып болбойт. Мен муну өз практикамда аткарып да, изилдеп да көрдүм. Америкада менин Казакстан, Россия, Азербайжан, Украина, Өзбекстандан келген студенттерим болду. Алардын баары Америка университеттеринде окутуу алардын өз өлкөлөрүндөгү мурунку окуу жайларындагыдан алда канча интенсивдүү жана оор экенин айтышчу.

Алардагы окутуунун бир-эки эле өзгөчөлүгүнө токтолоюн. Мисалы, буларда оозеки экзамен деген жок. Бардык текшерүү тапшырмалары жазуу түрүндө. Билим берүү адистери жакшы билгендей, оозеки жооп бергенге караганда жазуу түрүндө жооп берүү студенттин билиминен алда канча жогорку тактыкты талап кылат. Студенттердин жыйынтыктоочу баалары ошол жазуу түрүндө аткарылган көптөгөн тапшырмалардан топтолот. Студент үчүн семестрдин ар бир күнү – мээнет чырмаган күрөш. Мисалы, менин студенттерим ар бир сабакта жазуу түрүндө аткарылган тапшырмаларын мага тапшырып турушат жана андан тышкары жок дегенде беш экзамен тапшырат. Мындайды семестрдин аягында гана оозеки сессия тапшырып окуган адамдар анча түшүнө бербейт.

Американын окуу систамасында коррупция жоктугун Кыргызстанда билишет. Плагиатство деген балээ биздин өлкөнүн студенттери арасында көндүмгө айланса, АКШда интернеттен «скачать» этип тапшырма жазуу түгүл, бири-биринен көчүрүп жазуу мүмкүн эмес.

Мунун баары окууга болгон талаптын бекемдиги. Ошол себептен Американын университетинде окууну толук бүтүрүү деңгээли 50% айланасында. Б.а. окууга кирген студенттердин жарымы гана аны ийгиликтүү аяктап, диплом ала алат. Алардын да көпчүлүгү бакалавр үчүн аныкталган төрт жыл эмес, 5-6 же андан да ашык убакыт.

Кыргызстандыктар көп билбеген дагы бир өзгөчөлүгү – Америка университеттеринде предметтер ар кандай деңгээлдерде окутулат. Курстардын деңгээлин анын номеринен билсе болот. Мисалы, 100-400 аралыгында номерленген курстар бакалавр деңгээлиндеги курстар. Магистрдик курстар 500-600 номерлүү жана буларга бакалврда окуган студенттерге жазылууга уруксат берилбейт. 700-900 аралыгындагы курстар докторанттарга гана окутулат. (караныз [3]). Америка университетинде бир эле предмет ар кайсы номерлүү, ар кандай деңгээлдерде окутулат.

Курстарды мындай деңгээлдерге бөлүү совет системасында болгон эмес. Ошондуктан Кыргызстандагы коллегаларымдын көпчүлүгү андай интенсивдүү, оор курстарды эч качан окуган да эмес, окуткан да эмес. Ушунун өзү да алардын ичинде көп түшүнбөстүктү жаратат.

Салыштырып айтсак, өзүм адистигим боюнча кандидаттык экзамен тапшыргам жана ага даярданууда реалдуу айтканда, он чакты китепти гана колдонгом. Экзамен оозеки болгон. Америка системасында докторант ошондой китептердин ар бирин айрым курс катары «ийне жибине чейин» окуп, тиешелүү маселелердин баарын чыгарып чыгат. Ар бир курс боюнча бир нече жазуу экзамендеринен өтүшөт. Булардан тышкары, тиешелүү илимий макалаларды да өздөштүрүшөт. Мындай окутуу советтик делген аспирантурада да, докторантурада да жок. Анан аспирантурада окутулбаган, ал эми магистр жана PhD программаларындагы милдеттүү илимий изилдөө усулдары боюнча курстарын да айта кеткенибиз оң.

Дагы бир эң негизги өзгөчөлүк – баарыбыз билгендей, совет системасындагы кандидаттык даража идеалында илимге салым кошкондугу үчүн берилиши керек. Аспирант үч жыл бою негизинен тема үстүндө гана иш жүргүзөт. Буга кошумча, адистигинен экзамен тапшырышы керек, бирок ага даярдоочу пландуу иш-чара каралган эмес. Баарын жетекчиси менен кеңешип, өзалдынча даярданышы зарыл. А Кыргызстандын реалдуу практикасында аспиранттардын жалпы даярдыгы кандай экендиги жөнүндө бул жерде сөз кылып да кереги жок.

Американын докторлугу жалпылап айтканда, илимге салым кошкондугу үчүн эмес, кошо ала турган потенциалга жетишкендиги үчүн берилет. Даярдоо да, натыйжаны текшерүү да ошол максаттарга карата жүргүзүлөт. Диссертациянын максаты да студенттин илимий иш жүргүзүүнүн принциптерин, ыкмаларын, булактарын жана жалпы методикаларын өздөштүргөндүгүн көрсөтүү. Ал докторанттын бүтүндөй деңгээлин чагылдырбайт.

Мисалы, Аризона университетинде математика боюнча докторлук алыш үчүн 500дөн 900гө чейинки деңгээлдеги 36 кредит-саат негизги адистик (major), 12 кредит-саат экинчи кошумча адистик (minor) боюнча талап кылынса, диссертация көлөмү 18 кредит-саат болуп саналат (караңыз: [4]) Докторлук даража дегенде алар ошолордун баарын бирге түшүнүшөт. Мындан биз докторлук даражада диссертация үлүшү 30 %тен аз экенин даана көрөбүз.

Ал эми КР УИАнын нострификациялоо эрежеси боюнча чет элдик докторлуктун диссертация бөлүгүн эле кандидаттык диссертациянын талаптары менен салыштырышат да, бүтүндөй даража жөнүндө бүтүм чыгарышат. Анан ушунун негизинде «алардын докторлугу биздин студенттердин дипломунан төмөн» деп, ырахаттана жар салыштын өзү эле оркойгон кемчилигибизди мүнөздөбөйбү? Андай жалган салыштыруу менен мактангандан эмнеге жетишебиз?

Батышта докторлук даража түшүнүгү Кыргызстандагыдай догма эмес. Ал дайыма динамикадагы, кайра-кайра талкууланып турган жандуу процесс. Аны ыйгаруу бардык жерде бирдей аткарыла турган сенек стандарттын негизинде жүргүзүлбөйт. Ошого карабастан ал жөнүндө түшүнүктөр жана даражаны ыйгаруу практикасы окумуштуулар арасында өтө синхрондуу, өзара координацияланган система. Мындай өзара түшүнүүчүлүк илим-билим мекемелеринин дайыма бири-бири менен өтө интенсивдүү горизонталдык байланыштарынын жардамы менен сакталып келет. Ошондуктан аларда бири-биринин даражаларын таанууда түшүнбөөчүлүктөр кездешпейт.

Менимче, PhD менен Кандидаттыктын кайсынысы жогору деп суроо коюунун өзү туура эмес. Экономикада сапаттык айырмалуулукка ээ болгон түшүнүктөрдү «алма менен апелсин» деп коюшат. Кандидаттык менен PhD да ошондой эле нерсе. Бул жерде кайсынысы бизге пайдалуу деген гана суроо коюлушу мүмкүн. Чындап эле бизге кайсынысы пайдалуу?

Эч кимди капа кылгым келбейт, бирок эске түшкөн бир окуяны айта кетейин.

Кыйла жыл мурун бир академик-ректорубуздун кабинетине кирсем, бир канча баракты көргөздү. Баары кызыл-тазыл боёлгон экен. «Булар кандидат-докторлордун мага жазган кагаздары. Грамматикалык каталарын текшерип койдум. Булар же кыргызча же орусча жаза албаган чала сабаттар. Дагы «остепенённый» имиш…» деп кейигенин жашырган жок.

Мындай көрүнүш Американын PhDсин бүтүргөндө болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан университеттерде иштөө үчүн мен эч кандай шартсыз эле PhDни тандамакмын. А илим жаатындачы? Анда жыйынтык чыгарыш үчүн узак убакытты камтыган чоң статистика гана негиз болушу мүмкүн. Азырынча Россия менен Американын көп жылдардагы илимий жетишкендиктерин салыштырсак, кандайдыр бир ойлорго келишибиз ыктымал. Мен муну Америка системасын мактоо үчүн айтканым жок, мага анын кымынча да кереги жок (чынында Америкада системаны мактаган эмес, аны сындаган мага көбүрөөк аброй алып келет). Мен тек гана Кыргыстанда өзүбүздү өзүбүз ар кайсы үстүрт маалыматтар менен алдаганды коюп, «асмандан жерге түшүп», жылкыбызга карап ышкырсак дегеним.

Негизи биздикилер чет өлкөлөрдүн PhD даражаларын жамандоосу – кандидаттык-докторлук даражалардын сапаттары мурда болуп көрбөгөндөй түшүп кеткендигин, аларды ыйгаруу терең коррупциялашканынан кабар берет. Ушундай учурда PhDнин «коркунучтуу» карааны көрүнө баштайт окшойт. Бул өзү өтө логикалуу нерсе. Психологияда З.Фрейд киргизген «проекция» деген түшүнүк бар. Анда адамдар өз ичиндеги кемчилигин таануудан, кабыл алуудан качып, аны башка адамдарга проекциялайт. Орустар айтмакчы: «судят других по себе».

Анан албетте, коргонуу инстинкти ойгонуп, «эң жакшы коргонуу – бул чабуул коюу» деген принципке өтө баштайт. Андан ким жапа тартат? PhD колдонгон ошол өлкөлөрбү? Жок! Алар Кыргыздын илимпоздору бар-жогу менен иши канча. Мунун баары өзүбүздүн эле чет өлкөлөрдөн окуп келген жаштарыбызга гана каршы багытталып, ошолорду келекелөө болуп саналат. Эмне үчүн минтебиз? Эмне үчүн аларды «бизге кандай жардам бере аласыңар» дебестен, кайра аларды кемсинтип, боорго түртүп, «силер эмне билесиңер?!» дейбиз! Эмне биз илим жагынан Түрциядан алдыга кетип, бизди ошол жаштар артка тартып жатабы?

Мени өтө кейиткени – башка элдер билимдүү жаштары менен сыймыктанып, аларга эң жооптуу жумуштарды берип, алардын эл аралык тажрыйбаларын пайдаланышат. А биздикилер кайра аларды мазактап, кемсинтүүгө маш болуп алышкан.

Учурда мен иштеп жана жашап жаткан араб өлкөлөрүнүн мисалын айтайын: булар эбегейсиз инвестицияларды жасап, университеттерди куруп, дүйнө жүзүнөн адистерди четинен тандап келип, жаштарын батыштын илим-билимине сугарып алдыга умтулууда. Дүйнөлүк аттаандаштыкта сапаттык артыкчылыкка жетели деп чет өлкөдөн окуган жаштарын кайра чакырып, аларга эң жакшы кызматтарды, жоопкерчиликтерди берип жаткан Кытай, Индия сыяктуу мамлекеттерди айтпайын, жок дегенде капталыбызда турган биртууган Казакстандан үлгү алсак кантет? Бир эле «Болашак» программасы менен миңдеген уул-кыздарын чет өлкөлөрдөн окутуп жатышат. Ошол жаштары PhD алып келишсе, казак илимпоздору да «ал биздикинен төмөн» деп батырбай коюп аткан жок! Боордоштордун таланттуу жаштарынын биртобун өзүм да Америкада окутуп калдым. Эми алар Казакстанда эң жооптуу иштерге тартылып, үйрөнгөнүн мекенине берүүдө.

Ооба, Казакстанда Н.Назарбаевдин буйругу менен кандидаттык да, докторлук да даражаларды ыйгаруу жоюлган. Алар он жылдан бери Американын окуу системасын өздөштүрүп келатышат. Алардан үлгү алуунун ордуна илимдин, билимдин сапатына койгон талаптарына чыдабаган алардын айрым чабал өрдөктөрү акчаларын тутамдап уучтап, лазейка издеп жүрсө, анан көп деле принциптуулугу менен бизден анча айырмаланбаган казак боордоштордун кээси Кыргызстанга келип, бир кудай өзү билген жолдор менен диссертацияларын коргоп атышса, биз буга «баары бул жакта жүрөт» деп маашырканып, мактанышбыз керекпи же уялышыбыз керекпи? Менимче, жооп ар кимдин өзүнүн моралдык принциптерине жараша…

Жыйынтыктаганда, элибиздин илим-билим жаатындагы алдыңкыларыбызга мындай сунуштарды айтаар элем: эгер чындап эле илим-билимге жаштардын келишин кааласак, анда өзалдынча маалымат таап, окуу таап, чет өлкөдөн билим алып келген жаштарыбызды жерибесеңер. Тескерисинче, аларды мактап, сыйлап, тышка түртпөй, ичке тартсаңыздар. Эгер эл аралык илим-билим интеграциясына умтулсак, ал реалдуу байланыштары бар жигит-кыздарыбызды пайдаланган оң. Андай адамды жогортон ылдый карап кемсинтүүгө болбойт. Эгер илим-билимге өлкө каражат таба албаса, ошондой өзалдынча каражат таап, PhDге чейин билим алып келген инсандарыбызды башкаларыбызга үлгү кылсаңыздар. Алардын алып келген илими, билими биздикинен төмөн деп келеке кылбаңыздар! Чынында алардын билими да, илими да жогору. Алар керек болсо сиздердин көпчүлүгүңүздөрдө жок бийик сапаттарга ээ. Деги эле чет өлкөдөн окуган жаштар сыртка чыкпаган адамдардан алда канча көптү үйрөнүп, көптү тааныгандар.

Мен чет өлкөдө жүргөн, окуган жаштарыбыздын ичинде өз эли үчүн кайдыгер жашагандарды жолуктурган жокмун. Алар коррупциясыз жашоо кандай экенин өз тажрыйбасынан көргөн адамдар. Алардын баары чет тилдерин эң жогорку деңгээлде өздөштүрүп, көп маданияттуу чөйрөдө мамиле кылуу жөндөмүнө ээ. Алар ар кайсы элдердин өкүлдөрү менен алака курууну өздөштүргөн, каражат издөөнүн жолун билгендер. Бардык жагынан алганда: алар артта калган биздин коомдун эң алдыңкы өкүлдөрү, көпчүлүгү эң бийик кесиптик потенциалга ээ. Алар туңгуюктан жол табууну жонтерисинен сезгендер.

Урматтуу Кыргызстандагы илимдин лидерлери! Өзүңүздөрдөгү өзүмчүлдүктү, менменсинүүнү, өйдөсүнүүнү жеңип, реалдуулукту карап, чет өлкөлөрдөн, айрыкча Батыш өлкөлөрүнөн даража алып келген адамдарыбыздын алдынан бардык тоскоолдуктарды алып таштасаңыздар! Андай кадамдардын эң биринчиси – PhD даражасын нострификациялоо деген ЖАК жобосун жокко чыгаруу керек. PhD дегенди кандидаттыкка салыштыруунун өзү жакшы натыйжа бербейт. Алар алма менен апелсиндей – сапаттары эки башка, бирок пайдасы окшош нерселер. Ар биринин өзүнчө артыкчылыгы бар. Өнүккөн өлкөлөрдөн, анын ичинде Түркиядан келген даражаларды ошол бойдон эч бир шартсыз кабыл алганыңыздар туура. Ошондо гана Кыргызстандын эл аралык ресурстардан кеңири пайдалана алышына жол ачасыздар. Мунун ал өлкөлөргө кереги жок, Кыргызстанга көбүрөөк керек.

  1. http://www.youtube.com/watch?v=GoMerj_7tow
  2. http://www.timeshighereducation.co.uk/world-university-rankings/2015/brics-and-emerging-economies/order/rank|asc
  3. http://catalog.arizona.edu/2011-12/policies/crsnum.htm
  4. http://math.arizona.edu/academics/grads/requirements/phd

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ, «Жаңы агым», 16.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий