Алтын шакек

(жомок)

Илгери бир заманда бир чоң байдын малы көбөйүп тескери жайылса да, бир кишиге чык татырбаган Чыгайбай болот. өлгөн малынын этин жейт. Тамак ичип жатканда бирөө келсе, жылдызы жерге түшүп, тамагын аяп, ылдый карап отурчу экен.

Бир күнүкемпири:

– Ой чал, кел дебеген үйдөн, кетмендеген көр жакшы деген эмеспи, түлөө кылып, эл-журттун батасын алалы, тамак берели – десе, чалы ыйлайт.

– Менин дүнүйө малыма тийбе. Эл бекер жеп кетет, мага эмне пайда, өзүң тапсаң бере бер! – деп кемпири менен урушат.

– Ой, куураган чал, баласы жок өлөбүз, өлсөк артыбызга калат, малыңды ит-куш жейт, кой! Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт, элдин батасын алалы, – дейт кемпири.

Чал болбойт. Кемпирдин катып жүргөн алтын акчасы бар экен, ошону бир жигитке берип, бир бээ, эки-үч кой жана башка керектүүнерселерди алдырып, түлөө бермекчи болот. «Менин малыма тийбей, өзүң таап бермек болдуң, кемпир бээң семиз, койлоруңдун куйругу казанбактай экен» – деп, чал аябай сүйүнөт. Койду, бээни союп, боорсок бышырып, аябай даярданып, эл чакырып түлөө берет. Ак сакал, көк сакал, кемпир-кезек, бала-бакыра болуп келишет.

– «Жети кишинин бири кадыр» деген, эл-журт, балам жок, бата бергиле! – деп, суранды эле, эл чуулдап бата берет. «Эй, шумдук, деле адамга тамак бербеген немелерге кандай кудай жалгады» дешип, таң калышкан эл бүт түлөөнүкемпир бергенин түшүнүшөт.

Бир нече күн өтөт, бир күнүкемпир эшикте турса, бир кара булут келе жатат. «Кир жайдым эле, күн жаайт го» – деп турса, кара булут ичинен бир аксакал киши болуп:

– Эй, байбиче, тилегиңиз кабыл болду. Балалуу болосуң, – деп, көздөн кайым болуп, булут таркап кетет.

Кемпир сүйүнүп, кудайы берет. Ошентип, кемпирдин тилеги келип, эркек бала төрөйт. Баласы экиге чыгат, ошондо баланы көрүп, мээр жаап, чал той берет. Чоң үй салдырып, баланы молдого берип окутат. Эч нерседен кем кылбай өстүрөт. Бала он алты-он жетиге келгенде, атасы кара аргымак камдап, күмүш ээр токум кылып, баласын сыртка чыгарат. Баласына үч миң дилде берип, кемпир-чал базарга жиберет.

– Ич, же, эмне көңүлүңө жакса ошону сатып алгын – дешет. Бала базарга барып карап жүрсө, бир кемпир чоң дөбөт кармап турат:

– Ой, байбиче,бул эмне? – дейт, анда ал кемпир:

– Бул ит, – деп жооп бериптир.

– Эмне иш кылат? – десе.

– Короо кайтарат, үрөт – деп жооп берет кемпир, – кичинесинде тоодон таап алдым эле, эми чоңойгондон бери кутурду, кабанаак болду, же курсагын тойгуза албадым. Эмне берсең ошону алам, балам.

Бала миң дилде берип, итти сатып алат. Аңгыча бир кара мышыкты сатып отурган адамдан:

– Бул эмне деген жаныбар? – деп сурайт.

– Бул – мышык, үй ичине тынчтык бербеген чычканды кармап жейт. Итти деле миң дилдеге албадыңбы. Менин мышыгым да миң дилде, – деди тиги адам.

– Макул – деп, миң дилде берип, мышыкты сатып алды. Андан ары барса, бир адам жылан сатып отурат.

– Бул эмне? – деп дагы сурады бала.

– Жылан – деди.

– Эмне кылат? – деди бала.

– Кызым, аялым экөө отун алып жүрсө, кызымды чагып алыптыр, алса – адам алсын, албаса – өлтүрөм, – деди ал киши.

– Эмесе мен алам, канча? – дейт.

– Миң дилде, – дептир ал адам. Калган миң дилдесин берип, жыланды да сатып алды.

Кечке маал үйүнө келе жатса, ата-энеси экөө тең карап турган болот. Торпоктой чоң бир жаныбарды жетелеп келе жатат бала. Келсе ит.

– Бул эмнең? – дешсе.

– Миң дилдеге ушул итти сатып алдым. Миң дилдеге мышыкты алдым. Миң дилдеге мынабу жыланды алдым, – деди бала. Энеси чалы менен урушат.

– Баланы мурунтан эл көзүнө чыгарып, эл аралатпай, сен кылдың? – деп, кемпир чалын каарып өтөт. Чалдын баласына ачуусу келет, кемпирине да жини келип, үч миң дилдеге ичи күйүп, баласын үйдөн кууп чыгат. Бала итин жетелеп, мышык, жыланын алып кетет.

Кетип бара жатып бир тоонун түбүнө келип, уктап калат, жылан койнунан чыгып ышкырат, түрдүүтамактар даяр болот, ичип-жешип төртөө тоюп алышат.

– Эй, бала, тетиги тоонун чокусун көрдүңбү? – дейт жылан балага – ошону Талчоку дейт, илгери ажыдаар чыккан, ошол жерге жетсек, менин атам бар. Мен сени алпарып, адам кылам – дейт.

– Көрдүм – деди бала.

– Менин атам – жер алдындагы жылан падышасы – Шаамаран, мен ошонун кызы болом. Мына бу итиң – иттин Кумайыгы, мышыгың – мышыктын Күлүстөнү. Кумайыкты жору тууйт. Эки чилде көрүп, анан күчүк болуп жумурткадан чыгат. Ошол Талчокуга Кумайыкты минбесең жетпейсиң. Ал сени жеткириш үчүн ак аркардын этине тоюш керек, антпесек жетпейбиз. Мобу тоонун ар жагында бир башат бар, ошол башатка барып, мен ак аркар суу ичкени келгенде чагам. Сен дароо жетип, мен чаккан жерди кесип ыргыт. Этин Кумайыкка беребиз.

Кумайык ак аркардын этине тоюп, эки күн уктап, анан баланы көтөрүп алып Талчокуга жөнөйт.

– Менин башым каякка бурулса, Кумайык да ошол жакка бурулса, жетебиз, – деди жылан.

Ошентип, Талчокуга жеткенче Кумайык аксап, эптеп жеткирет. Барышса, ак сарай алтын-күмүш, күн тийген, жемиш бышкан бейиштен жыргал экен. Ити аксап, таптакыр баса албай калат. Жылан бир чөптүалып берип, ошону сууга салып сүрттүрсө, буту айыгып калат. Сарайдагы көп сонунду көрүп жүрүп, сонуну таркаганча бир жыл өтөт. Ичкен-жегени сонун, ойногону перинин кыздары.

Бир күнүбаланы Шаамаран жылан падышасы чакыртат:

– Келгениңе бир жыл болду, балам, эмнеге келбейсиң? – деди.

– Ойногонум пери кызы, ичкеним чүйгүн, көргөнүм шумдуктуу алтын-күмүш жасалгалуу дүнүйө болду, келбегенимдин себеби ушул. Кечирип кой, Шаамаран падыша – деди бала.

– Эй, балам, менин кызымды миң дилдеге сатып алып, өлтүрбөй алып келгениңе ырахмат. Эмне аласың? Адам баласына алтын баалуу болчу эле, алтын ал, нечен асыл таштар бар, мундан ал. Перинин кызын кааласаң аны ал – дейт.

– Жок, эчтеме албайм, асман менен учуп жүргөнгө бир ажыдаар бер – дейт бала.

– Жок, бербеймин, – деди Шаамаран, – мен ант кылганмын, илгери мен ооруп, тамырчы адам баласынын сүтүдары дешкенинен бир ажыдаарды жиберип, бир бала алдырдым, ал балага алтын берип, бир кичинекей сүт алып кел, – деп жөнөттүм. Бала барып, бир куурай терип жүргөн жаңы төрөгөн келинден алтын берип жатып, бир азыраак сүт алып келди. Мен ошол сүттөн айыктым. Бала бир ажыдаар сураганын берсем, ал бала эл-журту менен эрегишип, падышаны баш кылып бүт элди сордуруп таштаптыр. Аны билип калып, ажыдаарды алып койдум, ошондон кийин ант кылгам.

– Ажыдаарды атаң бербей койду – деп, ал жигит кызына барат.

– Анда тилинин алдында сактап жүргөн алтын шакеги бар. Ошол алтын шакекти сура, – деди кыз.

Шаамаран падыша алтын шакегин берди.

– Алтымыш күн жанымда бол – деп, алтымыш дуба үйрөттү.

Эл-жерине кетмек болуп, шакекке бир дубасын айтып, көп алтын алып, бала жолго чыкты. Шаамарандын сулуу кызы:

– Башыңа не иш түшсө келип тургун, – деп, коштошуп калды.

Бир жерде бала эс алып отурса, бир чал мал багып жүрөт.

– Ой, балам, кайдан жүрөсүң? – деди чал.

– Атам-энем жок, баласы жокко бала болом, – деди бала.

– Мага бала бол – деп, чал баланы алып үйүнө келди.

– Жашымда куурай алып жүрүп төрөп, жоготуп алдым эле. Эми баламы таап келиптир, – деди кемпири.

Чоң той берет. Бир нече күндөн кийин кемпир:

– Балам, эми келинчек ал, мени казан-аяктан куткар, – деди.

– Апа, анда ханга куда бол, – деди бала.

– Ай, балам, ага колдо жок, бизге хан кызын береби? – дейт.

– өзүң хандын насаатчысың, былжырабай куда түш! – деди чалы.

Ал элдин шарты боюнча куда түшө турган киши үч күн үйдүн тегерегин шыпырат экен. Кемпир бир күн шыпыргандан кийин хан жигиттерине буйрук кылат:

– Ким мага жуучу түшкөнүжатат, билгиле.

Карап турушса баягы акылчы кемпир экен, жигиттери ханга айтып келишет.

– Сиздин акылчы кемпириңиз экен, ханым – дешти жигиттер. Хан кемпирди чакыртат.

– Эй, байбиче, балам жок дечүэмес белеңиз? – деди хан.

– Ооба, жок деп жүрчүэлем. Ушинтип жоготуп коюп, эми таптым баламды, – деди кемпир.

– Болуптур, мен сени чанбаймын – деди да, хан калыңын кесмей болду – жылып аккан суу болсун, сыдыра бүткөн тал болсун, бир жагы май, бир жагы сүт көл болсун. Булбулдары сайрап турсун да, суунун биринин чабагы бирине ыргып турсун. Эшигимдин алдына түн ичинде күндүзгүдөй жарык болсун, даарат алган жерим жакут, көөхар болсун. Малдын эсеби жок келсин – деп, кемпирди узатты. Кемпир капа болуп кайгырып, ыйлап-сыктап үйүнө келди.

– Ыйлаба, апа, – деди бала.

Эртеси хандын айтканын айтканындай кылып алтын шакектин касиети менен орундатат. Хан таң калып отуруп калат. Көп малдын эсебин таба албай элине таратат. Ач көздөрүтөрт-бештен, калгандары эки-үчтөн алышат. Хан кызын балага берет. Отуз күн оюн, кырк күн тоюн өткөрүп, үйлөрүнө жөнөр маал болуп калат.

– Эми жаман үйгө кантип алпарабыз, – деп, кемпир байкуш дагы кайгырат. Чалы ага ачууланат.

– Апа, коркпо! – деди баласы.

үйүнө келишсе, келиштире салынган заңгыраган үй-жай, бардыгы жасалгаланган экен. Ханды кошо чакырып, абдан меймандашат. Хан дагы таң калат.

Ошентип, бала атасы-энеси менен жашап, жатып калат экен.

Сагын Ашырбай уулу,
Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомоктор жана жомокчулар” китебинен алынды
,
“Мурас”

Соц тармактар:

Алтын шакек: 1 комментарий

Добавить комментарий