Тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин: “Сындардан эч качан коркпошубуз керек”

choroteginБелгилүү тарыхчы, чыгаан журналист, публицист Тынчтыкбек Чоротегин Теңир-Тоо жергесинин сыймыктуу уулдарынын бири. Турмуштук оң маанайдагы көз караштары, кыргыз тарыхына, кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошуп келе жаткан зор салымдары менен өлкөбүздө төбөсү көрүнүп, кадыр-баркы артылып келет. Төмөндө Тынчтыкбек Чоротегин менен маекке орун берсек.

— Алгач сиз жетектеген “Кыргыз тарыхы” коомунун аткарып жаткан иштери тууралуу айта кетсеңиз?

— “Кыргыз тарыхы коому” оболу 1989-жылы 3-июнда “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” деп түзүлгөн. Кийин 1995-жылы “Кыргызстан тарыхчылар коому” болуп калган. Ал эми 2012-жылдын 11-февралында “Кыргыз тарыхы коому эл аралык коомдук бирикмеси” деп кайрадан аталып, юстициядан каттоодон өттү. Эл аралык статус алып, чет өлкөлүк бир катар илимий мекемелер менен тыгыз иштешип, археологиялык, этнографиялык жана башка экспедициялар уюштурулуп жатат. “Кыргыз тарыхы” коомунда жүргүзүлүп жаткан жакшы иштер бар. Маселен, археолог Кубатбек Табалдиев “Агахан” университетинин колдоосунда окуучулары менен биргеликте Нарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, ачык асман алдында музей куруу тууралуу кызык идеяларды айтып жатышат. “Кыргыз тарыхы” коомунун өкүлдөрү Кыргызстандын жер-жерлеринде, маселен, Нарында, Баткенде, Кочкордо, Көлдө жана башка аймактарда тарыхый эстеликтерди сактоо боюнча иш жүргүзүп жаткан, ар кандай археологиялык мурастарга кайдыгер карабаган, демилгелүү мыкты атуулдарды көрүп, аларды видеого чагылдырып, даректүү фильм даярдады. Бул документалдык фильм илимий конференцияларда, сыналгыда көрсөтүлдү.

— “Кыргыз тарыхы” коомунун тарыхчылары Кыргызстандын азыркы тарыхын кайрадан жазып жаткандыгы тууралуу окурмандардын кабары бар. Азыркы тарыхтын буга чейинки жазылган Кыргызстандын тарыхы китептеринен өзгөчөлүгү эмнеде?

— “Кыргыз тарыхы” коомунун чыгармачыл тобу биринчи жолу 2012-жылы июнь айында депутат Алтынбек Сулайманов жарыялаган конкурста жеңип алып, азыр жети томдук тарыхты жаңыча жазуу боюнча иштер жүрүп, соңуна жакындап калды. Буюрса, быйылкы жылы окурмандардын колуна тиет го деген үмүт бар.Өзгөчөлүктөрүн айта кетсек, маселен, Энесай кыргыз каганаты жөнүндө 1984-жылы чыккан Кыргыз ССР тарыхы деген орусча академиялык басылмада бир дагы параграф жазылган эмес, атүгүл кичинекей бөлүм да арналган эмес. Ал эми бул жаңы жети томдукта атайын бир томдук, Энесай кыргыз каганаты, андан кийинки Сибирдеги кыргыздардын тарыхы, Барсбек, Эренак сыяктуу мыкты чыгаан инсандар, дипломаттар тууралуу, улуу кыргыз дөөлөтү жөнүндө абдан кеңири маалыматтар камтылган эмгек, андан тышкары, караханийлер каганаты жөнүндө жаңыча жазылып атат. Быйыл Жусуп Баласагындын шарттуу миң жылдык мааракеси белгиленет, ошого карата бул доор кеңири изилденүүдө. Бул дагы кыргыз тарыхынын орчун бөлүгү. Андан тышкары, мурда совет доорунда Кокон хандыгын кыргыздарга чоочун мамлекет деп эсептеп жүрүшсө, биздин жети томдукта Кокон хандыгынын тарыхы Кыргыз тарыхынын бөлүгү катары каралып жатат. Себеби Кокон хандыгында ферганалык кыргыздар, алайлык кыргыздар бул хандыкты башкарууда алдыңкы орундарды ээлешкен. Маселен, Талас жергесинде чоңоюп өскөн Шералыны хан кылып көтөргөн кыргыздар болгон. Ушул сыяктуу окуяларды биз жаңыча таразалап чагылдырабыз. Мурда басмачылык кыймылы жалаң душмандар катары көрсөтүлсө, азыр кыргыздын эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн интеллектуалдар болгондугун айтып жатабыз. Мурда эмгек фронтуна кеткендер кара тизмедеги кишилер сыяктуу баалашса, азыр анын дагы бир чоң барагы болгондугу көрсөтүлүүдө. 1930-жылдардагы репрессияланган кыргыздын чыгаан инсандары азыр кайрадан таразаланып, кыргыздын баатырлары, кыргыздын айдыңдары катары кайра жакшы жагынан көрсөтүлүп жатат. Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Жеңижок сыяктуу чыгаандар, мыктылар азыр өздөрүнүн татыктуу ордун алып, чагылдырылды. Андан тышкары, албетте, кийинки эки элдик ыңкылапты дагы калыс таразаладык. Азыркы күндө Кыргызстан парламенттик демократиялык багытта кетип атат. Мына мунун өзү дагы тарыхый шартталган окуя экени көрсөтүлдү. Европада эле эмес, Монголияда дагы парламенттик демократия орун алган. Ал эми бизде Кыргызстандын өзүндө ушул жаңы жолго Борбор Азиянын ичинен биринчи жолу кирип жатканыбыздын өзү дагы сыймык, бул дагы тарыхта чагылдырылып жатат.

Учурдагы дүйнөлөшүү, ааламдашуу деп аталган процесске алакандай Кыргызстан дагы кааласа да, каалабаса да сүңгүп кирип бара жатат. Бир жагынан батыштын агымы каптаса, экинчи жагынан араб дүйнөсүнө эшигибизди ачып, кытайлар кызыгып дегендей, таасири тийбеген мамлекеттер жокко эсе болуп калгандай. Ушундай жагдайда кыргыз улуту кыргыздыгын, нукуралыгын жоготуп койбойбу?

-Дүйнөлөшүү жараянында кыргыздын өзү да чет өлкөгө чыгып жатат. Азыр тээ Австралияда, Африканын көп өлкөлөрүндө, латын Америкасында дагы кыргыздар бар экендигин мурда “Азаттыкта” иштеп жүргөндө “Азаттыкты” кайсы өлкөлөрдөн кимдер угат?” деген автоматтык түрдө жазылган көрсөткүчтөн көрүп таң калгам. Биз бардык жактарда бар экенбиз, Антарктидада гана кыргыздар жок экен, калган бардык жактарда кыргыздар жашап, эмгектенип жатышат. Алар эне тилиндеги үналгыны угуп жаткандан кийин өздөрүнүн маданиятын, салтын сактап, кыргыз экендигин унутпаган кишилер, алар чет жерлерде, ошол эле араб өлкөлөрүнүн бир нечесинде, Сауд Арабстанда ж.б. мамлекеттерде кыргыздар жүрүшөт. Албетте, булардын ичинен Сирияга барган кээ бир кыргыздардын террорчулук менен байланышканы бушайман кылат. Болбосо, иш жүзүндө кыргыздардын чет өлкөлөргө барганынын өзү тажрыйба, билим, алардын өлкөгө кайтып келип, мекенди өнүктүрүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол сыяктуу эле дүйнөнүн ар кыл бурчтарынан бизге келип жатышат. Мына Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм үчүн өтө ыңгайлуу шарттары бар деп көрсөтүлүп жатат. Нарынга да абдан көп туристтер келди, мен тээ жайында велосипед тээп, Испаниядан келген баск деген этностун өкүлдөрү болгон он сегиз, он тогуз жаштагы эки кызды көрүп, ушунчалык ыраазы болдум. Алар Кыргызстанды үйрөнгүсү, көргүсү келет, Кыргызстан чет өлкөлүктөр менен жакшы кызматташып, көп тарамдуу дипломатиялык ишмердиги менен өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн алып жатат. Биз башкысы, дүйнөлөшүү учурунда мамлекетибизди чыңдашыбыз, экономиканын өз алдынчалыгын кармап калышыбыз керек. Руханий, маданий көпүрөлөрүбүздү арбытып, көбөйтө беришибиз керек, ошондо өзүбүздү өзүбүз сактайбыз.

Кыргыз тили азыр интернетке кирди, “гуглга” дагы кыргыз тилинде чыга тургандай кылып, котормо иштери жүрүп жатат. “Википедияда” кыргызча көп макалалар пайда болду. Мунун өзү дүйнөлөшүү жараянына кыргыздар өздөрү дагы даяр болуп калгандыгын көрсөтүп жатат. Биз коркпой эле дүйнөлөшүү жараянына кулач жайышыбыз керек. Биздин балдарыбыз Чынгыз Айтматов айткандай, жок дегенде төрт тилди: эне тилин, орус тилин, бир батыш, бир чыгыш тилин билиши керек. Ал эми төрт тилди билген киши алты-жети сегиз тилди оңой үйрөнүп кетет. Биз кичинекей эл деп өзүбүздү коркок билиштик менен карай бербестен, кичинекей мамлекеттер да дүйнөгө жакшы чыгып жатканын билебиз. Мисалы, Люксембург, Белгия деген чакан өлкөлөр өз эгемендигин сактап, бакубат жашап жатышпайбы. Мына Литва, Латвия, Эстонияны деле карайлы, эстондордун саны кыйын болсо бир миллион үч жүз миң экен, кыргыз беш миллион болуп калдык, демек, биз чакан эл эмеспиз, биз башкалар менен тең ата мамлекет, тең ата элбиз, ошондуктан, эмгекчилдик, билим, эл аралык карым-катнашка даяр болуу биз үчүн өтө маанилүү.

— Кыргыздын душманы кыргыз деп калабыз. Бул терс сапатыбызга кандай баа бересиз?

-Негизи кыргызда атаандаштык өзү өнүгүүгө шарт түзөт. Көп партиялуулук сөзсүз түрдө атаандашууну шарттайт. Мунун өзү жакшы. Баары тең сонун деп, кошомат кылып, көшөкөрлүк кылгандай болбой, кыргыздар эмнеге бет алса тайманбай чыгат. 2010-жылы Максим Бакиевдер бүт өлкөнү сызга олтургузаарда Нарында демонстрация болуп, эл Максим Бакиевге “кетип кал, өлкөдөн” деп ачык эле айтып, демократияны талап кылып чыкпадыбы. Ажодон коркпой, пикирин айтуу жагынан бизде жакшы тажрыйба бар. Албетте, кээде таптакыр жөнсүз сын айтып, эч кандай жүйөсү жок эле жаманаттыга калтыра берген кээ бир кишилер болот, бирок, алар эл эмес, алар элдин ичинде кээде жолукчу кишилер. Жалпысынан элде ушундай жакшы деңгээлдеги атаандаштык аркылуу өнүгүүгө жол ача турган мүмкүнчүлүк бар деп эсептейм. Ошондуктан, сындардан, түрдүү пикирлерден биз эч качан коркпошубуз, тескерисинче, ошону чыңдашыбыз керек.

— Теңир-Тоо жергесинин кулуну катары эмнеден уялып, эмнеге кубанасыз?

— Бизде ГЭСтердин системасы жакшы курулуп калса, бул элибиз үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот. Жакшы стандарттагы жолдор курулуп, бир-эки жылдын ичинде бүтүп калса, бул дагы дурус болчудай. Анан албетте, баягы эле жумушсуздук маселеси, кээ бир адамдар жанталашып, арга издеп, жаңы технология менен дыйкан чарбасынын өнүмдөрүн (продуктыларын) иштетип чыгуу үчүн аракет кылып атат. Кээ бирөөлөр “өкмөт бизге жардам бербей койду” деп жалкоолук кылып жүргөн учурлар да бар. Менимче, мээнеткеч, мыкты чарба ээлери малдын артынан байып келе жатышат. Ал эми “алма быш, оозума түш” дегендер кыйналууда. Бирок, мындай адамдардын саны азаят го дейм, себеби, кийинки муундар тирикарак чыгып атышат. Азыр абдан көп бизнесмендер Нарындан, Теңир-Тоо жергесинен. Албетте, алар өздөрүнүн капиталын Нарынга эмес, сыртка жайгаштырып жатышат, муну да моюнга алыш керек. Теңир-Тоого көп инвестиция керек. Сырттан тажрыйба алган атуулдар жакшылап аракет кылса, Нарынга, сөзсүз эле экономикалык эмес, руханий инвестицияларды алып келишсе, жакшы болот эле деп эсептейм.

— Теңиртоолук эл-журтуңузга каалоо-тилегиңиз?

— Кирип келген кой жылы жакшылыктын жылы болсун, элибиз ынтымакта, биримдикте болуп, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн жакшы пайдубалды чыңдап берсин. Ар бирибизге ден соолук, бакубаттык, жаштарга жогорку максат-мүдөөнү кое билип, ошону жүзөгө ашырууларын тилейм.

“Теңир тоо”, 22.01.2015-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий