Майрамкан Абылкасымова, кыргыз Эл акыны: “Эмки жылы гүл чыгар бекен деп, ошол жерлерди аңдычумун…”

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси Майрамкан эже 79 жаштын суусун ичип, дагы деле күүлүү-күчтүү, акыл-эси сергек бойдон, омоктуу ойлору, жан сергиткен кайрыктары бар ырларын жазып, арабызда карапайым элдин кубанычына  сүйүнүп, кайгысына күйүнүп жашап келет. Эже менен адабияттын алтын доору болгон 60-жылдар, акындын балалыгы туш келген кан күйгөн согуш, учурдагы замандаштарыбыздын бейнеси тууралуу кеп учугун уладык.

m_abylkasymova

– Майрамкан эже, кычыраган кыш күнүндө эмне менен алексиз? Коомдук иштерге да аралашып жатасызбы?

– Өзүң көрүп-билгендей, учурда коомчулукка аралашып жаткан жазуучулардын эң улуусу мен болуп жатам. Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиевдер жаш курагына байланыштуу үйдөн көп чыкпай калышты. Адабият тууралуу ар кандай маселелер болсо, мага кайрылышат. Менден кичүү Мелис Абакиров, Төлөгөн Мамеевдер бар. Акын-жазуучу аттуунун баары редакцияда иштедик. Өзүм 20 жыл бою поэзия бөлүмүндө иштедим. 60-жылдары кыргыз поэзиясында бир бийиктик башталды. Союз боюнча Белла Ахмадулина, Евгений Евтушенколор чыгышып, бизге да жалындуу поэзиясы менен жаркыраган жол көрсөтүштү.  Поэзиянын эң мыкты атасы Аалы Токомбаев мага: «Менин 4 класстык эле билимим бар, сен кандай сонун билимдерди алгансың, мындай билим, дүйнөгө болгон мындай көз караш менен сенин Анна Ахматова, Марина Цветаевадан кем ырларды жазганың кечиримсиз» деп айтар эле. Аалыкемдин бул сөздөрүнөн кийин мен дагы эмнеге мен алардан калып калышым керек деп намыстанып, чыйралып калдым. Ал аңгыча «Ала-Тоо» журналында поэзия бөлүмүндө иштеп калдым. Журналга Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытовдор келе башташты, ырлары жарыяланып, Жазуучулар Союзуна кабыл алынышты. Мыкты акындардын артынан мыкты сынчылар пайда болуп, Салижан Жигитов, Аман Токтогулов, Каныбек Эдилбаев деген сынчылар чыгышып, биздин ырларыбызга сын айта башташты. Алардын эле соңунан Акбар Рыскулов, Сагын Акматбековалар жарк этишип, алар да оозго алынышты. Андан кийин Кожогелди Култегиндер чыгышты. Ошентип, “Ала-Тоонун” нускасы да аябай өстү. Ал кезде кандай эле? Акын-жазуучуларды мектептер өздөрү чакырып, жайкысын жайлоолорду кыдырабыз. “Китеп сүйүүчүлөр коому” деген бар эле, алар жаш акындарды эл арасына поэзияны тараткыла деп жиберчү. Малчылар барганыбызга кубанышып, китептерибизди балдарына окугун деп алып беришчү. Опера-балет театрынан ырчылар Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтакунова, Болот Миңжылкиевдер кошулуп, жаштардын өзүнчө чыгармачыл тобу болуп, социалисттик өлкөлөргө барып турчубуз.

Элге сиздин атыңызды тааныткан “Эстелик сүйлөйт” поэмаңыз болгонун билебиз…

– “Эстелик сүйлөйт” аттуу поэмамды 25 жашымда жаздым. Ал китебим үчүн Орто Азиядан Олжас Сулейманов экөөбүзгө Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгын берди. Ошондо кыргыз элинин намысын коргоп чыккандай болуп, катуу сыймыктангам. Ошондон кийин Германиянын социалисттик бөлүгү (ГДР), Болгария, Монголия сыяктуу социалисттик өлкөлөрдүн согуш темасын жазган жазуучуларынын катарына кошулдум.

Ошого жараша калем акыңыз да өскөндүр?

– Ооба, анда  жазуучулар өкмөт тарабынан эң сонун камкордукка алынган кез. Олтур да чыгармаңды жарата бер деген сыяктуу… Өзүм зыкым, дүнүйөкор эмесмин. Калем акымды алганда китебимди которгондорду, конкурсту уюштургандарды ресторанга чакырып, бапыратып сыйлап койчумун. Алардын ичинен Калина Калачева дегенди Ысык-Көлгө чакырдым. Ал келип, Ысык- Көлдү көрүп шумдук таң калды. Быяктан барып эле сонун макала жазыптыр. “Кыргыз эли биримдиктүү, ынтымактуу эл келет экен, “Манастын” миң сабын жатка айтышат” деген мааниде. Кетеринде элдик ырларды, кичүү эпостордун баарын түшүндүрүп, китептерин белекке бердим.

m_abylkasymova1

Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгы экен. Согуш тууралуу эң мыкты поэманын автору катары юбилейге кандай сезимдер менен карап жатасыз?

– Шопоков 20 жашында эле каза болбодубу. Согуш чыкканда мен 5 жашта болчумун. Согушка катышкан ардагер жазуучулардын катарында “Эстелик сүйлөйт” жана “Эки аял” поэмаларым үчүн 1970-жылдары орден алгамын. Бизде болсо, дымып эле жатышат. 9-май күнү эптеп эле ардагерлерди чакырып, конверт берип коюшат. Согуш учурунда мектептен келерим менен бир сындырым нанды бурдап жеп алам. Анан апам, талаада иштеп жаткандарга алып барып бер деп колума максым берет. Жеңем менен кошо иштеп жатышкандардын сөзүн тыңшаймын. Алар согушка кеткен жакындары тууралуу кабар бар же жок деп армандарын айтышат, ырдашат, ыйлашат. Алар ырдаган ырларды ичимде жаттап алам. Мына ушул нерселер кийин патриоттук темадагы чыгармаларды жаратышыма түрткү болду.

Поэзиядагы устаттарыңыз деп кимдерди айтасыз?

– Поэзиядагы устаттарым деп эки залкар акын Аалы Токомбаев менен Алыкул Осмоновдорду айтамын. Аалыкем “Ай, Майрам, бул поэзияга аябай тандалган сөздөр керек. Мисалы, “Асан келатат талпылдап, Эсенгул жолунан чыкты парпылдап” деген этиштерди колдонгондон поэзия жаралбайт, мен эч качан этиш менен ыр курабайм” деп айтчу.

Алда качан айткан сөзгө ынабай,
Арман ойго салдың мени, ынак ай.
Эзгим келет кара ташты жаш менен,
Сен кыйнаган жүрөгүмө чыдабай…
– деген Аалыкемдин саптарына таасирленип, мен да жаздым:

Ар күнү сен жетишпей турасың ээ,
Бактылуу ким болду экен кулачыңа ээ?
Чынында турмуш ээлеп кеткенби дейм,
Болбосо, бир маал мени сурачу эле…

Алыкулдун патриоттук ырлары да мени аябай козгоду.

– Коомчулукка чыкканда байкаган нерселериңиз?

– Өткөн жылдын аягында Аалы Токомбаевдин 110 жылдыгына арналган кечеге барып келдим. Бийлик башындагылардан бирөөсү басып келген жок. Депутаттар келет дешип, калтырган орундар да бош калды. Ушундай иш чараларга чакырышса албетте, барамын. Анан эми мен байкаган бир жагымсыз көрүнүш, базардагы картошка саткан, кошок кошкон эмелер деле бирден китеп чыгара калышып, Союзга кирип алышыптыр. Анан алардын уюштургучуна эмне бересиң. Андай жерлерден качамын. Элге жөнөкөй ыр керек демиш болушуп, этек-жеңи көрүнбөгөн, поэзия дегендин жыты да жок ырларын ыр деп атышат. Аалы менен Алыкул сыяктуу зор акындардан таалим алсам, андай жерлерге барып эмне кыламын? Мен да өзүмдүн деңгээлимди билип, ушул жеткен бийиктигимде калгым келет…

Жулунуп көрүнгөндөн акча сурай албайм. Өкмөт дагы каралашпай жатат. Бир эле тандалма чыгарсам деген максатым бар. Советтердин тушунда тандалмаларым эки жолу чыккан. Идеология өлдү, маданият өлдү. Шабдан атам момундай жамактап ырдаганды билген адамдарды жанына алып жүрчү экен. Мен чоңдорго такыр кире албай койдум. Жолотушпайт. Менде болгон сыйлыктын баарын СССРдин тушунда алыптырмын. Өзүм чоң атамдын колунда өскөм. Тоодон гүлдөрдү жулуп келсем чоң атам ушул гүлдөрдү жулбай эле ошол жерден жыттап албайсыңбы, эмдиги жылы ошол жерлерге гүл чыкпай калат десе ойлонуп, иий, жаман иш кылган турбаймынбы, эмки жылы гүл чыгар бекен деп ошол жерлерди аңдычумун. Арсайган таштарды да жакшы көрөм. Ошондой дача да алгам Кашка-Суудан. Ал дачамда неберем майда таштарды терип ойночу. Путин келбеди беле мурдагы жылы. Ошондо карап турсам, ал киши ал жердеги таштарга жөлөнүп, бир кочуш суу ичти. Анда неберем апа, Путин сиздин таштарыңызга жөлөнүп атат деп кыйкырат. Орусия президенти кыйын учурда иштеп жатат. Бизге мамилеси жакшы, Нарынга кичи ГЭС салууга акча берди, чыгыш менен, казак, өзбек, тажиктер менен байланышкан атат.

Азыркы жашоодо эмнелерге өкүнөсүз?

– Жаштардын тагдырына өкүнөм. Мен өзүм эмгек менен өскөнмүн. Чоң атамды жакшы көргөнүм, ал эч качан короосуна коргон курган эмес. Мен короого суу жыгып келгенди жакшы көрчүмүн. 100 түп терек, алмаларды тигип, беде экчү. Чоң атамдын аты Омо. Аз эле кою бар болчу, кийин байкасам, бүт эгиз тууй турган койлорду сатып алчу экен. Анан эгиз туулган козулардын бирин союп, айылдагы бүркүтчү, манасчы кишилерди топтоп алып, тамак ичише турган. Мен аларды тыңшаган боюнча уктап калчумун. Эрте менен ойгонсом, чоң атамдын чепкенине оронуп жаткан болом. 7-ни бүтүп эле училищага келдим. Жума сайын эле чоң атамдын тонунун жытын сагынып үйгө бара берчүмүн. Мен жаштыгымда аксакалдардын университетинен өттүм. Азыркы жаштарга сөз айтып атсаң тыңшабайт. Үйүм 68-мектептин маңдайында, мектеп окуучулары тамеки тартышат, кенже класстын балдар-кыздары өбүшүп тургандарын көрөм. Биз базар экономикасы деп эле акча санагандан башканы билбей калдык. Идея жактан бекем болбосоң, эртеңкиге ишенич болуп, көөдөнүң жарык болбосо, андай жашоонун кимге кереги бар. Муундар ортосунда байланыш жок. Айланайындар, ошондон көрө китеп окусаңар бүт дүйнөнү алаканга салгандай көрмөксүңөр дээр элем. Бир күнү тыңшасам, радиодон “соём, соём” деп ырдап атат. Эмне болуп атат десем, “сүйөм” дегени экен. Дагы бир тыңшасам, “жанчылды менин жан жерим” деп ырдап атат. Көрсө, “жан дүйнөм кыйналды” дегенди айтып атканы экен. Ошо жерден радиого коңгуроо кылдым, ай, эми баарысы бүтүп, жан жериңерди ырдап калдыңарбы дедим.

– Үй-бүлөңүз тууралуу эки ооз кеп айта кетсеңиз?

– Кызым Толкун Наматбаева “Франц-пресстин” Кыргызстан боюнча кабарчысы болуп, 10 жылдан бери иштеп жатат. Ал жакка конкурстан өтүп, иштеп кеткен. Небере балам 6 тил билет, келечекте Путин болом дейт. Учурда МИДде иштейт. Бир уул, бир кызым бар. Жолдошума да ыраазымын. Дүнүйөгө кул болбодук, ачкөз болбодук. Бүт дүйнөнүн тарыхын, адабиятын үйрөндүк, жер кыдырдык.

Назгүл Осмонова, “Де-факто”, 20.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий