Акыркы залкарлардын арасынан чыккан акын

ysak_barpiev

Өткөн жылдын аяк чендеринде, төкмө акындардын бир залкар тобу болгон Тууганбай, Эстебес, Ашыралы, Токтосун, атактуу комузчулар Алтымыш, Болуш Мадазимов сыяктуулар менен аралашып жүргөн, кыргызга белгилүү айылдан чыккан төкмө акын, айтылуу аксылык Ысак Барпиевдин “Айылдан тапкан ырларым” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Китепке, биз соз кылып жаткан төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ысак Барпиевдин айтыштары, куттуктоолору, лирикалык жана арноо ырлары, ошондой эле Абдымомун Калбаев менен болгон кеңири мазмундагы маеги кирген. Жыйнактын ырларын чогултуп, түзгөн, өзүнүн жердеш иниси, акын-жазуучу, чыгаан журналист Абдымомун Калбаев. Ага “Баш сөздү” Т.Мавлянов атындагы орто билим берүүчү мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Сыдык Хайдаров жазган.

yrlarymБул кишини жаштар билбей калышы мүмкүн, бирок, улуу муун менен ортонку муундун өкүлдөрү жакшы билишет. Ысак Барпиев төкмө акындар менен эле эмес, көп жылдар маданият тармагында жетекчилик кызмат өтөп, ишине жана өзүнүн жеке мамилесине байланыштуу жаш кезинде жазуучу-акындар Жунай Мавлянов, Салибай Шатмановдор, Ошто иштеген жылдары Рысбай Абдыкадыров, Абдыкерим Алымов сыяктуу атактуу обончулар, Рысбек Тасмаев, Искендер Рыскулов сыяктуу маданияттын көрүнүктүү ишмерлери, өзүнөн кийинки муундардын ичинен акын жана жазуучу Асанбай Жусупбеков, ырчылар Жолболду Алыбаев, Шахра Талипова сыяктуу көрүнүктүү таланттар менен бирге иштешкен адам.

Канча улуу акын болсо да, анын артында деле ошол акындын жүзүн ачкан саналуу гана ырлары болот. Калгандары агымга жараша айтылып кете берет. Бул сөз мейли алп акын Арыстанбек болсун же жез таңдай акын Женижок болсун же тоо булбулу Токтогул болсун же гөзал ырчы Барпы болсун – улуу залкарлардан тарта жамакчы акынга чейин баарына бирдей тиешелүү. Дал ошол сыяктуу төкмө акын катары Ысак Барпиевдин бир айтышын мисал тартсак жетиштүү болор. Бул ыр атактуу Барпы атабыздын 110 жылдыгына байланыштуу өтүп жаткан салтанатта ырдалыптыр. Акындарга коюлган шарт боюнча, Барпынын ырларын аткаруу же акындын өзүн даңазалап ырдоо экен. Сөздү биринчи Эстекем баштап, андан кийин Тууганбайга өтүп, андан Замирбек алып, анан Ысак агеге келип, биринчи айлампасы бүтөт. “Баары эле жакшы келаткан” деп эскерет Ысак аке китебинде. Анан эле адатына салып, Тууганбай аке “чымындай” баштайт. Ошол кезде Өзбекстандан Барпы атабыздын Жуман деген баласы табылып, ага “Барпиев Жуман” деген ат менен кыргыздын паспорту берилип, эл ичинде “Барпы атабыздан туяк калган экен” деп сөз болуп аткан экен. Тууганбай ошону айтып келип, анан Ысак акени да минтип кошуп кетип кетет:

Арбагы болуп ыраазы
Акындын тынды санаасы
Пейили кенен кудайдын
Берешендигин карачы.
Туяксыз деген Барпынын
Табылып калды баласы.
Дагы бардыр издесек,
Иниси же агасы.
Фамилияң экен Барпиев
Сен да болуп жүрбөгүн
Барпы апыздын баласы?

“Эл кыраан-каткы түшүп, кол чаап күлөт. “Мындай болот деп ойлогон эмесмин. Жөн эле куттуктап, акынды данктап ырдаш керек болчу. Бүткөн боюм дүргүп толкундай баштадым. Түмөнбай Байзаковдун эмгегин айтайын да, анан Тукеме жооп берейин деп ойлоно баштадым” деп эскерет ошол учурду Ысак аке. Ошентип ага кезек келгенде, Барпы атабыздын эмгегин жыйноодо Түмөнбай Байзаковдун эмгегин айтып келип, анан Ысак аке атактуу төкмө Тууганбайга акеге минтип жооп берет:

Туке, комузуң жакшы күүлөдүң,
Бирок, кополурак сүйлөдүң
Жан адамга жакпайт го
Жанагы айткан сүйлөмүң.
Түркүгү болуп калсаң да
Төкмөкчүлүк дүйнөнүн.
Тайсалдабай буйтабай,
Топто таза сүйлөгүн.
Кычыткы сөзүң көп экен
Сен өзүң
Корголдон болуп жүрбөгүн!

Эл кайрадан кыраан-каткы түшүп кол чабат. Калган сөзүн угушпай, өз-өзүнчө уу-дууга түшөт эл. Ошондо Ысак акеден кийин Замирбек улантып, ал экинчи айлампаны мындай деп бүтөрөт:

Эскерип тойлоп жатабыз
Эл сүйгөн акын улугун
Барпыдай берген ким дейсин
Баа жеткис ырдын тунугун.
Көөдөнүндө кармаган
Көөнөрбөс ойдун уюгун.
Тукем менен Ызакем
Талаша берсин атасын
Мен –
Атамдын эле уулумун!

Ошентип, айтышка өтүп кеткен даңазалоо ырынын аягын Замирбек тамаша менен чыгарат. Мына ушул чакан айтыштын өзү эле айылда бир чоң талант өз чөйрөсүндө болбой, өз деңгээлинде “тапталбай”, улуу эл алдына чыкпай калганын айтып турат.

Ысак Барпиев тууралуу мен кичине кезимден бери билемин. Бир тууган агамдай жакшы көрүп, сыйлап, урматтайм. Бул киши тууралуу Жунай акеден да көп уктум. Жунай аке биздин айылды жаш кезинен бери жакшы билчү. Анткени, ал жаш кезинде, согуштан жарадар болуп келгенден кийин эки жыл биздин айылда мугалим болуп иштеген. Улуу муундун ичинен көп адамдарды билчү, айылга барып келген сайын сурап турчу. Бир жолу сөздөн улам сөз чыгып отуруп, дагы Афлатун тууралуу кеп болуп кетти. Анан ошондо, Ысак аке тууралуу сурап, кейигенсип минтип айтты: “Канча аракет кылсак да, ар кайсы шылтоону бир айтып келбей койду филармонияга. Эстебес, Тууганбайлардан кем акын болбойт эле, шаңкылдап үнү да бар, таланты да мыкты болчу… Эми кеч болуп калды…”

Бул – залкар жазуучунун Ысак акеге берген баасы. Филармонияга ишке чакырышканы тууралуу Ысак аке өзү да китебинде, Абдымомун Калбаев менен болгон маегинде кыска, жакшы айтыптыр. Албетте, жашоо дайым эле адам өзү каалагандай же эл каалагандай өтө бербейт. А бирок, Эл өзү дайым камкордук көрө бербегени менен таланттар өссө деп тилейт. Бул – ак тилек, элдин үмүтү.

Арийне, сөз келгенде айтып коюу парз: таланттуу адам – күлүк ат сыңары. Ал араба тартып, иш кылса – башка аттардан мыкты тартса, тартат, бирок кем иш кылбайт. А бирок, күлүк ат араба тартуу үчүн эмес, өзүнүн күчүнө, табына жараша Элдин, Жердин намысын талашуу үчүн жаралат. А намысты араба тарткан күлүк ат талаша албайт. Ал үчүн ага өзүнчө, өзгөчө камкордук керек. Ага убагында жем-чөп, тандап тамак бериш керек. Убагында суугарып, убагында терин чыгарып чаап туруу зарыл. Адам да ошол сыяктуу. Таланттуу адамды адегенде ата-эне, анан уруу, анан улут өзү камкордукка алууга тийиш. Кече – Совет бийлиги мезгилинде илимий-чыгармачыл интеллигенцияны мамлекеттик камкордукка алганы үчүн, ошол доор дүйнөгө бүтүндөй бир улуу жазуучулар менен залкар окумуштуулардын плеядасын берди. Жазуучулардын жазганы менен Совет бийлиги адамын тарбиялап, окумуштуулардын ойлоп тапканын өндүрүшкө салып өнүгүп отурду. Ошентип, Европа “300” жылда жеткен бийиктикке Совет бийлиги “30” жылда жетти. Натыйжада, 1922-жылы түзүлгөн “СССР мамлекети” 40 жылдан кийин, 1961-жылы Космоско көтөрүлүп чыкты!

Бүгүн ким эмне болуп атканын көрүп атабыз: биздин окумуштуулардын дээрлик баары – илимий даражалары бар мугалимдерге, ал эми жазуучулардын дээрлик баары – күнүмдүк нанын таап жеш үчүн “маалымат жыйнаган” журналисттерге айланды.

Китепте: “Мен Союз кулаганда эле кошо кулагам. Ошондон бери үйдө жатам” деп айткан таланттуу акын Байдылда аганын сөзүн эскериптир Ысак аке (203-б). А чынында, Союз менен кошо бир эле Байдылда акын эмес, жазуучу, окумуштуулардын баары кулады… Ошондон бери аларды тургузган эч ким жок. Ким эмне жазып атканын, кандай жазып атканын эч ким билбейт? Аны таразалап, иргеп айтып туруучу сын жанры эчак “өлгөн”.

“Жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дегендей, айылда жүрсө да акындын жүрөгү: “ Эртең кандай заман болот, эл эмне болот” деп толгонот? Бул албетте, мыйзам ченемдүү көрүнүш – ошол үчүн ал акын. Эне сыяктуу эле эл алдында акындын өтөй турган өзүнүн улуу миссиясы бар. Китепке ошондой эле акындын лирикалык ырлары да киргизилген. Алардын ичинен төмөнкү ырдын эки куплетин мисал тартуу менен сөзүбүздүн аягына чыгалы.

Дегеле болбой жанын жеп,
Дүргүтө берсе чагым кеп
Ансайын ичин куйкала
“Алтындан кымбат чалым” деп

………………………………………………..

Улгайган менен “сырт” жагы
Укмуш дей бергин “ич” жагы
Ушагын мейли улантып
Удургуй берсин бүт баары (“Улгайгандагы ыр”)

Акырында, Барпынын 110 жылдыгында Ысак аке өзү Түмөнбай Байзаковдун эмгегин айтып ырдаса, биз да Ысак акенин көзүнүн тирүүсүндө ырларын жыйнап, аны китеп кылып чыгарууга чоң көмөк көрсөткөн акын-жазуучу Абдымомун Калбаевге терең ыраазылык билдирем! Абдымомун аке Аксы жеринин атактуу, Ысак аке сыяктуу көзү тирүү уулдарынын гана батасын албастан, Ормонбек Асанов сыяктуу көзү өткөндөрдүн китептерин чыгарып, алардын арбактары ыраазы боло турган көп иштерди да жасап келатат. Ырахмат Абдымомун аке, эмгегиңизди элиңиз жакшы билет, 90 жашка чыкканда да, Ысак аке экөөңүздөр ээрчишип, Кербендин чайканасынан чай ичишип жүрө бериңиздер! Бар болуңуздар, бакубат жүрүңүздөр!

Байас Турал, «Эркин тоо», 19.01.2015-ж.,
Сүрөттөр http://www.aymak.kg/ сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий