Адабият аброю – мамлекеттик сыйлыктабы?

Adabiyat

КР Эл акыны Анатай Өмүркановго “Жалгыздык ыры”, Акбар Рыскуловго “Атакенин Ак болот” китептери үчүн өткөн 2014-жылдын соңунда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды. Экөөнү тең куттуктоо менен бирге, дегеле, Токтогул сыйлыгына бир сереп салып кетүүнү эп көрүп турам.

Кыргыз ССРнин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Кыргызстан КП БК менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылдын 20-январындагы №33 токтому менен белгиленген эле. Анда эки жылда бир жолу ыйгарыла турган үч сыйлык берилери айтылган. Токтомдун чыкканына быйыл 49 жыл толуптур. Ушул 49 жылдын ичинде 25 чыгарма Токтогул атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Бирок, “Бүгүнкү күндө ошол сыйлык алган чыгармалардын канчасы окулуп атат болду экен?” – деген суроого “төрттөн бири” деп жооп берсек ылайык келчүдөй.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка элүү жашка чыга элек же жаңы чыккан акын же жазуучунун кайсыл бир мыкты чыгармасы көрсөтүлүп калса, “жаш экен, кийин дагы көрсөтүлөт” дейбиз. Аталган мамлекеттик сыйлыкты кырк беш – эң жаш курагында алган жазуучу – Токтоболот Абдумомунов. 1967-жылдан 2014-жылга чейин кырк жети жылдын ичинде бирөө дагы бул жаш куракты жаңырта да, жашарта алган жок. Лауреаттардын андан кийинки, кырк сегиз жаш курагында Ч.Айтматов, М.Абылкасымова, Ж.Мамытов, С.Раев лауреат болушкан. Андан кийинкилер 52ден өйдө кетет. Эң улгайган кезде, сексен төрт жашында лауреат болгону – Абдулхай Алдашев.

Жогорудагыларды айтып жатканымдын себеби, маселен, Анатай Өмүркановдун 50 жашка чыга электеги кайсы ырлар жыйнагы болбосун Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болчу. Аны сүйрөп отуруп 69га чыкканда сыйлык бердик. Жаш кезинде жарк этип чыккан белгилүү акын Акбар Рыскуловдун прозага сүңгүп кирип, аталган сыйлыкты алып жатканын да кош колдоп колдойм. Ал сыйлыкты алтымыш бир курагында алып олтурат.

Эгемендүү өлкө болгонубуздан кийин эсибиз оой түшүп, 1996-жылга чейин сыйлык “согушу” токтоп турду. 1998-жылы А.Жакыпбековдун “Теңирим Манас”, С.Жусуевдин “Курманжан Датка”, анан, 2000-жылы Т.Касымбековдун “Сынган кылыч”, Б.Сарногоевдин “Ашуудан берген отчетум” ырлар жыйнагына берилди. Сыйлык 2002-жылы А.Алдашевге “Жер төлөдөгү ой толгоо”, “Казат селинде”, “Өх, бүттүкпү?” үчилтик романдары үчүн, 2004-жылы К.Жусуповго “Байыркынын издери” китеби үчүн, 2006-жылы Э.Ибраевге “Насыят” ырлар жыйнагы үчүн, С.Раевге “Канышанын көз жашы” драмасы үчүн, 2010-жылы мораторий жарыяланып, 2011-жылы Ш.Дүйшеевге “Эки дөөнүн кармашы” ыр китеби үчүн ыйгарылды. Көрүнүп тургандай, роман жанрынын ооматы жүрдү. Бул жылдардын аралыгы 18 жыл экен, сыйлык үчүн, наам үчүн жакшы эле “согуш” болду. Негизи, жазуучулардын бийликке, бири-бирине болгон нааразылыгы дал ушул сыйлык менен наамдан, “мен биринчимин” деген кандагы оорудан чыгып келе жатат. Наам, сыйлык жакшы, а бирок аны убагында таланттуу жазуучуга, татыктуу чыгармага берилсе наамдын да, сыйлыктын да кадыр-баркы артмак, ошону менен бирге адабияттын аброю жогоруламак. А сыйлык менен наам таламайга түшкөндө, “мен алам, мен аламга” айланган кезде, анда ал таланттардын эмес, талаштардын сыйлыгы боло берет.

Кыскасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын 49 жылдык тарыхында 25 чыгармага сыйлык берилиптир. Ошол чыгармалардын азыр кайсынысы окулат да, кайсынысы жок? Негизи, ошол 25 чыгарма же жыйнак кыргыз адабиятынын өнүгүү жолунда, өсүш тарыхында жылдыздай жанып, улуттук көркөм сөз өнөрүбүздүн кут сыймыгы болуп калышы зарыл эле го…

Карбалас БАКИРОВ, «Эркин тоо», 16.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий