Кочкор өрөөнүндөгү аламат же Суяб шаарынын жок болуп кетиши

Кириш сөз ордуна

Тарых калыптанып катып калган илим эмес. Ал дайыма өсүп-өнүгүп, улам жаңыланып турчу жандуу билим. Тарых улам жаңы табылгалар менен толукталып, илимий жаңы жетишкендиктерди пайдаланып. жыл сайын башкача изилдөөлөрдү жүргүзүп турат. Тарых илимин, өзгөчө анын кыргыз таануу бөлүгүн алсак, анда ал баягы табышмакта айтылган «ачылбаган сандыктагы бычылбаган кундуздай» бойдон кала берген.

Кыргыздын чыныгы тарыхын изилдөө эми гана жаңы башталып отурат. Биз эми гана өз тарыхыбызды өзүбүз изилдеп, өзүбүз жаза турган мезгилге жеттик. Болбосо мурун биздин тилибизди да, үрп-адат, салтыбызды да, адабият-маданиятыбызды да түшүнбөгөн, кээде түшүнүүнү да каалабаган бөтөн элдин өкүлдөрү үстүбүздөн тон бычып, суук колдорун чыканагына чейин биздин турмушубузга матырып келген. Алар биздин тарыхыбызды каалагандай калчап, оюна келгендей бурмалап, тарыхый маалыматтарды өз кызыкчылыктарына пайдаланып жүрдү.

Эми биздин тизгинди өз колубузга алганыбыз ошол тарых бурмалоочуларга, албетте, жакпайт. Бирок биз алардан эч коркпошубуз керек, аларга кылчактап карай бербешибиз керек, биз алардын мазактап-шылдыңдагандарына так жана таамай жооп беришибиз керек. Кыскасын айтканда, аларга биз өтүгүн төргө илдиртпешибиз керек. Анан… Анан негизи биздин көп иштешибиз зарыл, башка элдер менен тең ата сүйлөшкүбүз келсе, анда биз дагы далай-далай кадамдарды жасашыбыз зарыл. Жолду баскан арбытат, ошондуктан алдыга жыла берели…

Мына ошондой кадамдардын бири катары биз азыр «Ыйык мурас» коомдук ассоциациясынын президенти Кайырбек Коңурбаевге сөз тартуулайбыз.

Турусбек Мадылбай,
“История Кыргызстана и кыргызов”
рубрикасынын алып баруучусу

 

Кочкор-Башы
Кочкор-Башы шаар сепилинен көрүнүштөр

Кочкор-Башы (Төрт-Күл, Кырк Чоро) шаар сепилинин тарыхынын жана пайда болушунун кандай сыры бар? Дегеле Кочкор өрөөнүндөгү орто кылымдагы шаарлардын тарыхтагы өз орду эмнеге так көрсөтүлбөй келген? Мына ушул суроолорго жооп издеп жана ошол шаарлардын азыркы чалдыбарлары дайынсыз жок болуп кетүү коркунучу алдында тургандыгын эске алып, коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн көптөгөн чыгармаларды, тарыхый маалыматтарды издеп окуп, ушул макаланы жазууга аргасыз болдук. Ошондой эле биз бул өрөөндөгү шаарлардын так аттарын изилдөөнү дагы максат кылдык. Биз сунуштаган ушул гипотезаны тарыхчы окумуштуулар кабыл албашы мүмкүн, бирок ага карабай биз ушул изилдөөнү көпчүлүккө жеткирүүгө аракет кылмакчыбыз.

Борбордук Азия тарыхы боюнча илимпоз Василий Бартольд айткандай: “Тарыхчынын милдети — эмне болушу мүмкүн же мүмкүн эмес дегенди иликтебей, эмне болгонун тастыктоодо турат”. Окумуштуунун таамай айтканын эске алсак, анда кыргыз элинин реалдуу тарых таржымалын калыбына келтириш үчүн байыркы жана орто кылымдардагы жазма булактарын изилдеп чыкканыбыз оң. Биз ар түркүн булактарда камтылган даректерди иликтегенде гана кыргыз элинин нукура тарыхый илимин түзө алабыз.

Махмуд Кашгаринин ХI кылымдагы ааламдын картасында Кочкор-Башы (Кочңар-Башы) Кочкордогу (Йарышдагы) шаарлардын бири деп жазылган. «Занби-Арт Кочңар-Башы менен Баласагундун ортосундагы бир ашуунун аты» (Махмуд ибн Хусейин Кашгари. Түркий тилдер сөз жыйнагы. «Кыргыздар» жыйнагы, Бишкек, «Кыргызстан», 1993, 459-б.).

Тарыхта Кочкор өрөөнүндө бештен ашык шаар болгон деп айтылат. Алар Кул-шуб, Жул-Шуб, Кулан, Касра-Бас, Кочкор-Башы (Кочңар-Башы, Кужңар-Башы) жана Суяб.

Орус тарыхчысы Н. Ф. Петровский да ал шаарлар Александр тоо кыркасынын (Кыргыз Ала-Тоосунун) түштүк жагында жайгашкан деп жазган (В. В. Бартольд. «Шам» басмасы, 1996-ж., 399-бет.)

Кочкор-Башы же Кочңар-Башы (Төрт-Күл, Кырк Чоро) шаар чалдыбарын изилдеген адам болгон эмес. Орус чыгыш таануучусу В. В. Бартольд 1897-жылы бул шаар жөнүндө угуп, араба жол жок болгондуктан келген эмес. 1937-жылы Зимма, 1944-жылы А. Н. Бернштам келип, сепилдин дубалына салынган күмбөздөрдү сүрөткө тартып, 18-19-кылымдардагы кыргыз ак сөөктөрүнүн мүрзөлөрү экенин аныктаган. Дөңсөлүү дубалы бар 12 кылымдагы шаардын калдыгы бар экен дешкен. Суяб шаары караханиддердин канн ордосу деп тарыхта жазылат. Карлуктардын, түрктөрдүн, түргөштөрдүн ордосу делет. Балким, бул шаар Кыргыз каганатынын кан ордо борбор шаары болуп жүрбөсүн? Бул шаар эмне болуп жоголуп кетти? Эмне себеп болду? Белгисиз…

Суяб шаарынын жок болуп кеткени жөнүндө СССРдин байыркы шаарларынын тарыхы боюнча жазылган тизмеде эмне болуп жоголгону белгисиз деп турат.

Тараз педагогика университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору С. Байтлен Суяб Х кылымда жок болуп кеткен, ал кайда деген суроо узатат.

Казакстандын окумуштуусу, тарыхчы К. М. Байпаков түрк каганатынын ордосу Суяб шаары Х кылымга чейин кытай жана араб саякатчыларынын эмгектеринде жазылып, андан кийин жок болуп кеткен, ал кайда деп жазат.

В.В.Бартольд Суяб шаарын адегенде Чүй суусунун баш жагынан издегиле деп коюп, кайра айнып Токмок шаарынын жанындагы Ак-Бешим сепилинин чалдыбарын болжолдогон.

Н.А.Аристов Суяб шаарын Кичи-Кеминдеги Кара-Булак айылынын жанынан издегиле деген. Кара-Булактагы сепилдин көлөмү жагынан кан ордого ылайыгы жок, кичине жана Чүй суусунан 3 чакырым алыс жайгашкан.

А. Н. Бернштам Чоң-Кемин өрөөнүнүн ичиндеги Шабдан (Новороссийка) сепил чалдыбары менен байланыштырган. Сепил Чүй суусунан 25 чакырым алыстыкта.

П. Н. Кожемяко сепилди изилдегенде 8-11-кылымдын маданий катмары жок экенин аныктаган.

Көпчүлүк тарых изилдөөчүлөр Токмоктун түштүк-батышындагы Ак-Бешим шаар сепилинин чалдыбарын Суяб деп келишет. Бул божомол Ак-Бешимдин аянты жана археологиялык изилдөөлөрдүн материалдарына таянып, 10-11 кылымдарда тарыхый жазмаларда жана географиялык чыгармаларда Суяб жоголгондугуна байланыштуу маалыматтардан улам пайда болгон. Ак-Бешимди изилдеген Л. Р. Кызласов караханиддерге тийиштүү артефактылардын аз экендигин жана бул шаар сепили Суяб эмес экендигин ачык эле айткан.

Эрте орто кылымда Суяб шаары Орто Азиядагы негизги шаарлардын бири, Жети-Суунун, Батыш түрктөрдүн, Түргөштөрдүн жана Карлук каганаттарынын борбору болгон.

Суяб шаары жөнүндө 630-жылы будда кечили Сюань Цзань Индияга бара жаткан жолдо Суйе дарыясынын жээгинде Суяб шаарын таптым деген. Шаар айланасы менен 6-7 ли экенин, ал жерде ар жактан келген соодагерлер жана согдалыктар жашаганын көргөнүн баяндаган. Суябдын айланасындагы шаарлар жана турактардагы адамдардын жашоо-турмушун, кийген киймин, каада-салтын сүрөттөп, шаарларда кол өнөрчүлөр жана соодагерлер жашаганын да жазган

В.М.Массон жана В. Д. Горячеванын эмгектеринде Сюань Цзань Суйе Шуй коңшу мамлекеттердин соодагерлери чогулган жер, түрк, түргөштөрдүн кагандарынын жана карлук башкаруучуларынын борбору Суябды Ысык-Көлдүн батышынан, Чүй суусунун башынан тапканын жазат.

Томашек Суяб Ысык-Көлдүн батышында деп окуйт (В. В. Бартольд. «Шам» басмасы, 1996-ж., 292 бет.).

Ибн-Хордадбек жана Кудамалар да Суяб шаарын Ысык-Көлдүн батышында деген жыйынтыкка келишкен.

«Сюань Цзань, достигнув юго-восточного берега Иссык-Куля, проехал 500 ли вдоль берега озера и дальше на северо-запад до упомянутого города.

Из этого видно, что город, как заставляет предполагать уже его название, следует искать на берегах Чу. (В. В. Бартольд. «Шам» басмасы, 1996-ж., 400-бет.).

Чүй (кытай тарых булактарында Суйе, Суйше) монголдордун келишине чейин мусулман адабиятында айтылбайт, бирок шаардын Суяб аталышы (суй — «вода» + перс. Аб — «река») дарыянын аты менен байланышкан (В. В. Бартольд. «Шам» басмасы, 1996-ж., 366-бет.).

Түрк көчмөндөрүнүн борборлору дыйканчылык жана шаарлар жайгашкан Кочкор өрөөнү менен Чоң-Кеминдерге жакын жайгашкан (В. В. Бартольд. «Шам» басмасы, 1996 ж. 292 бет.).

В. Д. Горячева Суяб жана Ордо жөнүндө ар түрдүү ойлор бар экенин, жайгашкан жери так аныкталбагандыгын бир маалыматта Чүй суусунун сол жагында десе, экинчисинде оң жагында дешкенин, кээ бир маалыматтарда «Кара-Ордо», кээ биринде «Күз-Ордо» дешкенин жазат. Кытайдын Тан императорунун сарайындагы чиновниктер жана саякатчылар Тунук-Көлдүн (Ысык-Көл) батышынан 100 лиден (50 км) кийин Суйе дарыясында Суйап шаары турат деп жазышкан (В. Д. Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли. Фрунзе. 2010 ж.).

Эч качан Чүй өрөөнүндөгү шаарлар Кара-Ордо жана Күз-Ордо деп аталышы мүмкүн эмес, Kүз-Ордо жана Кара-Ордо деп аталуу Чүй суусунун башындагы ордо кент Суяб шаарына карата айтылган, себеби ар тараптан келген кербендер жана жолоочулар кыштын күнү кар баскан өрөөндөрдөн кар жатпаган кара Кочкор өрөөнүнө келгенде кар деңизинен өтүп келдик деп Суябда өргүү кылышкан. Ой, бул жерде кыштын күнү, күздүн күнүндөй турбайбы, жер кара экен дешип хандар, бектер, султандар кышында Кочкор өрөөнүнө кышташкан.

Каган Цзетань тоосунда эл башкаруучуларды дайындаган. Цзетань тоосу ыйык эсептелинип, ага түрктөр да, согдалыктар да сыйынган. Түрктөр ал тоону Узун-Агач, Узун-Арж деп аташкан. Кыргызча Узун-Адыр, Узун-Дөбө (В. Д. Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли. Бишкек, 2010.).

Бул тоону азыркы Кочкор-Ата мазары десек болот. Кочкор-Башы (Суяб) шаарынын түндүк-батышында байыртан бери бул тоого сыйынып, кан көтөрүү ырасмиси өткөрүлүп келген. Кочкор-Ата мазарына азыр да бөтөнчө совет мезгилинен кийин келип сыйынуу көбөйдү. Кыргыз элинин башы көрүнгөн атка минер чиновниктеринин бири калбай мазарга сыйынып кетишет. Кан-Такты деген ташка отуруп кетишет. Ал эми Ак-Бешимде андай тоо жок. Узун-Агач тоосу Казакстанда Алма-Атадан 45 км бери турат. Ал жерди да ыйык дешет, бирок Суяб шаарынан алыс. Ал эми ыйык тоо жана ал тоодо кандар такка отуруу ырасмисин жасоо өткөн деп жазылганы да чындык. Азыркы Кочкор-Ата мазары өз кызматын аткарып келет. Кыргызда айтылат: эгерде бала сурасаң Манжыл-Атага, мал сурасаң Чолпон-Атага, бийлик сурасаң Кочкор-Атага бар дейт. Илгертен ушул тоодо кан көтөрүшкөн. Ошол ыйык тоонун батыш жагында Ортоктун тоосу (Кара-Тоо) бар, бул тоодо кийик-бугулар көп болгондуктан колго үйрөтүп алуу дагы болгон. Бул тоонун түштүк жагындагы айыл Бугучу деп аталып калышы бул жерде марал жана бугу-кийиктерди кармоо жана атып алуу менен алектенген эл жашаган. Кандар үчүн Ортоктун тоосу корук болуп, кийиктерди аттырбай корушкан. Н. А. Аристов жана Семенов-Тяншанскийлер жазган Орток-Тоо (Кара-Тоо) ушул.

(уландысы бар)

Кайырбек Коңурбаев, “История Кыргызстана и кыргызов”, 19.01.2015-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий