Жалалидин ЖЭЭНБАЙ “Эртең куйрук жегиң келсе, бүгүнкү өпкөдөн баш тарт” дейт, кыргыз!

jeenbay3

1-маек

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ агабыз учурда Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде эмгектенген мекендешибиз экенин гезиттин өткөн санында маалымдаганбыз. Бу жолку маегинде бүгүнкү күндөгү коомдук процесстерге болгон көзкарашын жана элибиздин кулк-мүнөзүнө таандык сапаттар туурасында кеп учугун баштайт…

– Адегенде өзүңүз туурасында атпай-журтка азын-оолак баян куруп бербейсизби. Америкада, кийин Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде кантип иштеп, кантип профессор наамын алдыңыз?

– Олжобай иним, мен мурда Америкага барып жашайын же иштеп калайын деп план да, аракет да кылган эмесмин. Тек гана Америкадан үйрөнө турган нерселер көп экенин жакшы билчүмүн. Турмуштун дээрлик бардык тармактарында Америка ийгилик жарата алган өлкө. Ошонун ичинде билим берүүнү жана илимди уюштурууда да алдыда экенин билебиз.

Мен адис катары Европа жана Американын билим берүү ишиндеги алгылыктуу жактарын Кыргызстан үчүн өздөштүрүүгө абдан кызыгып, аны ишке ашыруу үчүн кыйла аракеттерди жасап келгем. Ошентип жүргөн кезде жашыл карта лотереясы чыгып калды да Америкага кете бердим. Башында бир-эки жыл алардын агартуу системасын деталдуу үйрөнүп, тажрыйба топтоп, кайра келем деп ойлодум эле. Бирок реалдуулук башкача болду: ошондон бери көз ачып жумганча жети жыл өтүп кетиптир.

“Аракет кылсаң берекет” деген ошол тура. Адистигиңди өнүктүрүп иштей берсең, сага кызыккандар да көбөйөт экен, үкам. Мен былтыркы жылдан бери Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Зайд университетинде ассошиейт профессор статусунда жаңы жумуш баштадым. Бул окуу жайына ишке кирүү канчалык катуу таймаш экенин айтып отурууну ашыкча го деп ойлойм…

Аталган университет туурасында бирэки ооз айта кетсеңиз…

– Зайд университети БАЭдеги үч мамлекеттик университеттин бири. Ал эмираттардын түзүүчүсү жана биринчи президенти, шейх Зайд ибн Султан Аль Нахйяндын ысмынан коюлган. Бул университетти жаштардын келечегин ойлоп, алардын дүйнөлүк деңгээлде жогорку билим алуусуна толук жана өзгөчө кам көрүүнүн үлгүсү десе болот. Бул жерде түзүлгөн шарт өнүккөн өлкөлөрдүн деле бардык университеттеринде кездеше бербейт. Аталган окуу жай Америкадан аккредитация алган жана ал мамлекеттин системасын колдонот. Өтө чоң амбициялуу максаттарды алдына койгон. Бул жерде өнүккөн өлкөлөрдүн университеттеринде биртоп жыл иштеп, тажрыйба топтоп келген гана адискөй мугалимдерди ишке тартышат. Мисалы, биздин математика жана статистика кафедрабызда профессорлордун токсон пайызы чет өлкөлүк, Түндүк Америка, Европа, Австралия, Жапония, Түштүк Корея ж.б. мамлекеттерден келгендер.

Мен үчүн мындай жагымдуу мулти-маданияттуу чөйрөдө иштөө өзүнчө эле чоң ыракат. Мугалимдердин жумушка болгон мамилеси да эң жогорку деңгээлде. Ар бири милдеттүү ишине өзүнүн жеке профессионалдык тажрыйбасынан чыгарган өзгөчө салымын кошконго аракет кылат.

– Четте илим-билим жолу менен жүргөн өзүңүзгө окшогон адамдар аз, өзгөчө сиздин муундагылар арасында. Албетте, жаштар окуп-чокуп атат деңизчи, бирок сиздин куракта бөтөн эл, бөтөн жерге барып профессор наамына жетиш кыйла оор болсо керек?..

– Америкада биз тараптан баргандардын адистиги боюнча иш табуу кыйынчылыктары жөнүндө кинолордон көргөндүрсүң. Албетте, оңой эмес, бирок таптакыр мүмкүн эмес дегенге да болбойт. Мен жумушка орношуудагы тоскоолдуктарды экиге бөлөөр элем. Биринчиси, бул англис тилин билүү. Айрыкча мугалим болуп иштөө үчүн тилди өтө жогорку деңгээлде колдоно билүү талап кылынат. Бирок мага бул тоскоолдук жеңилирээк болду. Себеби ал өзүмдөн гана көзкаранды эле. Ооба, мендей 40 жаштан өтүп калган кезде чет тилди профессионалдык деңгээлде өздөштүрүү оңой эмес, анан калса мен мектепте да, университетте да англис тилин окуган жан эмес элем. Ошого карабай күндөп-түндөп убактымды үлөштүрүп иштеп, керектүү деңгээлде көжөлүп, көгөрүп артынан түштүм. Экинчиси, эң оор тоскоолдук болду. Ал – квалификацияны тастыктоо болчу. Анын негизгиси – дипломдорду таануу. Мен чет өлкөдөн диплом алган эмесмин. Жогорку билимим Кыргыз Мамлекеттик Университетинен, ал эми кандидаттык диссертациямды Кыргыз илимдер академиясында коргогом. Ошол документтерди таанытуу абдан көп энергияны алды.

– Америкада биздин дипломдорду таануу кандай негизде жүргүзүлөт? Муну сураган себебим: ал жактарга барып иштегиси келген айрым мекендештерибизге мүмкүн пайдасы тийип калабы дегеним да…

– Америкада чет элдик билим квалификацияларын көзкаранды эмес адис уюмдар баалашат. Алар жеке адамдын дипломун эмес, ошол диплом берген мамлекеттин билим системасын баалашат, ошонун негизинде жыйынтык чыгарышат. Мисалы Америкада мен кайрылган эки уюмда Кыргыз Республикасында аспирантура жана кандидаттык диссертацияны коргоо – алардын ПхД даражасына татыктуу деңгээлдеги квалификация эмес деп эсептешет экен. Негизги аргумент – алардыкындай эки жыл бою окутулуучу докторлук деңгээлдеги курстардын бизде жоктугу. Ошондуктан кандидаттык даражамды Американын докторлук даражасына эквиваленттүү дегенди өткөрүү өтө кыйын болду. Аларга билимим тууралуу кошумча маалымат жеткирүүгө туура келди. Мында менин айрым күчтүү аргументтерим чоң жардам берди десем болот. Алар мисалы, диссертациямдагы натыйжалар ошол заманда эле англис тилинде үч макала болуп чыгып калганы; мен аспирантурада Латвия университетинде болгонум жана илимий жетекчим профессор А.Шостак дүйнөгө таанымал математик болгондугу; ал жөнүндө маалымат интернетте оңой эле табыла тургандыгы болду.

– Ошондон кийин анан ишке алышкан экен да?

– Ошондон кийин гана жумуш үчүн таймашка катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Америкада бардык деңгээлдеги жумуштар атаандаштык аркылуу берилет, а Кыргызстандын окуу жайларынын бүтүрүүчүсү үчүн жумуш издеп, аттаандаштыкка туруштук берүү мүмкүн эместей эле нерсе. Мисалы, туруктуу профессорлук орунга 100-200, кээде андан да көп адамдан документ түшөт. Ошондо реалдуу кандидат болсоң, сен жөнүндө баарын билгилери келет, анын ичинде окуган жерлериңе чейин кызыгышат. Ошондуктан Американын университетине мугалимди жумушка алуу өздөрү үчүн да узак убакытты талап кылган процесс.

А Кыргызстанда болсо илимий даражаны сатып алып деле профессор же академик болуш катардагы адамдын колунан келген иш болуп калды да бүгүн…

– Бул терс көрүнүш коомго жалпы таасирин тийгизип келатса, мага да жекече таасирин абыдан көп тийгизип жүрөт. Себеби мен чет элдик билим берүү системасынан жумуш издеп жүрөм, барган жерде каяктан экенимди көрүшөт. Өзүң ойлоп көр, тандоочу комиссиянын алдында 200 документ турса, кайдагы бир күмөндүү жерде окуп-чокуп документ алган адамды ким тандап алгысы келет? Билим берүү системасынын канчалык деңгээлде коррупциялашып кеткени интернеттен дароо эле табылат. Окууда бааны сатып алуу; илимий эмгектерди көчүрүп алуу; пара менен жактоо сыяктуу көрүнүштөр батыштын адамдары үчүн акылга сыйбаган нерсе.

– Четте жүрүп өз элиңиз менен мекениңиздин өнүгүү жолу эмне себептен улам бечелдик абалдан чыгалбаганын баамдадыңыз?

– Сен мага Салижан Жигитов агайыбыз жөнүндө адамды абдан таасирленте турган окуяларды айтып бербедиңби. Мен ал киши менен жолугушкан эмесмин, бирок эл катары анда-санда жазгандарын окуп калчумун. Ал кезде мен маани берчү эмес экем. Сенин айткандыңдан улам ал адамдын канчалык кыраакы, терең инсан болгондугун түшүнө баштадым. Ал кишинин жазгандарынын кээсин эми эстедим. Анда Кетмен-Төбөдө бир кыргыз болуштун “мен пара алам” деп, аны бир табигый нерседей айтканын орус изилдөөчүсү жазып калтырганын сөз кылган эле. Көрсө С.Жигитов мурда эле биздин элде паракорлук сыяктуу моралдык проблемалардын тамыры алда канча тереңде экенин айтчу тура. Ал биздин маданиятыбызга, күнүмдүк жашоодогу моралдык нормаларыбызга капкачан эле чырмалышып, тамырлашып, тамырлаганда да бутактын ичине чыкпас болуп кирип алган зым сыяктуу өзөгүбүзгө оролушуп калганынан кабар берет. Мисалы, ошол советтик кездерде деле “ой баланча азамат экен, баласын ОБХССке киргизип койду”, “кыйындыгын карап кой, Фрунзеге өзү барып баласын окууга киргизип келди. Кыйын деп ушуну айт”, “азамат экен ГАИде эки жыл иштебей атып зыңкыйган үй куруп койду” сыяктуу сөздү эрөөн-параан көрбөй айта беришчү.

– Азыр деле айтышат…

– Көрдүңбү?!. Биздин шорубуз ушунда жатпайбы! Адамдын акылын балалыктан өйдө карай жетелеген нерсе “эмне үчүн?” деген суроо. Биз өзүбүзгө өзүбүз ушул суроону берип, ага жооп бергенге аракет кылбасак, деградацияга кептелебиз. Себеби коом бир орунда турбайт. Коом же алдыга жылат же артка кетет. Эмне үчүн бизде ар кайсы даража пулга сатыла турган болуп калды?Салижан Жигитов жоопту тарыхтан изде деп какшап кеткенсийт бизге. Жогорудагы мисалы менен ал киши ар балээнин тамыры мурунку турмушта болорун эскерткен.

Эгер чыдап угар болсоң, мен бир-эки илимий көзкараш жөнүндө айтып берейин. Бир нече жыл экономист болуп эмгектенген адам катары ушул жаатка тиешелүү мисал айта кетейин. Улуттук маданияттын (буга биз театр, филармония сыяктуу көңүл ачуу тармагын кошпойлу), экономиканын ирденүүсүнө чечүүчү ролу өтө маанилүү көп илимий изилдөөлөр бар. Ал изилдөөлөр улут баалуулуктары, менталитети, турмушка болгон мамилеси, көндүм адаттарына байланыштуу. Ушул факторлор ошол коомдун экономикасынын өнүгүшүн же тескерисинче артта калуусун шарттайт. Мисалы, биздин экономиканы аксаткан жана өз тарыхыбыздан келген бир өзгөчөлүгүбүз бар. Эгерде байлыкты түз сызыктын бир башына койсок, экинчи башында кедейлик турат. Кедейликтен кутулуштун бирден-бир жолу – байлыкка умтулуу. А байлык топтоо сарамжалдыктын гана натыйжасы болорун билебиз. Эми эмне үчүн кыргыздар башка улуттарга караганда кедей келет десек, жооп оңой эле табылат. Себеби биз байлык багытына умтула албайбыз. Б.а. биздин байлыкты топтоо жөндөмүбүз начар өнүккөн.

Ушул терс сапатыбыз эң начар эки эффектини (экономикалык) жаратат. Алар мындай: Экономикалык алдыга жылышты “көрүнбөгөн кол”, б.а. адамдардын жеке материалдык кызыкчылыкка умтулуусу түртөт. Жогоруда айтылган себептерден улам кыргыздарда ушул “кол” салыштырмалуу күчтүү эмес. Мына ушул себептен улам башка элдерде жакшы натыйжа берген экономикалык эркиндик Кыргызстанда эффективдүү болбой жатат. Экинчиси, экономикада көп кубулуштар кемүүчү (убывающий) мүнөзгө ээ. Мындайча айтканда, бара-бара күчүн жоготуу. Ошонун ичинде байлыкка умтулуу күчү да бар. Кыргыз маданияты сыяктуу салттуу коомдордо адамдар анчалык көп эмес байлык тапса эле мээнеткечтикти кыскартып, байлыкты жумшоого өтүшөт. Дароо байлыкты табуу менен бирге эле аны сарптоону ойлонобуз. Натыйжада, бул жалпы экономикалык тескери эффект жаратат. Топтолгон байлыкты андан ары улантуунун бирден-бир жолу – инвестиция. Өнүккөн өлкөлөрдүн эли ушул куралды мыкты пайдаланышат. А биздин бейаң-сезимде (подсознание) маданиятыбыздан кирген анти-инвестициялык установкалар бар. Мисалы, биз “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык” дейбиз. Мында байлык топтоого карама-каршы ой камтылган. Анткени инвестициянын башка аныктамасы – кийинкиге калтырылган керектөө. Демек, инвестициялык ойлонгон адам бул макалды мындайча айтмак: “эртең куйрук жегиң келсе, бүгүнкү өпкөдөн баш тарт”.

Анан да “Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын” дейт кыргыз. Бул эмне дегендик? Ошол көчмөн элдин шартындагы тамакты кийинкиге калтырбай керектөө дегени, бирок мунун мааниси бүгүнкү турмуш-шартка ылайыксыз деп ойлойм. Жалпак тилге салып айтканда, эртеңки күндү эмес, азыркыңды ойлон деген кеп да бул.

Байлыкка умтула албаган сапатыбыз – биздин негизги балээлерибиздин бири. Анын ичинде рухий жактан артта калуубузга да себеп болууда. Анткени рухий байлык – материалдык байлыктын натыйжасы. Материалдык жактан кедейленген сайын элибиз рухий жактан да сөзсүз жардылана баштайт. Биздин кедейлигибиздин негизги тамыры көчмөндүк өтмүшүбүздө десек болот. Ошондуктан бизге узун тарыхыбыздагы көчмөндүк турмуштун пайдасынан да зыяны көп болду деп эсептейм.

Олжобай ШАКИР, “Жаңы Агым”

 

Соц тармактар:

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ “Эртең куйрук жегиң келсе, бүгүнкү өпкөдөн баш тарт” дейт, кыргыз!: 2 комментария

  • 23.01.2015 в 18:48
    Permalink

    Жалалидин аке менен бир кезде ОшТУда чогуу иштешип калган элем. Жан дүйнөсү терең, илимге берилген, изденген чыгармачыл инсан болчу. Азыр ийгиликтерин окуп алып абдан кубандым. Жети жыл сыртта жүрүп, эл аралык деңгээлдеги адис катары өзүн тааныта алганы бул эң сонун жетишкендик. Албетте эң чоң моралдык да , материалдык да сыноолорго туш болсоңуз керек. Адам кайда болбосун өзүнө, өз тажрыйбасына, билимине таянып иш алып барганда гана ийгилик жарата алаарына үлгү болоор иш жашапсыз. Кубанычтамын! Бар болуңуз. Эне тилинде да өтө профессионал! Мекендештериңиз менен ушинтип байланышып туруңуз. Сиз менен сыймыктанып жүрөлү. Олжобай мырзага да чоң рахмат. Дагы бир кыргыздын баалуу казынасын таап, бизге тартуулап бергенине. Ийгилик каалайм.

    Ответ
  • Уведомление: Жалалидин ЖЭЭНБАЙ: Мамлекеттик эрк болбосо, «реформа» дегенди тынч жайына койгон оң — Кыргыз маданият борбору

Добавить комментарий