Айдарбек Сарманбетов. “Сетер”

(аңгеме)

Адан кажылдаган катуу үндөн капыс ойгонуп кетти. Атасы менен апасы  таң азандан адатынча бири-бирин кажыша башташкан экен. Күнүгө ушул. Көкөйгө көк талкандай тийип бүттү. Мына, бүгүн да атасы күңкүлдөп актанып, энеси албууттанып жатыптыр:

— Өлүкканаңды көрөйүндөр! Деги бу, иттин турмушунан качан кутулар экемин? Таң азандан талпылдап оокат-оокат деп жүрүп өлүп кетмей болдум. Качан бир элчилеп жашайбыз? Же күйөөң адамдай болсо эмне, оозунан алдыргансып, өлдүрөп… өлүү-тирүүң баары бир. Колунан котон иш келбейт! Баары очор-бачар үй-жайлуу болушту, машинада чалкалашат бири калбай… Менин эмнем кем экен, алардын аялдарынан? Институтту деле бүткөм, жалаң балдар, оокат деп жүрүп үй күчүк болуп калдым. Мен деле алмакмын алар алган сыйлык, акчаны! Жети киши кенедей эки көмүткө камалып, туубай эле тул болуп калсамчы! Зарлап жүрүп өтөт экемин го! Анан калса заманың да жарыбай койду, баары кымбат! Бул, оозун ачкан жуттарды кантип тоюндурам?..

— Кой эми, көп кейибечи,- эркектин жооткоткон жумшак үнү чыкты,- кудай берер бизге да… Башкалардай бизди көтөрмөлөп, сүйөмөлөгөн эч ким болгону жок го, ата-энелерибизден эрте ажырап калбадыкпы. Шүгүр дейли, эл катары келатабыз. Балдарыбыз аман болсун…

— Ой, балдарың эмне кылып жатыптыр?! Мындай балдардан жогу!..

— Кой, кемпир, антип кесир сүйлөбөчү, экөөбүздүн жаныбыздан жаралган пенделер эмеспи…

— Ой, элдин балдарындай иштешпейби, анан? Жүрүшөт көчө таптап…

— Иш табылбай жатса кантишет. Чоңдоруңдун баары эле өз жакын-туугандарын ишке алып, заман аңтарасынан түшүп калбадыбы…

— Анан оозун ачып жүрө беришеби? Же мен силерге өмүр бою эшек болуп өтөмүнбү? Жок дегенде сен элдин эрлериндей болсоң эмне, күргүштөтүп таап?

— Адамды акча менен баалаба…

— И-ий ит!.. Күйгүзөсүң да!- аялы алкылдай баштады, эми аны токтотуш кыйын,-  Азыркы карышкыр заманда акча менен бааланбаганда эмне менен бааланат, адамың. Акчаң болсо баары болот, кишини да сатып аласың. Ой, сетер, тур, күн түш болуп кетти, сасып жата бербей!- жерге салынган төшөктө жаткан Аданга жетип барып, үстүндөгү жамынчысын сыйрып ыргытты,- Базардан тачки түртсөң деле болот эле го, ыя!? Мунусу да бир өлжүрөк, атасын тартып…

— Болду, жетишет! Балдарга асылба!- күйөөсү күңкүлдөгөн болду,- Мени күнүгө жегениң эле жетишет…

— Аа, сен мени эмес, мен сени жеп жүргөн турбаймынбы, ээ?! Балдарыңа үйрүлүп түшө калып жүрүп, мына, жыргадың. Баары сага окшоп арам тамак! Өз токочторун таап жегенге жарашпайт, ымтырашып… Намыстанып да коюшпайт, баары ашка жүк, башка жүк…

“Башталды. Эми кечке дейре токтобойт.- деп ойлоду Адан, кийинип алып сыртка жымырыла чыгып баратып.- Экөө тең эле жакшы адамдар, анан эмнеге эле кажыша беришет? Бирин-бири жактырбаса эмнеге баш кошушту?” Аданга баарынан да энесинин өз атынан айтпай “сетер” дегени жанына катуу батат. Арданып, эч көнө албай койду. Бала чагында анчейин этибар алчу эмес, тестиер тартып калганда, алтынчыбы жетинчи класстабы атасы мугалим Кубаныч деген классташынын үйүндөгү килейген сөздүктөн таап окуса сетер деген сөз – чабал туулганынан энеси жерип эмизбей койгон, түрткүнчү, артында болушаар эч кими жоктугунан бүтүндөй короо кой сүзгүлөп, тээп, жектеген ара туут козу экен. Кыязы, кой да козусунун жарым жан, жашап кете албаганын билип, мал болбойт деп жерип койсо керек. Табияттын тандоосу катаал эмеспи. Күчтүүлөр гана жашап кетет. Адан да жети айлык төрөлгөн экен. Ал ат ошондон жабышып, ушул кезге чейин аны таанып-билгендер Адан дешпей “Сетер” дешет…

Кыштын илеби эртелеп келип калганбы, октябрь айы жаңы эле башталса да таң ата асман чаңдап, салкын. Кыязы, жамгыр жаайт көрүнөт. “Кайрадан шалпактамай башталат экен да!” деп, ичинен иренжиди Адан, ал жаан-чачындуу күздү, суукту бала кезинен жактырчу эмес.

Ата-энесинин минтип араздашканы, апасынын ыйы, көр жемеси Адандын көкөйүнө көк талкандай тийип, аны үйдөн кубалаганына көп болду. Эс тартканынан эле ошондой. Тажап, кутула албай келет, эч кандай ылаажы да жок. Акчанын жоктугунан университетти кой, мектепти бүтүрө албай калды. Же бир жумуш табылсачы, көңүлүнө төп. Жакшыраак иштин баарын жетекчинин жакындары, тааныштары, паралагандары ээлеп алышкан. Чоочунду эч жолотушпайт. Же акча бериш керек. Барган жердин баары ошондой экен. Анан Адан эмне кылсын?! Иштейин, оокат кылайын эле дейт. Жакшысы жок…

Бүгүн ишемби. Эртең дем алыш, анан кайрадан жумуш. Кайсыл жарыткан жумуш дейсиң – тамак-аш дүкөнүндө жүк түшүргүч. Ага да араңдан зорго, кошуна теңтушунун ортомчулдугу, кепилдиги менен араңдан зорго орношкон. Заман жаңырды, жакшырды, демократия деп шаңданган менен колунда бар байлардын, бийликтегилердин заманы келди. Карапайым кишилер итке кандай минсе, ошондой эле бойдон – өзгөрүүсүз. Же эзелтен ошондойбу. Кудай минтип, адамдардын энчилерин неге экиге бөлүп койгон?

Күн суук тарта баштады. Аба улам муздап, ным тартып барат. Ачка, көйнөгүнүн жакасын кымтыланып туш келди баскан Аданды тез эле майда калтырак басып чыйрыгып, бетинин түгү түксүйүп чыга түштү. Курткасын кие чыкса болмок экен, бирок үйүнө кайрылгысы келбеди, ата-энесинин кажылдагын уккусу жок. Андан көрө үшүгөнү өйдө.

Башаламан кабат-кабат үйлөр салынган бу жерди “Восток – 5” кичирайону деп коюшат. Төкөлдөш деп атайбыз деген да чуу чыгып унутулуп калды. Ошентсе жакшы болмок, кыргыздын жери, борбору болуп туруп, кайдагы “востокту” койбой. Ошенткен менен шаардагы “атактуу” аймактардын бири. Бишкектеги “криминалдуу” жерлердин алды. Айрыкча жаштары жаман. Кечкиге калсаң балээге жолукпай, соо калышың күмөн. СССР кезиндеги Фрунзенин “Карпинка” деген “атактуу” жеринин дал маңдайында, ошол “карпинкалыктардын” көбү ушул жерден үй алышкан. Кыргыз-уйгур тууганчыл эл эмеспи, бирөөнө сөз же кол тийди дегиче топурап чогула калышат…

Аданга көңүл бөлүп, алын сураган эч ким болбоду. Үйлөп койсо жыгылчудай илмийген арык, кийими кир, бырыш, сарала чачы жедеп өскөн жүдөө неме менен кимдин иши болмок эле. Ар ким өз башы, көр түйшүгү менен алек. Шаарда ошондой, өлсөң да тааныбаса карабайт. Дайыма баарынын кайдадыр ашыкканы ашыккан. Антпесең ачка каласың, бирөө сага боор толгоп кайрылышпайт.

Адан терең санаанын туткунунда, өз кутусуна бекинип, ансыз да кодо неме сууктан башын ийнине ката шүмүрөйүп бет келди кетип баратты. Үшүгөн колдорун колтугуна кысып алган…

Бүгүн он сегизге чыккан Сергей түш ченде араң ойгонду. Башы зыңылдайт. Кечээки эсин жоготкончо ичкенинен да. Тим эле көзү караңгылайт. Оозу — бошогон кудуктай кургак. Үйгө качан келгени түк эсинде жок. “Баламут” менен көчөдөгү жайкы кафеден маданияттуу эле пиводон башташкан, анан “Жинди”, “Чылапчын” кезигип калып аракка киришти, анан дагы бирөөлөр жолукту, андан кийин дагы… аягы опур-топур, кажы-кужу…

Ашкана тараптан кимдир бирөөнүн кобуру угулду, анан эркек сымал колдураган энесиники чыкты. Залдагы энесинин төшөгү бош, демек таң атпай бирөөнү тапкан экен.

Сергей эптеп, тамды таянып барып ажатканадагы суу чоргого башын көпкө жууду. Муздай тоңуп калгычакты. Ошондо гана көзү ачылып, эсине келгенсиди. Ашканага башбакса али кыркка чыга электигине карабай тиштери түшүп, бети-башы балбырап шишиген энеси чачын тарап алганга чамасы келбей тамекини буркуратып, бир эркексымал менен олтурган экен. Тимеле каадалуу кишидей, буттарын учкаштырып алган. Тигинисине кыйын сөрөй көрүнөйүн деп жатса керек. Анысы кургаган дарбыздын кабыгындай чүрүшкөн арык, сакал-чачы өскөн жүдөө неме экен, арактан кылгырып калган көздөрүн тостойтуп, деле каадалуу кишидей сөз угуп олтурат. Ортодогу үстөлдө жартылап калган арзан арак, тамекинин буралган көк түтүнү, саңырсык жыт…

Энеси Сергейди кошкөңүл карап коюп каргылданган үнү менен кебин уланта берди:

— … ошентип, ал акмактын чөнтөгүндөгүсүн бүт кагып алдым. Жүрөгүнүн үшүн алып койгомун да. Ал эмне үчүн жыргап жашашы керек да, мен анын баласын багышым керек, куурап. Кудай алдында баарыбыз теңбиз да…

— Ооба сага! Тең имиш, эмне, ага дагы бардыңбы? Ал жакка экинчи баспагын дебедим беле!- Сергей энесин уруп жиберчүдөй ызырынып, кызараңдап кетти. Кеп анын атасы жөнүндө болуп жаткан. Аракеч энеси менен таштап кеткенине таарынып, ата дегенге оозу барчу эмес. Закон, ошол заманда ошондой болчу, баланын энесине дайыма артыкчылык берилчү деген сөздөр жүрөгүнө тургай кулагына да кирчү эмес. Калтырып кеттиби, демек күнөөлүү, эч кечирбейм дечү Сергей.

— Жаагыңды бас, көкмээ! Андан акча кагып албасак экөөбүздү ким бакмак эле?!- энеси кайра ага ажылдады,- Жаман атаңа жан тартпагын дебедим беле!

— Эх, сендей эненин энесин…- Сергей столдун үстүндөгү бөтөлкөнү ала коюп оозунан куркулдатып ичип кирди.

Бөтөлкөнүн көз көрүнөө бошоп баратканына чыдай албай энеси:

— Жетет! Бизге да калтыр, баарын шыпкабай.- деп, тура калып итиреңдеп, баласынын оозунан бөтөлкөнү жулуп алды.

Сергей чакап, бети-башына төгүлүп кеткен аракты жеңи менен аарчып:

— Үлүшүңдү небак ичкен турбайсыңбы, экөөң…- деди жоошуй, чөлдөгөнү кана түшкөн эле. Анүстүнө “коноктун” аны жалтак карап, үнсүз олтурганы шердентип койду. Ага башын жаңсай,- Сен “иштерман” эмессиңби, азыр эле таап аласың да.- деди энесине.

Ал атырылып тура калып, эшик тарапка кол жаңсай:

— Чык эшке! Мээмди көп… – деп, эркекче шыпырылтты.

Болду. Ушунчасында кетпесе энеси азыр калайман сала баштайт. Долу. Бир тамчы арактын артынан өлүп кетет. Ал, ага тим эле мүрөктүн суусундай кымбат. Сергей сыртынан корстон боло мыйыгынан жылмайып, сыртка жай чыгып баратып энесине кайрылды:

— Дегиңкиси, бүгүн менин туулган күнүм.

— Урдум!

— Канчык!- Көңүлү кайт боло түшкөн Сергей эшикти каңк жаап сыртка жөнөдү. Бул, алардын көнүмүш, күнүңкү “жай маектешүүлөрүнүн” бири эле. “Алма дарагынан алыс түшпөйт” деген чын тура, бала — көргөнүн кылат да.

Ачкарын ичкенге арак түз эле мээге чыгып, деңдароо кылып жиберди. “Эчтеме эмес, башталышы дурус, буюрса бүгүн олжолуу болчудаймын, анүстүнө туулган күнүм эмеспи, Кудай берет”.

Күн бир топ салкын экен. Түшкө жакындаса да асман мунарыктап, аба нымдуу. Сергей бешмантынын жакасын көтөрүп, башын ийнине ката шүмшүңдөй “жолукчу  жерге” жөнөдү. Беш-алты үй алыс, жети кабат тамдын жертөлөсүн атактуу кинодогу Жеглов айтмакчы ушинтип атап коюшчу. Кай бири сүрдөнтүп “Бункер” деп да койчу, Гитлерчилеп.

Ал, “Бункерге” баш бакканда эле кобурашкан үндөр угулду. Көрсө, алар эжигейдей сары, илмейген “Сабиз” менен семиз “Баклажан” – Гала экен.

— Охо-о! Жакын досторго ысык салам!- Сергей көңүлдүү кирди. Эч ким болбосо эмне кылып, каякка каңгыйм деп санаа тартып келаткан эле. Оңдой берди болду.

— Салам!

— “Жол башчыга салют!

Мындай мактоого Сергейдин мурду дердейе түштү. Ал, кемсинүүнү жек көрүүчү. Дайыма алдыда, биринчи болгонго умтулат. Сыйлабай, жинине тийсең өлдүң, эзели унутпай, эрегишип, кычыктанып турат. Көпчүлүктүн көзүнчө кем сөз айтсаң колуңа өлүп берүүдөн кайра тартпайт. Кашкулактай тиш салган жерин өлсө өлөт, түк коё бербейт. Анын сырын жакшы билишкен курбулары сестенишип, көшөкөрлөнө “жолбашчы” атап, баары кошоматтык жасашчу.

Үчөө чылымдан баштап, анан бир “косяк” нашааны дүрмөттөп, тегерете тартып алышты. Сөздөрү барган сайын күчөп, соңку жаңылыктардан бөлүшүп жатышты. Мээ тумандаткан нашаадан үндөрүн да, болор-болбос нерсеге жертөлөнү башына көтөрө экилене каткырып өзгөчөлөнгүсү, биринен бири өзүн өйдө көрсөткүсү келишет.

Ачкарын арактан, эми чеккен чекишинен алагүү боло түшкөн Сергей курулай кептен тез эле тажай баштады. Анын көңүлүн Гала өзүнө буруп алды. Негедир бүгүн ал сүймөнчүктүү көрүндү. Кымбат баа, жыттуу боёкторду сүйкөнүп алгангабы, же ал да таң атпай арактан атып алганбы экиленип, бүгүн бөтөнчө ажардуу сезилип турду. Анысын “тажрыйбалуу”, эч качан жок дебес шалпык кыз да тез эле баамдап, сырдуу шыңкылдап, улам көздөрүн кадап арбап барат.

— Сабиз,- деди бир маалда Сергей,- бар, дүкөнгө барып келчи. Бир чардайлы, бүгүн менин туулган күнүм!

— Мына, сага!..

— Оо! Куттуктайбыз!..

Алакан чабыштырып, адаттарынча төш кагыштырып чыгышкан соң Сергей болгон акчасын Сабизге берип:

— Өзүң билесиң, жетпегенин таап ала кел,- деди, анысы карыздайсыңбы, уурдайсыңбы сөзсүз аткаргын дегени эле.

Сабиз кошоматтана антаңдап чыгып кетти. Неден баштаарын билбей дабдаарый түшкөн Сергей чылым күйгүзө баштагыча болбой анын алдына жөөлөй олтуруп, Гала:

— И, баштайлыкпы, же жалгыз калганыңда сүрдөп кеттиңби?- деп, тамекисин оозунан эпчил тартып ала коюп, үстөл үстүнө былчыйта өчүрдү.- Мына, мен, сеникимин, алгын мени…

Сергей мындай ачык абийирсиздиктен иренжий түшкөнү менен намыстанып кетти. Гала дагы бирдемени балп эттирип кыжырына тиймек, бекеринен “Баклажан” эмес да. Анын үстүнө жаш кыздын жыты мурдун өрдөп, делебесин козгоп жиберди: “Тоюп өлбөйт го, шуркуя!” Ал, чапчаң тура калып көзүн сүзө шыңкылдаган Галаны жерден так көтөрүп алды да, бурчтагы тактанын үстүнө баса жыгылды…

Аданды буттары өзүнөн-өзү эле шаардын чыгыш-түштүк жакасындагы унутулган, эски мусулман көрүстөнүнө алып келди. Ар кай жерде дөмпөйүп, кээсинин үстү түшүп, аң болуп калган мүрзөлөр баскан дөбөчөдөгү бул көрүстөнгө көп келе турган. Ал, адам сөөктөрү жаткан жерди аягандай айланып аккан суусу да бар, ээн жер. Жеңдей өзөндүн жээгинде карт-жаш дарактардын топтошуп өскөнү да кызык. Ушунун баары бир бүтүндөй туюлуп, бир көргөн адамды өзүнө негедир тартып турат. Не деген түркүн тагдырлуу адамдардын сөөгү жатат бу жерде, ошондонбу, адамдар биле бербеген кандайдыр бир сырдуу күч болсо керек…

Адан карт эмендин түбүнө чырпык, куурайлардан алачык чүргөп алган. Жайкысын көлөкө, жаз-күздө жаандан тосот. Бул, элдин эсинен небак унут калган көрүстөнгө андан бөлөк эч ким келбейт, ошондон улам алачыгы да дайыма бүтүн. Кайран гана маркумдар! Ушинтип, жакындарына күйүп, айрым элим деп жанын сабагандардын минтип  караманча эстен чыгып, адам эмес ит келбес ай-талаада унут калышаарын ойлошту бекен?! Ай, ким билет, баары эле алгы үмүт-тилек күтүшкөндүр, эскеришер деп…

Адан, алачыгына кирип ичиндеги өзү алып келип койгон одеалга оронуп жата кетти. Ачкасынан суук сөөгүнө чейин өтүп, калч-калч этет. Эриндери да титиреп чыккан. Ал, опур-топур, таш боорлугу көп шаар дүйнөсүнөн алыс, ээн жайда дарактардын шуулдагын, өзөндүн жумшак шылдырын, мемиреген жымжырттыкты тыңшап жатканды жактырат. Көпкө келе албай калса кусаланып да кетет. Чалды-куйду жанталашкан машинелердин тынымсыз ызы-чуусу, ашыгып, жөөлөшкөн адамдар, шаардын тажатма шоокуму жетпеген бул тымтырс, ээн жер бейиштей эле сезилет. Көрүстөндөр да ойлуу, унчугушпай мелтиреп терең ойго түртүшөт. Адан алыскы жердеги адамдардын жашоо-турмушу, жылдыздар, алардагы сырдуу тиричилик, өзүнүн келечеги жөнүндөгү таттуу кыялданганды жакшы көрөт. Не деген укмуштуу ойлорго батат дейсиң! Тек, жашоодо башка — супсак, мерес…

Канткен менен калканч эмеспи, алачыкта денеси жибип, Адан катуу титиребей калды. Ачкалыгы эми эсине түшүп, курсагы улам кулдурайт. Эстесе кечээ түштөгү куру нан, карандай чайдан бери наар тата элек экен. Ата-энеси кечинде да адаттарынча кажыша кеткенинен эртелеп эле жатып алган болучу. Бирок, кеп анда эмес. Кеп – Адандын эч кимге керексиздигинде! Бул – ачуу чындык. Анын бул, жарык дүйнөдө бар-жогу менен эч кимдин иши жок. Жок дегенде Кудайдан кийинки эң ыйык делген энеси канымдан жаралган балам деп ийип, мээр төгүп койсо не. Антпейт, каргап-шилеп уу жыландай заарын чачат да турат. Бала үчүн мындан ашкан кайгы барбы! Атасы эле, байкуш, жан тартып, жөжөсүн коргогон тооктой калкалап калгысы келет, же сөзү өтпөйт. Эчтеме эмес, эптеп эки ай чыдаса аскерге кетет. Ал жактан келгенден кийин иштегенди көрсөтөт. Башы менен жер казса да атасын багып, бир туугандарына кам көрүп, жакырчылыктын сазынан сууруп чыгат. Бул дүйнөдө баары бар: күйүмдүүлүк да, жакшылык, бакыт, сүйүү да… Алар жок болсо сан китептерде жазылып, кинолорго тартылмак эмес да. Тек, аларды Адан азырынча кезиктире электигинде. Бактысына сөзсүз жетет!

Атаңгөрү! Москвадан кинорежиссерлукту окуганда эмне, тентимиш көчө балдарынын, деги эле ачуу турмуштун, адам тагдырларынын не бир тайкы жактарын таасындап тартпайт беле! Алардын акырында сөзсүз адилеттик, тереңдик жеңип чыкмак.

Сергей ойгонгондо жанында эч ким жок экен. Жана алдында күчүктөй кыңкыстаган Гала да көрүнбөйт. Башы каңгырап калыптыр. Эптеп туруп, көйнөгүн шымданып, ычкырын тартып жатканда “Сабиз” дагы бирөөнү ээрчитип келип калды жайдактап:

— Жолубуз ой-да сонун болду, жолбашчы. Мына, азыр бир гүлдөйбүз дейсиң!.. Оозун ачкан бир катындын кошелогун менчиктеп койдум.- деп, өзүнчө шерленип да, үстөлдүн үстүнө эки шише арак, төрт-беш пиво, тандыр нан, консерва коюп жайнатып жиберди.

— Жарайсың, Сабиз!- Сергей бир пивону ачып оозунан куркулдата жутуп кирди.

Төбөлүнүн мындай мактоосунан Сабиздин мурду тердеп, ого бетер шадаңдап калды. Жанындагысы Балтек экен. Дайыма балбырап, унчукпай, айтканга көнүп жүрө берет. Башка чапсаң да кың этпейт. Сабиз ага адатынча буйрук берип кирди:

— Ач, консерваны, пивону… Ыстакандарды таап кел!

Үчөө олтурганда Сабиз чоң кишилердей каадалана ордунан туруп Сергейди туулган күнү менен куттуктап көп акча, кереметтүү машина, сулуу катындарды каалап, ыстакан көтөртүп адатынча кошоматтык кылып жиберди. Ичке жинди суу кирген соң айда, кетти: чаржайыт сөздөр, мактанмайлар, көбү ойдон чыгарылган не бир укмуштуу окуялар, кажы-кужу… Эки-үчтөн, жалгыздап, бири угуп-укпай, кай бирлери жөн эле келип-кетип жатып кечке жуук жертөлө күрү-гүү болуп, киши батпай кетти. Алардын деминен, тамекинин, көбүнесе наша кошулган чылымдын түтүнүнөн тумандап эч нерсе ачык көрүнбөй калды. Үп, дем алууга болбой калганда Сергейге кимдир бирөө аянтта дискотека болорун айтып калды. Ансыз деле мээси тумандап, думугуп, урунарга жоо таппай турган Сергейге шылтоо табылып:

— Кеттик, дискотекага!- деп, баатырсынып ураан салып жиберди,- Бириңер да калбагыла, баарыбыз барабыз! Туулган күнүмдү ошол жерден сайрандайбыз!

Алагүү болуп алган аркошкон кыз-балдар ураалап, чакырыкка кошуларын ырастап ызы-чуу түшүп, кажылдаша топурап сыртка сүрүлдү. Келечекти кой, эртеңкисин ойлобогон мээси туман жаштарга азыркы эрмек, күнү эптеп өтсө болду эле. Биринен экинчиси мыкты көрүнүп, каракүчкө өзгөчөлөнгүсү келет, анткени алардын мактанарлык билими да, акыл-дарамети, жетишкен ийгилиги да жок, парасаты көңдөй, бош болучу.

Адан чүпүрөккө чүмкөнүп жатып, жылуулуктан магдырап кеткен экен. Чочуп ойгонгондо караңгы кирип калыптыр. Шаар оту, жылдыздардын жылтылдаганы болбосо айлана көрүнбөйт. Чыкыроон. Адан не кыларын билбей уйкусурап бир аз жатты да тура жөнөдү. Жанындагы мүрзөлөр, жыла баскан караңгылык, коогалуу ойлор анан алсыраткан ачкачылык Аданды шаарга айдады. Канткенде да адамга адамдын карааны, чөйрөсү керек. Жалгыздык убактылуу зарылдык гана.

Алыстан музыканын үнү угулду. “Бүгүн ишемби, дискотека болот эмеспи. Кайрыла кетейин, мен баргычакты ата-энем да уктап калышар…” деген Адан шаар борбору тарапка бет алды. Жаш эмеспи, улам катуулап чыккан музыка, бурала бийлеген бейтааныш ажарлуу кыздар, шатыра-шатман шаңдуулук аны азгырып, ашыктырып жатты. Анүстүнө аны жол карай күткөн, эстеген эч ким жок. Бары-жогу баары бир.

Түнкү салкында колдорун колтугуна катып, башын ийнине ката үшүп келаткан Аданды аянтка жакын тар көчөнүн кесилишинен капыл-тапыл чыга калган топ балдардын бири күтүүсүз кежигеден алды:

— Сен эмне, сарооз, байкелериңе жол бербейсиң? Я?! Шашып баратасыңбы? Бийге барганды сага ким коюптур, котур?

— Ушул кейпи менен бийлеген жүрөбү, я? Ха-ха-ха!

— Хи-хи…

— Чөнтөгүн аңтар, кыздарга акчасы бар бекен деги…

Узун бойлуу, албеттүү неме Адандын мойнун мыжый кармап, жерге басты эле кыңкыстай тизе бүктү. Ичине катуу муш тийди. Бирүү чөнтөгүнө кол сала баштады. Адан эсин жыйып жулунуп чыгып качмакчы болду эле, тиги бутун тосо койду. Адан чалынып, көмкөрөсүнөн жыгылды. Кайра тура калмакчы болгондо жанагы албеттүү неме бетке катуу муштап жиберди. Адандын көзүнөн от чагылып, жаагына тийген муштан эбелектей ыргып, чалкасынан кетти. Баары тапыратып туш-туштан тепкилеп киришти…

Адан качан эсине келгенде көчө жээгиндеги арыкта жатыптыр. Кыязы бир топ жаткан көрүнөт. Түн коюу. Эч ким жок, көчө ээн. Музыка эле шаңдуу.

Адан теңселип ордунан эптеп турду. Оозу калбайып, ачышат. Ооз ичи канга толуп кетиптир. Түкүрүнүп алды. Башы зыңылдайт. Шүмшүктөр аябай ийлешкен экен. Денеси катуу жанчылыптыр. Жан тарткан эч кимдин жоктугуна катуу ызаланып кетти. Эмнегедир эсинде ата-энеси, кичинекей бир туугандары, дөмпөйгөн мүрзөлөр – баары бир заматта тартылып өттү. Алардын, деги эле адам аттуунун ага бир кайрымы жок. Жаны ачышып чыкты. Кордоолорго, кемсинүүлөргө, жакыр турмушка, деги эле жашоого катуу нааразы болуп кетти. Ушундай ит жашоонун кереги барбы?! Качанкыга чейин алда неден курулай үмүтөтүп, тилек этип жүрө берет? Жетишет! Мындан ары чыдоого мүмкүн эмес! Бүттү!

Адан күрсүнө кыжынып, чөнтөгүндөгү сары саптуу, колго жасалган узун макисин алып чыкты да, жаагын ачып дискотека өтүп жаткан аянт тарапка жөнөдү. Жанагыл зөөкүрдү!.. Болду болбоду ал ошол жакта.

Күндүзгүдөй жаркырап, опур-топур түшүп бийлеп жатышкан жаштардын чети көрүнө бергендө алдынан төрт-беш караан чыкты. Кылыктанган кыздардын да үнү чыгат. Алар жакындай келгенде бири:

— Ой, Сергей, мынабул жанакыл баатырыбыз го?- деп, жасакерлене каткырып калды.

— Чын эле, Сабиз, кач, ал сенден өчүн алганы келатат! Ха-ха!..- деп, шылдыңдай каткырган үндү Адан жазбай тааныды. Ал, жанагыл, мойнун мыжып, жерге ныгырган албеттүү неменики болучу. Бетмаңдай келе түшкөндө ал көнүмүш адатынча дагы кежигеден алмакчы болуп колун суна берди эле Адан саал эңкейе калып анын көкүрөк тушуна макисин катуу шилтеп калды. Колу тайып барып тигинин былкылдаган ичине урунуп, ошол замат ысык суюктукка толо түштү. Кан!

— Ык!.. энеңди…- Бычак жеген Сергей колдору менен ичин басып, чөк түшүп калды. Жанында келаткандар эмне болуп кеткенин түшүнбөй деңдароо болуп токтой калышты да:

— Аа-а!..

— Өлтүрдү-ү-ү!

— Милиция!

— Качкыла-а!- деп туш-тушка чачырады.

Жер тизелеген Сергей турам деп, теңселе барып кыңкыстай капталынан жыгылып кетти. Эсин жогото түшкөн Адан нес болгонсуп ага жетип барды да чалкасынан кулач жайып жаткан Сергейдин үстүнө шак мине калып туш келди үстөккө-босток бычак уруп кирди.

— Ме! Ме, сага! Кыйынсыңбы?! Кана, көрсөтчү!.. Тажатып бүттүңөр!.. Тойдум!..- Ал, тагдырындагы бардык ызасын, көкөйүнө көк таштай жыйылган өкүтүн жалгыз Сергейден чыгарып жатты…

Аянтта шаңдуу музыка жаңырат…

 

a_sarmanbetovА.Сарманбетовдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий