«Агындылар»

Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Чана сүйрөткөн кыз» деген бөлүктү окуп жатасыздар. Аталаган китепке жетпей жүргөн окурмандар үчүн автордун телефон номери: 0557 711 878

(Башы өткөн сандарда)

Мединститутка тапшырып өталбай калып, анан Терек-Суулук бөйтөйгөн сулуу кызга үйлөнүп, айылга туруп калган Айыпка отуз жыл илгери жолуккандан бери жолугалекмин. Көзү такыр эле начарлап, томпок линза байланып, карып болуп калды дешти. Мен болсо Бишкекте жашап жүрөм. Биз эртели-кеч жолун ыр менен тоскон ошол Ак-Муздук чана сүйрөткөн кыз менен Айып экөөбүздү «жинди» кылган кара кыз азыр кайда болду экен? Баарыбыз «коммунизм курабыз» деп эңсеп жүрүп куралбай калдык. Кыздар жок дегенде өздөрүнүн «коммунизмин» куруп алды бекен? Бактылуу, таалайлуу боло алды бекен? Күйөөлөрү аларды бир кезде биз сүйгөндөй сүйө алды бекен?

* * *

Чаар-Айгырда иштеп жүргөн жылдары күзгү жогунан, сакал-мурутумду күзгүсү жок эле таптаза кылып ала коём.

– Эмне үчүн күзгү менен албайсың, бир жериңди кесип алсаң эмне болот?- дегендерге:

– Күзгү көрсөм эле талкалагым келип жиндеп кетем, уялбай мына бул кебетемди көргөзүп турган күзгүнү көрөйүн деген көзүм жок. Дүйнөдө күзгү жок болсо өңү сулуу эмес биздейлер үчүн сонун болмок, -деп тамашалайм.

* * *

Ат-Башыга жаз келди. Ичим уйгу-туйгу болуп, эмне болуп жатканымды билбей буулугуп жүрдүм. Көрсө мага «жаз» келип, ыр жаза коймой «оорум» кармай баштаптыр. Эки-үч ырымды облустук «Нарын правдасы» гезитине жөнөтүп жибердим.

Эки жумадан кийин, облустук гезиттин бир санына кыргыздын таланттуу акын кыздарынын бири Жумакан Тынымсейитованын каалоо-тилеги менен биринчи жолу ырларым жарык көрүп келди. Кубанганымды айтпа! Басам-турсам гезит колуман түшпөйт. Кимдир бирөөлөргө көрсөткүм, мактангым келет. Ошондон кийин такыр эле иштегим келбей, курулуштан кетсем деп делөөрүп калдым.

* * *

Ошондон көп өтпөй МСОдон бошодум да райондук гезитке кабарчы болуп орноштум. Редакторубуз Ташен Ассакунов орус тилин мыкты билген, үзөңгүлөштөрүнөн кыйла билимдүү, партиянын айткан-дегенинен чыкпаган, кандай болбосун бийликтегилердин көзүнө түшүп тургусу келген, ак көңүл, бирок коркок киши эле. Убагында бул адамдын көкөйүнө көк таштай тийип, капа кылган кездеримди ойлогондо азыр да уялам.

Биздин чатагыбыз дайыма менин жазгандарымдан чыкчу. Болгон айыбым башкача жазсам деген тилегим, малчыларга барып келген сайын көндүм макалага окшобогон бир нерселерди чүргөп кирер элем. Ассакунов алгач жазгандарымды сынап көргүсү келдиби, билбейм, бир-экөөнү жарыялап да жиберди. Акыры жолду, чөптү, тоо-ташты тамшана сүрөттөп, кыркымчыларды жаз десе Кында ашуусунун тарыхын, топозчуларды жаз десе Ак-Сайдагы Кыз Сайкалдын ору жөнүндө уламыш жазып туруп алганым, алтургай кээде ыр менен очерк жазып жибергеним жанына батып кетти окшойт, бир күнү макаламды чийип-чийип туруп колума карматты.

– Райондук партия комитетине сенин былжыраган жомогуңдун бир тыйынча да кереги жок, кайра жаз!-деди Ассакунов.

– Кайра жазбайм.

– Чык! Чыгып кет, акмак!

Эшигин тарс жаап чыгып кеттим. Ошондон тартып редакциядан кетер-кеткенче Ассакунов менен менин отум деги эле күйүшпөй койду. Ал мени жетекчиге баш ийбеген, керкайыш, таалим-тарбия көрбөгөн, ээнбаш кызматкер катары көрүп калды. Кийин мен бул жерден «миң» бошоп, кайра «миң» жолу кирген күнүм болду.

* * *

Алтургай биздин «согушубуз» кээде редакциянын короосундагы күн батышты көздөй кыйшайып турган эки эшиктүү жыгач даараткананын ичинде да тутанып кетер эле. Бир жолу «Аял-Эркек» деген жазуусу жок дааратканага кокусунан анын «коңшу бөлмөсүнөн» Ассакуновдун үнү чыкты.

– Эмне үчүн мен бүткөндөн кийин кирбейсиң!

– Сийгим келип атса, өлүп кетейинби?

– Бүтөрүң менен мага киресиң!

– Бүгүн бүтпөйм.

– Чык! Чыгып кет акмак!

– Чык дегидей бул сиздин кабинет эмес!

* * *

Ал кезде тындырбай эле чөпкө айдай берчү. Кээ бирде редакцияны жаап салып, жумалап, он күндөп кетчүбүз. Чөп өнөкөтү сээлдеп калды дегенде да дем алыш бербей чарбаларга айдап турчу. Ошондой күндөрүн бир жекшембисинде биздин редакцияны Ак-Муздун Кургак-Коо деген жерине алпарып таштады. Парторг Календер деген киши экен, а дегенде Кутманбай карыянын сарайына даярдап койгон койго бата кылдырды. Биз анан айры, чалгыларыбызды ийнибизге салып чөп чабыкка илкидик.

Чоң шашке болуп калган. Сарайга келип бир токтоп, анан бизди көздөй жөнөгөн үч атчандын экөө райондон, бирөө колхоздун өзүнөн келген ополдомочтор экен. Алар ал-абалды сурамыш этип бир аз турду да:

– Кечке дейре тетиги тумшукка чейин чаап бүтүргүлө! -деп кайра артка тартты. Алар жүлүндөй созолонтуп түтүн чыгып, койдун эти бышып аткан сарайга барып түшүп, бир топтон соң аттанды. Биз баягы тумшукка жете бербесек дагы итапкан жерди чаап салдык. Кечке жуук ишти жыйыштырып, сарайга чубадык. Колго суу куюлуп, чабандын төркү бөлмөсүнөн Ассакунов баш болгон баягы ополдомочтор, редактордун орунбасары Кадыш аке, дагы башкалар орун алып, оозгу бөлмөсүнө басмакананын аялдары менен жаштар отурдук. Эт тартылып, устукандалып, кагышкан стакандын үнүнө улай каткырык чыгып калган кезде баягы райондон келген ополдомочтун:

– Эмнеге ич эти жок? Ич этин ким жеген?-деп күпүлдөгөн үнү угулду. Бир айтып тим болсо да унчукпай калат белек, кайта-кайта айтат. Жиним келип, ордумдан козголо баштаганымды байкаган Зуура эже:

– Өлүң көрөйүн чечек, дагы эмнени баштаганы турасың, кызуу немелерге теңелбей тим олтур, балээсине каласың!-деп санымды мыткыды. Анан:

– Этти ким бышырган? Дүйшеев бышырды беле?-деген Ассакуновдун үнү чыкты.

Эт бышырмак турсун жанына жакын жологон эмес элем. Чыдай албай кеттим:

– Ич этин улам келип-кетип, өздөрү закүске кылып жеп атышат да анан бизди күнөөлөйт, мен буларга ич эти кайда экенин көрсөтөм!-деп, алдымдагы мүлжүлгөн арка, моюн менен баштын сөөгүн көтөрүп барып:

– Мына ич эти, жана тартабыз деп унутуп калыппыз!- деп ополдомочтун алдына таштап баса бердим. Артымдан:

– Акмак акмактыгын кылды!-деген үн чыкты.

Мен кайра туруп барып:

Союлган теринин бетиндеги каны-жини аралаш жаткан койдун көтөн чучугун табакка салып барып:

– Аксакал, тойбой калсаңыз мына, накта ич эти ушул! -деп чыгып кеттим.

Ошол ошол болду. Басмаканадагы эжелерим:

– Эми өлдүң, жумуштан айдаласың чечек. Каяктагыны баштап, мас немелерге теңелбей койсоң болмок!-деп жолду ката тилдеп барышты. Чын эле кимдин оозун ким тыят? Ошол окуя районго бат эле дүң дей түштү. Алтургай үзөңгүлөштөрү баягы ополдомочко «көтөнчү» деп ат коюп алып, ал кишинин экинчи аты ошол бойдон «көтөнчү» болуп кетти.

* * *

Ассакунов ошонун эртеси эле:

– Бар, төрт тарабың кыбыла! Бүгүндөн тартып бошсуң! -деп иштен айдап жиберди. Ошонун эртеси эле райондун ПМКасына бетонщик болуп орноштум да, бир жумадан кийин бетон болгон керзи өтүгүмдү сүйрөп, ийиниме лопатка күрөктү көтөргөн бойдон редактордун кабинетине келип кирип Ассакуновго салам айттым.

Мен күрөк менен жон талаштыра чаап жиберчүдөн бетер чочулап:

– Ой, бул сенби? Кайдан? Кайдан? – деп, көз айнегин бир алып, бир кийип, шашып кетти. Шашып атып сырттан «Чакырчу» звоногун шаңкылдатып утур-утур басып атты.

– Төрт тарабың кыбыла дебедиңиз беле, ошонун бир кыбыласынан келатам.

Учураша кетейин деп эле кирип калдым, -дедим.

* * *

Жаш кезимде ойлонбос курч элем. Туура эмес, жалган нерселерди көрөрүм менен чыдай албай кетчү адатым өмүр бою өзүмдө калган менен жулунуп тура калайымды акыры турмуш жоошутту.

* * *

Гезиттин жыты… Коргошундан куюлуп түшкөн тамгалар… Таңгак, таңгак кагаздар… Редакция менен басмакананын ортосундагы калган издер…

* * *

Өмүрдү барактап олтуруп, жаштыктын артта калган күндөрүнө кылчайып, басмакананын жумушчулары: Турумбек байкени, Айша, Ажар, Зуурабүбү, Сияевалар Үрү менен Кенжеш эжелерди, мен өзгөчө сыйлап, урматтаган Жамиланы сагынбай эстей албайм. Токтогул, Калыгул, Кубатбек, Аскарбек, Тынчтык, Асанкадыр, Нарынбек болуп убагында эмнелерди гана кылбадык…

* * *

– Редакторго киргиле!-деп Аракүл эже кыйкыра баштачу.

Аракул-машинстка аял. Ак көңүлү кармаса жазганыңды шыкылдатып басып бере салып, кара көңүлү кармаганда барагыңды тең ортосунан айрып туруп ыргытып иймей жинди адаты бар эле эжекебиздин. Жумушчу беш күндүн такай эки күнү ушул эжекебиздин «кирип турган» күнү. Биз тургай, Ассакуновдон бери каргап-шилеп, керек болсо партшколду андан мурда бүткөнүн, аны менен чогуу окугандар ЦКада олтурганын кайра-кайра какшап, бирок партшколду бүтүп алып, өзү эмне себептен райондо машинстка болуп калганын айтпай, жедеп кулакка жат болуп бүткөн «өмүр баянын» төгүп-чачып, түк басылбай бир саатка дейре буркан-шаркан түшөр эле.

Ошол Аракүл эже бизди бир ирет редакторго «жыйнап» кирди.

– Күн тартибиндеги маселе бирөө. Мындан кийин манту жегениңерди токтоткула!- деди Ассакунов, дайыма эттери көлкүлдөп шишип турган көздөрүнө күйүп жүрчү көз айнегин оңдоштуруп атып.

– Качан болсо эле манту жеп, пияз жыттанып, сасып жүрөсүңөр. Эми кимде ким манту жыттанып ишке келе турган болсо таарынбасын! Кимде суроо бар? -деди.

– Менде,-дедим, ордумдан туруп.

– Кандай суроо?

– Мен манту жей берем,-дедим.

– Жебейсиң!-деди.

– Жейм! Анткени, бул жерде түшкүсүн чай иче турган таанышым болбосо, үч километр Ача-Кайыңдыдан жөө барып-келип иштеп жүрсөм, столовойдо мантуудан башка тамак жасабаса, мен эмне, ачкадан өлөйүнбү? дедим.

Ассакунов жоошуп укту да:

– Дүйшеевге манту жегенге уруксат, калганыңар жебейсиңер,-деп таратты.

(Уландысы бар)

“Де-факто”, 22.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий