Тамгаларды үйрөтүүнүн жаңы ыкмасы табылды

okutuu

«Анан… Дагы…» программасынын бул жолку маеги бир нече китептин автору, билим берүүнүн мыктысы, кичинекей балдарга тамгаларды үйрөтүүнүн жаңы ыкмасын ойлоп тапкан педагогика илимдеринин кандидаты Токтомаметов Алмазбек Даткабекович менен болду.

«Мундузкан Жигитовадан келген идея…»

Диналиана: Алмазбек Даткабекович, бир нече жылдар мурун сиз кичинекей балдарга тамгаларды үйрөтүүнүн жаңы ыкмасын ойлоп тааптырсыз. Бул калк арасына жакында эле кеңири жайыла баштады. Бул нерсени ишке ашыруу таржымалын айтып берсеңиз…

Алмазбек Даткабекович: Бул бир эле барактан турат. Биз көп колдонгон A4 форматындагы кагаздан экини бириктиргендегидей болот (A3 форматы). Ошол 8 таблицага кыркылат. Бирөөсү нускама катары. Ошентип 7 таблицанын жардамы менен кыргыз тилиндеги баардык тамгаларды жасоого болот. Бул идея Мундузкан Жигитовадан башталат. Ал киши Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы Ленин мектебинин мугалими болгон. Бул нерсени ал бир педагогикалык окуу болуп калганда көрсөткөн. Мисалы, “Т” тамгасынын жанына кагазды жабыштырып, анын үстүңкү бир таякчасын жаап койсоң, “Т” тамгасы “Г” тамгасына айланат экен. Ушундай идеяны Мундузкан Жигитова көрсөткөн. Бирок ал кезде, мындан 20 жылдай мурун клейлерибиз сапатсыз болгонунанбы, айтор, бир жерлерге алып барып көрсөткөн учурларда чаптаган кагаздар түшүп калып, таппай, издеп кыйналып жүрдү. Кагазды жабыштыруу менен тамгалардын баарын жасоого мүмкүн эмес экен. Жөнөкөй гана тамгаларды жасап, көрсөтсө болот экен. Бирок идеясы мага аябай жаккан. Анткени бир тамгадан экинчи тамганы жасоо менен балдар тамгалардын ортосундагы айырмачылыкты, кайсы элемент менен айырмаланат, баланын башында тамганын элесин калыптандыруу, ошону эсинде сактап калуу – бул педагогикада абдан чоң ролду ойнойт. Анан ошол идея жаккандан кийин бул ой мени дайыма алаксытып жүрдү. Кагаздарды жабыштырып көрдүк, болгон жок. Анткени бир кагаздын үстүнө экинчи кагазды жабыштырганда колдонууга да ыңгайсыз, экинчиден ал кайрадан түшүп кала бермек. Бул идея менин башымда 2 жылдай жүрдү. Бир күнү кокусунан жаңы ой жаралды. Кагазды жабыштырып отурбай, кагаздын өзүнөн кыркып бүктөсө эмне болот деген. Бул ой абдан чоң түрткү болуп, башка тааныштар менен педагогикадагы кызыккан адамдар менен макулдашып көрүп, 3-4 ай жалаң ошону менен алектендим. Ошонун негизинде, бир эле барак менен кыргыз тилиндеги баардык тамгаларды бирине-бирин өткөрүп жасаган таблица пайда болду.

«Кызыктуу Ынтымак Тамгалар – чыгармачылыкка түртөт…»

Диналиана: Бул нерсенин негизги өзгөчөлүгү эмнеде?

Алмазбек Даткабекович: Мунун биринчи өзгөчөлүгү – баланын эсинде тамганын элеси сакталып калат. Бир тамга экинчи тамгадан кайсы элементи менен айырмаланат. Экинчиден – барактарды бүктөп жатканда маалыматты кол аркылуу, териси аркылуу, сенсордук деген түшүнүк бар эмеспи. Ошондой сымал сезүү туюмдары аркылуу кабыл алат. Үчүнчүдөн – бул чыгармачылыкка түртөт. Анткени тамгаларды жасап жатып, ал бала дагы бир нерсени жасап жиберүүнү ойлонушу мүмкүн, изденүүгө түртөт. Андан сырткары бир тамгадан экинчи тамганы жасоо боюнча ырлар бар. Бул кичинекей балдардын сөз байлыгын өстүрүп, өздөрүнүн чыгармачылыгын арттырат. Биз эксперимент өткөргөн кезде дагы балдарга кызыгуу менен тамга үйрөтө турган, өздөрү кызыгып, биз ойлобогон башкача жолдор менен үйрөнүүнүн ыкмасын көрсөтүп жатышты. Негизги артыкчылыгы, багыты мен ушунда деп ойлойм. Биз бул ишти бир нече жыл мурун баштаганбыз. Бирок 2-3 жыл мурда гана жамааттардын деңгээлинде кенже курактагы балдарды өнүктүрүү деген долбоор чыгарып, кутучага салып, өздөрүнүн бакчаларына жеткирген. Бирок аз эле санда. Ал анча жайылган жок. Анан биз 2013-жылы ушуну колго алып, башка нерселерди кошумчалап отуруп, 18 бөлүктөн турган чоң комплект түздүк.

«Ар бир иштин өзөгү бар…»

Диналиана: Алмаз агай, сизди ийгиликтүү адамсыз деп айта турган болсок, сиз аны кабылдабай коюшуңуз мүмкүн. Анткени адам ар дайым өсүп турушу керек деп айткан сөзүңүз бар. Ушул сиздин деңгээлиңизге жетиш үчүн же ийгиликтүү инсан болуш үчүн эмне кылыш керек?

Алмазбек Даткабекович: Мен суктанган мыкты-мыкты деген кишилер бар. Алар менен сүйлөшсөң, өздөрүнө талапты абдан катуу коюшат. Канчалык тереңдеген сайын билбегениң да көбөйө берет. Бул турмуштун агымы ошондой. Канчалык аракет кылган сайын каршылык дагы, билбегениң дагы көбөйөт. Андан коркуштун кереги жок. Азыраак билип, азыраак билбей калууга аракет кылбаш керек. Азыр эми советтик психология жок, адамдын дарамети ген аркылуу дагы берилет. Мен Касым Тыныстановдун китептерин окуп, тереңдеп караганымда ушунчалык да дарамети күчтүү киши болот экен деп абдан таң калгам. Бул эми албетте генден берилген нерсе. Биринчи нерсе- бул эмгек. Жалкоо болгон кишиден эч нерсе чыкпайт. Ал тургай кээ бир балдар кичинекейинде мыкты, таланттуу, жөндөмдүү болгону менен, чоңойгондо көп нерсеге жетишпей калгандар бар. Бул деген дараметинин ачылбай калгандыгынан, башынан эмгекке көнбөй калгандыгынан. Дарамети бар кишилер ачылбай калган сайын деградация болуп кетет. Кандай гана адам болбосун, эмгектениш керек. Анткени эмгек адамдын мүмкүнчүлүгүн ачат. Бир ишти жасайм дегенде, кандай иш болбосун анын негизгиси бар. Бир орустардын улуу окумуштуусу, ойчулу айткан: “Не тот умён который знает много, а тот умён который знает главного” деп. Ар бир иште көп билген киши эмес, ошол иштин өзөгүн билген киши дайыма ийгиликке жетишет

Диналиана Джунушева, «Марал FM» радиосу, 12.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий